НУРКЫЗ Караева, “ЗАМАНА” СТУДИЯСЫНЫН АЛЫП БАРУУЧУСУ: “Мен сүйбөй жүрүп жашоодон өтүп кетүүдөн корком”

Коомдук биринчи каналдын “Замана” студиясынан элди агарган таң, кызарган күн менен кошо ойготкон бир күмүш үндүү кыз бар. Бүгүн биз дал ошол сулуу Нуркыз Караеваны сөзгө тартып, тележылдыз менен сырдаштык.

– “Учурдун жакшы алып баруучуларынын бири – Нуркыз Караева” деген сөзгө кошуласыңбы?

– Мыкты алып баруучумун деп айта албайм, бирок, жакшы алып барууга аракет кылам. Менимче алып баруучулуктун өзү чоң искусство. Устатым Тамара Хусеиновна Жаманбаева айтмакчы, эфирге чыгуу деген бул чоң жетишкендик, ал ар бир адамга эле буйруй бербейт. Андыктан, эфирди сыйлай билип, эфирге чыгарда бут кийимиңди кийгенден тартып тырмагыңды боёгонго чейин жакшылап көңүл бурууга ар бир алып баруучу милдеттүү. Ошон үчүн башында мен үчүн эфирге чыгуу, элге көрүнүү башкы максат эмес болчу.

– Анда сен үчүн башында башкы максат эмне болчу?

– Эл аралык стандартка шайкеш келген динамикалуу репортаж жасай билүүнү максат кылгам. Себеби көп кыздар, балдар азыр бул тармакка келе калып эле элге көрүнө калууну, эфирге чыгууну көздөшөт. Чынында, журналистиканын биринчи милдети бул эмес да, биринчи милдети ыкчам жана сапаттуу текст жазууну, сюжет жасоону, маалымат берүүнү билүү. Мен бул нерсени Ала-Тоодо иштеп жүргөн маалда үйрөндүм десем болот. Анан Заманада иштеп калгандан кийин жетекчилик “эфирге чыгып көр” деди, бир жолу чыктым, эки жолу чыктым, ошону менен “чыкпай эле кой, жарабайсың” деген сөздү уккан жокмун. Азыр такай эфирге чыгып келатканыма туура бир жылдын жүзү болду.

– “Динамикалуу репортаждарды” жаратуу үчүн Ала-Тоо маалымат программасы эң ыңгайлуу жай го. Эмнеге ал жакта калган жоксуң?

– Ооба, Ала-Тоо журналисттер үчүн жакшы мектеп, бирок, ал жерде ар бир адам өзү үчүн иштейт. Эч ким эч кимге жардам бербейт, идеяны, теманы ар ким өзү табат жана өзү жасайт. А бул жерде жамааттын ичинде кандайдыр бир ынтымак, биримдик бар жана аны менен катар репортаж жасоо менен гана чектелбей, конок менен маек курууга да үйрөнөсүң.

– Көгүлтүр экран адамды ары улуу, ары толук көрсөтөт эмеспи. Жагымдуу болуп чыгууга кандай аракеттерди көрөсүң?

– Мага “сен эфирден 35-40 жаштардагы аялдардай көрүнөсүң” деп айткандар көп. Атүгүл апам да кээде “экранга боёнбой эле чыксаңчы” деп айтып калат. Бирок, мен эфирге чыгууда тиешелүү болгон талаптарды бузбайм. Мисалы, менин мурдум чоңураак, гримёр ошону билгизбөө үчүн аны ичкерээк көрүнгүдөй кылып боёп берет. Эгер алдыда кашымдын, көзүмдүн, бетимдин да макияждарын оңдоо үчүн маселе жаралса, каршы болбойм. Ал эми толуп кетүү жагынан менде маселе жок, болгону шишип калбайын деп саат 16дан кийин суу ичпейм.

– А муктаж болсоң, пластикалык хирургия жасатат белең?

– Каражат жетиштүү болсо, эмнеге болбосун? Убагы келсе, муктаждык жаралса, албетте жасатмакмын. Бирок, жаш кезде жасатууга каршымын, себеби жаштыктын өзү эле сулуулук эмеспи. Деги эле менин пластикалык хирургияга карата оюм аябай эле жакшы. Ошону таап иштеп чыккан окумуштууга рахмат эле айтам.

– Сулуулукка үй шартында да кам көрөсүңбү?

– Ооба, кам көрүп турам. Менин эжем кесиби боюнча косметолог, өзүнүн сулуулук салону да бар. Мен барган сайын ал мага бир маска жасап берип турат. 3 кашык каймакмайга бир аз аябай майдаланган петрушка менен укропту кошуп жакшылап аралаштырып бетиме жаап берет. Анан 5 мүнөттөн соң мен аны жууп салам. Мындайды жумасына үч жолу жасап турса, бетке майда бырыштар, тактар түшпөйт.

– Сол көкүрөгүңө көп учурда бантик тагып чыгасың. Бул эмнеден улам?

– Мен костюмумдун сол көкүрөгүнө минтип бантик тагып эфирге чыкчу эмесмин. Бир жолу тагынып калсам эле баары “ой, сен Отунбаеваны туурап алгансың го” деп күлүп калышты. Ошондон кийин “эмнеге туурабайм? Башканы эмес, президентти туурап жатам го” деп адат кылып алдым. Көрсө, майда-барат болгону менен бул бантик деле аялзатын толуктоочу бир деталь экен да. Мисалы, кээде кийимдериң бири-бирине өңүнөн шайкеш келбей турса алардын бирине түспөлдөш бантик тагып койсоң, маселең чечиле калат.

– Эфирде көңүлүң толук кандуу жайында болсун үчүн сага эмне маанилүү?

– Бир адамдын жакшы сөзү маанилүү. Ал – менин апам. Мен эфирге чыгар күнү апам эрте туруп мага өз колу менен кофе даярдап берет, анан кийип чыгар кийимимди мактап жумушка жөнөтөт. Саат 7де биз эл менен учурашабыз, анан 10 мүнөт “Күндарек” маалымат программасы болот. Бул маалда апам мага телефон чалып же смс жазып менин кебетем жайында же жайында эмес экенин айтат. Эгер жайында болбосо, ошол убакытта мен оңдонуп-түздөнүп алам. Апам телефон чалбай же смс жазбай калды дегенче, менин көңүлүм түз эфир бүткөнчө көтөрүлбөйт.

– Өзүңдү мүнөздөп көрсөң?..

– Мен шар жүргөн эркек мүнөз кызмын. Кичинекей кезимде эмнегедир атам мага “сенин атың Нуржигит” деп эле айта берчү. Атүгүл бир аз бой тартып калганымда деле кызуу болсо “сен Нуркыз эмессиң, сен Нуржигитсиң” деп калчу. Көрсө, апам мени төрөөрдө атам уул күткөн экен. Анан эле мен төрөлүп калыптырмын. Балким, ошондон улам менин мүнөзүм тынчы жок болуп калган окшойт деп ойлойм.

– Уул күткөнүнө караганда, үй-бүлөдө эркек бала аз го?

– Ошондой. Өзү биз үч эле бир тууганбыз, улуусу эркек, анан кыз, андан кийин кичүүсү мен болуп жатпаймбы. Ошого караганда, атам ал кезде 2 уулдуу болгусу келген окшойт да.

– Сен сүйүүңө жолуккансыңбы?

– Сүйүүмө жолугам деген ой менен жашайм, бирок, мен башкаларчылап окуучу кезде деле, студент кезде деле ушул сезимге кабылып көргөн жокмун. Мелис Эшимканов агай: “Бул дүйнөдөн сүйбөй жүрүп өтүп кетүү коркунучтуу. Баары: үйүң, машинаң, досуң болсун, бирок, жан дүйнөдө сүйүү жашабаса, ал чыныгы жашоо эмес”, - деп айткан. Анын сыңары мен да сүйбөй жүрүп өтүп кетүүдөн корком.

– Сен күткөн идеалдуу жолдош кандай болууга тийиш?

– Биз идеалдуу адам жок деп көп айтабыз да, ошол эле маалда идеалдуу адам деп көп сүйлөйбүз. Ушуга караганда, идеалдуу адамды жаратууга болот болуш керек деп ойлойм. Ал үчүн ар бир айым өз жарын же жары болор адамын өзүнө жага тургандай кылып тарбиялап алышы керек. Мейли, ал башка бирөө үчүн идеалдуу болбой эле койсун, бирок, ал сен үчүн идеалдуу болгону башкы маселе. Антпесе, даяр идеалдуу эркекти табуу мүмкүн эмес деп ойлойм.

– Үй-бүлөңдө кесиби журналист болгон бирөө барбы?

– Кесиби боюнча журналист болгон эч ким жок. Бирок, апам мугалимдик окууну бүткөнүнө карабай Советтер Союзу өкүм сүрүп турган маалда саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы “Ден соолук” журналында 20 жыл иштеген экен.

– А сен бул кесиптин ээсисиң да э?

– Ооба. Мен кичинекей кезимде ырчы, актриса сыяктуу элге маанай тартуулаган көрүнүктүү адам болууну самачумун. Журналист болом деп эч качан ойлогон эмесмин. Окууну бүтүргөндөн кийин Бишкек гуманитардык университетине барсам, декан Алтын Асановна “журналистканы карап көр, жакшы кесип” деп мага ушул багытты сунуштаган. Анын үстүнө менин тестирлөөдөн алган баллым да ушул факультетке туура келип калып ошол жакка тапшыргам.

– “Замана” студиясы менен сени байланыштырган жол кантип башталган?

– 2006-жылы биринчи курста окуп жүргөн маалда эле мен Ала-Тоо маалымат программасына штаттан тышкаркы кабарчы болуп жумушка киргем. Ал жакка да факультеттин жетекчилиги жөнөткөн. Анан 2008-жылы “Замана” студиясына чакыруу түшүп, буйрук экен бул жакка келип калдым.

 

 

Ырыс ИМЕТАЛИЕВА