ЖАШ КУРАГЫҢЫЗГА ЖАРАША БЕТИҢИЗГЕ КАМ КӨРҮҢҮЗ

Бетке түшкөн бырышты көпчүлүгүбүз табигый көрүнүш катары кабыл алганыбыз менен аны жактыра бербейбиз. Организмибиздин өзгөчөлүгүнө жараша бырыш бирибизге эрте түшсө, экинчибизге кеч түшөт. Бырыштын майда жана терең деген эки түрү бар. Булардын түшүшүн кечеңдетүү үчүн бетке туура кам көрүү зарыл.

 

Жаш тери

15-25 жашка чейинки кыздардын бет терисин жаш тери деп атап коюшат. Себеби бул куракта тери идеалдуу болот. Тилекке каршы, учурда экология таза болбогондуктан, ичип жаткан тамак-аштарыбызда химиялык заттар көп болгондуктан жаш терилердин көпчүлүгүндө көйгөйлүү көрүнүштөр бар.

Негизги көйгөй: теринин ашыкча майлуулугу, убакыт-сааты менен тамактанбоо жана уктап эс албоодон улам пайда болгон майда бүртүкчөлөр. Жаш терилердин арасында териси кургактар чанда гана кезигет.

Алдын алуу: гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам бетке чыккан ар кандай бүдүрлөрдү кетирүү кыйын. Ал организм тең салмактуулукка ээ болгондо акырындык менен кетип калат. Бирок бул көрүнүштү жылдап күтүүгө туура келет. Териге туура кам көрүүнүн негизги эрежеси - гигиенаны туура сактоо. Бетти тез-тезден сууга жууп туруу бетке чыга турган бүдүрлөрдүн жана бет терисине түшкөн кара тактардын алдын алат.

Бетке кам көрүүдөгү каталар: “бетимди кургатып безеткилерди кетирем” деп щёлочтуу самындарды, курамында спирти көп бет тазалоочу каражаттарды жана салицил кислотасы бар безеткини кетирүүчү бет майларды колдонгондор жаңылышат. Мындан улам тери өзүн-өзү коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт, бет кургап теринин өңү күңүрт түскө өтүп, тескерисинче, бузулат. Бетке чыккан безеткилерди сыгуу менен көпчүлүк жаш кыздар өзүнүн бетине тырык калтырып алышат.

Сунушталат: алгач эле бетти тазалап-жуучу каражаттарды (гель, мусс жана пенканы) сапатына карап бетти кургатпай турганын тандап алуу керек. Жаш терилерге сезгичтигин күчөтүп, жарат алдырбоо үчүн скраб колдонуу сунушталбайт. Скраб жашартуучу процесс болгондуктан анын сизге кереги жок. Сизге териге тез сиңүүчү жана бетти нымдаштырып туруучу бет май сунушталат. Ал эми майлуу бет май сиздин териңиз үчүн эмес. 20 жаштан ашып калгандарга эгер терисинде тактар болуп, аны жабыш керек болсо ВВ тоналдык бет майын колдонуу сунушталат, бирок күнүгө жатар алдында сөзсүз өчүрүп салуу зарыл.

Процедура: жаш терилерге эч кандай пилингдин, керек болсо бетти тазалоочу процедуралардын биринин дагы кереги жок. Андан көрө бет үчүн атайын маскаларды колдонсоңуз болот.

 

Орто курак

Орто куракка 25-30 жаштан ашып калгандар кирет. Бул учурда бетке, чекеге жана көздүн жанына, ооздун тегерегине алгачкы майда бырыштар түшө баштайт. Бирок карылыкка дагы көп убакыт бар. Биринчи түшкөн бырыштарды көрүп “мен картая баштадым” деп өзүн таптакыр таштап коюу туура эмес, тескерисинче, ага туура кам көрүү менен бапестеп карасаңыз, бырыштын алдын аласыз жана ар дайым 18 жаштагыдай жапжаш бойдон каласыз.

Негизги көйгөй: майлуу клетка катмары алсырап, эпидермис калыңдап тери одуракай көрүнүп, жаш кездеги жылмакай тери жоголуп, көз, ооз менен мурундун тегерегине мимикалык бырыштар түшө баштайт. Бул учурда тери кургап беттин өңү өзгөрө түшөт.

Алдын алуу: акырындык менен картаюу табигый көрүнүш болгондуктан ага катуу кайгыруунун кереги жок. Ар дайым жапжаш, супсулуу болуп дени сак жашагыңыз келсе, спорт менен машыгып туруңуз. Бетти дайыма муздак суу менен жууп, андан кийин сүлгү менен аарчыбаганга аракет кылыңыз, беттин өзүнүн кургаганы жакшы. Мончого барганда дене жуучу, кирди чыгаруучу жуугучтар менен бетти жышыбаңыз.

Бетке кам көрүүдө кетирген каталар: эгер бет майдын сыртында 25+, 35+, 40+ сыяктуу жаш курагы көрсөтүлгөн жазуу турса, анда өзүңүздүн жаш курагыңызга жараша бет майды тандаңыз. Бет майларды гана колдонуп туруп албастан, үй шартында да бырышка каршы маскаларды жасап бет териңизге жардам берсеңиз болот. Орто курактан ашып калганда курамында гиалурон кислотасы бар бет майларды алганга аракет кылыңыз. Анткени курак өткөн сайын бет тери кургап, ага нымдуулук жетишпей баштайт. Бул учурда гиалурон кислотасы беттеги нымдуулукту кармап, бетти бырыштырбай турат.

Сунушталат: орто курактагы терилер бетти тазалоочу пенка, мусс жана гель менен жууп жана курамында мицеллярдык суусу бар лосьондорду күн аралаштырып жууш керек. Эгер күндүзгү бет майыңыз түгөнүп калса, ордуна тоналдык бет майды колдоно берсеңиз болот. Бирок тоналдык бет майдын сөзсүз түрдө күндөн коргоочу чыпкасы (SPF) болуш керек. Себеби бетке түшкөн бырыштардын көбү күндүн ысык нурунан улам түшөт. Ал эми кечкисин скраб колдонуу керек. Уй шартында маска коюп, андан кийин азыктандыруучу кечки бет майды, көзүңүздүн тегерегине арналган атайын каражатты сүйкөп жатыңыз.

Процедура: 30 жаштан өткөндөн кийин жылына бир ирет салонго барып пилинг жасатып бетти тазалатканды адатка айлантыңыз. Бул процедура жасалгандан кийин беттеги майда бырыштар өзүнөн-өзү кетип калат. Мындан тышкары күн сайын бетти жууган соң бир ирет укалоо жасап туруңуз. Укалоо - адамды жашартып, бырыштын алдын алуучу эң сонун ыкма. Аны бетке жасалуучу маскалардан кийин кылсаңыз, жакшы натыйжасын берет.

 

Бышып калган тери

40-50 жаштан ашып калган айымдардын терисин бышып калган тери деп айтууга болот. Бул курактагы айымдардын көзүнүн тегерегинде бырыштар кадимкидей көзгө урунуп, бет териси өзүнүн идеалдуу формасын жоготуп бир аз соолуй түшөт.

Негизги көйгөй: аялзатында климакс башталган учурда анын териси активдүү түрдө нымдуулугун жоготуп тери кургай баштайт. Зат алмашуу жайлап баштаганда бетке пигменттик тактар пайда боло баштайт.

Алдын алуу: бет терисинин жылмакай жана нымдуулукту сактап турушуна көп функциялуу эстроген гормону жооп берет. Ал гормондун организмде азайышы менен бет терисинин өңү өзгөрүп алсыз боло баштайт. Бул учурда косметологдор гормоналдык терапия жасатууну сунушташат. Бул сунушту косметолог жана врач-эндокринолог менен байланышкандан кийин жасаңыз.

Бетке кам көрүүдө кетирген каталар: “картайдым” деп өзүн карабай таштап коюу же 25 жаштагы сулуулугун кайрып алууну максат кылып кайра-кайра пластикалык операцияларды жасатуу туура эмес.

Сунушталат: сиз колдоно турган бет майлардын курамында ретинол, гиалурон кислотасы, витамин, антиоксиданттар жана ар кандай активдүү заттар болушу шарт.

Процедура: химиялык жана лазердик пилингдерди жылына бир ирет жасап туруңуз. Бул курактагы айымдарга филлер деп аталган укол сунушталат. Ал терең жайгашкан бырыштарды кыскартат. Жаш курагы өткөн айымдарга диета менен жашоо сунушталат. Алар тамак рационунан этти, майлуу тамактарды азайтуусу зарыл. Жылдын суук мезгилинде күнүгө 1,5 литр суу, жылуу жана ысык мезгилдеринде күнүгө 2 литрден суу ичип туруу керек.

 

 

 

Даткайым ДОСМАТОВА