Ширин Абдрахманова:"Эки байбичеси кара кийип, кан жутуп үйдө атамды жоктоп отурушат"

Күү атасы Нурак Абдрахмановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтуусу кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу болуп, кыргыз искусствосунун бир капшыты эңшерилип калды. Улуу күүлөрдү жараткан залкар инсан ушул күнгө чейин эл арасында кадыр-барктуу болуп келген болсо, бүгүн жана мындан ары да дал ушундай таасирдүү касиетин жоготпой эли менен бирге жашай берет. Нурак ата тууралуу эскерүүбүз кызы Ширин айым менен бирге болмокчу.

- Атаңыздын арты кайырлуу болсун. Нурак атанын үй-бүлөсү гана эмес, кыргыз эли үчүн да чоң жоготуу болду. Атанын үйдөгү орду бош калганы абдан эле сезилип жатса керек? 

- Биз атамды жанына караганда теледен көп көрчүбүз. Анан да чет мамлекеттерге көп чыкчу. Чынын айтсам, атамдан ажыраганыма азыр деле ишене элекмин. Көп учурда мага атам алыскы мамлекетке кеткен сыяктуу сезилип, убактысы келгенде келет да дегендей ой болуп кетип жатат. Атам Байтик айылында турчу. Биз дайыма барып акыбалын сурап, кеңеш алып, күүлөрүн угуп келчүбүз. Азыр ал үйгө баруу чындыгында мага оор. Анткени мени күлмүңдөгөн жүзү менен тосуп алуучу атам жок. Азыр ал үйдө эки байбичеси кара кийип, кан жутуп атамды жоктоп олтурушат.

- Ата эки үй-бүлөсү менен тең жашачу беле? 

- Албетте, атам эки жакты тең карачу. Бизге ушул суроону кызыгуу менен көп беришет. А бизге эч кандай деле өзгөчө нерсе туюлбайт. Мен улуу байбичесинин кенже кызымын. Менден улуу 6 бир тууганым бар эле, бир агамдын көзү өтүп кеткен. А экинчи апамдан үч иним, төрт сиңдим бар. Атамдын экинчи байбичесин элге түшүнүктүү болуусу үчүн гана "экинчи апа" дебесем "апа" деп эле айтам. Ал апамдан төрөлгөн бөбөктөрүм да менин апамды "апа" дешет. 

- Нурак ата эмне оорудан жабыркады? 

- Атам аз убакыт мурун инсульт болгон. Андан башка ашказан, жүрөк оорулары бар эле. Чындыгында атам канча оорусу болсо дагы кыргыздын бир жакшы сапаты менен сурагандарга "жакшымындан" башканы айтчу эмес. Бизге деле "жакшымын" десе атам өлбөчүдөй көрчү экенбиз. Айла жок, узакка оорубаса дагы аз убакыттын ичинде оору алсыратып, анан арабыздан алып кетти. Баарынан да ичим күйгөнү удаа-удаа болуучу шакирттеринин жана кичи мекени акталаалыктардын концертине катышмак эле. Экөөнүн тең сценарийлери атам үчүн ылайыкталып жазылган болчу. Тилекке каршы эки концерт тең атамдын жаркын элесине арналып, аза күтүү маанайы кошулуп калды. Бул тууралуу ойлонгон сайын көөдөнүмдөн муң ташып чыгып жатат. Ак -Талаалыктардын концертине атам экөөбүз тең катышмакпыз. Анан атам өтүп кеткен соң кыркылыгына чейин менин ырдап чыгуум туура болобу же жокпу деген суроо болуп калды. Эки апам жана агаларым менен кеңешсем катыша берүүмдү айтышты. Анын үстүнө атам ооруп жатканда концерт тууралуу сүйлөшкөнүбүздө менин ырдай турганыма абдан кубанган. Демек, атам мага өзү уруксат берген деген бүтүмгө келдим да, атамдын ырларын аткарып чыктым. 

- Ата качан жаңы бүлө күтүп, сиздердин жаныңыздардан качан кетти эле? 

- Башынан айтып берсем, экинчи апам менен менин апам Ак-Талаада бирин-бири таанып эле жүрүшчү экен. Атамдын иши менен экинчи апамдын иши бир мекемеде болуп, таанышышыптыр. Кийин экөө бирге болууну чечкенде менин апам түшүнүү менен эле атамды ал апам менен шаарга узаткан экен. Ал маалда мен апамдын боюнда болчу экенмин. Ошол кезде кызганыч сезимдери, таарынычтар болгон чыгар. Бирок андай кепти апамдан дагы, ал кезде эс тартып калган менден улуу бир туугандарымдан дагы ушул кезге чейин уккан эмесмин. Мен болгону апамдын "биздин тукумда сүйүүгө кыянатчылык кылгандар болгон эмес" дегенин угуп келем. 

- Төрөлө элек кыз болсоңуз, анда атаңызды кеч көрдүңүз беле? 

- Мен төрөлгөндө аяш аталарымдын эс тартып калган кыздары менин атымды кинодогу каармандын атынан Лариса деп коюуну сунушташыптыр. Бирок ал ысымга биротоло токтоло албай турушкан маалда атам барыптыр. Мен төрөлөрдөн эки ай мурун атам менен экинчи апам тун наристесин көрүшкөн экен. Анан атам апам көз жарганын угуп айылга келип мени көргөн соң "абдан таттуу кыз экен. Ширин балам ушул кыз болду. Аты Ширин болсун" дептир. Ошентип мен атамдын ширин кызы, эки апамдын эркеси болуп чоңойдум. Кийин экинчи апам көз жарып, биз жаңы бөбөктүү болгон сайын апам шаарга келип бала көрүп кетчү. 

- Бир туугандар бири-бириңиздер менен жакшы катышасыздарбы?

- Ооба, он төрт бир тууган болуу эң сонун. Улуулар кичүүлөрдү колдоп, кичүүлөр улууларды сыйлап турабыз. Колубуздан келишинче баарыбыз бири-бирибиздин жакшылыктарыбыздан калбайбыз. Бирок биз абдан көп болгондуктан, шаардагылар чогулсак айылдагылар келе албай, же тескерисинче шаардагылар айылга бара албай калып баарыбыз чогуу болуп көргөн эмес элек. Атамдын 60 жылдык мааракесинде баарыбыз бирге сүрөткө түшүүнү абдан пландаганбыз. Бирок анда дагы бөбөктөрүм кафеге барбай калып ал оюбуз ишке ашпай калган. Жаманы, баарыбыз улуу-кичүү дебей, жердин алыс-жакынына карабай атамды жоготуп алганда чогулуп, атамсыз ыйлап турдук. Баарыбыздын башыбыз атамдын жаманчылыгына келип бириккенине абдан өкүндүм (ыйлап). 

- Нурак ата айылына канча убакта бир барып турчу эле? 
 
- Эсимде, мен кичине кезде атам менен экинчи апамдын айылга келе жатканын уккандан баштап баарыбыз чарпылып калчубуз. Апам баш болуп конок күтүүгө камынып, бизде майрамдык маанай болуп калчу эле. Бир келген соң жакшы эс алып кетишсин деп баарыбыз уюшуп алып Соң-Көлгө чейин барып келчүбүз. Анан да айылдан мектепти аяктаганыбызда апам шаарга атамдыкына салып ийчү. Бул жактан атам менен экинчи апам кимибиз келсек ошонубузду тосуп алып, бүт иштерибизди бүтүрүшчү. Маанилүү иштери чыкканда апам дагы шаарга келип атамдардыкында жүрүп кетчү. Мисалы, мен турмушка шаардан экинчи апамдын колунан узадым. Эки апам той камын бирге көрүштү. Экинчи апам үй ээси катары кайын журтумду тосуп, узатып, канынан жаралган кызына күйгөндөй эле чуркады. 

- Апаларыңыз атага таарынып калышкан учур болчу беле? 

- Ооба, негизи эле чыгармачыл адамдар ишке жок болушат эмеспи. Атамда дагы андай сапат бар болчу. Андайда апаларым бири-бирине арызданып калышчу. Антип атамдан күнөө кетип калган маалда эки апам кеңешип алып туруп атама эскертип коюшчу. 

- Ата эки байбичелүү, көп балалуу адам катары белек берүүгө кандай эле? 

- Атам чет мамлекеттерге чыккан сайын ырым кылып баарыбыз үчүн белек ала келчү. Эки байбичесинин бирине алып келип, бирин калтырып коюу деген атамда жок болчу. Кыздарына өзүнчө, эркек балдарына өзүнчө кылып окшош буюмдарды алып келчү. Кийин андай узак сапарларга атам дайыма экинчи апам менен чыгып калды. Ошондон баштап бизге белек ала келүү ал апамдын милдети болуп калган. 

- Бир туугандарыңыздын ичинде атанын жолун жолдогондору барбы? 

- Бир туугандарымдын бардыгы тең комузду жакшы чертишет. Бирок алардын арасынан эл алдына чыгып, аларга салыштырмалуу сахнада жүргөнү менмин. Мен филармониянын чоң залына атамдын 50 жылдык жакшылыгында чыккам. Эсимде, атам шаарда болгондуктан анын күүсүн кассетага жазылган вариантта угуп, 

даярданып алып шаарга келгем. Эртең концерт деген күнү атам черткенимди угуп оңдоп-түзөп туруп "таң атканча 100 жолу чертсең эртең сахнадан жаңылбайсың" деген. Анан атамдын маңдайына олтуруп алып 100 ирет черткем. Ошол мектеп жашымдан бери бул тармакка кызыгып, ырчылыкты тандап алгам. Учурда бир иним менен сиңдим дагы чыгармачылыкка кызыгып, аракет кылып жүрүшөт. 

- Залкар комузчунун акыркы чыгармасы кайсы болду? 

- Атам акыркы күнгө чейин колунан комузун түшүргөн жок. Үйдө да, ооруканада жатканда дагы комузун кылдыратып олтуруп жакшы кайрыктар келип калганда диктофонго жаздырып коюп жаткан. Бирок аларды бир күү кылып иштеп чыкканга жетишкен жок. Эми алар кайрыктар болуп эле аталып, тукумун улаган балдары тарабынан чертилип элге жетет деп ойлойм. Ошондой эле атамдын колдонгон буюмдарын, комуздарын чогултуп, атамдын атынан музей ачып коюу оюбуз бар. Бул эми алдыда боло турган иштер.

- Атанын кыргыз залкарлары коюлуучу Ала-Арча көрүстөнүнө эмес, Байтик айылына коюлуусунун себеби эмне болду? 

- Чынын айтсам атамды жоготуп алган соң ал тууралуу жеке мен ойлонгудай да болгон жокмун. Мамлекеттен сунуштоолор болгон-болбогонун да билбей калдым. Агаларыма балким кайрылышкан чыгар. Бирок мен үчүн эң негизгиси атам кыргыз жерине коюлду. Байтик - атамдын чыгармачылык доору гүлдөп турган маалда жашаган конушу. Мен үчүн айырмасы деле жок. Атамдын талантын сыйлаган күйөрмандары куран түшүрүүнү каалашса кайда экенине карабай таап алышат деп ойлойм. 

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА