Сойкунун жолу

 

 (Башталышы)

Калемкаш бала кезден эле ишенчээк болчу. Көздөрү карагаттай бул кыздын кара тору өңүн ушул бакырайган кирпиктүү бото көздөр гана көрктөп турганы болбосо, узун жаагы, бир аз түйрүгүрөөк эриндери, бетиндеги сепкилдери өңүн серт көрсөтчү. Ошондон уламбы, Калемкаш мектепте башка кыздарчылап сүйүү, сезим арноо каттарын алган жок. Курбу кыздары жигиттерден кат алганда албыра жашырышып, анан четтей берип эки-экиден окушканда негедир ичи күйчү. “Эмнеге мага кат жазышпайт, ушунчалык түрүм суукпу?” деген ойдон ызаланып, бой жеткен сайын түнт, кырс тартты. Онду бүтөөрү менен окууга тапшырам деген Калемкашка үйдөгүлөр деле көп каршы болгон жок. Болгону апасы:

– Кыз бала окуп мударис болмок беле, жакшы жер чыкса күйөөгө эле тийсең жакшы болмок,-деди кыңырылып. Бул сөз Калемкаштын жарасын сыйрып кеткендей ызалана түштү. Бирок, тиштене унчукпады. Калемкашка жаккан Жайдарбек да ушул күздө кыздын классташы Нурайымга үйлөнгөнү жатыптыр. Ошону уккан күнү үч күндөй бүк түшүп жатып калды. Азыркы апасынын сөзү дал ошол жараатына тийди.

Шаарга келгени Калемкаш окууга деле дилгирленген жок. Тээ жүрөк түпкүрүн Жайдарбекке болгон куса эзип, айылга кеткиси, азыр эле барып көргүсү келет. Бирок, көргөндө эмне. Атына заты жарашкан жайдар мүнөз Жайдарбек азыр башканын жары. “Айылдагы эң сулуу күйөө болгон болуу керек” деп дили сыздай ойлоду.

– Кандайсыз, сулуу кыз? – Күтүлбөгөн үндөн чочуп кеткен кыз өзүн карап кашкая күлүп турган узун бойлуу жигитти көрдү. Жан-жагын караса өзүнөн башка кыз көрүнбөйт.

– Сиз мага сүйлөп жатасызбы?-деди өз үнү өзүнө араң угула.

– Ооба, сизге да, сулуу кыз,-деди жигит алтын тиштерин жаркырата. Акжуумал жүзүнө алтын тиши абдан жарашат экен.

– Мен сулуу эмесмин,-деди ызалана.

– Ой, ким айтып жүрөт бул кепти? Карачы, сеникиндей көздөр азыр кимде бар экен? Атың ким?-деди мээрим менен. Мындай мамиле көрбөгөн кыз жылуу сөздөн аптыга апкаарып калды.

– Калемкаш,-деди араң.

– Меники Кулубай, политехникалык институтта төртүнчү курста окуймун. Сен кайда окуйсуң?

Кыз не деп жооп айтаарын билбей шашып калды. Ушундай келишимдүү, ары студент жигит өзүнө көңүл буруп атса “абитуриентмин” дегенден уялды.

– Филфакта биринчи курста окуймун,-деди кызарып.

– Оо, мына, таанышып да алдык, жүрү, кафеге кирип чай ичпейлиби?-деди дароо эле. Калемкаш каршылык да кыла албай, кошо да баса албай далдырады. Кыздын ара ойдо кыңырыла түшкөнүн байкаган кыраакы жигит дароо колдон алды:

– Мен да биринчи курс болгом, курсагым абдан ачып, бирок, акчам да, таанышым да жок ыйлагым келчү. Жүр, алыска деле барбайбыз,-деди шыпылдап. Калемкаш унчукпай кошо басты. Баары эле экөөнү карап жаткансып кысынганынан тердеп да кетти. Калемкаш кафе деген эмне экенин жакшы деле түшүнбөй, бирок, тамак ичүүчү жай экенин кеп маанисинен боолголоду. Алар кирген жай жапжарык болуп жаркырай, татынакай кийинген кыздар экөөнү кире бериштен күтүп алып столго коштоп барды. Мындай нерсени көрбөгөн кыз өзүн жомокко келип калгандай сезди. Буга жетине албаган кыз кыялында “ушу азыр мени биздин кыздар көрсө го, айрыкча Нурайым менен Жайдарбек” деп ойлоп жиберди.

Кулубай тамак үстүндө да баёо кызды ар сөзгө салып, ал тургай уяттуу анекдот айтканга да үлгүрдү. Мындай сөздү ачык сүйлөшмөк түгүл укпаган кыз кулагына чейин кызарып, ичкени кекиртегине такалды.

Алар кафеден чыкканда күүгүм кирип калган экен.

– Апей, мен кеч калган турбаймынбы, эми кантип кетем?-деп жиберди караңгыда калып көрбөгөн кыз чыйпылыктап.

– Коркпо, мен өзүм жеткирип коём,-деди да дароо эле такси тосуп кирди.

– Каерде жашайсың?-деди кызга карабай туруп.

– Жакын эле го...-деди кыз арсар. Шаарга жаңы эле келген кыз маршруттун номерин, анан түшө турган аялдамасын гана билчү. Карт бөрү болуп бүткөн Кулубай кыздын шаарды билбесин дароо түшүндү.

– Кошунамдын үйүнүн жанында дечи,-деди кызды ийинден кучактай жайдары күлүп. Кыз унчуккан жок. Кулубай тосуп жаткан машинелердин бири өтүп барып токтоду. Кулубай жалгыз чуркап барды да бирдемелерди сүйлөшүп, анан кызды чакырды. Калемкаш кайда баратканын деле аңдаган жок, ичинен “биринчи курста окуса кантип шаарды билбейт дебесин” деп ойлоп унчукпай кете берди. Бир топ жүргөндөн кийин Кулубай:

– Жеттик, түшөбүз,-деди акырын. Кыз кайда келгенин деле билбей түштү да, тааныш эмес короо-жайды көрүп чочуп кетти.

– Ой, бул биздин үй эмес...

– Ооба, силердин үй эмес, менин үйүм. Коркпо, Калемкаш, сенин шаарды жакшы билбесиңди дароо түшүндүм. Бир чети кеч барсаң үйдөгүлөр эмне дейт? Андан көрө бүгүн экөөбүз сүйлөшүп отуралы, жакындан таанышалы, кандай дейсиң? Же мен жакпадымбы? Мисалы, сен мага дароо жактың, айрыкча көздөрүң. – Кулубай кызды күтүүсүз имере кучактап көздөрүнөн коомай өөп койду. Өмүрүндө биринчи жолу жигит жытын туюп, эркек кучагына кабылган кыз апкаарып калды. “Жаман деле жигит көрүнбөйт, келишимдүү да экен” деген жеңил ой заматта мээсин чарпып өттү. Алар кирген үй жупуну, бирок, таза, иреттүү экен. Кыздын көзүнө биринчи эле бурчта турган бешик урунду.

– Сиздин аялыңыз барбы?-деди жалт карап.

– Жок, аялым болсо сени неге ээрчитип келмек элем? Ай, ушу сенин балалыгың. Жеңем менен агам келгенде баласын бөлөйбүз деп калтырып кетишкен. Алар да шаарга тез-тез келип турушат,-деди Кулубай жаркырай күлүп. Кыз орунсуз суроосуна уяла жер карады. Бир аз отурушкандан кийин Кулубай шуштуйган бөтөлкөдө киргилт кызыл бирдеме көтөрүп келди да:

– Кел, жолукканыбызды белгилеп коёлу. Мен сендей баёо, таза кызды издеп жүргөм. Көрөөрүм менен мен издеген кыз дедим,-деди толкундангандай үнү калтырап.

– Бул эмне?

– Вино, бул эчтеме кылбайт, лимонад ичтиң беле, ошондой эле, болгону көңүл көтөрүлүп уялбай, тартынбай каласың. Биринчи курстун кыздары ичип калчу эле... – деди сынай карап. Атасынын катуулугунан, ары эч ким көңүл бөлбөгөн үчүн кыз отуруштарга деле барчу эмес. Кулубайдын “биринчи курстун кыздары ичип калчу эле” деген сөзү айыбын ачып койчудай шашып кетти:

– Билбейм, биздин кыздар ичпейт деле го,-деди ишенимсиз. Чын эле бир аз кычкыл даамы болбосо, лимонаддай эле таттуу экен. Канча отурушканын билбейт, бир кезде Калемкаштын күлкүсү чыгып, карагат көздөрү коймолжун тарта жоодурап, жүзү албырып чыкты.

– Сен сулуу болуп кеттиң,-деди Кулубай кыздын жанына этегин баса отуруп жатып.

– Коюңузчу, мени эч ким сулуу деген эмес.

– Эх, айылдыктар, торпок балдар да сендей кызды баалабаган. Мына көрөсүң, мен сени супсулуу кылып айылыңа алып барганда баары кандай кызды колдон чыгарганын түшүнүп ичи күйөт, карап турсун,-деди кыялдуу. Калемкаш заматта узун бойлуу, күлгөндө алтын тиши акжуумал өңүнө жарашкан Кулубай менен супсулуу болуп созулуп айылына күйөөлөп барып калганын элестетип жиберди. Айрыкча Жайдарбектин ичи күйсө деп ойлоду. Кулубай кызды имере кучактап акырын алкымынан жыттады.

– Коюңузчу байке, уят го,-деди кыз кымырына.

– Неге уят, сен мага жагып калдың, мен сени алам, ушу бүгүндөн баштап сен меникисиң, мен сени эч кимге бербейм.

Кулубай кызды бооруна кыса аймалап өпкүлөп жиберди. Өмүрү мындай абалга кабылбаган Калемкаш денеси жымырай каршылык кылууга дарманы жетпей шалдырады. Кантип Кулубайдын кучагына кирип келгенин өзү да аңдабай калды.

Ушул түнү Калемкаш аял болду. Сезим, сүйүү, жакшы көрүү, сүйүлүү эмне экенин билбей туруп бир түндүн, жеңил ойдун курманы болгонун байкаган жок.

Эртең менен катуу уктап калган кызды Кулубай ойготту.

– Тур, жеңемдер келип калбасын,-деди суз. Кечинде эле жалынып- жалбарган, тим эле бут алдына жылдыз төшөчүдөй болгон Кулубай азыр жат кишидей муздак эле.

– Каякка кетем?-деди элеңдеген Калемкаш.

– Каякка кетмек элең, үйүңө да,-деди Кулубай кызды карап да койбой кийинип жатып.

– Сиз мени...

– Эмне мен сени? Сен эмне, бир жолуккан адамга эле макул болуп төшөгүндө түнөп кала бересиңби? Мен сени сынагам, кантер экен дегем, а сен дароо макул болдуң. Макул болмок тургай ичип алып жабышпадыңбы.

– Качан, калп айтпаңыз, сиз мени алам, сулуусуң, жагып калдың дебедиңизби.

– А сен сулуусуңбу, өзүң айтчы?-деди Кулубай шылдыңдуу жүз менен.

Кыз бетин басып алып ыйлап жиберди. Денеси солкулдаган сайын бүт денеси ооруксуна, эмне кылып салганын, мындан ары эмне кылаарын, эми кандай болоорун билбей эртеңи күүгүмдөнгөн кыз ыйдан күчүн чыгарды. Кулубай кызды кучактай жанына отура кетти:

– Кантет, мен сени сынап койдум, ыйлаба. Азыр үйүңө сыр алдырбай барып тур. Мен сени бүгүн эле алып калсам дегем, бирок, сенин абийириңди ойлодум. Үйүңдөн эле келин каадасы менен алып кетейин ээ? Азыр жеңемдер келет, алар көрсө сени кийин бузулуп келгенсиң деп басмырлашат. Ошон үчүн азыр сени көрбөй эле коюшсун, кийин абийириңди өзүм жабам, жолун табабыз,-деди алкымынан өпкүлөй. Кызды кайра уйпалай басып жыгылды. Азыркы мамилеси кечиндегидей аяр, назик, ысык эмес, орой, муздак, копол болчу. Кулубай кызды көчөгө узатып чыкканда эми эле таң таштап, эл аз экен. Ал кыз кайсы жакка барарын шаша көрсөтүп коюп:

– Мен сени өзүм издеп табам, ага чейин эч кимге биздин мамиле тууралуу айтпа. Кечээ жолуккан жерден жолугабыз ээ?-деди да кирип кетти. Калемкаш Кулубай көрсөткөн жакка басып баратып дилин өйүгөн бир түпөйүл ойдон ыйлап алды. Кайда баратканын да баамдабай эле басып кете берди да, бир кезде өзүнө тааныш базарга жакын жерге чыккан көчөгө келип калганын көрүп сүйүнүп кетти. Маршруткада да ырас эл аз экен. Уйпаланган, шишип-көпкөн кызды айдоочу айнектен кыйгач карап койду. Кыз айыбын айдоочу билип койгондой артка өткөнчө шашты. Бир кезде аялдамасына жетип калганын көрдү да түшкөнчө ашыкты. Бирок, түшөөрүн түшүп алып эжесине эмне деп айтаарын билбей кайра артка басты. Багыты белгисиз кыз бир кезде жапан талдар толтура өскөн суу жээгине келип калганын көрдү да, жуунгусу келип шашып чечинип ичиркене муздак сууга кирди. Жан жери тызылдата ачышып, денеси муздактан калтырап кетсе да жүрөгү жайланып, сергий түштү. Үйгө түш оой барган кызды нан жаап жаткан эжеси бир карады да:

– Ай, сен окууга өтө албай туруп тентийсиң, окуп калсаң Кудай берет го. Кайда жүрдүң?-деди ачууланганы деле билинбей кайдыгер.

– Кыздар чогуу даярданалы дегенинен бир кыздын үйүнө барып сыртты карабай отура бериптирмин, карасам эле караңгы түшүп калыптыр. Анан түнү үйдү таппай калам го деп коркуп калып калдым,-деди жер карап.

– Кир, чечин, кыйратыпсың,-деп койду да ишин улантты.

Калемкаш күн сайын Кулубай экөө жолуккан жерге келип сааттап отурат да, качан эл аягы суюлганда үйүнө кетет. Бактысына окууга да өтпөй калды. Кыз үмүтү үзүлүп баратканда Кулубай кайра жолукту. Кечке отуруп отуруп “келбейт го, болду, эми келбейм” деп ызалуу ойлоду. Туруп бараткан кызды:

– Калемкаш!-деген үн токтотту. Жалт караса Кулубай жаркырай күлүп туруптур. Кыз кубанганынан ыйлап жиберди.

– Кантет, чопчоң кыз ыйлайт бекен?-деди үнсүз солуктаган кызды далысынан таптай берип.

– Сизди келбейт го, шерменде болдум дегем.

– Кантип келбейм, мен айылга барып келдим, апамдар менен сүйлөштүм. Жүрү, азыр баягы үйгө барабыз да, анан эртең сен да эжеңе, ата-энеңе айтасың.

– Барбай эле коёюнчу?-деди Калемкаш аягы тартпай.

– Сен эмне, менден башкасын таап алгансың го, калп эле күттүм деп коёсуң,-деди Кулубай сурдана. Калемкаш чочуп кетти:

– Жок-жок, кантип ошентейин?-деп жиберди жанталашып.

– Анда жүр, сен деген эми менин айтканым менен болушуң керек,-деди да Кулубай алдыга түшүп алып басып жөнөдү. Кайдагы тар баткак көчөлөр менен дагы баягы үйгө келишти. Кыз “неге машинеге түшкөн жокпуз?” деп сураганга да батынбады. Ээрчишип кирип келген экөөнү эки жигит, бир кыз тосуп алды. Кыздын обу жок боёнгону Калемкашка жаккан жок, айрыкча чычайтып тамеки тартканы абдан өөн көрүндү. Бирок, ичинен “шаардыктар да” деп ойлоп койду. Алдыларында ичкиликтин агы, кызылы жайнап, Калемкаш өмүрү көрбөгөн шишелер койкоёт.

– Охо, бул кыз ким?-деди аркы четтеги дыңкыйган тоголок кара жигит.

– Калемкаш деген сулуу кыз ушул.

– Ии, абдан сулуу экен, мейли, боло берет,-деди мыскылдагандай ууртун тарта.

Алдына ичкилик келгенде “ичпейм” деген Калемкашты Кулубай:

– Экөөбүз үйлөнөр күндүн алдында ичпесең мени сыйлаганың кайсы?-деди омуроолой. Калемкаш аргасыз ичип жиберди да, Кулубайдын тигилерге бирдеме деп акырын шыбыраганын, алар санын чаба каткырып калганын байкап жүрөгү опкоолжуй алда неден шекшип алды. Анан биринин артынан бири экөөнү куттуктаган болуп ичире беришти. Бир кезде Кулубай баарын аркы бөлмөгө киргизип жиберип кызды чечиндирип кирди.

– Коюңузчу, тигилерге уят,-деди кыз кысынып.

– Сен менин аялымсың, неге уят?-деп басып жыгылды жигит кызды. Иши бүтөөрү менен “мен азыр” деп чыгып кеткен Кулубайды күтүп жатып уктап кеткенин да байкабай калды. Бир кезде бирөө жанына жатканынан Кулубай го деп караса баягы кара тоголок бала. Кыз атып туруп сыртка качып чыгып кайда басаарын билбей тамды айланды. Кулубай менен баягы кыз экөө тамдын артындагы керебетте өбүшүп жатышканын светтин жарыгында көрүп дел боло туруп калды. Кулубай да, тиги кыз да дээрлик жылаңач экен. Аңгыча артынан кара бала чыкты да кызды шак көтөрө үйгө алып жөнөдү.

– Кулубай, бул эмне кылганың?-деген кыздын үнүн бир түн укту. Мас Кулубай көңүл да бурган жок.

Сойкунун жолу ушинтип башталды...

 

– Тур эй,-деген копол үндөн Калемкаш көзүн араң ачып, бирок, турууга дарманы жетпеди. Турса эле кусуп ийчүдөй көңүлү айланды.

– Турбайсыңбы энеңди, сага ишенген мен акмак,-Кулубай башын мычкый толгонгон кызды ороңдой бир тепти. Калемкаштын ошондо гана көз алдына кечиндеги окуялар кинонун плёнкасындай сыдырыла тартылып өттү. Килеңдеген эки жигиттин улам алмаша уйпалап, колу-бутун кайрый кордогону, Калемкаштын “Кулубайлап” кыйкырганын каткыра шылдыңдашып, а эр болчу неменин бир көрүнбөй койгону, кыз улам өзүнө келген сайын сасык винону оозуна куюп зордоп ичиргени жүрөгүн айланта элестеди.

– Акмак...-деди алсыз.

– Ким акмак, бир аз жок болоорум менен досторум менен алмак-салмак жыргаган сенби же жеңелеримди чакырып келейин деп темселеп сенин камыңды көрүп жүргөн мен акмакмынбы? Канчык. Көзүмө көрүнбөй жогол!

– Мен сенин кантип тиги кыз менен жатканыңды көрдүм го,-деди Калемкаш араң баш көтөрө ызалуу.

– Мас болуп алып кайдагыны айтып жалаа жаппагын. Эмне үчүн барып жаактан ары бир чапкан жоксуң, эмне үчүн кыйкырбадың?

– Кыйкырдым, сен уккан жоксуң. Тиги досторуңа атайлап салып бердиң. Убалым уктатпасын сени, мен сага ишенбедим беле. Эми эмне кылам? - Кыз боздоп ыйлады.

– Долуланба, эгер оозуңдан бир ооз сөз чыга турган болсо мобу сүрөттөрдү атаңа алып барып берем, айылыңа таратам.

Кулубай кыздын алдына бир топ сүрөттү чачып жиберди. Калемкаш көргөн көзүнө ишенген жок, көз чыдап карай албай турган сүрөттөр. Атасы көргөнүн, айылдагы жаш балдар кадам сайын сөөмөйлөп каткырып, а улуулар, айрыкча, жеңелери жерге түкүрө кыз баскан жол менен баспай калышканын элестетип жиберди. Сүрөттөрдү ашыга топтоп жан талаша тытып кирди. Кулубай кызды табалай карап турду да:

– Менде андай сүрөттөн ар бири беш-алтыдан. Каалайсыңбы, азыр алып чыгып ар бир аялдамага жабыштырып, почтодон айлыңа жиберем.

– Жок-жок, эмне кыл десең кылам, экинчи көзүңө көрүнбөйм. Бир адамга сен тууралуу айтсам жашабай калайын, сүрөттөрдү бер,-деп жигиттин бутуна жыгылды. Калемкаш азыр мобу маңдайында менсине керсейип турган адамдын оозунан эмне чыкса аткарууга даяр эле, болгону эле сүрөттөрдү берсе деп ойлоду. Кулубай бутун кучактай эки ийини титиреп соолуй ыйлап жаткан кызды маашырлана карап турду да, анан бутун тартып алып тээ четке барып отурду.

– Кеп мындай, мен сага жакшылык кылайын. Канткенде да биринчи көз ачып көргөн эркегиң мен болдум. Азыр жуунуп-таранып, эч нерсе болбогондой үйүңө кетесиң да, качан мен чакырганда келип турасың. Качып кетем деп ойлобо, жерге кирсең чачыңан, асманга чыксаң бутуңан тартып алам да сүрөттөрдү керектүү жерге бүт таратам. Мобу телефонду ал, менин сага белегим. Мен чалганда дароо келесиң, уктуңбу?-деди да ордунан шашпай туруп төш чөнтөгүнөн кол башындай кичинекей кара телефонду алып чыкты. Калемкаш мындай буюмду таежелеринин шаарда окуган кыздарынан көрүп калчу. Кызыгып кармалап гана көргөнү болбосо иштетип көргөн эмес.

– Мен муну иштеткенди билбейм,-деди үнү калчылдап.

– Звонок келгенде музыка чыгат, ошондо мобу жашылды басасың. Сага көптү билүүнүн кереги жок. Бара-бара өзүң эле үйрөнүп кетесиң. Тур, жуунуп өзүңдү иретке келтир, мен азыр келем.

Кулубай телефонду кыздын колуна да бербей ыргытып коюп чыгып кетти.

Калемкаш башы айлана улам окшуп жатып ооруксуна араң жуунуп, бети боюн, башын иретке келтирди. Бир кезде бир аз кызуу Кулубай кечиндегиден башка эки жигитти ээрчитип келди да:

– Булар сени жеткирип коёт, эң башкысы телефонду жоготпо,-деди кызды тик карабай. Анан тигилерге: “Ишиңер бүткөндөн кийин айткан жерине жеткирип койгула,-деди акырын.

– Эмне иш?-деди Калемкаш жүрөксүй.

– Коркпо, карындаш, биз адам жебейбиз, тем более кыздарды. Эркелетип, анан айткан жериңе таштап коёбуз,-деди кодойгон арыгы. Эркелетип деген сөздөн улам дагы кечиндеги окуя кайталанарын жүрөгү сезе Кулубайга жалооруду.

– Кулубай, мен өзүм эле кетем, сен чакырганда келип турам,-деди титиреп.

– Мейли кете бер, бирок, сүрөттөрүңдү азыр эле почтого салам, айылыңды, дарегиңди деги билем. Мен сага куда түшөм деп бүт сураштыргам, аны жакшы билесиң,-деди мелтейе муздак тиктеп. Калемкаштын заманасы куурулуп кетти.

– Кана, кеттик карындаш,-деди жанатан бери унчукпай тамеки чегип турган орто бойлуу кара тору түсү ийги жигит. Үнү да жагымдуу экен. “Балким, ушул боор ооруп кетирип жиберер, барганда суранып көрөйүн” деп ойлоду кыз, тээ жүрөк тереңинде үмүт артып. Машинеге түшүп жатканда Кулубай Калемкашты четке тарта берип:

– Тигилердин айтканын жасап ыраазы кылып жөнөтсөң сүрөттөрдү дароо берем, азырынча менде турсун,-деди суз. Кыз унчукпай баш ийкеди. Шаардын четиндеги эски короого алып барган тиги жигиттердин арыгы биринчи кызды уйпалай басып жыгылды.

– Байке, мен тиги досуңуз менен сүйлөшүп алайынчы,-деди жанталаша этегин талашып.

– Энеңди сойку, сага тандаганды ким коюптур, биз сени сатып алганбыз, акчасын мен төлөгөм. Унчукпай жат,-деди да жаактан ары бир чапты. Калемкаш соолуп ыйлап, чарасыз тигинин ыгына көнө унчукпай калды. Тиги чыгып кетээри менен беркиси кирди.

– Эмне мени чакырдың?-деди суз.

– Мага тийбей эле коюңуздарчы дейин дегем, эми бүттү.

– Ээ карындаш, тийбей эле коюңузчу деп башында, ушул кадамга бараарда айтыш керек болчу.

– Мени алам деп алдады...

– Баары ошентет, ала турган киши көрүнгөнгө салып берет беле. Макул, мен сага тийбейм, бирок, жардам да бере албайм. Эми бул иштен өзүң эле баш тартпасаң, эч ким сага жардам бере албайт. Тур кийин, сени таштап коёлу. Менин шашылыш жумуштарым бар, тигил досум айылдан келип кыз тап дегенинен эле бара калганбыз,-деди да чыгып кетти.

Андан бери арадан жыл өттү. Кулубай “ушул жолу сүрөтүңдү сөзсүз берем” деп улам бирөөгө салып берип жүрүп Калемкаш кадимки сойкуга айланды. Эжесиникинен “чогуу иштеген кыздар менен жашайм” деп батирге чыгып кеткен. Батири деле баш калка болгону болбосо, кыздар жашаган жай деп эч ким ойлобойт эле. Өзүнө окшогон үч кыз менен чогуу жашайт Алдыларында жука палас, мас адам эле жатпаса соо адам отура алгыс кир, анан сасык төшөктөр. Кечинде Кулубай келет да баарын ар жакка жиберет, эртеси ар бирине жарыбаган акча таштап кетет. Азыр Калемкаштын жүрөгү мурдагыдай көп оорубайт, дили да кирдебейт. Ырас, кээде бир кусалык көңүл тереңинен кайнап чыгат дейсиң, андайда ичкилик менен баарын басканга аракет кылат. Баарынан да түштөр кызды эзчү болду акыркы кезде. Түшүнө ар дайым туулган айылындагы эски мектеп, анан Жайдарбек кирет. Баары баягы кездегидей таза, жарык, түшүнүктүү. Андайда ойгонуудан корккон кыз көпкө башын кир төшөккө катып жата берет. Бүгүн да ушундай кусалуу түштөрдөн кийин маанайы жок отурган. Кыздар базарга баралы дешти эле мойноп койду.

Кечке маал Кулубай келди да:

– Калемкаш, жакшылап жуунуп, бети-башыңды ашыкча боёбой мени менен жүр. Эң башкысы оозуңдан ашыкча кеп чыкпаса, ушул жолу точно сүрөттөрүңдү берем. Сен эч кимиси жок жетим кызмын дейсиң бүттү, башка кеп айтпайсың,-деди. Калемкаш кайда деп да сураган жок, сүрөттөрдү чын эле бересиңби да дебеди. Азыр ага баары бир болуп калган. Сыртка чыга берген жерде турган аппак чет элдик маркадагы машинени көрдү. “Дагы бир кутурган немелер го” деп ойлоп койду кайдыгер. Кулубай шыпылдап эшикти өзү ачып кызды отургузуп:

– Мейли, жакшы эс алып келгиле, биздин кызды таарынтпагыла, жаңы эле келген,-деди адаттагыдан башкача жумшак үн менен. “Буга эмне болгон?” деди Калемкаш ичинен таң кала. Бир аз жүргөндөн кийин алдыда отурган орто жаштагы киши артына бурулуп кызга кайрылды.

– Карындаш, атыңар ким?

– Атым эсимде жок байке, карындаш деп эле кайрыла берсеңиз болот. Мен атым жок эле сиз айткандын баарын аткарам,-деди суз.

– Ысымы жок адам болчу беле, макул айткың келбесе өзүң бил. Менин атым Айдар,-деди жумшак. Кыз унчукпай койду. Бир топ жүргөндөн кийин бийик дубал менен тосулган чоң короого келип киришти. Короонун кенендиги, көз кубанткан тазалыгы кыздын көңүлүн көтөрүп жиберди. Бала кезде апасы ушинтип короону суу сээп сергитип шыпырчу эмес беле.

– Сиз ушул жерде турасызбы?-деди үнү калтырай.

– Ооба, бул менин үйүм,- деди Айдар күлүмсүрөй.

– Үйүңүзгө сойкуларды алып келе бересизби?

Айдар унчукпай алдыга баса үйдүн эшигин ачып:

– Кир,-деди акырын. Кыз босогону аяр аттады. Үйдөн жагымдуу жыт келип турду.

– Сен шашпай жайланыша бер, баса Кулубай айттыбы, сен бир жума ушул жерде болосуң.

– Жок,-деди суз. Анан кайра бирдемени эстей койгондой шаша сурап жиберди.

– Дагы кимдер болот?

– Экөөбүз эле,-деди токтоо. Кыз ишене албай турду.

– Атым жок дедиң ээ, мейли эми карындаш дейин. Сен карындашым мындай кыл, муздаткычты карасаң азык-түлүк бар, билген тамагыңды жаса. Мен бул жакка бир жумага командировкага келгем, сени сойку катары эмес кызматчы катары алып келдим. Чынын айтсам сени сойку деп ойлобос элем, баёо, токтоо кызды андай ойго кыйбайсың адам,-деп өзү менен өзү сүйлөшүп аткансып кобурады. Калемкаштын көзүнө жаш айланды.

– Кулубайды кайдан тааныйсыз?

– Бир тааныш балдардан ишеничтүү үй кызматчы таап бергиле деп сурансам, ушул жигит аркылуу тапса болот дешип дарегин беришкен. Сен ага ким болосуң?-деди аяр.

– Эч ким,-деди кыз ызалуу. Айдар андан ары сөзгө өткөн жок.

– Сен билген тамагыңды жасай бер, мен саат жетилерде келем,-деди да шашып чыгып кетти.

Ошол күнү ушул бир жарым жыл аралыгында биринчи жолу кыз өзүн адам сезди. Жан-дили менен тамак жасап, ал тургай бир аз чаң баса түшкөн үй ичин тим эле жыргап жыйнады. Таптаза короону кайрадан суу сээп шыпырды. Чын эле саат жетилерде Айдар келди да унчукпай жуунуп, анан тамакка отурду.

– Карачы, аял болгон үй башка да, тим эле жаркыратып салган турбайсыңбы. Апам бала кезде таң атпай, анан кечинде короо шыпыра берчү. Суу себилген короону көрүп апамды эстедим,-деди ойлуу.

– Менин апам да ошентчү. Таза короого периште келет дечү. Азыр деле шыпырат болуш керек.

– Апаң тирүүбү?-деди Айдар ичип жаткан тамагын токтото кызды башкача карап. Калемкаш тилин тиштеп отуруп калды. Кулубай жетим кызмын де дебеди беле. Бирок, тирүү адамды кантип айтат, андан көрө шерменде болгону артык, шерменде болбогон эмнеси калды.

– Апам да, атам да тирүү. Алар менин сойку экенимди билишпейт.

– Бул жолдон кайтса болот го. Кайсы бир күнү билет да.

– Мен чын дилимден кетет болчумун, бирок...

– Эмне бирок?

Кыз унчукпай мелтиреди.

– Карындашым, сен коркпо, баарын айт, колдон келишинче жардам берем. Менин да сендей карындашым бар болчу. Мындан сегиз жыл мурун кутурган акмактар зордуктап, намысынан асынып алган. Мен тиричиликтин айынан Россияда жүргөм. Кийин канча издесем да ким экенин таппай калдым. Апам ошондон кийин кан басымы көтөрүлүп каза болду. Атамды жакшы эстей албайм, мен кичинекейимде бизди таштап кеткен бойдон дайынсыз. Азыр эч кимим жок жалгызмын, жеңең төрөттөн каза болгонуна эки жыл болду.

– Менин атым Калемкаш, кантип ушундай болуп кеткенин да билбей калдым. Мен өмүрүмдө биринчи жолу ушул акмактын сөзү аркылуу өзүмдү кыз сездим, сулуу турбаймынбы, мага деле жигит карайт тура деген ишеним пайда болду. Көрсө, анын баары таман тузак экен.

Калемкаш эч нерсе калтырбай баарын айтты, ыйлап да, сүйлөп да жатты.

– Сен ыйлаба, мен ал акмактын жазасын берем,-деди Айдар тиштене.

– Анда сүрөттөрүм бар, ал аны...

– Коркпо, колунан эч нерсе келбейт. Сен отуруп тур,-деди да ордунан турду.

– Сиз каякка?

– Мен азыр келем.

Айдар машинесин чакырып алып чыгып кетти да таңга жуук келди. Колунда бир ууч сүрөт, анан чубалган плёнкалар жүрөт.

– Мына, өз колуң менен өрттөп сал. Калемкаш кааласаң Кулубайды сотко берсең болот, мен жардам берем. Сендейлердин далайынын убалына калган болуу керек, көрөсүң го көп былыгы чыгат. Ал тургай мунун чыныгы аты башка чыгар, ким билет,-деди ойлуу.

– Жок байке, Кудайга салдым, мен айылга кетем, баарын унутам,-деди сүрөттөрдү мычкый кармап отурган кыз ый аралаш.

– Айылда эле унутулат дейсиңби, андан көрө иште. Эгер мага ишенсең дайыма жанымда жүрүп тамагымды жасап берип тур, жакшы төлөп берем. Менин жумушум ушундай, талаалап көп жүрөм. Бир чети минтип талаалап жүрүү жалгыздыктан арачалайт.

– Жумушуңуз эмне?-деди Калемкаш эми эсине келгендей.

– Ар кандай эл аралык компаниялардын кызыкчылыгын коргогон юристмин. Алар бул жакка чакырса бул жакка, чет өлкөгө чакырса чет өлкөгө кетебиз. Паспортуңду сен келгенче даярдап коём. Мага ишенсең ушул, болбосо өзүң чеч,- деди кызды акмалай карап.

– Сизге ишенем, бирок, апамды, айылды, бөбөктөрүмдү, атамды сагындым. Көз алдына апасы, чөжүрөгөн ини-сиңдилери, анан Жайдарбек келди.

– Анда мындай кылалы, сен айылыңа барып кел, менин айдоочум алып барып келет. Анан ал жакта жумуштан жооп сурап келдим, тез-тез келип турам деп айт да, бир жума туруп кайра кел.

– Макул.

– Баса, паспортуң кайда?

– Эжемдикинде.

– Аны алып мага таштап кет.

Сойкунун жолу ушинтип бүттү. Тагдыр эмне камдап турарын эч ким болжой албайт тура.

(Аягы)

 

 

 

Айжаркын ЭРГЕШОВА