Карышкырлар каарман болгон "Акбаранын көз жашы" кинотасмасы

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык "Кыямат" чыгармасынын негизинде тартылган "Акбаранын көз жашы" аттуу тасманы баарыбыз билебиз. Бул тасманын жаралышында зор эмгек, жүрөк титиреткен коркунуч, эстен кеткис мүнөттөр камтылып калганы анык. Ал тасмада "жашап" калган айрым замандаштарыбыз менен тасма тууралуу кызыктарды ортого салдык.

Дүйшөн Байтоветов, Базарбайдын ролунда: "Эгер аттан жыгылсам карышкырлар жара тартып кетишмек"

- Дүйшөн агай, фильмге тартылууда карышкырлар менен иштөө оңой болбосо керек?

- Карышкырлар менен иштөө абдан оор болгон. Итке окшотуп "ме!" десең келип, "кет!" десең кетип кала турчу жаныбар

болбогондон кийин жүрөктүн үшүн ала турган бир топ учурларды жаратты. Ушунча болуп ал карышкырлардын коркунучтуу көз карашындай эч бир жандыктын көз карашын көргөн жокмун. Укмуштуудай курч, балырдын өңүндөй жашыл-көк аралашкан көзү менен тиктесе жүрөгүң титирейт. Тартылуу учурунда кол салып жиберишсе дароо атып өлтүрүү үчүн тасма тартылып башталгандан бүткөнгө чейин жаныбызда мылтыкчан солдаттар менен жансакчылар жүрүшкөн. 

- Сиз үчүн кайсы кадр өзгөчө татаал болду? 

- Бөлтүрүктөрүн уурдаткан карышкырлар Базарбайды кууйт эмеспи, ошол карышкырдан кача турган съёмкабыз өтө татаал болду. Трактордун жардамы менен зым троссту тээ бийиктеги асканын чокусуна алып барып байлап, анын экинчи учун маңдайындагы дагы бир тоого байлап, андан соң керилген тросско операторду столу, камерасы менен бекем таңып отургузуп, үстүбүздөн тарткыдай кылып ыңгайлаштырдык. Ал тросстун узундугу беш жүз метрдей, бийиктиги бери дегенде жүз метрдей эле. Учуп кетсе операторду сактап кала турган эч нерсе жок экенин эстегенде жүрөк титирейт. Ошол тросстун алдынан карышкырлар мени кубалап, мен Кудайга жалынып качмакка камынып турдум. Дооронбек байке мага "Кудай сага күч-кубат берсин! Жакшылап кач!" деди. Акбара болгон карышкыр Маша, Ташчайнар болгон карышкыр Саид деген өзгөчө ысымдарга ээ болчу. Съёмка башталып мен качарым менен эки карышкырды удаа коё берип жиберишип, ансыз да мага жиндери келип ырылдап жаткан карышкырлар жете келип аттын жамбашына асылып тиштегенге үлгүрүштү. Эгер ат жыгылса мени жара тартуудан кайра тартышпагандай эле. Андан улам алдымдагы аргымак абдан чочуп калган экен, бир топ жерге чейин ала качып барып араң дегенде токтоду. Бул кадрды тартууда мени да, операторду да бир гана Кудай сактаган.

- Кинодогудай кызыл камчы образыңыз жашооңузда болду беле? 

- Кудай сактасын, келбетиме карап гана каардуу каармандарды ойнобосом турмушта тескерисинче абдан момун, 

боорукер адаммын. Актёр болгон соң режиссёр кандай айтса ошону аткарышың керек. Мен Жамал эжени аяп акырын чапсам "мен сага таарынбайм, чапчу жерден чаап, сабачу жерден сабап мага да жардам бер. Антпесе менин образым жакшы чыкпай калат" деген. Бир жолу камчы менен катуу башка чаап алып өзүм жаман болуп кеттим. Съёмка бүткөндөн соң "кечирип коюңузчу, башка катуу чаап алдым" десем "сенин чабарыңды билип буларды коюп алгам" деп жоолугунун алдына коюлган кездемелерди көргөзүп жатпайбы. 

- Көргөн адамды кайдыгер калтырбаган эң кенже актёрду кайдан таап алгансыздар? 

- Дооронбек Садырбаев тасма тартылып жаткан Алай өрөөнүнүн Жошолу айылынын бардык жаш балдарды чогултуп, арасынан ушул баланы тандап алган. Эч нерседен коркпогон, тескерисинче бөлтүрүктөрдүн мурдун чукуп, көтөрүп

ойногону бизди да таң калтырган. Тасмада көргөн адамдын жүрөгүнө тие турган кадр ушул кичинекей баланы карышкыр көтөрө качкан жери эмеспи. Бул жерде баланын кийимин куурчакка кийгизип туруп карышкырдын белине байлап анан качырган элек. Бул баланын апасы ошол учурда жолдошунан айрылып, баласын көтөрүп төркүнүнө жаңы келген учур экен. Андан бери бир топ жыл өтсө да көрө элек болчумун. Мындан төрт жыл мурун жумушка бир бала издеп келиптир. Көрүп "Кенжешсиңби?" десем "дароо тааныдыңыз" деп ал да сүйүндү. Атайын учурашып келгенине абдан ыраазы болдум. Бул кинодо элдин эсинде кичинекей наристе бойдон калган жигит азыр азамат болуп Казакстандын Чымкент деген жеринде иштеп, ошол жакта апасы менен бирге жашап жатканын айтып сүйлөшүп отуруп кеткен. Андан бери көрө элекмин. Негизи эле бул кино мен үчүн акжолтой тасма болгон десем жаңылышпайм. Тартылып жаткан учурда атайын Россиядан токтом чыгып мага "ССРдин Эл артисти" деген наам ыйгарылган. Бул наамымды эң алгачкылардан болуп Дооронбек Садырбаев кой союп куттуктаганын эстеп азыр да улуу инсандын марттыгына ыраазы болом.

Турсун Уралиев, малчынын ролунда: "Кино үчүн жүз кой сатып алып карышкырларга кырдырганбыз"

- Ташкентте өзбектердин тасмасына тартылып жүргөн кезим эле. Бир күнү атайын барган чакырык каты менен келсем малчынын ролун беришти. Карышкырлар короодогу малга тийип бир далай койду өлтүрүп кеткен жери бар эмеспи. Ошол жерин эртең менен баштап кечке чейин тарттык. Алайдын бир малчысынын койлоруна карышкыр көп тийгендиктен карышкырлардын сырын абдан жакшы билет экен. Ал бизге "карышкыр койду тиштегенде жанына жакын барсаңар н жок. Койго тийген карышкырды чокмор менен урмак турсун өзүбүз качып жүрөбүз. Съёмка башталгандан тартып Асек деген жигит бакырып эле аткан, бир учурда тоо жаңыртып чаңырып калды. Көрсө, карышкырлардын бири Асектин шырмалынын учун тиштеп алыптыр. Анан ээлери карышкырларды ары көздөй кубалап кетишти. А баягы Асек "өлдүм, өлдүм, карышкырды алгыла! Жардамга эле жардамга!" деп бакырып токтобойт. Аны көрүп жанатан жүрөгүбүз түшүп жүргөн биз күлкүбүздү тыя албай "ой, карышкыр бая эле кеткен, тур" деп аны өзүнө келтирип алып кайра тарта баштадык. Семиз койлорду тасма үчүн кырып салдык деп кейип жатканбыз. Көрсө, жүз кой кино үчүн атайын сатылып алынган экен. Үлгүргөнүн малчы мууздап калды, калганы ошол бойдон арам өлдү. 


Жамал Сейдакматова, Базарбайдын аялынын ролунда: "Съёмка бүткөндөн кийин денемдин баары көгөрүп аябай ооруган"

-Бул тасмада айылдык албуут, бирок ичинде кири жок келиндин образын жараткам. Күйөөсүнөн күнүгө таяк жеген эпизоддорду ойноо мен үчүн оор болгон. Тасмадагы күйөөм болуп аткарган Дүйшөн аялына ызырынып келип көңдүн арасына тоголото чапкан жери бар эмеспи. Ошол жерден чындап эле катуу чаап туруп ыргытып жиберген эле. Съёмка бүткөндөн кийин денемдин баары көгөрүп аябай ооруган. Кийин Бостон келип Базарбайды атып кеткен жеринде өлүп калган күйөөмдү көрүп өкүрүп-бакырып ыйлаган жерим бир эле дубль менен тартылган. Мындай ийгилик үчүн Дооронбек Садырбаев мага абдан ыраазы болгон. 


Айбек Жангазиев, оператор: "Карышкырлар үчүн атайын бир уй союлган"

- Бул тасманы тартууда эки камера колдонулган. Башкы оператор орус жигит Евгений Барышников биринчи камерада болчу. Мага экинчи камера бекитилген. Бул тасма үчүн Россиядан атайын он алтыдай карышкыр алынып келинген. 

Анын ичинен сегизи бөлтүрүк, калганы үч жаштан сегиз жашка чейинки карышкырлар болчу. Сегиз жаштан өткөн карышкырлар аябай эле жапайы болуп ээсине баш бербей калышат экен. Бул жаштагыларды атайын атып өлтүрүп салышат экен. Биз баш каармандагы эки карышкырдан башкасын өлтүрө бергенге уруксат алганбыз. Ал эми съёмкада Акбараны да, Ташчайнарды да өлтүргөн кадрларды башка карышкырлардынөлүк денеси менен тартканбыз. Карышкырларды камеранын үнүнө, иштеген адамдарга көндүрүү үчүн жарым айдай биз жашаган жерге жайгаштырып, тасмада иштеген топ алардын көзүнө көрүнүп ары-бери өтүп, кээде түнү туруп плёнкасы жок камераларды дарылдатып иштетип коюп жү
рдүк. Бирок биздин ар тараптан кылган мындай аракеттерибизге жаныбарлар көнбөй коюшкан. Акыры режиссёр карышкырлар үчүн бир уй сойдуртуп, тасма тартылып бүткөнгө чейин аларды ошол эттин жардамы менен багыттап бастырып тарткан элек.

 


Жаз-Айым Айдекова