Балдардын аң-сезиминин өнүгүшүнө жомок чоң таасир берет

“- Апа, жомок айтып бериңизчи?! – Койчу, балам, чарчап турам!” Бул диалог арабыздагы көпчүлүк эле энелер менен баланын ортосунда айтылган. Ооба, көбүнчө убактыбыздын аздыгына же чарчаганыбызга шылтоолоп балдарыбыздын жомок угууга болгон каалоосун канааттандырбайбыз. Анткени, жомоктун балдарыбыздын аң-сезимине кандай таасир берээрин биле бербейбиз.

Уктаарында балага жомок окуп берүү – баланы уктатуунун эле жолу эмес, жомок – баланын акыл-эс жактан өнүгүүсүнө, сөз байлыгынын өсүшүнө зор таасирин тийгизет. Жомок балага 2 жашынан баштап кызыктуу боло баштайт. “Эмнеге жомок? Болбогон нерседен көрө турмуштан алынган реалдуу окуяларды айтып бербейинби?” деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. Жомок оюн сыяктуу эле баланын психикалык жактан өнүгүшүндөгү негизги этап болуп эсептелет. Сиз сүйүктүү балаңызга оюн ойногонго тыюу салбайсыз да, туурабы?

Психологдордун ою боюнча, жомок аркылуу балага эмне жакшы, эмне жаман экенин түшүндүрүү оңой. Бала өзүн жомоктогу оң каарманга салыштырат. Демек, жомок баланы жакшылык кылууга жакын кылып чоңойтот. Жомокто арам ойлуу каармандар акырында сөзсүз жазасын алышат. Бул мазмун аркылуу балдардын түшүнүгү “демек, жаза албаш үчүн эч кимге жамандык кылбаш керек экен” деген мааниде калыптанып калат.

 

АР КАНДАЙ ЖАШТАГЫ БАЛАГА – ӨЗҮНЧӨ ЖОМОК

Жомок китеп тандоодо кандай жомоктор кайсы жаштагы балдарга пайдалуу экенин ажыратып билүү зарыл.

2 жаштагы балдарга жаныбарлар тууралуу жомоктор абдан жагат.

2-5 жаштагы балдар бир нерселерди образдуу элестетүүгө жана өздөрү ойлорунан чыгарганга жөндөмдүү болушат. Андыктан, бул куракта баланын мээси сыйкырдуу жомокторду кабыл алганга даяр болот.

5-7 жаштагы балдарга мазмуну балага кызыктуу болгон кандай гана жомок болбосун окуп берсе боло берет. Албет-те, бул чыгарма баланын ой жүгүртүүсүнө, эмоциясына, өзүн алып жүрүшүнө оң таасирин тийгизиши керек.

5 жаштан баштап бала буга чейин көп кайталанган жомокторду өз алдынча айтып берүүгө тийиш. Эгерде кайра-кайра кайталанып, жаттагыдай болуп калганына карабай мазмунун унутуп калса, сөздөрдү таппай кыйналса анда бул сиздин балаңыз психикалык өнүгүү жагынан артта кал-ганынан кабар берет. Мындай учурда балаңызды балдар психологуна алып барыңыз.

 

БАЛА УКТААРДА КАНДАЙ ЖОМОКТОРДУ АЙТЫП БЕРҮҮ КЕРЕК?

Уктаар алдында балага жомок айтып берүү – бул ага бейпил түн каалоо. Андыктан, күндүзгүдөй тандабай эле айта берген жомокторуңуз азыр жарабайт. Уктаарда балага жөнөкөй, тынч, кыска, аягы жакшылык менен бүткөн жомокторду айтып бериңиз. Балаңыздын түндө кандай түш көргөнү – уктаар алдында уккан жомогуна байланыштуу болот. Эгер узун, мазмундуу жомок баштап алсаңыз, балаңыз жомоктогу каармандар менен кошо тынчсызданып, дагы эмне болоор экен, аягы эмне менен бүтөөр экен деп уктабай жата берет.

Урматтуу ата-энелер! Баары өзүңүздүн колуңузда. Ар күн сайын кечинде жарым сааттык убактыңызды аябай балаңызды жомок менен уктатсаңыз балаңыз бир гана тынч уктабай, жөндөмдүү, билимдүү болуп чоңоюшуна кепилдик бар.

 

 

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА