Сурагым келет

Бул ирет «Сурагым келет» рубрикасы окурмандардан келип түшкөн урология жаатындагы көйгөйлүү суроолорго жооп берет. Кызматта Улуттук госпиталдын №1 урология бөлүмүнүн жетекчиси Нурбек Садырбеков болду.

Суроо: Менин күйөөм 56 жашта. Мындан 4 ай мурун простатитке чалдыгып калып дарыгер ага дарылануу курсун жазып берген. Эми 3 айдан бери жолдошумдун жыныстык катнашка болгон муктаждыгы улам күчөп баратат. Биз небере көрүп калган түгөйлөрбүз, уят болуп калбаш үчүн күйөөмдүн секске карата керектөөсүн азайтуучу же таптакыр жок кылуучу дары-дармек айтып коюңузчу.

Лира, Арча-Бешик жаы конушу

Жооп: Жыныстык катнашка болгон керектөөнү азайтуучу да, жок кылуучу дары-дармектер бар. Бирок, сиздин жолдошуңуз простатиттен арылуу үчүн дарыланып жатканда, ага менин буларды сунуштоого укугум жок. Себеби секске болгон муктаждык ошол дарылардын айынан күчөп жатабы же башка нерседен уламбы, мен муну билбейм. Адатта 50 жаштан ашканда эркек кишинин жыныс безинин “аденома” деген шишиги ойгонот жана ал бөлүп чыгарган гормондордун эсебинен дагы жыныстык катнашка активдүүлүк жаралышы ыктымал. Жолдошуңуз текшерилүүгө келсе, себебин аныктап туруп андан кийин гана тиешелүү дары-дармек сунуштап бере алам.

 

Суроо: Бөйрөктө таш бар болгон шартта бойго бүтүрүүгө, төрөөгө болобу? Таштардын көлөмдөрү 6-7 мм экен.

Зухра, Ош шаары

Жооп: Эгерде көлөмдөрү 6-7 мм боло турган болсо, анда алар таш эмес эле бөйрөктүн чөйчөкчөлөрүндө, күлтүкчөлөрүндө чогулуп калган туздар. Болгону УЗИ буларды ажыратып көрсөтпөй эле таш деп жыйынтык бере берет. Ошон үчүн бойго бүтүрүүдөн, төрөөдөн коркпой эле коюңуз. Алгач заараңыздын анализин тапшырып, ал туздар кайсы туздар (фосфат, оксалат, урат) экенин аныктатып, аларды эритүү үчүн уролог жазып берген каражаттарды ичиңиз. Буга баш-аягы 3 айлык убакыт кетиши мүмкүн. Андан кийин бейкапар бала пландаштырып төрөй берсеңиз болот. Эгерде бул туздарды эритип салбасаңыз, анда кош бойлуу кезде кан басымыңыз көтөрүлүп, шишип кыйналасыз же таптакыр эле боюңуздан түшүп калышы толук мүмкүн.

 

Суроо: Виаграны күн сайын колдонсо эмне болот? Дегеле бул дарынын канчалык зыяны бар?

Санжар, Кызыл Октябрь айылы

Жооп: Дүүлүктүрүүчү виагра дарысын күн сайын колдоно берүүгө болот. Мындан эч кандай зыян, эч кандай көйгөй жаралышы мүмкүн эмес. А бирок, күн сайын виагра менен дүүлүгүп жаткан өзүңүз тууралуу ойлодуңузбу? Өз алдыңызча дүүлүгө албай жатканыңызга эмне себеп болууда? Негизги маселе ушунда, андыктан, урологго көрүнүп айыгып алганыңыз маанилүү. Эгерде жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркай турган болсоңуз, анда виаграны таптакыр ичпешиңиз керек. Күтүүсүз учурда ал козголуп өзүнүн кесепетин тийгизип коюшу ыктымал.\

 

Суроо: Эркектердин бел суусу бетти агартууга жардам берет деген чынбы?

Айсулуу, Каракол шаары

Жооп: Эч кандай чындыкка дал келбеген маалымат. Балким, бул суроону азыркы учурда чыгарылып жаткан спермацеттик кремдерден улам берип жатсаңыз керек. Кремдин курамына жумшартуучу, нымдоочу жана агартуучу заттар кошулат да. А табигый бел суунун курамында микробдор, инфекциялар болушу мүмкүн. Өз учурунда бул бетиңизди агартпастан, тескерисинче, жара кылып жибериши мүмкүн.

 

Суроо: Мен 35 жаштамын. Үйлөнүп ажырашып кеткем. Азыркы учурда менин кыздарга болгон кызыгуум жоголуп, дүүлүкпөй калдым. Жарым жылдан бери жашоодон үмүт үзүлгөндөй эле чөгүп жүрөм. Бул досторум айтып жаткандай импотенция эмеспи? Болсо айыгууга мүмкүнбү? Жол-жобосун айтып коюңузчу.

Алмаз, Кайнар айылы

Жооп: Кыздарга болгон кызыгуунун жоголушун дароо эле импотенция деп жыйынтыктап коюу туура эмес. Сиздин болгону ажырашуудан, аялыңызга болгон нааразычылыктан улам көңүлүңүз калып калган. Бул психикалык эле фактор. Мүмкүн, аялыңыз менен чыныгы каалоо аркылуу кошулуп, жыныстык катнаштан жакшы канаттануу да алган эмес чыгарсыз. Ошон үчүн өзүңүздү өзүңүз кыз сүйүүгө тарбиялаңыз, ага мээрим берүүгө жана андан алууга аракет кылыңыз, мындан дүүлүгүү сөзсүз ойгонушу керек. Болбосо урологдун, психологдун жардамы зарыл.

 

Суроо: Жашым 32де. Мен миома менен ооруп операция болгом. Ошондо жатынымды кошо алып салышкан. Эми организмдин картаюу процессине адаттагыдан эрте учураары чынбы?,

Ширин, Сокулук 

Жооп: Жатындын жоктугу аял кишини эрте картайтат деген жөн гана сөз. Себеби жатынды алып салганы менен сиздин жумурткаларыңыз бар, гормоналдык фонуңуз нормалдуу көрүнүштө иштеп жатат. Болгону башкалардан айырмаланып төрөй албайсыз, айызыңыз келбейт. Ошондуктан, бул үчүн ойлонуп санаа тартуунун кереги жок.

 

Суроо: 38 жашта климакска кабылуу мүмкүнбү?

Жыргал, Орловка айылы

Жооп: Мүмкүн, негизи эле акыркы учурда климакска кабылуу тездик менен жашарып барат. Буга аял кишинин менструалдык циклин жана аялдык гормондорунун талаптагыдай иштешин көзөмөлдөбөй коюшу себеп. Эгерде бул факторлордо бузулуу байкалса, убагында дарыланып алуу керек. Болбосо, мунун кесепети жашы жете электе эле климакска кабылууга алып келет.

 

Суроо: Менин үйлөнгөнүмө 2,5 жыл болду. Бирок, биз такыр балалуу боло албай жатабыз. Бул жыныстык мүчөмдүн өлчөмүнөн (11 см) эмеспи? Кененирээк айтып коюңузчу.

Мирлан, Баткен шаары

Жооп: Жыныстык органдын кыскалыгынан улам балалуу боло албайт деп бүтүм чыгаруу туура эмес. Сиздердин балалуу болууңуздарга кайсы бир оору же кайсы бир инфекция тоскоолдук жаратып жатышы мүмкүн. Тезирээк келинчегиңиз гинекологго, сиз урологго барып спермограмма, гормоналдык фон боюнча анализ тапшырыңыздар. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоонун классификациясы боюнча, бир жыл бирге жашап балалуу боло албаган үй-бүлө тукумсуз деп саналат. Сиздерге 2,5 жыл болуптур, бул тууралуу олуттуу ойлонуу зарыл.

 

Суроо: Турмушка чыкканыма 1,5 жыл болду. Мындан 5 ай мурун көтөн чучугумда бир эт пайда болгон, бул жыныстык катнашта аркасынан кошулуудан эмеспи? Жакында эле төрөдүм эле, ал эт шишип катуу оорутуу менен коштолууда.

Айгүл, Нарын шаары

Жооп: Негизи көтөн чучукта эттин пайда болушуна аналдык секс себеп эмес. Бул башка бир күчтөн, кыйналуудан улам пайда болгон. Төрөт деген аялзаты үчүн аябай чоң күч келтирген оор процесс. Ошондон улам төрөгөндө геморроиддик түйүндөр ого бетер сезгенип ал эт шишип чыгышы мүмкүн. Үй шартында бул этти жок кылууга болбойт. Операция аркылуу алдырып салууңуз керек. Бул үчүн проктолог-дарыгерге барсаңыз болот.

 

Суроо: Айызы бүтө элек маалда жыныстык катнашта болуунун кандай зыяндары бар?

Жумагүл,Кызыл-Жылдыз айылы

Жооп: Айызы келип жаткан учурда жыныстык жактан кошулууга талап боюнча болбойт. Анткени бул маалда аялдын аялдык органы, анын ичиндеги бардык тешиктер ачык болот. Жыныстык катнашта болгондо, ал жактарга инфекция кирип кетиши ыктымал.

 

Суроо: Спермамдын түсү кызгылтым болуп жатат. Негизи, ден соолугу чың адамдын спермасынын түсү кандай болууга тийиш?

Медер, Сары-Булак айылы

Жооп: Саламаттыгы калыбында болгон адамдын спермасынын өңү боз болот. Эгер сизде бул кызгылтым болуп жатса, сперма иштелип чыгып келаткан каналдын бир жеринде жабыркоо, каноо орун алып жатат. Демек, сиз сезгенүүгө дуушар болгонсуз, үйдө отура бербей дарыгерге барууңуз зарыл. Ал аныктап анализге жараша дары-дармек жазып берет.

 

Суроо: Теледен тынбай көрсөтүп жаткан простатитке каршы таблеткалар чын эле натыйжалуубу? Аларды врач менен кеңешпей эле өз алдынча иче берсе болобу?

Азат, Асылбаш айылы

Жооп: Ооба, натыйжалуу деп айтууга 100% кепилдик бар. Ал таблеткалар чет өлкөлөрдөн алынып келинип жатат, ал жакта клиникалык сыноодон сөзсүз түрдө өткөн. Биздин рынокко чыгарууда да атайын экспертизага коюлуп, аларга андан кийин гана уруксат этилет. Бирок, дарыгер сунуштабаса, бул дарыларды өз алдынча иче берүүгө болбойт. Анткени, алар оорунун мүнөзүнө карата гана сунушталат.

 

Суроо: Менин 3 жашар баламдын оң жумурткасы бирде пайда болуп, бирде жок болуп турат. Аймактык педиатрга айтсам эч кандай кооптуулугу жок экенин, кийин өз ордуна түшүп каларын айткан. Чын эле кооптонбой эле койсом болобу?

Бурул, Чолпон айылы

Жооп: Аймактык педиатр туура эмес айтыптыр. Жумуртканын бирде пайда болуп, бирде жоголуп турушу деген кичинекей бала үчүн өтө эле кооптуу көрүнүш. Демек, жумуртка чат каналы аркылуу жогору жакка жылып кетип жатат. А талап боюнча ал ошол ордунда турушу жана бала чоңойгон сайын жетилиши, өөрчүшү керек. Муну операция жолу аркылуу калыбына келтирүүгө болот, 5 жашка чейин жасатпасаңыз, уулуңуз келечекте тукумсуз болуп жумурткасы иштебей калышы толук мүмкүн.

 

Суроо: Менин жолдошума айылдын дарыгерлери “варикоцеле” деген диагноз коюшуптур. Шаарга барып дарылан десем барбай жүрөт. Бул эмне болгон оору? Олуттуу оорубу?

Чынара, Ала-Тоо жаы конушу

Жооп: Варикоцелени айыктыруунун бир гана жолу бар. Ал – операция. Негизи варикоцеле деген сол жумуртканын веналык кан тамырларынын кеңейип кетиши жана буга байланыштуу жумуртканын ичинде басым көтөрүлүп, ал жакка кычкылтек, азыктандыруучу заттарды алып келүүчү артериялык кан тамырлардан кан келбей калат. Анан бара-бара жумуртка куурайт, эркектик мүчөдөн урук да, гормон да чыкпай калат жана ал балалуу болуудан, секстен кур калат. Ошон үчүн жолдошуңузду операцияга алып келиңиз, мамлекеттик ооруканада варикоцелеге бекер жасалат. Кассага гана тиешелүү төлөмдү төлөп коёсуздар.

 

 

Гаухар ЖАКШЫЛЫКОВА