АЯЛДАРДАГЫ ЖЫНЫСТЫК ЖОЛ МЕНЕН ЖУГУУЧУ ООРУЛАР

Жыл өткөн сайын жыныстык жол менен жугуучу оорулардын түрү, саны көбөйүп келе жатат. Жыныстык жол аркылуу жуккан жугуштуу оорулар венерикалык жана жаңы пайда болгон деп экиге бөлүнөт. Венерикалык ооруларга сифилис, гонорея, жана трипак кирсе, ал эми жаңы пайда болгон жугуштуу ооруларды хламидиоз, микоплазмоз, уреаплазмоз, бактериалдык вагиноз, трихомониаз, кандидоз, гениталдык герпес, вирустуу папиллома толуктайт. Учурда жыныстык жактан пайда болгон кээ бир жугуштуу оорулардын алгачкы белгилери жок болгондуктан дарыгерлер өтүшүп кеткен учурда кайрылып жатканын айтып коңгуроо кагып келет. Бул ирет биз көп тараган жана чоң коркунуч алып келген жугуштуу венерикалык оорулар тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк.

 

Жаңы пайда болгон жугуштуу оорулар

Кандидоз (молочница)

Адамдын организминде кандидоз грибогу болот. Ал грибок башка бактерияларга кошулуп көбөйүп кеткенде молочница оорусу пайда болот. Аталган грибок аялдардын жыныстык мүчөсүндө тез көбөйгөндүктөн өздөрүн коргой турган чел түзүп алышат. Бул илдет гормоналдык дары-дармектерди көп колдонгондо, иммунитет төмөндөгөндө, кант диабетинде жана жыныстык жол аркылуу жуккан оорулардан кийин пайда болот.

Оорунун белгилери: Жыныстык мүчөдөн күрөң же жашыл өңдөгү жагымсыз жыты бар суюктук келет да, заара ушатканда кыйналат. Айрым учурларда аялдардын дене табы көтөрүлөт. Аталган илдеттен убагында дарыланбаса, ал жыныстык органдардан башка органдарга жайылып, оору күчөп олтуруп жатындын рак оорусуна жеткирет. Эгер айым кош бойлуу кезинде аталган илдет менен ооруп калып, бирок дарыланбай жүрө берсе, ал энеден балага өтөт.

 

Хламидиоз

Аталган илдет жыныстык жана заара бөлүп чыгаруучу органдарды, муундарды, көздү жабырлантат. Оору адамга жуккандан 10-14 күн өткөндөн кийин гана өзү жөнүндө кабар берет. Хламидиоз менен аял ооруса күйөөсү, күйөөсү ооруса аялы дагы дарыланышы керек. Экөө бирдей дарыланбаса, кайра эле бири-биринен жуктуруп алышат. Кош бойлуу аял хламидиоз оорусу менен ооруп, бирок дарыланбаса, анда ал оору балага берилет.

Оорунун белгилери: Жыныстык мүчөдөн суюктук көп бөлүнүп чыга баштайт, ичтин ылдый жагы ооруп, заара ушатканда ачышып кыйналат. Хламидиоз менен ооругандардын көбүндө жатындын моюнчасынын эрозиясы табылат. Бул илдет өтүшүп өнөкөткө айланып калган учурда өз убагынан эрте төрөткө, түйүлдүктүн ичте катып өспөй, өлүп калышына жана тукумсуздукка алып келиши ыктымал.

 

Трихомониаз

Жыныстык жол аркылуу жуккан оорулардын ичинен эң көп тараган оорулардын бири - трихомониаз оорусу. Аталган илдетти трихомонад микробу козгоп, ал жатын көңдөйүндө төшөлүп турган былжыр кабыкчаны сезгендирет. Бул илдет жыныстык жолдон тышкары гигиенаны сактабай бирөөнүн ич кийимин кийгенде, жалпы эл колдонгон сүлгүнү колдонгондо жугат. Оору кош бойлуу энеден балага берилет. Трихомониаз оорусун жуктуруп алгандан 5-15 күндөн кийин алгачкы белгилери байкалат.

Оорунун белгилери: Жатын кызарып, кызылдар пайда болуп кычышат, жыныстык мүчөдөн сары көбүктөнгөн суюктук чыгат. Заара ушатканда жыныс мүчөсү ачышып кыйналат. Айыз учурунда трихомонад микробдору активдүү иштеп тез көбөйөт. Иммунитет түшкөндө, гормоналдык бузулууларга учураганда жана жыныс мүчөсүнүн ичиндеги микрофлоралар бузулганда трихомониаз оорусунун өсүшүнө же пайда болушуна шарт түзүлөт.

 

Жатын моюнчасынын эрозиясы

Бул оорунун пайда болуусуна стафилококк, стрептококк, ичеги таякчасы, энтерококк, ошондой эле жыныстык катнаш аркылуу жугуучу ар кандай оорулардын козгогучтары шарт түзөт. Мындан тышкары жатын моюнчасынын пайда болушуна жана өсүүсүнө төрөт учурундагы айрылуулар жана аборт жасатып жатканда пайда болгон жаракат түрткү болот.

Оорунун белгилери: Бул оорунун алгачкы белгилери адамдын өзүнө билинбейт. Гинеколог аялды көзөмөлдөн өткөрүп жатканда гана капысынан билинип калат.

 

ВЕНЕРИКАЛЫК ООРУЛАР

Гонорея

Гонорея жугуштуу венерикалык оорулардын катарына кирет. Бул оору жыныстык жол аркылуу гонорея менен ооруган адамдан соо адамга жугуп, жыйынтыгында соо адамдын жатын моюнчасында оору пайда болот. Оору пайда болгон соң жыныс органынын былжыр чели сезгенет. Мындан тышкары гонорея оорусу пайдаланган төшөнчү, сүлгү жана мончодо колдонуучу жуугучтарды таза жуубай колдонуудан да жугат.

Оорунун белгилери: Жыныс органынан ириңдүү суюктук аз бөлүнүп, заара кылганда кычышат. Жатындын жана анын түтүкчөсүнүн былжыр чели сезгенгендиктен аялдын бели жана ичинин төмөн жагы ооруйт. Денеси ысыйт, этек кир цикли бузулат. Убагында дарыланбаса, гонококк микробу күчөп, жыйынтыгында өнөкөт түрүнө айланып, ал жатындан жатын түтүкчөлөрүнө өтүп, аны сезгентип, шишитип, түтүкчө бүтөлүп, тукумсуздукка алып келет. Эскерте кетсек, аталган илдетке каршы дарыланып жаткан болсоңуз, жыныстык катнашууга тыюу салынат.

 

Сифилис

Сифилис жугуштуу венерикалык ооруларга кирет. Ал теринин былжырлуу катмарын, ички органдарды, сөөктү жана нерв системаларын жабыркатат. Сифилисти козгоочулардын аты трепонема деп аталат. Ооруну жуктуруп алгандардын 95 пайызы - жыныстык жол аркылуу жугузгандар. Жатын кынына түшкөн трепонема жараны пайда кылат. Энеден балага түйүлдүк кезинде же төрөт учурунда, кээде эмчек эмизгенде жугушу мүмкүн. Мындан тышкары сифилис кан куйганда же кан берип донор болуп жаткан учурда жугуп калышы ыктымал.

Оорунун белгилери: Сифилисти жуктуруп алган адамдын алгач эле жыныстык органына жара чыгып, бездер сезгенип, жыйынтыгында ыйлаакчалар пайда болот.

 

Трипак

Трипак жугуштуу венерикалык оорулардын катарына кирет. Бул оору жыныстык жол аркылуу сактанбаган учурда жугат. Трипак оорусунун алгачкы белгилери оорулуудан соо адамга жуккандан 3 күндөн кийин байкала баштайт же байкалбай олтуруп өнөкөт ооруга өтүп кетет.

Оорунун белгилери: Оору пайда болгон соң жыныс органынын былжыр чели сезгенип ириңдей баштайт. Заара кылганда кычышып ооруксунтуу байкалат. Ооруну убагында дарылабаса, жанындагы башка органдарды дагы жабыркатат.

 

 

Даткайым ДОСМАТОВА