Нурмат Садыров: «Ошол кыздай жароокер кызга али жолуга элекмин»

Учурда жаш жигиттер арасында чыгармачылыкка аралашып элге таанылып жаткандар көп, алардын бири ырлары хитке айланып, учурда бир нече кыздын жүрөгүн туйлатып жаткан жаш ырчы мырза Нурмат Садыров бизде конокто.

Туулган жери: Токтогул районунун Торкент айылы

Туулган жылы: 1988-жыл 19-октябрь

Хоббиси: ыр жазуу, обон жаратуу

Машинасынын маркасы: Тойота Камри

 

– Нурмат, ырдаган ырларыңдын баарын сүйүү темасында жазасың, өз башыңдан кечирген сүйүүңдүн таасиринен жазылгандары да барбы?

– Ооба, жашоомдо болгон сүйүүлөрдүн таасиринен жазылгандары көп. Мисалы, «Сүйгөн жүрөк» деген ыр башымдан өткөн сүйүүдөн жазылган. Мен 9-класста окуп жүргөнүмдө бир кызды сүйүп калгам, ал кыз экөөбүз кыз-жигит болуп жүрдүк. Дос балдар отуруш кылганда «кызыңды албай келе бер, бул жактагы кыздардын курбулары бар» десе болбой кандай жагдай болсо дагы сүйгөн кызымды ээрчитип барчумун. Биз жакын болуп баштаганда эле ал мага “кичинекейимде аяш атамдын баласына кудалап, сөйкө салып коюшкан” деп калчу, бирок, бала экенбиз, ал нерсени олуттуу кабыл албаптырбыз. Анан мектепти бүткөндөн кийин эле күтүүсүздөн «чын сүйсөң тез арада мени алып кет, сөйкө салып койгон аяш атамдар баласына алып бергени жатышат» деп калды. Ал учурда мен болгону 18 жаштагы үй-бүлө курууга даяр боло элек жаш бала болчумун, ары менден улуу байкем да үйлөнө элек болчу. Анан аргасыздан ал кыздан баш тартууга туура келди. Ошондон көп өтпөй чын эле ал кыз турмушка чыгып кетти. Мен андан кийин далай кыздар менен сүйлөшүп көрдүм, бирок, ошол кыздай жароокер, мен үчүн күйгөн кызга жолукпадым. Айрыкча, ырдап сахнага чыгып калганымдан кийин кыздар менен сүйлөшсөм, алар мага эмес, чыгармачылыгыма кызыгып жүргөндөй сезим боло берчү болду. Кыскасы, мени жеке адам катары жактырган кызды жолуктура элекмин. Өзү дагы кыздарда чыгармачыл адамдар сүйүүгө туруктуу эмес деген ой калыптанып калыптыр, сөз айтсаң олуттуу кабыл алышпайт.

– Бул кыз алгачкы сүйүүң болгонбу?

– Жок. Алгачкы сүйүүгө мектепте 5-6-класстарда окуп жүргөндө кабылгам. Бизден бир класс төмөн окуган сулуу кыз бар эле, ошону сүйүп экөөбүз кыз-жигит болуп жүрүп калдык. Биздин Токтогул районунун Торкент айылында эки мектеп бар эле. Тигил кызды жакшы көрүп жүрүп эле берки мектепте окуган дагы башка кызды жактырып калып жатпаймынбы. Ал менин классташ баламдын карындашы болчу. Анан экөө менен бирдей жүрүп алдым. Кечинде классташ баламдын карындашына барсам, байкеси чыгарып берчү, анан берки кызга да барам. Бирок, кенедей айылда бир нерсе болсо дароо угулат эмеспи, менин бир учурда экөө менен тең кыз-жигит болуп жүргөнүмдү эки кызым тең угуп калыптыр. Анан бул кылыгымдан уялып экөө менен тең жүрбөй койдум.

– Кандай кыздар сенин жүрөгүңдүн ачкычын таап алса болот?

– Мен азыр токтолуп, баарын ойлонуп калган учурум. Байкем дагы үйлөнүп мага кезек тийди, жашым дагы келип калды. Ошондуктан, азыр мага жар болчу кызды издеп калдым. Мага жар боло турган кыз билимдүү, акылдуу, ыймандуу болуусу керек. Билимдүү кыздардын жашоого болгон көз карашы терең болот. Мен өзүмө жубай эле издебестен, балдарыма татыктуу тарбия бере турган акылдуу эне издейм. Ал эми сырткы келбетинен жылдыздуу, мүчөсү келишимдүү, бою узун кыздар жагат. Менин боюм бир аз кыскараак болгондуктан, менден узунураак кызга үйлөнгүм келет. Ошондо бойлуу балдар төрөлөт деп ойлойм.

– Оюңдагыдай кыз табылса качан үйлөнүүнү каалайсың?

– Албетте, алдыда көп пландарым, жакшы ой-максаттарым бар. Азыр биринчи кезекте чыгармачылыгым турат. Ага карабай туруктуу бир кыз менен кыз-жигит болуп жүрүүнү каалайм. Себеби, менин үйлөнөөрүмө деле ашып кетсе эки жылдай калды.

– Сени жактырган күйөрман кыздарыңа мамилең кандай?

– Азыр Кудайга шүгүр, күйөрман кыздарымдын саны арбын эле го. Элдер азырынча мени жакшы тааныбаса дагы ырларымды жактырып угуп, ырлар аркылуу тааныгандары кубандырат. Жакында эле Омар досум менен Ошко концерт коюп барып келдим. Эл жакшы кабыл алып, сүрөткө түшөбүз деген күйөрман кыздарым көп болду. Азыр телефон чалган кыздар көбөйүп, андан сырткары социалдык түйүндөгү баракчама кат жазган кыздар толтура. Убактым ченелүү болсо да карап коёюн деп кирип калсам 80-90дой кат келип калган болот. Ар бир күйөрманымды сыйлап мүмкүнчүлүгүмдүн болушунча каттарына жооп жазганга аракеттенем.

– Арасында сүйүүсүн арнагандар дагы болсо керек?

– Албетте, андайлар болот. «Мен сизди сүйөм» деп жазгандарга «рахмат» деп жазып жиберем. Мени жеке адам катары жакшы билбей туруп мага сүйүүсүн арнаган кыздарды мени эмес, ырларымды сүйөт деп кабыл алам. Ошондуктан, аларга чыгармачылыгымды сыйлаган адам катары мамиле кылам.

– Сен бир учурда өзүңө окшогон эки бала менен «ТРИО» деген топто ырдачу эмес белең. Ал тобуңар эмне болуп жабылып калды?

– Кафеде музыкант болуп иштеп жүргөн учурумда Ильич, Билим деген эки досумду кошуп, «ТРИО» тобун мен түзгөм. Топ түзүп продюсерсиз эле сахнага чыгып калдык. Үчөөбүз теңтуш балдар болгондуктан, мен аларды башкара албадым. Алдыда жакшы ой-тилектерибиз бар эле, бирок, ырларыбыз чыгып, бир-эки концертте ырдап калгандан кийин кол тамга сураган күйөрмандар көбөйүп кетти. Күйөрмандар пайда болгондон кийин эки досум бат эле «жылдыз» болушуп, топту түзгөн мага акыл үйрөтө башташты. Ошондо топтун андан аркы ишин токтотуп салгам. Өзүм сахнадан алыстап Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, ал жакта окуп калдым. Эки жыл өткөндөн кийин гана чыгармачылыкка кайрылып келип жеке ырчы болуп ырдап чыктым. Биринчи ырдап чыккан ырым эле эл оозуна алынып кетти. Ал эми эки досум топ тарагандан кийин эки жылдай аракет кылышты, бирок, жыйынтык чыкпады окшойт.

– Учурда ырларың хит болуп жатат, сен өзүңдү «жылдыз» сезип жатасыңбы?

– Азыр эстесем, ошол «ТРИО» тобунда жүргөнүмдө «Асылзат» деген ырыбыз чыгып хит болгондо ооруган экенмин. Азыр чыгармачылыкты толук түшүнүп, адам адамдар менен адам болоорун билип калдым. Төбөбүз көккө жетсе дагы бутубуз жерде экенин унутпашыбыз керек экен.

– Сени багып чоңойткон ата-энең тууралуу айта кетсең?

– Атам үй кожоюну, апам 25 жыл мугалим болуп эмгектенген, учурда экөө тең пенсияга чыгып төрүбүздө балпайып олтурушат. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, бир эжем, үч байкем бар, мен эң кенжесимин. Бир туугандарымдын баары турмуш куруп калышкан.

– Сен учурда кимдер менен жашайсың?

– Ата-энем менен шаарга көчүп келгенибизге 8 жылдын жүзү болуп калды. Учурда баарыбыз борбордобуз. Мен болсо ата-энемдер менен турам, бирок, чыгармачыл адамдар көп учурда кечинде концерт, тойлордо жүрөт эмеспи, андайда ата-энемдин тынчын албайын деп бир туугандарымдыкына барам. Кыскасы, мен үчүн баарынын эшиги ачык.

– Үйдүн эң кичүү, ата-энеңдин колунда кала турган бала экенсиң, апаң «мен айткан кызды ал» деген шарт койбойбу?

– Ооба, ата-энемдин колунда кала турган бала менмин, ошондуктан, мага ата-энеме ысык чайын бере турган ыймандуу келинчек керек. Апам антип айтпайт, бала кезден эле өз эркиме коюп келе жатат. Кичинекейимде чыгармачылыкка жакын экенимди байкап, ар кандай ийримдерге апам өзү катыштырып жүрүп ошонун арты менен ырчы болдум. Андыктан, апам үйлөнгөндө деле өз тандоомо коёт деп ойлойм. Кээде «өзүңө жакканды ал» деп айтып калат. Бирок, мен тандаган кыз сөзсүз түрдө апама жагышы керек. Мен бул жашоодо баарынан апамды бийик коём.

– Учурда өзүңдү-өзүн багасыңбы?

– Мен Күрөңкеевге киргенден тартып кафеде ырдап баштагам да, ошондон бери үйдөгүлөрдөн бир сом сурабай өзүмдү-өзүм багып келе жатам. Азыр да жеке жашоомо баары жетиштүү, тапкан каражатымдын көп бөлүгүн чыгармачылыгыма жумшап жатам. Буюрса, үзүрүн көрөм деп ойлойм.

– Ырдап тапкан эң алгачкы олжоң эсиңдеби?

– Менин ырдаганымды айылдын баары билишчү. Анан 6-класста окуп жатканымда соодагер Такиш эже ата-энеме «Бишкекте Сыймык Бейшекеев конкурс өткөрүп жатат, балаңарды алып барып келейин» деген экен, мени эжеге кошуп жөнөтүштү. Ошондо биринчи жолу Бишкекке келгем. Конкурстун биринчи күнү эле финалга чыгып кеттим. Он күн тандоо концерти болуп жүрдүм, он биринчи күнү финал болду. Жыйынтыгында мен үчүнчү орунга ээ болгом. Ошондо мага «Сыймык» деген жазуусу бар жемпир, дагы бир топ белектерди беришкен. Кубанып айылга олжолуу кайткам.

– Сен чыгармачылык менен гана кетесиңби же башка кесипке ээ болуу оюңда барбы?

– Музыкалык училищени бүткөндөн кийин ата-энемдин сунушу менен Кыргызстан эл аралык университетинин салык кызматы факультетине тапшырып алгам. Ал жакта эки жыл окугандан кийин таштап Искусство институтуна тапшырдым. Азыр Искусство институтун бүтүрүп, кайра мурунку окуумду улантып диплом алып алайын деп ойлоп жатам.

– Үй иштерин кыла аласыңбы?

– Мурда байкемдер талаа иштерине кетишкенде мени үй иштерине дайындап коюшчу. Мен үй жыйнап, шыпырып, баарын эле жасачумун. Кир кийимдеримди деле өзүм жууй алам. Азыр жеңелерим бар, кийимдеримди ошолор жууп беришет. Ал эми курсагым ачса картошка, жумуртка кууруп, даяр пельменди сууга бышырып жегенге жарайм.

 

 

Динара Чокоева