Өлүмгө жеткирген эмчек рагы

Акыркы жылдары эмчек рагына кабылгандардын саны жыл санап көбөйүп жатканын маммологдор тынчсыздана айтып келишет. Аялзатын энелик бакыттан ажыратып коюучу бул дарттын коркунучу тууралуу айтпасак да белгилүү. Алдын-ала кабардар болуу менен саламаттыкка кылдат мамиле кылууга үйрөнүү керектигин эскертип бул макаланы сунуштайбыз.

Эмчектин рагы эмнеден пайда болот?

Эмчек рагы - организмдеги гармоналдык өзгөрүүлөрдөн пайда болорун окумуштуулар айтып келишет. Ага ар кандай стресс, жаракат алуу, сексуалдык жашоонун туруксуздугу, төрөгөндөн кийинки мастит оорусу жана башка организмдеги ар кандай өзгөрүүлөр себеп болот. Мындан тышкары, айымдар дайыма таза ич кийим кийип жүрүш керек. Ич кийим аркылуу инфекция кирип, ал козголо албай жаткан дартты козгошу мүмкүн.

Алгачкы белгилери

Эмчек рагынын баштапкы стадияларында ал такыр байкалбайт. Ооруганы да билинбей отуруп аягында ракка айланып кетет. Ошондуктан ай сайын ар бир айым күн тийген бөлмөгө кирип чечинип алып күзгүдөн эки эмчектин түзүлүшүнүн бирдейлигин байкап турушу шарт. Өзүн-өзү туруктуу текшерүү маммологго көрүнүп туруунун ортосунда сүт бездеринин абалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Сиз ай сайын этек кир келген күндүн 6 жана 12-күнүндө өзүңүзгө-өзүңүз текшерүү жүргүзүүңүз керек.

Текшерүү үчүн

Күзгүнүн алдына туруп эмчек безинин формасын жана тери менен үрптүн тышкы көрүнүшүн караңыз.

Колуңузду жогору көтөрүп эмчек безин алгач алды жагынан, андан кийин эки капталынан караңыз.

Турган абалда ортоңку үч манжаңыз менен эмчегиңизди басыңыз.

Ткань тыгызыраак келген үстүңкү чейрек бөлүмдөн баштап сааттын жүрүшү боюнча жылдырыңыз.

Андан кийин ар бир үрптү сөөмөй жана баш бармак менен сыгып суюктук чыгабы же чыкпайбы карап көрүү керек.

Текшерүүнү жаткан абалда кайрадан айлантып ар бир чейрек бөлүктү ирети менен улантыңыз.

Манжалар менен моюн, колтук аймактарындагы жана акырек үстүндөгү лимфа бездерин сылаңыз.

Эсиңизде болсун!

Сиз өзүңүздү-өзүңүз текшерүүдө оорунун белгисин табууга эмес, саламатта экениңизге ынанууга басым жасаңыз. Аялдардын сүт бези айыз келген убакта болуучу гормондордун деңгээлинин өзгөрүшүнө тез реакция берет. Аялдардын дээрлик үчтөн эки бөлүгүндө сүт безинин чыңалышы бир топ ооруксунуу менен коштолот (мастодония). Бирок айыз келгендин алгачкы күндөрүндө ал кайрадан төмөндөйт. Ошондуктан сүт бездерин текшерердин алдында төштүн бардык өзгөрүүлөрүнө көңүл буруңуз. Текшерүү учурунда төмөндөгү белгилерди байкасаңыз биринчи орунда жана тезинен маммологго кайрылыңыз. Маммолог - сүт бездеринин оорусун дарт аныктоочу ыкма менен аныктап дарылоочу адис.

Эмчек рагынын эң негизги белгилери төмөнкүлөр:

– Сүт бездеринин формасы өзгөрөт;

– Сүт бези кызарып, сезгенип ооруйт;

– Теринин жыйрылып же шишиши байкалат;

– Үрптөрдөн суюктук же кан аралаш суюктук чыгат;

– Сүт бездеринин үрптөрү ичине тартылып баштайт.

Эмчекте шишик болсо бир тарабы чоңураак болуп үрпүнөн суюктук чыга баштайт. Бул учурда маммологдор маммограмма, ультраүн аппараттарынын жана гистология, цитология лабораторияларында текшеришип дартты аныкташат. Андан соң дарылоо жүргүзүшөт. Эмчек рагынын «узловая мастопатия», «фиброаденома», «киста» , “абсцесс”, “фиброаденоматоз” жана шишик пайда болуучу бир топ түрү бар. Жогоруда аталган түрлөрү коркунуч туудурбайт. Бирок «узловая мастопатия», «фиброаденома», «киста» деген диагноз коюлгандарга мончого, саунага барууга жана күнгө күйүүгө болбойт. Себеби радиация көп болгондуктан оору күчөп, рак клеткаларын өстүрүп жиберет.

Улуттук онкология борборунун Аялдардын репродуктивдүү системасынын шишик клиникасынын дарыгери, медицина илимдеринин доктору, онколог-маммолог, хирург Яна Карабаева: "Бүгүнкү күндө аялдардын эмчек ооруларынан рак биринчи орунга чыкты"

- Яна айым, эмчек оорусу менен кайрылгандарга кайсы катмар басымдуулук кылат?
 
- Чынын айтканда, бүгүнкү күндө аялдардын эмчек ооруларынан рак биринчи орунга чыкты. Аталган оору барган сайын жашарып баратат. Өзгөчө бул оору менен 30-40 жаштагы аялдар көп катталууда. Үй шартында ар бир аял эмчегин кармап шишик барбы-жокпу аныктабай жүрө берип ооруну күчөтүп алат. Ачыгын айтканда, өзгөчө айыл жеринде жашагандарда бул оору тууралуу маалымат жокко эсе. Натыйжада, алар аталган оорунун алгачкы белгилери кандай болот жана сүт бездерин кантип текшерип туруу керектигин билишпейт. Ошол себептен бизге 3-4-стадияга жетип калганда гана келишет. Айрым аталган оору тууралуу маалыматы болгондор 1-2-стадияларында шишик жаңы пайда болгондо келишет. Албетте, оору өтүшүп кете электе кайрылса, ал ооруну айыктыруу жеңил болот. 
 

- Оору өтүшүп кеткен учурда кайрылгандарды кандай жолдор менен дарылайсыздар? 

- Эмчек рагы өтүшүп кеткен учурда ага оор операция жасалып колтуктун, акыректин, далынын астындагы бездердин баары тазаланып алынат. Эмчекти орду-түбү менен кесип салышат. Анан үч жумадан кийин жиби алынып, кандай өзгөрүүлөр бар экендиги аныкталат. Оорулуу химиотерапиядан, дарылоо курсунан өтүп, токко какталат. Дарыгердин каттоосуна туруп башында бир айда бир жолу, кийин алты ай сайын текшерилип турушу зарыл. 

- Бизде эмчек оорусун толук айыктырууга мүмкүнчүлүктөр барбы?

- Албетте, бар. Бизде чет мамлекеттегидей эле аппараттар бар, дарыланууга мүмкүнчүлүк абдан жакшы. Болгону аялдар убагында ооруканага кайрылбай ооруну өтүштүрүп ийип жатышат. Эмчек рагы төрт баскычта кетет. 1-2-баскычтарына операция жасалат. Ал эми 3-4-баскычтарын химиотерапия, гормон терапиясы, токко кактоо менен дарыласа болот. Бирок мындай учурларда толугу менен айыктыра алабыз деп кепилдик бере албайбыз. Оору өтүшүп кеткенде аялдын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүктөр аз болуп калат. Менин жүрөгүмдү оорутканы көп аялдар оокат-тиричилик деп жүрүп ден соолугун унутуп коюшат. Ошондуктан мен аялзатымын дегендердин баарына "өзүңөрдү сүйгүлө, ден соолугуңар болсо силерден өткөн сулуу айым жок" деп айтар элем. 

- Маселе жаралбоосу үчүн айымдар алдын ала кандай аракеттерди көрүүлөрү керек? 

- Мен аялзатымын дегендердин баары ай сайын айызы келгенден кийин өзүн текшерип туруусу кажет. Ал эми ар алты айда бир жолу сүт бездери оорубаса да дарыгерге кайрылуусу зарыл. Мындан тышкары, эмчек бези чочуп, сезгенип калган учурда үйдө жатып эле басылып калышын күтпөстөн тезинен маммологго же гинекологго келип бир жолу текшерүүдөн өтүп коюсу керек. Эмчек оорусу алгач салмактанып, оорутуп башталат. Эгер ширеңкенин учундай эле шишик бар экени байкалса дароо маммологго кайрылышы керек. Ал эми үй шартында кол аарчыны ысытып басуу, "эмчегим сезгенип калыптыр" деп табыптарга кайрылып, эгиз балалуу энелерге тептирип коюуну унутуу керек.

Анипа Кулбачаева, Талас облусунан: “Эмчегим кызарып калганын байкагам”

– Менин бул илдетке чалдыкканыма бир жыл болду. Азыр бир жак эмчегимди алып салды. Айылдык медпункттардаиштегендер жана Саламаттыкты сактоо министрлиги бул ооруну кантип аныктайт, кандай белгилери болот, кантип кам көрүү керектиги тууралуу айылдык медпункттардын дубалдарына илип коюшса жакшы болмок. Себеби маалыматы жоктор эмчегиндеги өзгөрүүлөргө ал маалымат такталары аркылуу көңүл бурушат да. Мен өзүмдөгү ооруну ич кийимимден улам билдим. Ич кийимимдин үрп турган жери кан болуп калыптыр. Бирок ага чейин эмчегим кызарып калганын байкагам. Таластагы онкологго барсам ал “баары жакшы, бирок ошондой болсо да Бишкекке барып көрүнүп кел” деген. Бул жакка келгенче үрпүмдөн кан агып кетти. Текшерилгенден кийин дарыгерлер алгач таблеткаларды жазып беришкен. Бирок акыркы 3 ай ичинде эмчегим шишип кетти. Анан минтип бир жак эмчегимди алып салышты.

Галина Бункова, Ысык-Көл облусунан: “Убагында кайрылуу абдан маанилүү экен”

– Мен операциядан чыккандан бери өзүмдү жакшы сезип калдым. Бул жактын дарыгерлерине ыраазымын. Башка аялдарга айтарым жана алардан суранарым: эмчегиңер оорубаса да бир жылда эки ирет, жок дегенде бир жолу маммологго көрүнүп тургула. Убагында кайрылбагандын айынан күчөп кеткен дарттын азабы мага оңой болгон жок. Убагында кайрылуу абдан маанилүү экен.

 


 

Даткайым Досматова