Тез жасалуучу жеңил салаттар

Капуста салаты

Кандай азыктар керек?

Капуста: жарты даана

Сабиз: 2 даана

Бадыраң: 2 даана

Укроп

Зайтун майы

Туз

Кантип жасалат?

Капустаны майда туурап, суусу чыксын үчүн туздан кошуп коёсуз.

Сабиз менен бадыраңды кыргычтан өткөрөсүз.

Укропту майда туурайсыз.

Баарын кошуп, зайтун майы менен аралаштырып коёсуз.

 

Витаминдүү салат

Кандай азыктар керек?

Пекин капустасы: 200 г

Бадыраң: 200 г

Краб таякчалары: 300 г

Консерваланган жүгөрү: 1 банка

Зайтун майы

Туз

Кантип жасалат?

Азыктардын баарын туурайсыз.

Татымына жараша туз кошуп, зайтун майы менен аралаштырып коёсуз.

 

Күрүч кошулган салат

Кандай азыктар керек?

Тооктун төш эти: 450 г

Күрүч: 200 г

Кызыл пияз: 1 кичине баш

Сабиз: 1 орточо даана

Таттуу кызыл калемпир: 1 даана

Кинза: 10 талча

Зайтун майы

Туз, мурч

1 лимондун ширеси

Шекер: 1 чоң кашык

Сарымсак: 1 тишче

Чили калемпири: 1 даана

Кантип жасалат?

Күрүчтү сууга бышырып аласыз.

Тоок этин узун-узун кылып туурап, кызып турган зайтун майына салып күчтүү отто 7 мүнөт кууруйсуз. Татымына жараша туз, мурч кошосуз.

Пиязды жука жарым шакекче, сабиз менен болгар калемпирин узун-узун жука кылып туурайсыз.

Идишке күрүчтү, тоок этин, сабизди, пиязды жана болгар калемпирин саласыз.

Сарымсакты, чили калемпирин майда туурайсыз.

Лимон ширесине шекерди салып эригенге чейин аралаштырасыз. Буга тууралган сарымсак менен калемпирди кошосуз.

Эми бул аралашманы салатка кошуп коёсуз.

 

 

Нуриса БАЯЛИЕВА