Кош бойлуу жубайыңызга туура мамиле кылыңыз

Кош бойлуу аялдын организминде боюна бүткөндөн тартып төрөгөнгө чейин түйүлдүктүн өөрчүшү менен мүнөздөлгөн физиологиялык процесс жүрөт. Ал орто эсеп менен 40 жумага же 280 күнгө созулат. Бул учурда аялзатынын тулку бою гана өзгөрбөстөн, мүнөзү дагы өзгөрө баштайт. Айрымдары жубайынын өзгөрүлүп кеткенин түшүнө албай ал турсун дагы кээ бир жаш жубайлар урушуп кетишет. Кош бойлуу айымдарга чөйрө, өзгөчө жолдошу кандай мамиле кылуу керектигин төмөндө жазылган макаладан окуй аласыздар.

 

Жылуу сөздөрүңүздү аябаңыз

Бойго бүткөн күндөн төрөгөнгө чейин күндөн-күнгө айымдардын келбети өзгөрүп, пигменттик тактар түшүп, айрымдарынын буту-колу жана жүзүнө чейин шишип кетет. Бул учурда аларга эркектин жылуу сөзү жана колдоосу керек. Айдай аппак жүзүнө түшкөн тактарды күзгүдөн көргөн сайын ойлонуп санаа тарткан жубайыңызга “сен кош бойлуу болгондон тарта сулуу болуп кеттиң. Карачы, мурдагыдан дагы сулуулугуң артып баратат. Пайгамбарыбыз Мухаммед (с. а. в.) да бекеринен “дүйнөдөгү эң сулуу айым - кош бойлуу айым”, - деп айткан эмес да” деген сыяктуу сөздөрдү айтып, моралдык жактан колдоп туруңуз. Сиздин колдооңуз жубайыңыз үчүн эң маанилүү.

 

Жанында болуңуз

Жубайыңызга аны ойлонтуп, кайгырта турган жаман сөздөрдү угузбаганга, адамдын аң-сезимине терс таасирин тийгизе турган кинолорду көргөзбөгөнгө аракет кылыңыз. Тескерисинче, анын маанайын көтөрүүчү кинолорду көргөзүп, таза абага алып чыгып, өзгөчө паркка барып чогуу басуу менен аны эс алдырыңыз. Ал эми үйдө ага жардам берип, кээ бир күндөрү ашканага чыгып тамак жасап бериңиз. Себеби кээ бир учурларда ал көпкө тикесинен тик тура албай кыйналат, тамактын жыты жакпай көңүлү айнып кускусу келет. Келинчегиңиз жегиси келип суранган тамак-аштардын баарын алып берип анын суранычын убагында канааттандырып туруңуз. Сиз кыйналып таап келген тамакты ал ооз тийип жебей койсо унчукпаңыз, сабырдуулук менен караңыз. Анткени анын организми ичиндеги баласы каалаган нерсени гана кабыл ала алат. Мындан тышкары келинчегиңиз бойго бүткөндөн тарта ай сайын бейтапканага барып каттоодон өтүп турат, аны менен чогуу басуудан уялбай, ага колдоо көрсөтүп ээрчитип барып туруңуз. Айрым эркектер жумуштан колу бошобогонун шылтоо кылышып жубайларын унутта калтырышат. Бул учурда жубайы күйөөсүнөн жылуу мамилени күтөт, ага эркелегиси келет, бирок ал нерсени ала албаганда стресс алат. Стресс алуу болочоктогу ымыркайга терс таасирин тийгизет.

 

Сабыр сактаңыз

Жубайыңыз кош бойлуу экенин билгенден тарта ага жылуу мамиле кылып, жакшы сөздөрдү арнагандан тышкары анын болбогон эле жерден чыр чыгарып ачуулана бергенин түшүнүп ага сабырдуулук менен мамиле кылыңыз. Сиз демейде кылып жүргөн ишиңиз бир учурда эле ага жакпай калат. Мисалы, чайга кант салып аны кылдыратып аралаштырып жүргөнүңүз үчүн дагы чыр чыгарышы мүмкүн. Бул учурда ичиңизден “убактылуу гана көрүнүш” деп өзүңүздү-өзүңүз жоошутуп “макул, сен айткандай болот, ханышам, жаным” деп аны алдап коюңуз.

 

Балаңыз менен сүйлөшүңүз

Келинчегиңиздин боюна бүткөндөн тарта “жакында мен ата болом” деп өзүңүздү-өзүңүз моралдык жактан даярдай бериңиз. Себеби кээ бир эркектер келинчегин төрөлө турган баласынан кызганып жубайына мурункудай жылуу мамиле кылбай өзү менен өзү болуп калат. Өзүңүздү ата болууга даярдап балаңыз менен ал түйүлдүк болуп жаткан кезинен тарта сүйлөшө баштаңыз. Түйүлдүк болсо дагы ал баарын түшүнөт, апасы кайгырса кошо кайгырганын билгизип кыймылдабай калат. Адамдар ачуусу келгенде тырмагын тиштегилеп же калеминин башын кемирип жей берген сыңары ичтеги түйүлдүк дагы апасы кайгырганда кошо кайгырып, өзүн алаксытуу үчүн баш бармагын соро берет. Андыктан алаканыңызды келинчегиңиздин ичине коюп балаңыз менен сырдашып, чыдамсыздык менен жарык дүйнөгө келишин күтүп жатканыңызды айтыңыз. Балаңыз дагы сизге жооп кайтарганын билдирип ичтен булк этип кыймылдап коёт. Сиздин балаңыз менен сүйлөшүп жатканыңызды көргөн келинчегиңиз сизге ыраазы болуп, маанайы дагы көтөрүлө түшөт. Бала менен канчалык көп сүйлөшсөңүз, ал жарык дүйнөгө келгенде сизге жакын болуп үнүңүздү башкалардын үнүнөн тез айырмалайт. Андыктан тез-тезден балаңыз менен сүйлөшүп туруңуз. Сүйлөшүп гана тим болбостон, ага жомок китептерди окуп берип, жан эргиткен музыкаларды угузуңуз. Себеби бала чоңойгондо сиз түйүлдүк кезинде окуп берген жомокту укса бат түшүнөт.

 

Төрөткө даярдык көрүү

Төрөт жакындаганы аялзатында коркунуч пайда болот. Ал коркунучту жеңүүгө күйөөсү жардам берүүсү керек. Мындан тышкары төрөткө жакын жубайын эне болууга даярдоочу тренингдерге алып барып, же жубайы суранган курстарга аны менен бирге барып туруу зарыл. Курстарга баруу менен сиз төрөт жакындап толгоо кантип башталарын, төрөтканага жеткиче эмне кылуу керектигин жана келинчегиңиз өзү төрөй алабы же кесарево менен төрөйбү, баарын билип каласыз. Жубайыңыз төрөргө жакын жумуштан 1-2 жумага суранып анын жанында болуңуз. Анын толгоосу башталары менен тезинен ооруканага жеткиргенге аракет кыласыз.

 

Жубайыңыз кош бойлуу кезинде сиз...

 

 

 

   Кайрат Примбердиев: – Мен экинчи ирет балалуу болгондуктан баарына эле даяр  болчумун. Анын үстүнө келинчегимдин мүнөзү өзгөрүлүп болбогон жерден чыр чыгарып  мени көп кыйнаган жок. Болгону мурункудан дагы назик болуп, мүнөзү кичинекей баладай  болуп калды. Кош бойлуу учурунда аябай эрке болуп кетти, бирок мен анын эркелигин к  көтөрүп ага сабырдуулук менен мамиле кылдым. Анткени ал менин баламды боюнда  көтөрүп жүрбөйбү. Келинчегиме жер-жемиштердин ичинен алма менен бананды көп сатып  берип жүрдүм. Жубайым кош бойлуу кезинде көп кайгырбай, тынч жүргөндүктөнбү, азыр  балам токтоо, көп ыйлабайт.

 

 

 

 

Ильяз Андаш: – Үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышат экен, бирок жубайым кош бойлуу болгондон тарта экөөбүз көп урушпай калдык. Мурун ортодо түшүнбөстүктөр болгондо мен катуу сөз айтып урушту күчөтүп жибере турган болсом же такыр сүйлөбөй калган болсом, ал кош бойлуу болгондон тарта анын көңүлүн оорутпаганга аракет кылып калгам. Себеби ал ыйлап, кайгырса балабыз дагы кыйналат да. Келинчегимдин толгоосу башталганда мен анын жанында эмес элем, жумуштар менен Ысык-Көлгө кеткем. Анын төрөр маалы келип калганын укканда эле түндөп Бишкекке келип жубайымды өзү каалаган жеке менчик төрөтканага алып бардым.

 

 

Кош бойлуу кезиңизде жолдошуңуз...

 

 

 

  Айнура Салахидинова: – Мен учурда кош бойлуумун. Бул жаңылыкты алгач уккан    күндөн тарта жолдошум Санжардын мага болгон мамилеси мурдагыдан да өзгөрүлүп  аяр мамиле жасап калды. Айттырбай эле витаминге толгон жашылча-жемиштерди  көбүрөөк алып келе баштады. Талгак болуп аябай кыйналган учурум болгон, ал кезде  апам келип кол кабыш кылып жатты. Андан бери эртели-кеч ашканада жолдошумдун  жакшы көргөн тамактарын түрлөп жасап берип эле жүрөм. Ал жасаган тамактарыма  жакшы комплименттерди айтып көңүлүмдү көтөрүп келет.

 

 
 
 
 
 

Гүлянда: – Кош бойлуу болгондон тарта эч нерсе жакпай, кичине бир нерсе туура эмес болсо эле ачууң келе берет экен. Менин абалымды түшүнгөн Айбек эркелигимди көтөрүп, бардыгына сабырдуулук менен карачу. Толгоом башталганда төрөтканага өзү жеткирип таң атканча сыртта күтүп турган. Төрөтүмө катышууну каалаган, бирок мен уялып киргиздирбей койгом.

 

 

 

 

 

Даткайым ДОСМАТОВА