Айпери Кубик кызы: "Ал ырды ташта десе деле макулмун..."

"Ак куу болуп учкум келет, айдай сулуу кезимде" деп ырдап чыгып элге таанылган Айпери Кубик кызы көптөн бери сахнадан көрүнбөй кеткен. Кайрадан билек түрө чыгармачылыкка киришип, элге жагымдуу ырларды тартуулайм деп турган ырчы кызды маек төрүбүзгө чакырдык. Маектин жүрүшүндө Айперинин жашоого болгон көз карашы кыйла өзгөргөнү байкалды.

- Айпери, акыркы учурда сахнадан көрүнбөй калдың, эмне менен алек болуп жүрдүң? 
- Сахнадан көрүнбөй кеткенимдин себеби, былтыр окуумду аяктамакмын. Ошондуктан жакшы ийгилик менен бүтүп алууну максат кылып дипломдук иш менен алек болуп жүрүп чыгармачылык менен иштебей калдым. Ойлогонумдай эле окуумду ийгиликтүү бүтүрүп дипломаттык кесиптин ээси болдум. Андан кийин кесибим менен бир-эки жерде иштеп көрдүм. Бирок а
дам шоу-бизнеске бир аралашып калгандан кийин кайра эле сахнага тартылуу болуп ырдагың келе берет экен. Анын үстүнө мамлекеттик кызматтарда айлык акы өтө эле аз экен. Тапкан айлыгым менин күнүмдүк баскан-турганыма да жетчүдөй эмес. Ырчылыкты чогуу алып кете берейин десем убакыт тартыш болуп калчудай. Ушунун баарын байкап көргөн соң турмушка чыккандан кийин ырчылыкты токтотуп кесибим менен иштеп кетем деген чечимге келдим. Азыр болсо чыгармачылыкка кайрадан кирише баштаган убагым. Март, апрель, май айларында атам экөөбүз гастролдоп келдик. Эми жаңы ырларды жаздырып, клип тартууга даярдык көрүп жатам. Жакында "Ким элең?" деген латын стилиндеги ыр жаздырдым. Эми ага ылайык бий үйрөнүп жаткан кезим. Негизи мен мурунтан эле бийге абдан жакынмын, эми бир эле заманбап болбостон чыгыш, латын, бачата деген стилдеги бийлерди үйрөнүү үчүн ийримдерге барып жатам. 

- Кичинеңден атайын бий ийримдерине катыштың беле? 

- 1-классымдан баштап "Шаттык" бий ансамблинде бийлегем. Ал жерден мага Сырга Жапар кызы бийлегенди эле эмес, кыздардын өзүн түз алып басыш керектигине чейин үйрөткөн. Мен азыр мени жашымдан бийге катыштырган ата-энеме абдан ыраазы болом. Анткени мен бийлегенди, туура басканды, өзүмдү жакшы алып жүрүштү билем. Келечекте буюрса кыздарымды дагы сөзсүз түрдө бийге берем деп кыялданам. 

- Атаң экөөңөрдүн аткарган дуэтиңерди эл жакшы кабыл алды, дуэт ырдап чыгуу идеясы кандайча пайда болгон? 

- Биз аткарып жаткан "Насаат" ыры атамдын өзүнө таандык. Атам күн сайын таң атпай биз уктап жатканда колуна комузун алып "Жакшына болсоң жашыңдан/ Жакшылык кетпейт башыңдан

/Эрте тур кызым баарынан" деп ырдап бизди ошол ыр менен ойготчу. Бул саптарды укканда уялганыңдан деле эрте турасың. Атам бизди бул ыр менен ойготуп жүргөнүнө төрт-беш жыл болуп калды. Эл алдына ырдап чыкканыбызга эки жылдай гана болду. Башында атам өзү эле ырдаса, элге алып чыгарда мага тиешелүү саптарын кошуп жазып "ырдап көр" деди. Чынын айтсам бул учурга чейин фольклордук ыр ырдап, улуттук көйнөк кийип көргөн эмесмин. Бул мен үчүн жаңылык болду. Азыр кыз узаткандар кызды үйдөн алып кетип жатканда биздин ырыбыздын коштоосу менен алып чыгышат экен. Атам экөөбүздү дагы чакырып жүрүшөт. Ыр элге жагып ордун тапты. Алдыда бул ырдын уландысы катары "Адамзат" деген заманбап стилдеги ыр ырдап чыкканы жатабыз. 

- Сен дагы деле ата-энең менен жашайт эмессиңби, өз алдынча жашоону самаган учур болобу? 
- Менде ушул учурга чейин ата-энемден бөлүнүп жалгыз жашоону самоо деген болгон эмес. Айрымдардын "жалгыз жашасам каалагандай басам, каалагандай турам" деп айткандарын угуп калам. Мен болсо жалгыз жашагандан корком. Бир учурларда менин ырдап тапкан акчам үй сатып алганга жетиштүү болуп калган. Эгерде жалгыз жашоону самасам ошондо эле үй сатып алмакмын да. Жок, мен дайыма тапкан акчамдын баарын ата-энеме алып келип берем. Алар менден сурашпайт деле, берсем атам ыңгайсызданып "өзү
ң иштет, ашса гана бизге бер" деп айтат. Мен болгону авто унаама бензин куюп, майда-чүйдө гана албасам калганын коротпой алып келип берем. Ата-энемди абдан сыйлайм, алардан алыстагым келбейт. Азыр турмушка чыкканымды элестетип алып "атам менен апамды аябай сагынсам керек" деп ойлой берем. Жашым 23кө келип, бой жетип калсам деле алигече атам менен апамдын алдына олтуруп алып эркелеп, кучактап өпкүлөй берем. Мен өз ата-энем турсун кайнене-кайнатам менен бирге жашасам экен деп тилейм. Анткени мен көпчүлүк менен жашаганды жакшы көрөм, үй тынч болбой көпчүлүктүн дабышы болуп турса мен  үчүн бакыт.

- Жакшы тилектериң бар экен, сени ошондой тилектерге жеткире турган мырзаны таптыңбы? 
- Азырынча жигитим бар же жок деп ачык айта албайм. Убагы келгенде гана ачык айтсам туура болот деп ойлойм. Анткени азыр бизде ойлонуу процесси жүрүүдө. Чынында ырчы кызга жигит болуп жүрүү деле кыйын. Анткени биздин артыбыздан чын дагы, жалган дагы сөздөр айтылат. "Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт" дегендей ошол сөздөргө чыдаш кыйын. Ошондуктан мени чындап сүйгөн, ошол нерселердин баарына чыдай турган мырза керек. 
- Демек, сенин чыгармачылыгың баарынан маанилүүбү? 
- Мени менен болууну каалаган мырза чыгармачылыгыма экөөбүз үйлөнгөнгө чейин гана туура түшүнсө болду. Анткени мен айлап гастролдорго кетем, чыгармачылык деп чуркап жүрүп жолукканга убактым болбой калат. Ал ушуларга чыдаса үйлөнгөнүбүздөн кийин мен ал эмне десе ошону кылмакмын. Ырды ташта десе деле макулмун. Анткени мен келин болдумбу, татыктуу келин болушум керек. Кайната, кайненеме ысык чай берип олтурсам болду. Мен ка-рьеранын артынан кууган кыз эмесмин, мага үй-бүлө маанилүү. Азыртан эле тамашага салып "көп балалуу болом, он бала 
төрөйм" деп айта берем

Кудай ошого жеткирсин деп тилейм. 

- Атаң менен апаңды бактылуу, үлгү болчу жубайлар деп угуп калабыз, бул ниетиңе алардын жашоосу дагы себеп болсо керек? - Чынында мага атам менен апамдын ортосундагы мамиле абдан жагат. Экөөнүн баш кошкондоруна жыйырма беш жыл болуп калды, мамилелери дагы деле ысык бойдон. Апам атамдын көзүн карап сыйлап турат. Атамдын уруксаты жок эч жакка барбайт. Атам болсо апамдын атынан айтпайт. Ушул учурга чейин "сүйгөнүм" деп чакырат. Атам биздин көзүбүзчө эле эмес, досторунун, жакындарынын көзүнчө деле "сүйгөнүмдүн колу алтын да, тамакты даамдуу жасайт" деп мактап жейт. Мен алардын жашоосуна суктанам. Келечектеги жолдошум атамдай болсо, анда мен бактылуумун. Ошондуктан атамдай мырзаны издейм. 

 

Динара Чокоева