Нурзат Токтосунованын апасы Бүбүш апа: «Нурзат бала төрөп үйдө эле олтурса болмок»

Апа - кандай ыйык зат. Баласы кубанса кошо кубанып, кайгырса кошо кайгырып, ооруса андан эки эсе ооруган ушул гана адам. Ал эми баласынын ийгилигине күбө болсо, өзүн бактылуудан-бактылуу сезет. Мына ушундай энелердин бири - Нурзат Токтосунованын апасы Бүбүш апа. Апаны маекке тартканыбызда кенже кызы Нурзат тууралуу кубануу менен кеп салып берди.

– Апа, Нурзаттын бала кези эсиңизге көп түшсө керек?

– Албетте, Нурзат кенже кызым болгондуктан балалыгы көз алдыма дайыма тартылып турат. Кызым кичинесинде абдан зирек эле, тыпылдап сүйлөп, бир нерсени туура эмес кылып алсам «апа, ал мындай болот да», - деп тууралап турчу. Ал уйкудан тура электе бир жакка кетип калган болсом издеп жөнөчү. Эшик тарс этсе эле чочуп мага жармаша калчу эле. Бир ирет жүрөгүн көтөрүп коёюн деп таңдайына колумду салсам абдан чуңкур экен, чочуп кеттим. Карылардан сурасам «кызың чечен болот» дешкен. Бирок мен ал тууралуу эч кимге айтчу эмесмин.

– Мектепте алдыңкы окуучу болгон болсо керек?

– Ырас, мектепте эң алдыңкы окуучу болчу. 7-классынан баштап окуучулар арасында президент болду. Мектепке текшерүү келген кезде мугалимдердей болуп тикесинен-тик туруп иштеп үйгө кеч келчү. Мугалимдери «Нурзаттай иштеген президент жок. Азыркылар эч нерсе жасабайт» деп айтып калышат. Олимпиадаларда дайыма алдыңкы орундарга ээ болчу. Ал жактан ар тарапка эс алууга жолдомо алып келип, эс алып эле жүрчү. Мектепти аяктарда да район боюнча сынакта 1-орунду алыптыр. Ошондон кийин Ататүрк-Алатоо университетинен окууга чакыруу кагазы келип, аны облус боюнча Нурзатка берүүнү чечишиптир. Жолдомону карасак окуу акысы абдан эле кымбат экен. Мен абышкама, балдарыма: «Окуу акысы чоң экен, бир жылкыны сатып бир жыл окутуп, анан олтуруп калабызбы?» - десем, Куйбышевдеги борбордук окуу жайды бүткөн балам: «Мындай мүмкүнчүлүк оңой менен келбейт, тобокел кылып окуталы», - деди. Нурзат чакыруу менен эч кандай сынагы жок келип окууга кирип калды. Айылда орус тили, англис тили деген кайдан, кызым тыңдыгынан эле баарын өздөштүрүп окуп кетти. Ошол учурда кызыма учурашканы келген сайын түнү бир аз уктап, кайра туруп окуп атканын эле көрчүмүн. Түнү менен жарык өччү эмес. Ошентип жүрүп дипломун алып, бирок кесиби менен иштебей, алып баруучулукка ооп кетти.

– Нурзатты теледен алып баруучу катары көргөндө кубандыңыз беле?

– Азыр ойлосом, эски кишилер көп нерсени түшүнө бербейт экенбиз. Нурзатты алгач теледен көргөндө кубанмак кайдан: «Кой, телеге чыкпа. Артист болуп кетесиңби? Килейген дипломду алып алып эмнеге телеге чыгасың, эл эмне дейт, уят. Өз кесибиң менен иште», - деп каршы болгом. Шаардагы эжелерине айтып бир-эки айча телеге чыгартпай койгом. Нурзат көгөрүп: «Телеге чыгам, ансыз жашай албайм», - деп ыйлап, эжесин ортомчу кылып жатып мени көндүрүп кайра телеге чыгып алган.

– Азыр кандай карайсыз?

– Жакшы эле, Нурзат бизге чалып: «Баланча убакта теледен чыгам», - деп айтып коёт, жаным калбай эле кубанып көрүп калам. Мага Нурзаттын алып барганы жагат. Кыйшаңдабай, түз олтуруп, орундуу сүйлөп жакшы алып барат. Теледен жөн эле көрүп тим болбой, кызыма ар кандай кеңештеримди берип, мурунку убактагы теле алып баруучуларды мисал кылып айтып турам. Теле алып баруучу деген зыңкыйып олтуруш керек, азыр «Замана» берүүсүндөгү алып баруучу кыз менен бала болбогон сөздөрдү сүйлөшүп, ойноп олтурушат. Канчалаган эл көргөн теледе андай кылган туура эмес да.

– Жумушуна байланыштуу түнү да жүрүп калат эмеспи, бул нерсе сизди чочулатпайбы?

– Чочулайм, жаман ойлорду ойлоп жүрөгүм ооруйт. Автоунаасын коюп, үйүнө тынч кирип кетсе экен деп тилей берем. Бишкекте жүргөнүмдө көз алдымда болуп кичине санаам тынчып калат. Айылда болсом Нурзат кайсы жерде жүрөт болду экен деп сарсанаа боло берем. Өзгөчө ар кандай терс окуяларды укканда жанымды коёрго жер таппай калам. Аман жүрүшүн тилеп эле олтурам. Жашоодо көрө албастар, бут тоскондор болот турбайбы, ошолордон алыс болсо дейм. Мага дайыма чалып турат, эгерде чалбай калса санаам тынбай мен чалам.

– Башка балдарыңыздан кандай өзгөчөлүгү бар?

– Нурзатым абдан жароокер. Бир жери ооруп турабы, же ишинде кыйынчылык болобу, мага такыр айтпайт. Мени аяп жүрөгү оорубасын дейт окшойт. Дайыма күлүп, жакшы маанайда турушумду каалайт. Көкүрөк күчүк кенже кызым болгонгобу, мага кичинесинен абдан жакын. Эгерде шаарга 1-2 айга келбей калсам «апа, сагындым» деп өзү жетип барат. Мен шаарга келген сайын дайыма койнума жатып, жанымдан чыкпайт. Кой дегениме болбой ар нерсе алып бере берет.

– Кызыңыз үчүн көз жашыңыз да төгүлсө керек?

– Нурзат 2-курста окуп жүргөндө көкүрөгүнүн алдына сөөк өсүп кетиптир. Дарыгерлер көрүп “мындай нерсе чанда кездешет” деп операция жолу менен алышкан. Ошондо акылымдан адашып коркуп, көз жаш төккөм.

– Азыр сизди жеке жашоосу көп ойлондурса керек?

– Албетте, кантип ойлондурбай койсун. Нурзат күйөө балам Бакытка турмушка чыкканда жакшы куда-сөөктүү болуп кубанганбыз. Кудалар бизди абдан сыйлап, Нурзатты кызындай эркелетишсе жүрөгүм жылычу. Тилекке каршы, экөөнүн жашоосу болбой калды. Нурзат бала төрөп үйдө эле олтурса болмок, болбой теледе иштеп жүрбөдүбү. Мен ага: «Үй-бүлө биринчи орунда турат, бала-чакалуу болгула», - деп айтчумун. Бакыт жумшак бала эле, эч нерсе дей албады. Ошентип, Нурзат чыгармачылыкты тандап кетти. Азыр үйү, автоунаасы бар, баары жетиштүү, үй-бүлөсү жок. Ушул арман болуп калды.

– “Турмушка чык” деп айтасызбы?

– Айтып эле жатам. «Ылайыктуусу болбосо, кайдан чыгам», - дейт. Эми Жараткан берерин унутпасын деп тилеп жүрөм. Сегиз балам бар, баары үйлүү-жайлуу. Мени Нурзат гана ойлондурат. Анын жолдошун, балдарын көрүп санаам тынчып калса дейм.

– Тамак жасаганды билеби?

– Баарын билет, бирок жасабайт. Азыр үйүндө небере кызым бар, тамагын ошол жасайт. Бир студент кыз таап алыптыр, ал кийимин иреттеп, үйүн жыйнап берет экен, ага акчасын берип турат. Кыскасы, кызым жашоосуна тың.

– Нурзаттын ата-энеси кандай адамдар экенине кызыккандар арбын…

– Мен үй кожойкеси болуп сегиз баланы төрөп-чоңойттум. Балдарыма карап бала бакчада иштедим. Азыр болсо пенсиядамын. Жашым 75тен 76га карады. Балдарымдын сыйын, небере-чебере көрүп бактылуумун. Нурзаттын атасы болсо колхоздун жумушчусу болчу. Балдарга бир катуу сөз сүйлөбөгөн өтө ак көңүл адам. Балдарын «жөн кой, акылына келет» деп жүрүп эркин өстүрдү. Азыр 81 жашта, тың, айылда кыбырап жүрөт. Атасы да, апасы да сүйлөөк эмеспиз, Нурзат кимди тарткан, билбейм.

 

 

Алия Даниярова