Толгоону Жеңилдетүүнүн жолдору

Наристени жарыкка алып келээрде эне өмүр менен өлүмдүн ортосунда эки жашоо үчүн күрөшөөрү баарыбызга белгилүү. Айрым энелердин толгоосу узакка созулуп, бала да, эне да кыйналса, кээде тескерисинче, төрөй турган учур жетсе да толгоо келбей, дарыгерлер жасалма толгоо чакырууга мажбур болушат. Ушул абалдагы энелерге жардам катарында элдик ырым-жырымдарды жана элдик дарыгерлердин рецепттерин сунуштоону туура таптык.

 

Элдик дарыгерлердин рецепттеринен:

Толгоо жайлап, узакка созулуп жанды кыйнабаш үчүн толгоо учурунда лавр жалбырагын кайнатып, тундурмасын ичүү керек. Бул энеге күч-кубат бергенден тышкары толгоону тездетет.

 

Толгоо учурунда шоколад жесе, толгоодогу оору жеңилдейт.

 

Төрөөгө убакыт саат келип, бирок, толгоо келбей жатса малинанын жалбырагын кайнатып, андан алынган тундурманы күнүнө бир стакандан төрт маал ичип туруу өтө натыйжалуу. Бул тундурма жатындын булчуң эттерин жумшартып төрөткө даярдап, жатындын ачылышына жардам берет. Муну төрөт, толгоо учурунда суусаганда суусундук катары да иче берсе болот. Малинанын тундурмасы толгоону чакырат, бирок, суюктукту кош бойлуулуктун жети айына чейин ичүү сунушталбайт.

 

250 мл өрүк ширесин, 2 чоң кашык өсүмдүк майын (касторовое масло) жана 200 мл шампанды аралаштырып толгоо учурунда жарым саат сайын майда ууртап ичиңиз. Бул маңыз толгооңузду жеңилдеткенден тышкары эртелетет.

 
 

110-115 мг өсүмдүк майына (касторовое масло) апельсин ширесинен кичине куюп, ага бир чай кашык сода кошуп ичсе толгоону чакырат жана тездетет. Бул рецептти медицинада да пайдаланып жүрүшөт. Эгер өзүнүн натыйжасын жакшы бербесе 12 саатта бир кайталаңыз.

Ананас жатын кынын жумшарткандан тышкары кеңейтип жеңил төрөгөнгө чоң пайдасын тийгизет. Ал үчүн жети даана жаңы ананасты төрөөргө чукул жеш керек. Бирок, мынча ананас ичти өткөрөт деп мындан чочулабай эле коюу абзел.


 

Жай толгоодо энеге кичине арак ичирип, арак менен ичин сүрүү зарыл.

  Жай толгоодо ар бир саатта таттуу суу ичип туруу толгоону күчөтөт. Бул үчүн стакандын үчтөн  бир өлчөмүндөгү шекерге 200 мл кайнак суу куюп аралаштырып ичүү абдан натыйжалуу. Бул  ымыркайдын жарык дүйнөгө эрте келишине жардам берет.

 

Элдик ырым-жырымдардан:

Кош бойлуу кезден баштап айым өзүнүн жубайынын белинен аттап өтүп турса, толгоо ымыркайдын атасына өтүп кетип, жеңил болот.

Талгак болгон даамды күчтүү адам менен бөлүшүү ырымы да толгоодогу ооруну басаңдатат.

Иттин толгоосу жеңил болгондуктан, кош бойлуулукта иттин толгоосун мага берсин деген ниетте иттин белин аттоо да толгоону жеңилдетет.

Күйөөсүнүн жакасына төйнөгүч төйнөп койсо, аялдын толгоо учурундагы оорусу азаят.

Бала жарык дүйнөгө келерде ичте туура эмес жатып калып коркунуч туулса, төрт аял энени жуурканга салып алып “оң, оң” деп көлбөтөт. Бул ырым баланын туура жатышына жана чыгышына жардам берет.

Толгоо башталганда боз үйдүн баканын кармап алып ыйынса да, толгоо жеңил өтөт деп айтылат.

Толготуп жаткан учурда чачты байлап же өрүп албай бош коё берүү, толгоодогу ооруну басаңдатат.

 

Көнүгүүлөр:

Көп басуу жеңил төрөттү гана бербестен, толгоону чакырат.

Моюнду, далыны, омурткаларды укалоо жеңил төрөттү алып келет.

Укканда сергүүчү жана көңүл көтөрүлүүчү музыканы толгоо маалында жаңыртып коюу да толгоону жеңилдетет.

Төрөт жакындап калганда толгоону чакырууга, жатын кынынын ачылуусуна жыныстык катнаш жардам берет.

Чоң шарга минип отуруп алып топту айлантуу зарыл. Бул учурда эне жыгылып кетпеш үчүн колунан кармап, сүйөп турчу адам керек. Бул жатын кынды укалагандан тышкары, эч кандай кесүүсүз төрөөгө жардам берет.

Жылуу суу толтурулган ваннага түшүп, ичти сылап, чычаң омуртканы укалоо толгоону жеңил өткөрөт.

Кол менен столду таянып, ичке күч келтирбей майда секирүү төрөттү жеңилдетет.

Ширеңкени кутучасынан чыгарып жерге чачып, кайра улам эңкейип бирден жыйноо толгоону чакырат жана жеңил төрөөгө көмөктөшөт.

 

Төрөтүңүз жеңил болушу үчүн кандай ыкма колдондуңуз эле?

 

Элмара Турсуналиева: “Ичимден отузга чейин санап, толгоомду жеңилдеткем”

– Толгоо жеңил болуп, аман-эсен төрөп алайын десең доктурдун айтканын эле угуу туура деп ойлойм. Менин толгоом башталгыча деле, башталгандан кийин деле эч кандай ырым-жырымдарды колдонгон эмесмин. Болгону доктурум “толгоо башталганда ичиңден отузга чейин секунд менен сана, толгооң эмне болуп кеткенин билбей каласың, жеңил төрөйсүң” деген. Анткени, ар бир келген толгоо 30 секундга созулат экен. Анан секундга карап санап алаксып жатып, толгоомдун кандай өтүп кеткенин билбей деле калгам. Мен бул ыкманын жардамы менен ойдогудай төрөдүм десем болот.

 

Салима Балтаева: “Пол жуу - үй шартындагы биринчи жөнөкөй көнүгүү”

– Үч баламды тең ичимди кестирүү аркылуу төрөдүм. Биринчисинде толготком, андан кийинкилеринде толгоо эмне экенин билген жокмун. Биринчи балам боюмда барда кош бойлуу болгондон баштап полду швабрасыз кол менен жуудум. Бул толгоонун жана төрөттүн жеңил өтүшү үчүн үй шартындагы биринчи жана жөнөкөй көнүгүү экен. Анан толгоом башталганда төрөт үйүнүн алыстыгына карабай “толгоо бышсын” деп жөө баргам. Бирок, менин мындай аракеттериме карабай доктурлар бир жакка шашып жаткандыктан, “кесип эле алып чыгалы, сени да, баланы да кыйнабай” дешсе жаштыкка салып макул болуп салгам. Негизи эч кандай кестирүүсү жок эле өзүм төрөмөк экенмин. Азыр өтүп кетсе да өкүнүп калам.

 

Нурайым Азыкбаева: “Иттин толгоосун сурап жатып, жеңил төрөдүм окшойт”

– Кош бойлуу кезимде апам “итке тамак берип жатып, аны менен сүйлөшүп, иттин толгоосун сура” дей берчү. Себеби иттер кыйналбай туруп эле күчүгүн жарыкчылыкка алып келет турбайбы. Анан мен итке тамак берген сайын “менин толгоомду сен ал да, сеникин мага бер” дей берчүмүн. Эми бул кыргыздын ырым-жырымдары жөн жерден чыкпаса керек да. Ошондонбу же менин толгоом өзү жеңил болдубу, айтор, айрым айымдардын айтканына салыштырганда жеңил төрөп алгам.

 

 

 

Анара ТОКТОСУНОВА