Ысмыңыз ким?

“Адамдын ысмы жеке турмушуна өз таасирин тийгизет” деген бекем ишеним сизде да болсо керек. Ысмыңыздын тереңинде кандай сыр жатарын билгиңиз келсе, 0 (312) 59-20-22 номерине шейшемби күнү саат 11:00дөн 14:00гө чейин чалып ысмыңызды каттатып коюңуз же jaza.79@mail.ru электрондук дарегине жазып жибериңиз.

 

Руслан

Бул ысымдын ээлери кайсы жерде болбосун, пикир келишпестиктерден, чыр-чатактардан алыс болууну каалашат. Себеби Русландар көңүлүнө тие турган сөз угуп калышса, аны жүрөгүнө көпкө сактап бушайман болушат. Бул мырзалар бардык нерсени ичине катып, оңой менен сыр чыгара беришпейт. Бирөөлөрдөн жылуу мамилени көбүрөөк күтүшөт. Андыктан ачык-айрым жарга туш болушса, турмуштарын татыктуу улантып кетишет.

 

Тамара

Тамара аттуу айымдар бетке айтканды жактырган, эрктүү жана сезимтал болушат. Ар бир ишке жан дили менен берилип, баштаган ишинин майын чыгарат. Бетке айткан сапатынын кесепетинен чыр-чатактарга бат эле аралашат. Анткен менен Тамаралар кекчил айымдардан эмес. Өз жашоолоруна тың, таза жандар. Эгер үй-бүлөдө жолдошу алсызыраак болсо, бул көйгөйдү сыртка чыгарбастан, көп нерсени өзү чече салат.

 

Куралбек

“Курал” деген сөз “буюм”, “аспап” деген сыяктуу бир топ маанилерди түшүндүрөт. Ал эми кыргыз эли перзенттүү боло албай жүрүп наристелүү болгондо “дагы артынан куралсын” деген ниетте уулдарына Куралбек деген ысымды ыйгарышат. “Бек” деген сөз “бекем”, “катуу”, “бышык” деген маанини билдирет. Негизинен бул мырзалар боорукер болушат. Сүйүү жаатында сүйүүгө жана достукка бекем келишет.

 

Диана

1920-1930-жылдары казактарда бул ысымды ар бир наристенин бешинчисине ыйгаруу модага айланган. Себеби, Рим мифтеринде бул ысымдын мааниси таасирдүү жана ыйык экени айтылган. Дианалар абдан илбереңки, назик келишет. Көбүнчө изденүү менен алектенишип, билим тармагына көп ыкташат. Өздөрүнүн асыл сапаттарын баалашат. Башкалардын иштерине көз артышпайт. Үй-бүлөдө кожоюнунун таап келгенине карап олтура бербей мыкты кеңешчи боло алышат.

 

Шайдулла

Бул ысым араб тилиндеги “жетиштүү”, “шейх”, “сыйлуу” деген сөздөрдөн келип чыккан. Араб өлкөлөрүндө бул ысымды кадырлап кабыл алышат. Ал эми кыргыз элинде сейрек кездешет. Шайдулла аттуу инсандар айтканынан кайтпаган өжөр мүнөздө болушат. Билим жаатына умтулуп, чөйрөсүн кеңейтүүнү каалашат. Карьерага басым жасашса, булардан мыкты илимпоздор чыгары бышык. Андыктан туура кесип тандоого маани берүүлөрү керек.

 

Алтынай

Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасынан кийин кыргызда бул ысым көп ыйгарылган. Алтынайлар чынчыл, жигердүү, сыр сактай билген, эмгекчил, эрки күчтүүлөрдөн болушат. Бир ишин ийгиликтүү бүтүрөрү менен кийинки ишин планга коёт. Иштин көзүн таба билишет. Пайдалуу иштер менен алектенишип, дайыма ийгиликтерди багынтышат. Акчаны сарамжалдуу пайдаланып, үнөмдөшөт. Пайдалуу гана адамдар менен мамиле түзүп дос-тууганын туура тандайт.

 

Улукбек

“Улук” “ыйык”, “бек” “бекем”, “бышык” деген маанилерди туюндурат. Улукбек аттуулар атына заты жарашкан, момун, бирөөгө жамандык тилебеген мырзалардан болушат. Булар мырзалардын эле эмес, айымдарга тиешелүү иштердин да өтөсүнө чыгып, иштин көзүн табышат. Көпчүлүк учурда ойлоп тапкычтык жөндөмдөрүн колдонушат. Кандай кырдаал болсо да туура кадамдарынын аракети менен чыгып кете алышат.

 

Алима

Араб тилинен которгондо “алим” “билимдүү”, “окумуштуу” деген маанилерди түшүндүрөт. Ошол себептен кыргыз калкы кыздарына Алима, уулдарына Алимбек, Алимбай деген ысымдарды көп коюшат. Чындап эле бул ысымдын ээлери билим жаатында өзгөчөлөнүп табиятынан мектепте жакшы окуган, тартиптүү окуучулардан болушат. Жашоодо бирөөгө көз артпай, болгон байлыгына тобо кылып жашай билишет.

 

Айгүл

"Ай" жана "гүл" деген эки сөздөн куралган ысым. Баткенде Айгүл аттуу ыйык гүлдүн мекени болгондуктан кыргыз эли кыздарына ушул атты арбын колдонушкан. Негизинен бул айымдар жашоодогу бардык кыйынчылыктарга түтө билгендерден жана колунан келсе бирөөлөрдөн өз жардамын аябагандардан болушат. Сабырдуу жана өтө назик келишет. Өзүнө карата айтылган сөздөрдү жүрөктөрүнө тез кабыл алышат. Бирок сыртынан билгизе беришпейт.

 

Айзада

Айзада “сыймыктуу ай” дегенди түшүндүрөт. Бул ысым ээлери өздөрүн көтөрүп турганды жактырышат. Бир нерсени жасайм десе майын чыгарышат. Андыктан, ал мүмкүнчүлүктөрүнө ишенип, өздөрүн баалап, сүйүшөт. Бирөөдөн кем калбаш үчүн керектүү буюмун кайдан да болсо таап алганга шыктуу келишет. Айзадалардын көпчүлүгү жашоодо бактылуу өмүр сүрүшөт. Бул айымдарга мыкты кожоюндар да туш келет. Башкалардан өзгөчөлүгү өтө тың айымдар.

 

 

Жазгүл КАРБОСОВА