Сиздин мырзаңыз эркектин кайсы түрүнө кирет?

Айымдардын оозунан “бардык эркектер бирдей” деген мүнөздөмөнү көп угабыз. Биз - аялдар анткен менен психология мүнөзүнө жана жашоо образына жараша мырзаларды бир нече топко бөлүп, жогорку ойду тиешелүү деңгээлде жокко чыгарат. Ага ылайык, сиз да өзүңүздүн мырзаңыз кандай экенине кызыксаңыз болот.

 

Бийликчил күйөө. Мындай мүнөздүү мырза үстөмдүк кылууну сүйөт. Муну менен катар эле өз айымына кызы катары мамиле жасап, анын муктаждыгын толугу менен канааттандырып турат. Үй-бүлөлүк жашоодо камкор, таасирдүү жана башкаргыч келет. Өмүрлүк жар тандоодо көбүнчө өзүнөн бир нече жаш кичүү айымдарга ыктайт. Бийликчил мырза үчүн жашоодо материалдык байлык биринчи орунда турат. Ал эми сүйүктүүсүнөн мээримдүүлүктү, сыйды жана дайыма баш ийип турууну күтөт. Дарегине түшкөн сынды уккусу да, кабыл алгысы да келбейт. Тили узун айым менен курган үй-бүлөдө бактылуу боло албайт.

 

Жагалдангыч күйөө. Эркектердин бул түрүнө кирген мырзага аты айтып турган сапат толугу менен тиешелүү. Ал жашоодо эрки жана демилгеси жок адам. Тескерисинче, мындай мырза айымынын сөзүн угуу, ошол эле убакта аны аткаруу менен жашайт. Мунун жанында ар бир аял өзүн сууда эркин сүзгөн балыктай алып жүрө алат. Жагалдангыч күйөөнүн үйүн толугу менен аял башкарат. Бирок, алсыздыгы намысына тийгенде бул эркек катуу чыр чыгарып коюшу да мүмкүн. Анткен менен турмушту алып кетүүгө болгон демилгесинин жоктугу аны кайра эле утулууга аргасыз кылат.

 

Дос-күйөө. Өз ордун билген айым үчүн эң жакшы күйөө. Себеби, мындай кожоюндун алдында үй-бүлөдө тең укуктуулук толук өкүм сүрөт. Бул мырза аялына анын милдетин эскертүүнү жаман көрөт, андыктан, башынан эле өмүрлүк жар үчүн эркин жана өз алдынча айымды тандоого аракет кылат. Бирок, дос-күйөө андан өзүнө дайыма түшүнүү менен, сый менен мамиле кылууну талап этет. Жакшысы, аялы өз ишине жетишпей жатса, бул мырза жардам берип жиберүүдөн да баш тартпайт. Ар бир ишти аны менен кеңешүү аркылуу гана чечет. Мындай адамдын үй-бүлөсүн идеалдуу деп айтууга болот. Бирок, анын идеалдуулугу аялдын өз алдынчалуулугунан да тиешелүү деңгээлде көз каранды.

 

Жалкоо күйөө. Футбол менен сыраны ашыкча жакшы көргөн эркек жашоодо жалкоо болот. Мүнөзү оор басырыктуу, сабырдуу келип, башка кишинин ага карата мамилеси аны ойлондурбайт да кызыктырбайт. Уруш кылып, чыр чыгарбаганы менен мындай эркекти бардык эле аял күйөө кыла албайт. Анткени, бул мырза үчүн үй-бүлөнүн түйшүгү биринчи орунда эмес, анан да ал аялына, интимдик жашоого өтө аз убакыт бөлөт. Мунун өзүнө окшош жалкоо достору да көп жана мындай эркек үчүн убакытты ошолор менен өткөрүү – ырахат. Демек, максаттуу, келечектүү айым үчүн анын жанында жүрүүнүн пайдасы аз.

 

Кызганчаак күйөө. Бул түргө кирген мырза айымын жашына, сырткы келбетине, социалдык абалына, туткан динине карабай ар бир эркектен кызгана берет. А эгер алардын кимдир-бирөөсү менен сүйлөшүп калганын көрсө, анда чыр-чатак кандай көрүнүш менен аяктаары белгисиз. Бирок, кызганчаак-күйөө урушабы, урабы же тебеби, айтор, ага карабастан аягында кайра аялынан тизелеп кечирим суроодон намыстанбайт. Ток этерин айтканда, мындай эркек өмүр бою айымын психологиялык жактан жеп жүрүп өтөт. Аны акыл-эстүү сүйүүгө тарбиялоо мүмкүн эмес.

 

Ишенчээк күйөө. Ишенчээк мырза айымын сыйлайт, сүйөт жана ага толугу менен ишенет. Достордун, тааныштардын арасында аялы тууралуу айтуудан тажабайт. Үй-бүлөдө болсо сүйгөн жарына, бала-чакасына татыктуу жашоо тартуулоо үчүн аарыдай эле эмгектенет. Муну менен эле тим болбостон, ал дайыма үйгө эмне керек-керек эмесинен, үйдө эмне бар-жогунан кабардар болот. Айымына болсо жакшы дос болуу үчүн аракет кылып, аны алмаштыруу тууралуу ойлонбойт дагы. Мындай эркекти ишенимине кирген аялы каалагандай калчашы да мүмкүн.

 

Эксплуататор-күйөө. Мындай сапатка ээ болгон эркек аялды кулга теңеп жашайт. Ал эч убакта күлбөйт, сылык сүйлөбөйт жана дайыма кабагын түйүп жүрөт. Эксплуататор-күйөө үчүн аял эртеден кечке тамак жасоо, үй жыйноо, бала кароо, азык-түлүк сатып алып келүү жана башка ушул сыяктуу иштер менен эле алек болуп турушу керек. Анда да кичинекей кемчилик көрүп калса эле уруш чыгарып жиберет. Өзүнүн көйгөйүн, жумушундагы артыкчылык, кемчиликтерди, сырын аялы менен эч качан бөлүшпөйт. Эгер аялы мындай жашоого каршы чыкса, аны сабап салуудан да артка тартпайт. Жаманы, бул эркектин мүнөзү күн санап татаалдаша берет жана бул көрүнүш үйдө чыр-чатактын көбөйүшүн шарттайт.

 

Ишкер-күйөө. Ишкер-күйөөнү жашоодо кыймыл-аракет, идея, демилге жана акча кызыктырат. Андыктан, ал үй-бүлөнү да ошондой бизнес катары көрүп, “сен тигини жаса, мен муну жасайм” деген эсепчил формада алып кетет. Мындай эркек мактоону сүйөт, жалкоолукту болсо абдан жаман көрөт. Өз айымынын керектөөсүн толук канааттандыруу менен катар башка айымдарды жандоого да жетишет. Уруштан, чыр-чатактан алда канча алыс, аялына дайыма сый менен кайрылып андан да ушундай мамилени күтөт. Ашынган болбосо да кызганчаактыгы бар.

 

 

Ырыс ИМЕТАЛИЕВА