Алкоголдук ичимдиктерден арылтуучу ыкмалар

...Баткактарга оонатып,

Чочко кылат жинди суу.

Адам жебес, ит жебес,

Сени ботко кылат жинди суу...

Мидин Алыбаев

Арак бир гана организмди уулабастан, жашооңдун маңызын жоготору тууралуу белгилүү акын Мидин Алыбаев “Жинди суу” чыгармасында көркөмдөп түшүндүрүп берген. Адам өмүрүн кыскартып, жакын адамдарынан айрыган “жинди сууга” көз карандыларга колдоо көрсөтүп келе жаткан ооруканалар, медициналык борборлор жана элдик дарыгерлер бар. Зарылып тургандарга пайдасы тиер деген максатта учурда коомубузда орчундуу көйгөй болуп турган алкоголизм менен күрөшүп жаткан мекемелерге баш бактык.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы наркологиялык борбордун наркологу Байшукурова Күмүш: “Ичимдикке тартылуу жаз жана кыш мезгилдеринде күч алат”

– Күмүш айым, ичкиликке болгон көз карандылыкты сиздер кандай ыкмалардын негизинде дарылайсыздар?

– Биздин борбордун түптөлгөнүнө 15 жыл болду. Ушул жылдар аралыгында бир гана алкоголдук ичимдикке көз карандылардан тышкары наркотикке байланып калгандарды дагы дарылап келебиз. Аракка берилип кеткендерди дарылоодо алгач атайын каражаттарды асма ийненин негизинде 3 же 7 күн катары менен бейтапка сайып, анын организмин толук тазалап алабыз. Андан кийин адамдын алкоголго болгон көз карандылыгынын даражасына жараша кош кабат блокадасы, торпеда жана код коюу деген үч ыкманын бири менен дарылайбыз. Андан соң керектүү дары-дармектерди жазып берип үйүнө чыгарабыз. Бирок ал адам бир жыл бою биздин көзөмөлүбүздө болот. Бир жылда эки ирет жаз жана кыш мезгилдеринде ийне сайып турабыз. Анткени мындай адамдардын ичимдикке тартылуусу дал ушул мезгилдерде күч алат.

– Эгерде дарылангандан кийин деле ичимдик ичип алса эмне болот?

– Жогоруда айтылган үч ыкмада колдонулган, андан кийин берилген дары-дармектердин бардыгынын курамында арак ичкенде көңүлдү айнытуучу заттар бар. Аз эле өлчөмдө колдонулган алкоголдон улам ал адамдын жүрөгүнүн согушу катуулайт, дем алуусу начарлайт, өзүн алсыз сезип аракка болгон жийиркенүү башталат. Бирок ага карабай эле ичип алган эрки жок адамдар да болот.

– Аракечтиктен бир жылдын ичинде толук айыгып чыгууга болобу?

– Негизи алкоголдук көз карандылыкты өнөкөт оору деп койсок болот. Эгер бейтап аракка жаңыдан гана байланып баштаса, анда аны айыктырууга болот. Ал эми өнөкөткө айланган аракечтикти бир жолу дарылоо менен эле айыктырып коюуга мүмкүн эмес. Андай адамдар “ушуну менен аракты таштап салам” деп код койдуруп кетишет да, кайра эле ичип алышат. Натыйжада жыл сайын келе беришет. Бизге келген бейтаптардын ичинен аракка караганда сырага көз каранды болуп, андан чыга албай калгандар көп.

 

10 жылдан бери аракка көз карандыларды дарылап келе жаткан “Ден соолукту чыңдоо” борборунун чыгыш медицинасы боюнча адиси Айдарбек Акматов: “Организмди толук тазалап чыкмайынча ооруну айыктыруу мүмкүн эмес”

– Сиздердин дарылоо ыкмаңыздар башкалардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

– Биз алгач кардарыбызга организмди алкоголдук ичимдиктерден арылтуучу касиетке ээ болгон чөп-чарлардан, өсүмдүк жана жашылча-жемиштерден жасалган витаминдерди, микроэлементтерди беребиз. Биринчи орунда канды, лимфаны жана боорду тазалайбыз. Андан кийин боордун зыян тарткан клеткаларын жогоруда айтылган витаминдердин жардамы менен калыбына келтиребиз. Кан, боор таза болсо, адам өзү эле арак ичкиси келбей калат.

Ошентсе да биз организмди тазалоо менен гана чектелбейбиз. Цигун терапиясынын энергетикалык көнүгүүлөрүн жана Медитация терапиясынын аң-сезим менен ойду тазалай турган ыкмаларын колдонобуз. Себеби адам өзүн-өзү аң сезим жагынан дагы арак ичимдиктеринен алыс болууга даярдашы керек. Бизде бир курстук дарылануу 15 күндөн бир айга чейин созулат.

– Толугу менен айыгып кеткендер барбы?

– Толук кандуу текшерүүдөн өтүп дарыланууну аягына чейин чыгаргандардын басымдуу бөлүгү арак ичпей токтотуп калышат. Ал эми келип бир-эки дарыланган соң дарылануусун толук аягына чыкпай кетип калгандар кайра эле ошол көйгөй менен кайрылышат. Мисалы, өткөн жылы бизге 40-50 адам кайрылса, алардын басымдуу бөлүгү айыгып кетишти. Алардын ичинен эркине ээ боло албай кайра ичип алгандардан 2-3 бейтап экинчи ирет дарыланууга келишти.

 

Элдик дарыгер Ирина Павлова: “Аракты көргүсү келбей кала турган дубаларды окуп берем”

– Аракты токтотууда сиз кандай ыкмаларды колдоносуз?

– Эң өкүнүчтүүсү, мага жардам сурап кайрылгандардын ичинен аракка берилип кеткендер - жумушка жарамдуу, алдуу-күчтүү 30 жаштан 60 жашка чейинки адамдар. Аларга колумдан келген жардамымды берип келем. Айыгып, экинчи аракты оозуна албаганга аракет кылып келгендер менен алгач узак убакыт сүйлөшөм. Сүйлөшүү учурунда анын аң-сезимин аңдап билип, андан кийин кайсы ыкма менен дарылоо керектигин тактайм. Бир-эки ыкмага токтоло кетсем: кээ бирлерине сууга дуба окуйм. Ал сууну ичкен адам аракты көргүсү келбей калат. Ал эми айрымдарыныкын психологиясына жараша таптаза жүз аарчыга окуп берем. Аракты таштагысы келип жаткандар окулган жүз аарчы менен 40 күн 40 жолу жүзүн аарчып, андан кийин жууп салыш керек. Менин курсум 10 күнгө созулат, тагыраагы, бейтап 10 күн катары менен менин көзөмөлүмдө болот. Себеби мен окуган дубаларды алар артымдан кошо айтып кайталашат.

– Сиздин дарылооңуздан кийин кайра арак ичип кетсе эмне болот?

– Мен дарылап жатканда: “Эгер арак ичкиң келип кызыгып жатсаң, кайра мага келесиң, антпесе болбойт”, - деп түшүндүрүп айтам. Менин иш тажрыйбамда кайра арак ичкиси келип кайрылгандар азырынча боло элек.

Байланыш номерлери:

1. Байшукурова Күмүш: 0 (312) 57-81-56; 0 (312) 56-55-52; 0550 62-39-62

2. Айдарбек Акматов: 0(773) 67-51-56

3. Ирина Павлова: 0 (777) 20-27-00

Аракечтиктен арылтуучу дары-дармектер

Төмөндөгү аракечтиктен арылтуучу дары-дармектерди шаарыбыздын дарыканаларынан сатып алууга болот. Бирок дарыгердин көзөмөлүсүз колдонуу сунушталбайт.

Про'Протен-100: бул дары сормо конфет жана тамчы түрүндө чыгат. Ал арак ичкендин эртеси башты жазуу үчүн өнөкөт аракечтикте кошумча терапия катары сунушталат. Дарыны кабыл алгандан кийин баш ооруйт, тердейт, алы кетет, жүрөгү катуу согуп баштайт, айрымдарынын көзү караңгылап бир буюм көзүнө экөө көрүнүп, денесине кызыл бүртүкчөлөр чыга баштайт. Кош бойлууларга жана бала эмизгендерге сунушталбайт. Баасы - 300-400 сом.

Колме: өнөкөт аракечтик менен ооругандарга сунушталат. Кыргызстанда анын укол түрүндөгүсүн колдонуп келишет. Укол алгандан кийин айрымдардын кулагы тунуп, сүйлөгөн сөзү өзүнө жаңырып, уйкусурайт жана алы кетип чарчайт. Колмени арак ичимдиктери менен бирге кабыл алганда же укол алган соң артынан алкоголдук ичимдиктерди ичкенде жүрөгү айланып кусат, дем алуу кыйындайт, жүрөгүнүн согушу катуулайт, буюмдарды тунук көрбөй калышы мүмкүн. Ден соолугу начарлардын кан басымы түшүп, дем алуусу оорлоп кетиши ыктымал. Дарыны алкоголдук ичимдикти ичкенден 12 сааттан кийин кабыл алуу керек. Аны дайыма кабылдап жүргөндөр жылына эки ирет калкан безин текшертип коюусу зарыл. Ал эми жүрөк оорусу барларга, бөйрөгү жана боору ооругандарга бул дары сунушталбайт. Баасы 3000 сом турат.

Тетурам: бул дарыны башка дарылардын жардамы тийбей калганда гана сунушташат. Себеби таблетка түрүндө чыккан аталган дары аябай күчтүү болгондуктан аны ичкенден кийин адам сүйлөп, көзүнө ар кандай окуялар көрүнө баштайт. Айрымдарынын денесине кызыл бүртүкчөлөр чыгат. Кант диабети, богок, жүрөк оорусу барларга, кан басымы жогоруларга сунушталбайт. Баасы - 100 сом.

 

Аракечтикти үй шартында элдик жол менен дарылоонун ыкмалары


1. Ак кайыңдын кургап бараткан дарагын алып аны тутантасыз да, күйүп жаткан отко 200-300 граммдай кумшекерди чачасыз. Кумшекерди чачканда күйүп, өчүп, андан жыт чыга баштайт. Ошол жытты аракка көз каранды адамдар жыттоосу зарыл.

2. Күнүгө ач карын 1-2 картошканын ширесин ичип туруу сунушталат. Картошканын ширеси организмдеги токсиндерди сыртка айдап чыгуучу касиетке ээ болгондуктан аны аракечтикти дарылоодо колдонуп келишет. Бирок кант диабети менен ооругандарга сунушталбайт.
 
3. Бир күндө 4-5 лимондун ширесине кумшекер кошуп, кайнатылган жылуу сууга аралаштырып аракты көргөндө жийиркенип кала турган абалга жеткиче күн сайын ичип туруу керек.
 
 
 

Даткайым ДОСМАТОВА