Туура тамактанып, өз өмүрүңүздү узартыңыз

Туура тамактануу - узак жашоонун өбөлгөсү десек болот. Адатта туура тамактануунун эрежесин билбегендиктен, ден соолугубузга зыян келтиребиз. Андыктан, ден соолугум чың болсун, жаш көрүнүп, көп жашайын десеңиз, туура тамактануунун эрежелерин сактаңыз.

 

Туура тамактануунун 15 жөнөкөй эрежеси:

1. Ар бир тамактануунун аралыгында курсагыңыз ачса, жер-жемиш жеңиз. Эгер кечки тамактан кийин курсагыңыз ачса, жөн гана жылуу суу ичип коюңуз. Адам баласынын организминин болжолдуу түрдө 75 пайызы суудан турат. Андыктан, күнүнө 2 литрден кем эмес суусундук ичип туруу шарт. Себеби, организмден күнүнө эки литр суу ар кандай жолдор менен сыртка чыгып турат. Аны толуктап турбаса, суунун жетишпегендигинен ден соолук начарлап, тез чарчап, кан айлануу бузулат.

2. Эртең мененки тамакты сөзсүз ичүү зарыл, бул маалдагы тамакты убагында ичпей коюу адамдын толуп кетишине алып келет.
 
3. Шекерди пайдаланууну мүмкүн болушунча азайтыңыз. Анын ордуна чайга бал кошуп ичкениңиз пайдалуу. Шекер кошулган таттуу азыктардын ордуна таттуу жер-жемиштерди жеңиз.
 
4. Организм белок, углевод жана май менен толукталып турат. Ошондуктан, майдан таптакыр баш тартуунун кажети жок. Организмдеги майдын жетишсиздиги нерв системасынын, ошондой эле боордун, өттүн иштөөсүн начарлатат. Андыктан, аз өлчөмдөгү майды ар кандай нерселерге кошуу аркылуу пайдаланыңыз.
 
5. Күнүнө 600 грамдан кем эмес жер-жемиш жеген эрежеге ылайык. Бардык витамин менен организмиңиз жетиштүү болуш үчүн жашылча, жер-жемиштин тизмесин түзүп алып, мүмкүнчүлүгүңүздүн жетишинче утур жаңысын кезек-кезеги менен алып жеңиз.
 
6. Балыктан жасалган тамакты бир адам жок дегенде жумасына үч жолу жеш керек. Балыктын түрүн карап, өтө майлуусун албаганыңыз оң.
 
7. Сүт азыктарын сөзсүз пайдаланыңыз. Ар кандай дан менен сүт боткосун жасап ичиңиз. Боткого 1 кашыктан бал кошуп койсоңуз өтө пайдалуу.
 
8. Ооздогу тамакты кеминде шашпай 20 жолу чайнап, майдалап жеңиз.
 
9. Бир порция тамагыңыз өзүңүздүн муштумуңуз менен бирдей болушу керек.
 
10. Эртең менен жана кечки тамактан кийин сөзсүз тишиңизди тиш пастасы менен жууңуз. Ал эми башка тамактануулардан кийин суу менен тишиңизди чайкап тазалаңыз.
 
11. Кетчуп, газдалган суусундук жана ылдам даярдалган (фастфуд) тамактардан баш тартыңыз.
 
12. Мүмкүн болушунча жарым фабрикат эмес, жаңы азыктарды пайдаланыңыз.
 
13. Тамак-ашты дүкөн, ашканалардан сатып албай, үйдөн өз колуңуз менен жасаңыз. Сатып алынган азыктарда майды, шекерди, тузду өлчөмүнө ылайык кошушпайт.
 
14.Тузду аз пайдаланыңыз.
 
15. Балдарыңызды да башынан туура тамактанууга үйрөтүңүз. Чоңойгондо калыптанып калат да, тамактануу жаатында маселе жаралбайт.

 

Эртең мененки тамак

Убактысы – 8:00

Баарынан жакшы тамактануу бул эртең мененки тамак болушу керек. Бул маалга жогорку калориялуу, углеводдуу тамактар сунушталат. Организмге углевод 56 пайыз энергия берет, ал эми калган 44 пайыз энергияны белок жана майлар толуктайт. Андыктан, сиз эртең мененки тамактан бир күндүк энергияны топтоп, күч-кубат аласыз. Тамактанууну апельсин ширесинен баштаңыз. Себеби, апельсин сиздин ашказаныңызды тазалап, жакшы иштетет. Натыйжада, алдыда желчү тамактар организмиңизге жакшы сиңет.

Эртең менен кандай тамактарды жеш керек? Сүт азыктары, жашылча-жемиш. Ошондой эле дандын ар кандай түрүнөн жасалган ботко, буудай азыктары,буурчак, бал. Булар углеводго бай жана ичеги-карындарды жакшы иштетет.

 

Түшкү тамак

Убактысы – 12:00

Биз адатта түшкү тамакты калориялуу тамактар менен камсыздаганга аракеттенебиз. Бул жаңылыштык. Эгерде туура тамактанам десеңиз, түшкү тамакка орто калориялуу, эт кошулган суюк тамактарды ичкениңиз талапка ылайык. Этти сөзсүз түрдө жашылчала

р менен аралаштырып жеңиз.

Түштө кандай тамактарды жеш керек? Гречка, күрүч, макарон, картошка, жашылчадан жасалган жаңы салаттар. Салаттарды оливка майы же аз пайыздуу каймак кошуп жасоо зарыл. Мындай даам кандагы холестриндин төмөндөшүнө жардам берет. Ал эми картошка С витаминине жана калий, фосфор, темирге бай. Ошондой эле жүрөктөгү кан тамыр ооруларын жөнгө салат.

 

Шашкедеги тамак

Убактысы – 16:00

Бул маалда майлуу жана духовкага бышкан бардык тамактардан баш тартуу зарыл. Мындай убакытта жеңил десерт менен чай ичкениңиз эрежеге ылайык. Таттууну аз өлчөмдө жеңиз, чайдын ордуна жашылча, жер жемиштин коюу ширесин ичсеңиз болот.

 

Кечки тамак

Убактысы – 19:00

Эртең менен углеводдуу азыктар менен тамактануу керек болсо, кечкисин белоктуу тамак ичүү зарыл. Белок ар бир жеген тамагыңызда болушу шарт. Мисалы, салатка да, тамакка да сууга бышкан жумуртканы кошуп жеңиз. Бул өтө пайдалуу. Белоктон организмдеги клеткалар түзүлөт. Организмдеги белоктун жетишсиздиги иммунитетти түшүрүп, гормоналдык тең салмактуулукту жоготот.

Кечинде кандай тамактарды жеш керек? Балыктын, тооктун, майда жана бодо малдын этин сууга кайнатып же бууга бышырып, жашылчалардан аралаштырып жеңиз. Жашылчалар тамакты жакшы сиңирүүгө жардамын тийгизгенден тышкары сиздин организмиңизди керектүү витаминдер менен камсыз кылып турат. Ошондой эле сүт азыктары болгон быштак, айран, йогуртту аралаштырыңыз. Булар жатаарда сиңимдүү, ошону менен бирге ичеги- карындарды жакшы иштетүү үчүн чоң жардам берет.

 

 

Анара Токтосунова