Кара дубадан кантип кутулам?

Жашоодо көзү ачыктар, алар окуган оң, терс жана эң коркунучтуу болгон кара дубалар тууралуу көп эле угуп, бул нерселерге түздөн-түз катышкан адамдар менен кезигип да келебиз. Мына ошондой терс дубага кабылып калганын айткан окурманыбыз бизге төмөндөгүдөй кат менен кайрылды: “Акыркы 3-4 айдан бери башым ийне сайгандай катуу ооруйт да, анан бирөө шаштырып жаткандай уй байлаган жипти алып сарайга чуркайм. Жипти асына тургандай кылып даярдай баштаганымды көргөн үйдөгүлөр мени бир топ ирет куткарып калышты. Бул кылгандарымдын баарын өзүм билип эле турам, ал жакка мени кандайдыр бир күч жетелейт, ал күчкө каршы турганга менин эрким, күчүм жетпейт. Мындай нерсе башталгандан бери балдарымдын жүрөктөрү түшүп, жакындарым мени сак-сактап эле калышты. Күйөөм сүрөтүмдү бир көзү ачыкка алып барса, “аялыңдын душмандары бар. Ошолор аны өлүмгө окутуп койгон”, - дептир. Мен көзү ачык, кара дуба деген нерселерге таптакыр ишенчү эмесмин. Чын эле ушундай күчтөр барбы? Бар болсо мен өзүмө окутулган кара дубадан кантип кутулам?

Бул катка жооп алуу максатында “байлап берем”, “кайтарма окуп берем” дегендердин дарегин алып алар отурган жайга жол тарттым. Кирип барганымда ар бир каалганын жанында экиден төрткө чейин адамдар кезегин күтүп отурушкан экен. Кезекке туруп, көп өтпөй алтымыштардагы улгайып калган кишинин кабыл алуусунда отурдум.

– Саламатсызбы, мен кара дуба окутайын дегем.

– Эмне болду, айта бер.

– Күйөөм балдарым менен мени таштап, башка аялга үйлөнүп кетти. Аларды балалуу болбогудай кылып дуба окуп бере аласызбы? (Ичимден Кудайдан кечирим сурап, калп эле кабагымды түйүмүш болуп отурдум. Күйөөгө тие элек кыз экеним менен тиги “сыйкырчынын” иши дагы болгон жок).

– Күйөөң менен жаңы аялынын сүрөтү барбы?

– Жок, ансыз болбойбу?

– Ансыз деле болот, бирок сүрөтү болсо тезирээк таасир берет да. Мейли эми, мындай деле окуй берейин. Азыр башташ керекпи?

– Азыр баштасаңыз жакшы болмок.

– Күйөөң үйгө келип турабы?

– Ооба, балдарын көргөнгө бир жумада бир келип турат.

– Кара жибиң барбы?

– Жок, эмнеге окуруңузду билбей эч нерсе алып келген эмесмин.

– Сыртка чыксаң бурчта базар бар. Барып жапжаңы ийне жана кара жип алып кел.

 

Айтканындай кылып базардан ийне, жип алып келдим. “Сыйкырчы” ийнеге кара жипти өткөрдү да, ичинен күбүрөп-шыбырап бир нерселерди айткан соң мага кайрылып:

– Бул сапталган жип менен жолдошуң үйгө келгенде шымынын аласын же ич кийимин акырын билгизбей тигип коёсуң. Мен азыр сага кагазга сөз жазып берем, тигип жатканда ошол сөздөрдү айтасың. Андан соң эркек куурчак сатып алып, анын атын жолдошуңдун атынан аташың керек. Куурчактын жыныс мүчөсүнүн ордун ийне менен сайгылап жатканда жолдошуңдун атын атап, андан соң кагаздагы жазылган жазууну дагы бир жолу окуйсуң да, ийнени сындырып, куурчак экөөнү үйдөн алыс жерге алып барып көмүп саласың.

– Болду, ушуну менен ал экинчи аялынан балалуу болбойбу?

– Жок, балалуу болбойт. Сенден башка толтура адамга окуп бергем. Мен окуган кара дубанын таасири күчтүү.

Кара дубаны кантип окуганын  билип алган соң эми аны “жандыргычтарга” кезекке турдум. Ал элүүлөрдөн ашып калган аппак кийинген, ак жоолук салынган аял экен. Ага да калп айтууга туура келди:

– Эже, мени бирөө дубалатып койгон окшойт. Жумуштарымдын баары артка кетип, эч нерсеге көңүлүм жок болуп жатат.

Ал үстөл үстүндөгү таштарын бөлүштүрүп, анда-санда «сүф» деп коюп кобурап атты. Анан бир маалда мага карап:

– Сени эч ким окутпаптыр. Бирок жакын адамыңда кара дуба бар экен. Жолдошуң барбы?, - деди эле “ооба”, - дей салдым оозу-мурдум кыйшайбай.

– Анда ошол жолдошуңду аял киши дубалатыптыр.

– Эже, сураныч, жолдошумдун дубасын жандырып бериңизчи?

– Ал үчүн жолдошуң 3 жолу сеанска келиши керек. Биринчи күйөөңдү тазалайм, анан ага окулган дубаны кайтарам. Эртең жолдошуңду алып, аны менен кошо бир литр банкага суу, самын, кургак чай алып келесиң. Азыр кабыл алганым үчүн 200 сом берип бара бер. А дубаны жандырганым 1500 сом болот.

Айткандарынын баарына макул болуп сыртка чыктым. Эшиктин оозунда өз тагдырларын ушул адамдарга байлаган кезек күткөндөргө бир чети күлкүм келип, бир чети боорум ооруй жолума түштүм.

 

Аким Эргешов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу жана билим бөлүмүнүн башчысы: «Дубаланып калгандар көзү ачыкка эмес, молдолорго кайрылсын»

– Куранда көзү ачыктык тууралуу эскертилгенби?

– Ооба, эскертилген. Учурунда пайгамбарыбыздын душмандары анын тилин байлаш үчүн бир канча түйүмдөрдү түйдүрүшкөн. Түймөнү чет жердеги кудуктун ичиндеги кара таштын түбүнө бастырып коюшкан. Алар түймөнү бастырган күнү пайгамбарыбызга Жабраил келип ага болгон окуялардын баарын аян аркылуу сүрөттөп берет. Пайгамбарыбыз үй кызматкерин ээрчитип Жабраил сүрөттөп берген жол менен барып кудукту таап, анын ичиндеги кара таштын алдындагы түймөнү алып чыгат. Ошол түнү пайгамбарыбызга Ан-Нас сүрөөсү түшөт. Пайгамбарыбыз Кудайдын буйругу менен сүрөөнү окуган сайын улам бирден түйүн чечилет. Ошентип, түйүн чечилип бүткүчө кайталап окуй берет. Капырлардын пайгамбарыбызга кылган иштери текке кетет. Бул менен мен акыйкат жашоону жашырып, сыйкырчылык менен алектенүү адамзаттын тарыхында эчен кылымдардан бери жашап келе жатканын айткым келет. Эң кейиштүү нерсе, сыйкырчылыкты кесип кылып акча тапкандар коомубузда көбөйдү. Алардын ишин жин-шайтандар колдоп ар убак аларга жардамга келет. А шайтандар 400-500 жылдап узак өмүр сүрүшкөндүктөн сенин ата-бабаң тууралуу сыйкырчылык кылган адамга айтып, сен тууралуу толук кабар берип турат. Алар адамзаттагы болгон бузукулукту, бактысыз жашоону эңсейт жана аны жолдон адаштырууга бүт күчүн жумшайт.

– Окутуп койгонду кантип билсе болот жана анын белгилери барбы?

– Ооба, белгилер сөзсүз болот. Эгер жубайлардын ортосун алыстатуу максатында суутма дуба окуп койсо, келинчеги жолдошунун сүйлөгөнүн жактырбай, ал кылган иштерге алымсынбай, дайыма жерип жаман көрүп баштайт. Эгер үйүнө окутуп койгон болсо, адам үйүнө баргысы келбей, ага үйү суук көрүнө баштайт. Ал эми өлүмгө окутуп койгон болсо, андай адамдан өлүм тууралуу сөздөрдү уга баштайбыз.

– Дубаланып калган адам дубасын көзү ачыкка барбай кантип жандырса болот?

– Андайда адам көзү ачыкка эмес, илимдүү, билимдүү молдолорго барып абалын түшүндүрүүсү керек. Ага молдо Куранды окуу менен жардам бере алат. Ал эми ага кабылып калбайын деп корккондор анын алдын алуулары керек.

– Кантип?

– Мындан сактанып калуунун жолдору: жаман ишке аралашпоо, арам тамак жебөө, ар дайым даарат менен жүрүү, намазына бекем болуу жана терс дубалардан коргогон Курандын аяттарын окуп жүрүү. Ал үчүн Аллах пайгамбарына адам пендеси тез эле жаттап ала тургандай өтө кыска сүрөөлөрдү түшүргөн. Алар: Фалак, Ан-Нас, Ихлас сүрөөлөрү жана Аят аль-Курси. Буларды таңкы намаздан жана кечки шам намазынан кийин бир күндө эки жолу окуп, анан колубузга үйлөп туруп денебизди сүртүп коюшубуз керек. Аны окуган соң бизди жамандыктардан коргогон чеп пайда болот да, терс дубалар тийбейт.

– Мындай иштер менен алектенген көзү ачыктарды эмне күтөт?

– Көзү ачыктарды тиги дүйнөдө эң оор азап күтөт. Себеби сыйкырчылык “Кудайга каршы чыгуу” дегенди билдирет. Көзү ачыктык кылып өзүн туура эмес жолго салгандан тышкары адамдардын жашоосуна келтирген зыяндары үчүн оор тагдырга кабылат. Бир гана көзү ачыктар эмес, ага ишенип барган, кара дуба окуткандардан Жараткан Аллах ар бир кылган иши үчүн эсеп алат, азап берет жана аны узак азаптуу отко калтырат. Тилекке каршы, карапайым элге бул ишти түшүндүрө албай келебиз. Көзү ачыктык кылгандарга мамлекет мыйзам чегинде тыюу салып койсо эң сонун болмок.

 

 

Даткайым ДОСМАТОВА