ЫСМЫҢЫЗ КИМ?

 “Адамдын ысмы жеке турмушуна өз таасирин тийгизет” деген бекем ишеним сизде да болсо керек. Ысмыңыздын тереңинде кандай сыр жатарын билгиңиз келсе, 0 (312) 59-20-22 номерине шейшемби күнү саат 11:00дөн 14:00гө чейин чалып ысмыңызды каттатып коюңуз же jaza.79@mail.ru электрондук дарегине жазып жибериңиз.

 

Эркин

“Эркин”, “азаттык” дегенди туюндурган бул ысым Эркинбек, Эркинбай деп уулдарга эле ыйгарылбастан, Эркингүл, Эркинай, Эркина, Эркинбүбү деп кыздарга да ыйгарылат. Мындай ысымдагылар табиятынан чыгармачылыкка жакын болушуп, ар дайым эркиндикти каалашат. Көздөгөн максаттарын ишке ашыруу үчүн талыкпай эмгектенишип көптөгөн ийгиликтерди багынтышат.

 

Эльвира

Испан тилинен кыргызчага которгондо “чындык”, “ишеним”, “баарын коргоочу” деген маанилерди түшүндүрөт. Эльвиралар айтканынан кайтпаган өжөр келишет. Көп убакыт билим, карьера менен алектенип жүрө беришет жана көңүлүнө төп келген мырзаны жолуктурмайынча турмуш жолуна аттанышпайт. Тапшырылган ишти жоопкерчилик менен аткарып, иштеринин өтөсүнө чыгышат. Үй-бүлөдө мыкты кожойке, мээримдүү эне.

 

Нурали

Араб тилинен которгондо “нур” “жарык”, “күндүн нуру” дегенди түшүндүрсө, “али” “бийик”, “даңазалуу”, “баатыр” деген маанилердин ээси. Бул ысымды Нуралы деп да колдонушат. Булар ачык-айрым, жан дүйнөсү таза, адамгерчиликтүү, жапакеч, берешен инсандардан болушат. Жакындарынан жардамын аябайт. Көпчүлүк чогулган жерде компаниянын көркүн чыгарып өзүнүн да, башкалардын да маанайын көтөрөт.

 

Гүлжан

Бул жагымдуу ысым Гүльджан деген вариантта Иран, Индия, Орто Азияда кеңири колдонулуп келет. “Гүл” кадимки эле гүл, “жан” “жан дүйнө”, “жүрөк” дегенди түшүндүрөт. Буга катар Гүлия, Гүлү, Гүлжан, Гүлфира, Гүлфия, Гүлчечек деген ысымдар “роза гүлү”, “назик гүл” деген маанилерди өзүнө камтыйт. Булар чын дилден ишенген, боорукер, асыл достордон боло алышат. Кайсы учурда болбосун, ишин таштап салып жардамга келишет.

 

Нурислам

“Ислам жарыгы” деп которулат. Эмгекчил, кайрымдуу, оптимист, өзүнө ишенген, туюу сезими күчтүү мырзалардан болушат. Буларда өзүмчүлдүк, көз карандысыздыкты талап кылган сапат дагы кездешет. Чыр-чатак, ар кандай конфликттерге бат эле аралашып кетишет. Анткен менен туура жагына ыктап ал кырдаалдардан мыкты интеллектуалдык деңгээли менен жеңишти багындырат. Бул ысымдагылар жубайын көпкө сынап, анан үйлөнөт.

 

Замир

Замир араб тилинен которгондо “акыл”, “уят”, “максат” деген, орус тилинен которгондо “тынчтык үчүн” деген маанилерди өзүнө камтыйт. Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган жылдары эркек наристелерге Замир, кыздарга Замира деген ысым көп ыйгарылган. Булар оор басырыктуу, ток пейил, билимдүү адамдардан болушат. Үй-бүлөгө камкор, жубайын сыйлоо жагынан адептүү келип башкаларды алдыга салбайт.

 

Зульфия

Татар элинен тараган ысым. “Сулуу”, “ажарлуу”, “келишимдүү” деген маанини билдирет. Бул ысым Зульфа, Зуля деп да колдонулат. Булар көңүлгө карабай ойлогонун бетке айтып салышат. Тааныбаган адам менен да бат эле тил табышышат. Принципиалдуу жана чечкиндүү келишкендиктен чечимди тез кабыл алышат. Кек сактабайт, бирөөгө таарынса аны бат эле унутуп коёт. Адамдардан жакшылыгын аябайт. Ошондой эле өз көйгөйүн өзү чечкенди жактырат.

 

Фатима

Бул ысым мусулман аялдарына таандык. Фатима Мухаммед пайгамбардын кызынын аты болгону маалым. Булар адилеттикти сүйгөн, ар убакта калыс сөз сүйлөгөн айымдардан болушат. Ишине кылдат, жоопкерчиликтүү. Кышында төрөлгөн Фатималардын мүнөзү оор болот. Жаз, жай, күз мезгилинде төрөлгөндөрү тегерегиндегилерге жакшы кеңешчилерден болушат.

 

Нурия

Нурия, Нури, Нурила, мырзалардан Нурик, Нурек деген ысымдагылар табиятынан ыйманы ысык жана уялчаак келишет. Тазалыкты сүйгөн жандар болгондуктан үйүн да, иш ордун да таза кармашат. Эч убакта тобокелчиликке салып иш жасашпайт. Көңүлү калган адамды кийин жолуктургусу келбейт. Активдүү, кыймыл-аракеттүү келишкендиктен мырзалар боксту каалашса, айымдар көнүгүү жасоо жана сууда сүзүүнү жактырышат.

 

Клара

Латын тилинен которгондо “түшүнүктүү”, “ачык” деген маанилерди туюндурат. Кичинесинде оор басырыктуу, ойчул, жакшы окуган, тил алчаак болушат. Чоңойгондо жакшы мүнөзү, сапаты, таза жан дүйнөсү менен көптөгөн досторду арттырат. Билимге, татыктуу кесиптин ээси болууга умтулат. Ал аракеттери өз үзүрүн берет. Булар келечекте мыкты мугалим, инженер, доктур жана сатуучу боло алышат. Сезимталдыгы менен камкор мырзаны жолуктурушат.

 

 

Жазгүл КАРБОЗОВА