Сурагым келет

Көптөн бери жообу жок болуп келген гинекологияга байланыштуу суроолоруңуз бүгүн жоюлат. Сиздин суроолоруңузга Бишкек шаардык №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун акушер-гинекологу жана эндокринолог Тойчиева Назира айым жооп берет. 

Суроо: - Бир жарым ай мурун жатынымдан тышкары боюма бүтүп калган эле. Учурда сол жатыным ооруп жатат. Эми кайрадан боюма бүтсө дагы жатындан тышкары бүтүп калбайбы? Бирок менин оң жак түтүгүмдү алып салышкан. Сол жак түтүгүм менен төрөй берсем болобу? 


Айназик, Бишкек шаары


Жооп: - Сол жак трубаңыз менен төрөй берсеңиз болот. Дагы жатынымдан тышкары боюма бүтүп калбайбы деп коркуп жатсаңыз өзүңүздүн гинекологуңузга барып бир ирет текшерүүдөн өтүп койгонуңуз жөн. Балким сиздин трубаларыңызга суук тийгендиктен улам жатыныңыздан тышкары боюңузга бүтүп калды.

 
Суроо: - Мен жатынымдан тышкары боюма бүтүп калган окшойт деп шекшип жатам. Себеби эмчегим жана ичимдин ылдый жагы ооруп жатат. Заарамды жана ХГЧга кан тапшырып текшертип көрсөм таза болуп чыкты. Жатындан тышкары бойго бүткөндө ушундай болбойбу?


Уулжан, Калыс-Ордо конушу


Жооп: - Жатындан тышкары бойго бүткөн учурда эмчектер чоңойгонсуп, эгер түтүгү сезгенип калган болсо ичтин ылдый жагы кичине тартышып оорушу мүмкүн. Кээде жатындан тышкары бойго бүтүп калган аялдарды УЗИге тартканда эч нерсе көрсөтпөй туруп алса, анда аларды ХГЧ анализине жөнөтөбүз. Ал да таза болуп чыкса жатындан тышкары бойго бүткөн деп аныктап, дарылаганга өтөбүз. Эгер сиздин айыз каныңыз келбей талгак болуп жатсаңыз жана жогорудагы белгилер болуп жатса, анда сиздин шекшигениңиз туура болуп чыгышы мүмкүн. Бала жатындан тышкары бойго бүтүп калган учурда аны бир айлыкка жеткирбей алып салуу керек. Себеби, ал бир айлыктан ашып калса, труба жарылып кетиши ыктымал. 

Суроо: - 3 жылдын ичинде 3 жолу: 9,18 жана 23 жумалыгымда боюмдан түштү. Акыркы кош бойлуулугумда, тагыраагы 22-жумасында дарыгерлер "балаң тубаса пневмония менен төрөлөт" деп айтышты. Бирок көп өтпөй балам боюмдан түшүп калды. Кийинки балам дагы боюмдан түшпөшү үчүн эмне кылышым керек жана кандай текшерүүлөрдөн өтүшүм керек?

 
Асел, Сокулук району


Жооп: - Асел, мен сизге аябай таң калып жатам. Биринчи балаңыз боюңуздан түшкөндө эле толук текшерүүдөн өтүп дарыланышыңыз керек эле да. Мүмкүн сиздин бөйрөгүңүзгө суук тийген же каныңыз аз, балким жатыныңыздын баланы көтөрүп кармап калууга күчү жетпейт, же гормоналдык жактан жетишпегендик бар. Азыр сизге эмне себептен боюңуздан түшүп жатканын так айта албайм. Негизи, сиз боюңузга бүткөндө гинекологго келип каттоого турдуңуз беле? Үч жылда үч жолу боюңуздан түшүшүнө гинеколог жол бербеши керек эле. Менин баамым боюнча сиз кош бойлуу болгондон тартып эч жерге каттоодо турган эмессиз. Менин айтарым, өзүңүзгө караштуу гинекологго барып же мага келип кетиңиз. Мен сизди бир ирет текшерүүдөн өткөргөн соң кандай текшерүүлөрдөн өтүшүңүз керектигин айтып түшүндүрүп берем. 

Суроо: - 7 жыл мурун жатынымдан тышкары бойго бүтүп, сол жак трубамды алып салышкан. Былтыр 11-декабрда дагы жатынымдан тышкары боюма бүтүп калган. Бирок менин суранычым менен дарыгерлер трубамды алган эмес. Абдан балалуу болгум келип жатат. Кийин дагы жатынымдан тышкары боюма бүтүп калбаш үчүн эмне кылышым керек? 


Гүлназ, Талас облусу

Жооп: - Сиздин трубаларыңызга суук тийген же трубаларыңыз сезгенип калган. Мындай учурларда жатындан тышкары бойго бүтүп калат. Көпчүлүк аялдар трубалары сезгенип калганын билбей жүрө беришет. Ошондуктан сөзсүз ооруганда гана эмес, мындай күндөрү да барып жок дегенде бир жолу өзүңүздүн саламаттыгыңыз үчүн текшерилип койгонуңуз жакшы. Сиз биринчи текшерүүдөн өтүп, текшерүүнүн жыйынтыгына жараша дарыланышыңыз керек. Келечекте төрөй турган балаңызды дарылангандан кийин гана пландашыңыз зарыл. 

Суроо: - Талгагым аябай катуу болгондуктан боорум ооруп көтөрө албай жатып калып жатам. Мурун боорум ооручу эмес. Мындан ары эмне кылышым керек? Ар бир кош бойлуу болгон сайын боорумдан улам ушинтип кыйналамбы?


Жазгүл, Кара-Буура району

Жооп: - Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Ар бир түйүлдүк пайда болгондо аны эненин организми кабыл алышы керек. Эгер кабыл ала албаса, анда ал энеге аллерген сыяктуу таасирин берет да, натыйжада эне талгак болуп, кыйналып ордунан тура албай, кечке кусуп жатып калат. Кээде эне таптакыр тура албай калса, өзүн жоготсо, такыр тамактана албай калса, анда түйүлдүктү алууга туура келет. Себеби эненин өмүрүн сакташыбыз керек болот. Бирок сиз коркпой эле коюңуз. Биринчи баламда кыйналдым, кийинки баламда да кыйналам деп ойлобоңуз. Ар бир баланыкы ар кандай болот. Жазгүл, сиз төрөгөндөн кийин келип бир ирет бооруңузду текшертип койгонуңуз жакшы.

Суроо: - Учурда кош бойлуумун. Боюмдагы 16-17 жумалык болуп калганда катуу стресске кабылып, бир жарым ай депрессияда жүрдүм. Депрессиядан уламбы уйкум качып, тамакка болгон табитим жоголуп, арыктап кеттим. Эми балам патология менен төрөлүп калбайбы деп коркуп жатам. 


Айжамал, Кызыл-Кыя шаары 


Жооп: - Оорунун баары стресстен башталат. Сиз дагы көпкө чейин стресс болуп жатам деп жүрө берсеңиз ичиңиздеги балаңызды жоготуп алышыңыз да мүмкүн. Көп ойлонбоңуз, балаңыз патология менен төрөлбөйт. Балаңызды жарык дүйнөгө алып келгиңиз келсе, андан ажырап калууну каалабасаңыз, анда азыртан баштап катуу ойлонуп, кайгырганды токтотуңуз. 

Суроо: - Менин жолдошум 4 жылдан бери жакшы уктайм деп күнүгө кечинде 100-200 грамм арак ичип жатат. Учурда балалуу болууну пландап жатабыз. Жолдошумдун ичкен арагы келечекте төрөлө турган балага таасирин тийгизбейби?


Айназик, Тоң району


Жооп: - Албетте, терс таасирин тийгизет. Балаңыздар патология менен төрөлүп калуу коркунучу бар. Ошондуктан баланы пландаардын алдында жолдошуңуз менен генетикке барып кеңеш алыңыздар. Андан соң толук текшерүүдөн өтүшүңүздөр керек. 

Суроо: - Эки жыл мурун кесарево менен төрөгөм. Азыр 8 жумалык боюмда бар. А жеке гинекологум "аралыгын 3 жылдан төрөшүң керек болчу" деп урушуп жатат. Менин болсо төрөгүм келет. Арадан эки жыл өттү да, эч нерсе болбойбу? Төрөй берсем болобу?


Айсулуу, Ала-Арча конушу


Жооп: - Негизи төрөй турган балдардын аралыгы 3 жылдан болуш керек. Үч жыл аралыгында эне толук өзүнө келип, кийинки балдары ден соолугу чың болуп төрөлөт. Тилекке каршы кесареводон кийинки кош бойлуулук кадимки кош бойлуулукка караганда бир аз таталыраак болот. Чечим сиздин эркиңизден жана каалооңуздан көз каранды. 

Суроо: - Мен биринчи жолу эне болуу бактысына ээ болуп жатам. Учурда 4 жумалык боюмда бар. Негизи, кош бойлуу кезде жолдошу менен кошулууга болобу? Эгер болсо кайсы айдан канчанчы айга чейин?

 
Мадина, Чолпон-Ата шаары


Жооп: - Кош бойлуулук учурунда жолдошуңуз менен кошула берсеңиз болот. Бирок кадимки күндөргө караганда кичине азыраак болушу керек. Кээ бир учурларда кошулганга болбойт. Мен азыр аны бул жумада же мынчанчы айда деп так айта албайм. Аны сиз каттоодо турган дарыгериңизден бир ирет сурап алышыңыз керек. Себеби ал түйүлдүк кандай өсүп жатат, бойдон түшүп калуу коркунучу жокпу деген сыяктуу сиздин көйгөйлөрүңүздү билет. Ошондуктан кандай болгон күндө да гинекологуңуз менен кеңешкениңиз оң. Эскерте кетсем, эгер түйүлдүк түшүп калуу коркунучунда турса, анда кошулуу болбошу керек. 

Суроо: - Учурда 31 жумалык боюмда бар. Тамактангандан кийин ичиме жел толуп, ашказаным ооруп жатат. Бул учурда кандай дары ичсем болот?


Айтурган, Кант шаары


Жооп: - Мындай учур үчүн сизге бир топ кеңеш бере алам. Биринчиден, тамакты көп жеп албаш керек. Экинчиден, жеңил тамактар менен тамактануу керек. Үчүнчүдөн, бир күндө аз-аздан 5-6 маал, ортосун эки сааттан кылып ичүү зарыл. Төртүнчүдөн, тамактануудан кийин тезинен жатып албай кичине басып тамакты аш кылуу кажет. Тамактангандан 2 сааттан кийин Маалокс таблеткасын ичсеңиз болот. Маалокс таблеткасы кош бойлуулар үчүн коркунучсуз. 

Суроо: - Менин 14 жумалык боюмда бар болгондугуна карабай оң жак жумурткамда киста бар. Бул учурда жолдошум менен жакындашууга болобу? Зыян эмеспи?


Калия, Сокулук району


Жооп: - Кистанын ар кандай түрү бар. Эгер сиздин кистаңыз өтө чоң эмес, 4 сантиметрден кичине болсо, анда кошулууга болот. Чоңураак киста болсо жакындашууга болбойт. Бул учурда операция жолу менен кистаны алып салуу керек. Кош бойлуу учурунда кистаны алдырып салууга болот. Түйүлдүккө эч кандай терс таасирин тийгизбейт. 

Суроо: - Менин кан басымым жогору. Жаңы гана турмушка чыктым, балалуу болууну пландап жатабыз. Кан басымы жогорулар төрөй алышабы? Балалуу болуу мүмкүнчүлүгү барбы? 


Айдана, Щербаков конушу


Жооп: - Бөйрөктөн болгон кан басым энеге жана анын ичиндеги түйүлдүккө терс таасирин берет. Биз көбүнчө 2-3 баласы барлар болсо аларга кан басым менен төрөбөшүн айтабыз. Себеби жыл өткөн сайын алардын кан басымы жогорулай берет да, баласы патология менен төрөлүп калышы мүмкүн. Эгер сизге окшогон биринчи баласын төрөйм деген энелер болсо, анда тобокелге барабыз. Бирок сиз кан басымыңыз жүрөктөнбү же бөйрөктөнбү жазбаптырсыз. Эгер кан басымыңыз бөйрөктөн болсо, анда балаңызды 9 айга чейин толук көтөрө албай калышыңыз мүмкүн. Негизи кан басымы барлар төрөп эле жатышат. Бирок бул учурда дарыгер да, төрөй турган эне өзү да кыйынчылыктарды тартат. 



Даткайым ДОСМАТОВА