Уланбек: “Баш-аягы жок желеден чыга албай калбадымбы...”

Баш айланткан көз ирмемдик жыргалга азгырылып, кумар оюндарына, аракечтикке, эң  коркунучтуусу баң гизатка баш-оту менен берилип кеткендердин көбү артка кайтууга кеч болуп калганда эсине келип бармактарын тиштешет. Бирок ал учурда кетирген катасын оң домок турсун, өкүнүүгө мүмкүн болбой каларын ушул кадамга барып жатканда билишсе эмне, атаганат. Баш айланткан кумардын тузагына түшүп, бирок чыгууга кеч болуп, учурда өзүн жектеп жүргөн Уланбектин баянынан кийин ушундай жыйынтыкка келдим. Жаш туруп кышылдап дем ала албай кыйналып турган каарманым башынан өткөргөндөргө кайрылып өткөн өмүрүнө бир чабыттап келди.

 

“Кайрылгыс баёо балалыгым”

– Мен азыр болгону отуз сегиз жаштамын. Эң  жакшы деген үй-бүлөнүн тун баласы болгондуктан эрке, анан ишенчээк болуп чоң ойдум. Шаарда төрөлүп, орус класста окудум. Ата-энем элге башы көрүнгөн, учурда да мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген кадыр-барктуу инсандар. Ошондуктанбы, балалыгым өзүм тең дүү балдарга караганда бир топ өзгөчөрөөк өттү десем да болот, анткени кийимдин мыктысын, тамактын даамдуусун жеп чоң ойдум. Бүлөнүн улуусу мен эле эмес, иним да, карындашым да ачка калуу, акчанын кайдан келери тууралуу кабарыбыз жок болчу. Ата-энебиз үчөөбүздү тең  билимдүү кылып университетте окутту. Башка балдар сыяктуу эле келечек тууралуу таттуу кыялдарды кыялданчумун, тилектерим көп болчу. Ошол жакшы ойлорумду кара туман каптап, баң гизаттын даамын татып алып бул баш-аягы жок желеден чыга албай калбадымбы... Магнитофондогу кассета акырындап түрүлүп олтуруп кандай аяктаганын сезбей калгандай эле абалда болдум. Баң гизатка көз каранды болгон каргашалуу сааттан баштап өмүрүм бир татым кумарга гана байланып түрүлүп олтуруп минтип жаш кезимде түгөнүп калдым.

 

“Тузакка түшкөнүмдү билген эмесмин”

– Алгачкы каргашалуу кадамым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Онунчу класста окучумун. Бул куракта өзүң дү эр жеткен каадалуу адам көрсөткүң  келип, баарына акылың  жетип, баары колуң дан келип тургандай, бирок аны улуулар байкабай жаткандай сезилип, анан ошондой кудуретиң ди далилдегиң  келген бир ажайып ачылган учуруң  болот тура. Айрыкча бул куракта жаның да акчанын көп жүргөнү сени ар кандай кадамга түртөрүн биз эмес, ата-энелер элес албай калганы жаман экенин азыр баамдап кейип отурам. Менде кичинекейимден эле акча көп жүрчү. Ошол күнү сабактан кайтып баратып эки жыл мурун биздин мектептен бүтүп кеткен эки-үч баланы жолуктуруп калдым. Биздин үй “Дружба” паркынын жанында болчу. Тигилер “жүрү, паркта бир аз олтуралы” дешти. Колдорундагы баштыкта пиво, арак, жегенге майда-чүйдөсү бар экен. Паркка келип арак, пиво ичишти, мага да куюп беришти. Тамеки да чектик. Ошол учурда чоң ойгонумду далилдегим келип аз-аздан тамеки чеккенди үйрөнүп жүргөм. Бул олтурганыбыз, айрыкча тамеки тартуу мага абдан жакты, башым жепжең ил тартып, ичим кызып, жашоо жыргал сезилди. Көрсө, балдар мурда эле тамекиге кара куурай кошуп даярдап алышкан экен. Атамдан айбыгып коркчумун. Кызуу болсом да ушундай абалда үйгө баруудан тартынып паркта бир аз уктап эс алып, анан келдим. Кандай абалда келгенимди үйдөгүлөрдүн эч кимиси байкаган жок. Ошол күнү кайра кайткыс жолго кадам таштап жатканымды, чыга алгыс тузакка түшкөнүмдү билген эмесмин. Ал учурда жигиттиктей сезилген мындай көң үл ачуулар бат-бат кайталана берди. Кээде паркта эмес, шаардын четине барып чекчүбүз.

 

“Алгач сыйлуу конок, андан кийин кул болосуң ”

– Наша тартканга караганда сайынган күчтүү болот. 1996-жылы апийим 40 сом болчу. Оболу тамекиге кошуп тартып жүрүп бара-бара сайынганга өттүм. Сайынуу алгач жаккан жок, экинчи жолу бир аз жакшыдай сезилип, үчүнчүсү жагымдуу боло баштады. 0,5 грамм баң гизат эки-үч киши бир жолудан айлантып сайынганга жетет. Баң гилер муну “ляп” деп коёт. Сайынган учурда жагымдуу, жылуу толкун денең е акырындап тарап, ошол толкундун деминен баары унутулуп, жашоо жыргал болуп 6-7 саат “кайф” кармайсың . Алгач мындай “кайф” кармоо көпкө созулса, кийинчерээк 1-2 сааттан кийин тарап, кайра издетип баштайт. Ошондой жыргалдын көпкө созулуусун самап, ошондон улам сайына турган ченемиң  да өсө берет. 2,5 миллиграмм “передоз” деп аталат. 5 миллиграммдык шприцти толугу менен сайынганда ооздон көбүк чыгып, тилиң ди чайнап, жүрөгүң  да токтоп калышы ыктымал, анткени бул жогорку ченем. Мындай сайынуудан соң  бир күндө араң  эсиң е келесиң . Баң гизат денең ден тарап өзүң ө келе баштаганда кайрадан сайынбасаң , сөөктөрүң дү шашпай кайрып сындырып жаткандай жаның  көзүң ө көрүнүп ооруп, чучугуң а чейин зыркырайт. Андайда кадимкидей өзүмө окшош сайынган адамдарды, наша саткан жерлерди издейм. Жан айлаң ды издеп карайлаган мындай учурда наша да оң ой менен табыла койбойт, табылса да алгач аралашкандагыдай сыйлап “кел, кел” дешпейт, жалдырасаң  да бекер беришпейт, тескерисинче, таптакыр чыга албай калган абалга жеткенде “бизге наша саткан жерлерди таап ташып берип тур” деп сатууга, курьер болууга мажбурлашат. Ошондо дайым ушинтип эле сыйлап турушат го деген оюң дун бырын-чырыны чыкканын, азыр сени башкалар эмес, дос деп санаган адамдар катарга кошпой калганын билесиң . Ошентип, кулга айланасың . Айрымдар крим дүйнөгө аралашып кетишет. Буга азгырылуу алсыздык эмес. Наркомандардын кесепети опол тоодой таасир берет. Баң гизаттарды колдонгон кыздар да жок эмес. Жаштардын көбү “Экстази” деген таблеткаларды колдонушат, бир таблеткасы 50 доллар, Орусиядан алып келинип сатылат. Ал энергияны көбөйтүп, организмди эки эсеге иштетип салгандыктан аны жыттап алган соң  адам өзүн жоготуп, дайыма кыймылды каалап, бийлеп, каткырып өзүнө ээ боло албай калат. Тараган соң  шалдырап жатып калышат. Бул синтетикалык наркотик деп аталат. Мындайды көпчүлүк эле ата-энеси жакшы кызматтарда иштеген, бизнесмен, чиновниктердин балдары колдонушат.

 

“Иним баңгиликтен каза тапкан”

– Баң гизат деген кара желе мени эле эмес, инимди да чырмап алган болчу. Иним милиция кызматкери болуп жашынакай иштеп жүрүп баң гизаттын даамын татып алып кийин өкүнүп жүрдү. Тилекке каршы, токтото алган жок. Анын сайынганын баарыбыз билчүбүз, ата-энем да инимди ордуна келтире алышпады. Баң гизатты бир шприц менен бир топ киши сайынгандыктан иним кан аркылуу сарык илдетин жуктуруп алган. Болгондо да инфекциянын оор формасы денеге чейин тарап кеткен. Алматыдан боорун ордуна келтириш үчүн ата-энем бир жумада 12 миң  сомго, бир айда 4 жолу 48 миң  сомго дары куйдуруп көрүштү. Эч кандай тыянак чыккан жок. Кийин иним Бишкекте Наркологиялык ооруканада жатканда иштөө үчүн Алматыга баратып учурашып кеткем. Көрсө, ошондо акыркы жолу көрүшкөн экенбиз. Ошол депрессия шылтоого шынаа болуп сайынганды күчөттүм, аялым менен ажыраштым. Бир кызым бар, биз түшүнүшүп эле ынтымакта ажырашкандыктан учурда алар менен байланышып турам. Аялым, кызым чеккенимди эле билишет, сайынганымдан кабарлары жок. Турмушумдун бузулганына бир гана өзүмдү күнөөлөйм. Ата-энемдин азыркы ишенгени бир гана карындашым болуп калды. Турмушка чыга элек, элчиликте иштейт. Менин кыйбас жакын, акылдуу, классташ досторум бар. Алар арак, пиво ичишкени менен наркотикке жакын эмес. Менден качпастан моралдык жактан жардам берип акылдарын айтышат. “Ушунуң ду токтот” деп мени алаксытыш үчүн жумуштарын таштап коюп, жайкысын көлгө чейин алып барышат. Кээ бирөө ур-токмокко алып сабаса да бул нерседен чыгуу мен үчүн кыйын болуп калды.

 

“Апам кыйналганымда түтпөй кетип 1 грамм сатып берет”

– Акыркы үч жылдан бери дайыма сайынгандыктан ата-энемди абдан кыйнадым. Алар бул жаман дарттан арылуум үчүн болгон аракетин жумшап жакшы эле дарылатышты. Ошол учурда таштагым келет, бирок эси-дартымдын баары баң гизатта. Сайынгандан да “акыркы жолу бир сайынып алсам” деген ой көбүрөөк кыйнап башымдан чыкпай туруп алат. Бирок акыркы жолу деген ой улам кийинкиге жылып, аягы көрүнбөй койду. Эрким жетпейт, ойлоном, жарылгым келет. Алаксыйын деп наша чегип, пиво, арак ичем, “кайф” ала албайм. Ата-энем баң гизат издей баштаганымды сезип калса байлап же үйгө камап коюшат. Атам таарынып, мени менен сүйлөшпөй, ушул дарттан кутултам деп аракет да кылбай калды. Күдөрүн үзбөгөн жалгыз апам, ал дагы эле оң олорума ишенип, ошол үмүт менен жашап жүрөт. Кээде жаным кыйналганда түтпөй кетип атамдан жашырып "700 сомго 1 грамм сатып ал" деп акча берип көз жашын көлдөтөт. Андайда мени ушул тозокко түрткөндөрдү да, баң гизат деген тири шумдукту ойлоп тапкандарды да жер-жеберине жеткире каргап ыйласа жанында тура албай кетем, бирок апамдын көз жашы менен шорунан менин каалоом күчтүү болуп айлам куруйт. Апамдын көз жашы кошулган тамчы азапты 3-4 күнгө жеткирүүгө аракеттенем. Жакында эле ата-энем дарылоо курсуна миң  доллар төлөп дарылатышты. Ж. Назаралиевдин клиникасына барайын десем, ал жакта 40 күндүк дарылоо курсу 5 миң  доллар экен. Баң гиликтен кутулуп, толук дарыланып чыксам дегенде эки көзүм төрт. Анткен менен үзүлгөн жип кайра мурункудай уланбайт тура. Айла жок, башыма түшкөн тагдыр ушул экен деп баш ийип калдым.

 

“Саналуу гана күндөрүм калганын сезем”

– Мен үчүн калган өмүрүм мунарык. Мени деле инимдей кылып ушул азгырык алып тынарын билем. Саналуу гана күндөрүм калганын сезем. Эми мага баары бир. Кайрадан баягы жапжаш, дени сак Улан боло албайм. Кээде сай сөөгүм сыздап жаным кыйналганда ажалдан деле коркпой, тескерисинче, самап, ушундан көрө өлүп тынсам дейм. Менин ажалым бүгүн болбосо да эртең  алдымды ачык эле тооруп чыгат, мындан күмөнүм жок. Баң гизат деген тирүүнүн тозогунун азабын жон териси менен сезген, жашоодо ордум жок калган, канчалык жашагым келсе да жашай албаган адам катары айтарым, бардар ата-энелер балдарына көп акча бергендин ордуна ошол акчаны балдарынын билимине, тил үйрөнүүсүнө жумшаса. А жаштар ата-эне берген жең ил акчага кутуруп наркотикалык заттарга кызыгышпаса дейм. Бул арты жар, алды туң гуюк жолго таптакыр түшпөй, бир жолу да татышпаса. Себеби баары бир жолудан башталат да, бул азгырык адамдын жашоосуна бүт өмүр көз ачырбаган бороон-чапкынды алып келет.

 

 

Айназик РАИМКУЛОВА