Үй буюмдарын тазалоодогу эң жөнөкөй, өтө пайдалуу кеңештер

Жаздын келиши менен жарык тийген күндүн нурунан үйдөгү кирлер көзгө уруна баштады. Аларды тазалоо сиз үчүн өзүнчө эле көйгөй жаратып жатса керек. Биз үй буюмдарын оңой жана бат тазалоочу кеңештерди сунуштайбыз.

 

КИЧИ ТОЛКУНДУУ МЕШ

Стаканга жартысынан уксус, жартысын суу кылып куюп аласыз да, аны кичи толкундуу мешке салып 5 мүнөт иштетип коёсуз. Андан соң стаканды алып чыгып, кичи толкундуу мештин ичин ным чүпүрөк менен жакшылап сүртүп койсоңуз, кирлердин, тактардын баары жоголуп жалтырай түшөт.

 

 

 

ПЛИТА

Плитанын үстүнө коюлуучу темир торуна май чачырай берип катып калат эмеспи. Аны кетирүүгө эң оңой ыкма бар. Болгону темир торду калың желим баштыкка саласыз дагы, үстүнө 2-3 аш кашык нашатырь спиртин куюп, оозун туюктап коёсуз. 12 саат убакыт өткөндө темир торду акырындан жууп койсоңуз, таптаза болуп чыга келет.

 

 

 

 

МУЗДАТКЫЧ

Муздаткычыңыздын ичин бөлүп турган айнек текчелердин дайыма таза, анан кооз болушун кааласаңыз, аларды тамак-аш плёнкасы менен каптап коёсуз. Табитиңизге жараша ар кандай түстөгүсүн же гүлдөрдүн сүрөтү түшүрүлгөн түрүн тандасаңыз болот. Плёнка капталган айнекти сүртүп тазалоо оңой. Каалооңузга жараша убак-убагы менен жаңысына алмаштырып турсаңыз болот.

 

 

 

 

ДУШ ЖАНА КРАН

Душ менен суу акчу крандын темирлери билинбегени менен бозоруп кирдеп, так болуп ката баштайт. Муну тазалоо үчүн лимондун жарымы жана кол кап жетиштүү. Кол кап кийип алып лимондун жарымы менен кранды баштан аяк сүрүп чыгасыз.

 

 

 

 

ЖАЛЮЗИ

Чаң болгон жалюзини тазалоо айрымдар үчүн өзүнчө эле тозок. Аны жеңилдетүүгө эски байпагыңыз жардамга келет. Байпакты колго кийип жалюзинин араларына колуңузду салып сүртүү менен бир учурда эки тарабын тең тазалай аласыз. Өтө кир болгон жерлерине уксус менен сууну бирдей өлчөмдө аралаштырып, ага байпакты малып алып сүртүңүз.

 

 

 

 

 

УНИТАЗ

Кока-кола суусундугу унитазды мыкты тазалоочу каражат экендигин көпчүлүк кожойкелер биле беришпейт. Бул суусундук ар кандай кирлерди, тактарды кетире турган кошулмаларды өзүнө камтыйт. Кока-кола менен унитазды тазалоо үчүн алгач суусундукту унитаздын ичине айланта куюп коёсуз. Бир сааттан кийин щётка менен жууп саласыз.

 

 
 

 

 

КИЛЕМ

Килемдеги абдан кир тактарды кетирүүгө мүмкүн. Ал үчүн сизге үтүк, терезе тазалоочу каражат жана кездеменин кесиндиси керек. Килемге терезе тазалоочу каражатты себесиз дагы, үстүнө кездемени коюп үтүк менен басасыз. Эгерде так кетпесе, улам кайталай берсеңиз, каалаган жыйынтыкка сөзсүз жетесиз.

 

 

 

 

 

Динара Чокоева