Гормоналдык бузулуудан пайда болуучу миома жана киста оорулары

Убакыт өткөн сайын түйшүгү көп аялзатынын ар кандай ооруларга көп кабылып жатышы өкүнүчтүү. Дарыгерлердин айтымында, аялзатында кездешүүчү оорулар тууралуу маалымат ала жүрбөгөндүн айынан жатындын оорулары күч алып барат. Ал оорулардын ичинен миома жана киста илдеттери алдыңкы катарда.

Миома

Миома - жатын булчуңдарынын залалдуу эмес шишик түрүндө пайда болгон оорусу. Миома лейомиома же фибромиома деп да аталат. Жатынына, таманына суук тийгенде, бойдон алдырганда, гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болгондо, туура эмес тамактанганда, жыныстык каалоодон канааттанбаганда бул оору пайда болот. Жатын миомасы жатынга шишиктин жайгашканына жараша ар кандай түрлөргө бөлүнөт.

 

Жатындын субсероз миомасы жатындын сырткы чел кабыгында пайда болот. Бул миома айызды үзгүлтүккө учуратпайт, бирок ал чоңойгон сайын жанындагы органдарды кысып ыңгайсыздык жаратат да, аялдар ичи катып жатканын айтып даттанышат.


Жатындын интрамуралдуу миомасы жатын булчуңунун ортоңку катмарында пайда болот. Көпчүлүк айымдар миоманын ушул түрүнөн жабыркашат. Бул миомада айыздын өз убагында келиши бузулат жана оорутуп келет, жамбаш сөөктүн кысылганы сезилет.

 

Жатындын субмукоз миомасы жатындын сырткы бетинде тереңирээк жайгашат. Бирок миоманын бул түрү көп кезиге бербейт жана анын пайда болгонун көпчүлүгү аңдабайт. Анткени анын белгилери көптө барып байкалат. Миома күчөй баштаганда көп кан кетип аял тез эле аз кандуулук илдетине кабылып калышы мүмкүн.

 

Миоманын белгилери:

– Айыз каны токтобой узак убакыт келет. Адам кансырап аз кандуулук илдетине кабылат;

– Жамбаш сөөгү ооруйт;

– Жамбаш сөөгү оорлоп, кысылып жаткандай болот;

– Буту жана бели уюп ооруйт;

– Табарсыгы кысылып, заарасын кармай албай дааратканага тез-тез каттап калат;

– Ичегилери кысылып, ичи катып, жыйынтыгында адам семирет;

– Ичтин көлөмү чоңоюп, курсак чыгат;

– Жатындан чыккан суюктук кан түрүндө келе баштайт;

 

Киста

Киста - ичи суюктукка, сары сууга же чач сыяктуу таштандыга толгон шишик. Ал миомадан айырмаланып жатында эмес, жумурткада пайда болот. Аялдарда киста көбүнчө гормоналдык бузулууга учураганда, айыз эрте жашында келгенде, абортто, жасалма жол менен бойдон түшүргөндө, калкан безинин функциясы бузулганда жана жыныстык жактан жуккан жугуштуу оорулардан улам пайда болот. Киста пайда болушуна жараша 3 түргө бөлүнөт.

Фолликулярдуу киста. Аялзатында ар бир айда бирден жумуртка клеткасы жетилип фолликулдан чыгып турушу керек. Ал чыкпай калганда ичке топтоло берет да, шишикти пайда кылат.

Сары денеченин кистасы чанда гана кезигет. Жумуртка фолликулдан чыккандан кийин сары денече пайда болот. Алар чогулуп олтуруп прогестерон бөлүнүп чыгат. Чогулган клеткалар акырындык менен таркап кетиши керек. Эгер ал таркабай калса, фолликулдун ордуна киста пайда болот.

Башка кисталар - жумуртканын ичинде ичи суюктукка, ириңге, майга, кээде чачка толгон кисталар пайда болот. Кээ бир кисталар кош бойлуудай кылып ичти чоңойтуп жиберет.

 

Кистанын белгилери:

– Айызы бузулат, айрымдарда 2-3 же 4-5 айлап айыз келбей калат;

– Айызы көп келип кансырайт жана оорутат;

– Жумуртка клеткасы жетилип чыкпайт да, айрымдар кош бойлуу боло алышпайт;

– Жолдошу менен кошулгандан кийин, машыгуу залына барганда жүрөк айлануу, кусуу болот;

– Жатындан чыккан суюктук кан аралаш чыгат;

– Дене табы 38 градуска көтөрүлөт;

– Баш айланып ал кетет;

– Арыктайт;

– Ич өз нормасынан чоңоюп курсак чыга баштайт;

– Жүздө түктөр пайда болот.

 

№3 үй-бүлөлүк борбордун акушер-гинекологу Курманбаева Бактыгүл: “Миома жатындын рак илдетине айланса, киста кээде айымдарды тукумсуздукка алып келет”

– Жатындын миомасы жана киста менен кайсы курактагылар көп ооруйт?

– Бул илдеттер менен жыныстык жашоодо жашагандар да, жашабагандар да оорушат, 23 жаштан 50 жашка чейинкилер. Жыныстык жашоодо жашабаган кыз киши 25-30 жаш курагында ооруп калышы мүмкүн. Анткени ушул жашта турмушка чыга электерде гормоналдык бузулуулар болот.

– Миоманы убагында аныктоого болобу?

– Миома жаңы башталганда көп оорутпагандыктан көпчүлүк айымдар билбей жүрө беришет. Кан келип жатканын же айызы келгенде катуу кыйналып жатканын айтып гана кайрылышат. Миоманы убагында дарылоону сунуштайбыз, себеби учурунда дарыланбаган миома жатындын рак илдетине айланып кетет.

– Ал эми кистанын акыры эмнеге алып барат?

– Кистадан айыз каны убагында келбей же ооруксунтуп келип катуу баштаганда эле шекшинип дарыгерге кайрылса болот. Ушул учурда кайрылганда чын эле киста бар же жок экенин эрте аныктаган болобуз. Ал эми убагында дарыгерге кайрылбай жүрө берген учурда аялдар тукумсуздукка кабылышы мүмкүн.

– Бул оорулары бар айымдар боюна бүтүрүп балалуу боло алышабы?

– Эгер миома түйүлдүк түшчү жерде жайгашкан болсо, анда айымдын боюна бүтпөйт, бүтсө дагы ал бойдон түшүп кала берет. Ал эми кистада анын түрүнөн көз каранды болот. Эгер фолликулярдуу, сары денеченин кистасы болсо жана ал кичинекей болсо, анда бойго бүтөт, а башка түрлөрү болсо айым кош бойлуу боло албайт.

– Миома менен кистаны кандай жолдор менен дарылайсыздар?

– Буларды эки түрдө дарылоого болот. Убагында кайрылган аялдарды жетишпеген же ашыкча гормондорду азайтып же көбөйтүү менен дарылайбыз. Ал эми көлөмү чоңоюп кеткен миома же кистадан операция жолу менен гана арылууга болот. Анда жатындын миомасы алманын куртун оюп алып салган сыңары алынат. Бирок миоманы аялдын 12 жумалык боюнда бар сыяктуу болуп чоңоюп, жанындагы органдарга терс таасирин тийгизе баштаганда алуу керек. Кээде мындан да кеч кайрылгандар болот, алардыкын жатын менен чогуу алып салганга туура келет. Эгер миома жатындын этинде, ички былжырлуу чел кабыгында жайгашкан болсо, залалдуу шишикке тез эле өтүп кетет. Кистаны дагы операция жолу менен алууга туура келет. Эгер турмуш кура элек кызда киста жаңы пайда болгон болсо, ал турмушка чыгып боюна бүтсө киста өзүнөн-өзү жоголуп кетет.

– Операция жасаткандан кийин кайра өсүп кетпейби?

– Кээ бир миомалар салаңдап өсөт, биз аларды бурап туруп түбүнөн кесип салабыз. Эгер миома түбүнөн кесилип, бирок толук кырылып тазаланбаган болсо, анда ал кайра өсүп кетиши ыктымал. Ушул эле көрүнүш кистага да тиешелүү. Операция жолу менен алдырган соң кайра эле гормоналдык бузулууга тушукса, анда киста кайра пайда болушу толук ыктымал.

 

 

 

Даткайым ДОСМАТОВА