Богок оорусу эс тутумду начарлатат

Йод жетишсиздигинен пайда болуучу оорулардын ичинен богок оорусу жыл санап көбөйүп жатканын дарыгерлер айтып келишет. Бул ооруну убагында дарылоо зарылдыгын эскертүү менен бирге богоктун алдын алуунун жолдоруна жана анын пайда болуу себептерине токтолобуз.

 

Богок оорусу

Йод – аба, суу, тамак-аш аркылуу калкан безине барып анын иштешин жөнгө салып туруучу маанилүү минерал. Негизинен калкан бези нормалдуу иштеп турганда Т-3, Т-4 деп аталган гормондорду бөлүп чыгарып организмдин зат алмашуусун, кан тамыр жана мээ системасынын иштешин, ошондой эле башка эндокриндик гормондордун ишин жөндөп турат. Богок калкан безинин ишинин бузулушу, тактап айтканда, йоддун жетишсиздигинен пайда болот. Мындан тышкары айрым учурларда кайсы бир дары-дармектердин дагы таасири тийиши мүмкүн. Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан cуулар мөңгүлөрдөн агып келет. Алар жер кыртышындагы йодду жууп кетет да, абада, сууда, жер-жемиштерде йоддун өлчөмү азаят. Дал ошол бийик тоолуу климаттык-географиялык шарт йоддун азайышына себеп болот.

 

Богок оорусунун түрлөрү жана белгилери

Эндемиялык богок. Богок оорусунда адамдын калкан бези жабыркайт. Аны аныкташ үчүн калкан безинин көлөмүн текшерүү зарыл. Ал УДИ (ультрадобуштук изилдөө) жолу менен аныкталат. Норма боюнча аял кишиники 18 см3ге чейин болсо, эркектердики 25 см3ге чейин болушу керек. Бул көрсөткүчтөрдөн жогору болсо, ал эндемиялык богок деп аталат.

Шишиктүү богок. Сыркоологон адам бул учурда муунуп калгандай абалда болот, эс тутуму начарлайт, шалдырап алы кетет. Аялдардын айыз цикли бузулат. Мында калкан безинин абалы лабораториялык жол менен аныкталат. Эгер текшерүүдө калкан бези чоңойбой эле, бирок шишик бар болсо, ал шишиктүү богок деп аталат. Богоктун бул түрүндө калкан безинин ишин өзгөрткөн жана өзгөртпөгөн учур кездешет. Шишиктин көлөмү 1-3 саниметрге чейин болсо, операциясыз дарылоого болот, ал эми 3 сантиметрден жогору болсо, ыкчам хирургиялык жол менен дарылоо аракеттери көрүлөт.

Тиреотоксикоз. Мында калкан бези өз нормасынан көбүрөөк гормондорду бөлүп чыгара баштайт, оорунун негизги белгилери – адам арыктайт, терчил болот, жүрөгү тез-тез кагып, денесин майда калтырак басат, көзү чакчайып чанагынан чыгайын деп калат, уйкусу качат. Бул учурда эндокринологдун көзөмөлүндө болуп дарыланыш керек. Бул түрү өтүшүп кетүүсү менен коркунучтуу, жүрөк ооруларына алып келет.

Гипотиреоз. Калкан бези өз нормасынан аз көлөмдө гормон иштетип чыгарып калат же иштебей калат. Оорунун белгиси – адамды шишик басат, кыймыл-аракети жайлап, адаттан тыш уйкусурап, жай сүйлөп калат. Кээ бир учурларда оору байкалбастан өнүгө берет.

 

Шаардык эндокринологиялык диспансердин врач-эндокринологу Кайыргүл Жоошпаева: «Богок оорусу жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет»

– Богок оорусунун алдын алууга болобу?

– Тузду дайыма колдонобуз. Бирок бардыгы йоддолгон туз деп кепилдик берүү кыйын. Андыктан йоддолгон туздарды пайдаланууга аракеттениш керек. Туздун курамындагы йод учуп кетпеши үчүн тузду жабык идиштерде сактап, тамак бышарга 10-15 мүнөт калганда гана кошуу керек. Айрымдар богоктун алдын алуу максатында йод кошулмасы бар дарыларды ичишет. Бул таптакыр туура эмес. Мүмкүн, ал адамга йод караманча кереги жок. Дарыны анализдердин жыйынтыгын изилдегенден кийин зарыл болгон учурда гана дарыгер сунуш кыла алат. Муну эстен чыгарбоо керек. Андан тышкары деңиз азыктарынын курамында йод көп болгондуктан деңиз азыктарын, балыкты көбүрөөк колдонууга аракеттенишибиз керек.

– Кош бойлуу аял богок оорусунан жабыркаса, баласына терс таасирин тийгизбейби?

– Кош бойлуу айымдар жана баланы пландаштырып жаткандар эндокринологго кайрылып текшерүүдөн өтүп, йод кошулмасы бар же башка тийиштүү дары-дармекти дарыгердин көзөмөлү менен ичүүсү шарт. Эгерде мындай режим сакталбаса, оору байкалбастан жүрө берип бала тубаса майып болуп, болбосо убагына жетпей төрөлүп калышы мүмкүн.

– Богок экенин билген соң аны үй шартында дарылай берсе болобу?

– Учурдан пайдаланып эскерте кетсем, богокту үй шартында элдик ыкма менен дарылоого болбойт. Анализдер менен текшерүү эндокринолог тарабынан гана сунушталып, анын көзөмөлү менен дарт аныкталып, андан соң гана дарылоо башталат. Эң биринчиден, эндокринолог колу менен калкан безди кармалап, бармак менен текшерип көрүп, андан ары тийиштүү дарт аныктоо жолдору менен богоктун кайсы түрү менен ооруп жаткандыгын аныктагандан кийин гана кандай дарылануу керектигин айтабыз.

Богоктун эндемикалык түрү жайкысын күч алат, себеби адам көлгө түшүп күнгө кактанганда ачык моюнга күндүн нурлары тийип, анын таасиринен жүрөк бат-бат согуп, дем кыстыгып кышылдап калышат. Ар кандай жугуштуу оорулардан кийин богок бези сезгенип калышы да ыктымал. Андайда кол тийгизбей оорутат. Бул дарт менен жапа чеккендер моюн орогуч тагынып, шляпа кийип, кыскасы, күндөн качуулары керек. Көлгө түшүп келген соң көлөкөдө гана олтуруу зарыл. Аларга талаа жумуштарында иштөөгө да таптакыр болбойт. Тамакка табит тартпай, көйнөктүн жакасы муунтуп жаткандай абалда болуп, дем алууда кыйынчылык жаралган маалда сөзсүз түрдө эндокринологго кайрылуу керек.

– Оору күчөп кеткенде кандай зыян алып келиши мүмкүн?

– Жүрөк-кан тамыр ооруларына, аялзатынын репродуктивдүүлүгүнө, эс тутумдун начарлашына жана бардык органдарга терс таасирин тийгизет.

 

 

Даткайым ДОСМАТОВА