Күндүзгү профессионал макияж жасоону үйрөнөбүз

Өзүңүзгө карап, өзүңүздү сыйласаңыз, сизди эл да сыйлап турат. Мындай артыкчылыкка жетүүнү кааласаңыз, сизге биздин гезит жардамга келет. Өзүңүздүн стилиңизди таппай жүргөн болсоңуз, анда бизге кайрылыңыз. Сизге туура боёнгонду, жарашыктуу кийингенди, туура көз айнек жана тагынчактарды тандаганды адистер үйрөтүп, кеңештерин берет. Бул сунушту колдосоңуз, 0312 39 15 71 жана 0558 87 11 11 номерлерин териңиз, биз сиз үчүн кызматтабыз.

17 жаштагы Бурул Орозалиева учурда борборубуздагы Туризм академиясында окуйт. Ал күнүгө жасанып, боёнбойт, бирок жарашыктуу боёнуп жүрүүнү кыялданып, жашоо образын өзгөртүүнү максат кылып келген. Анын кыялын “Алесто-Плисейро” окуу борборунун окутуучусу, косметолог, он жылдан ашык тажрыйбасы бар Иманалиева Гүлзат айым орундатты.

 

Алгач беттин формасын аныктап алабыз. Бул кыздын бети төрт бурчтуу бетке кирет. Анткени эки чыкыйы менен астыңкы жаагы бир деңгээлде болуп турат.

 

1. Алгач кашты тартипке келтирип алабыз. Ал үчүн каштын башталышынан ортоңку бөлүгүнө чейин өйдө каратып тарайбыз да, учтарын кыркып коёбуз. Андан соң ортоңку бөлүктөн аягына чейинки кашты ылдый көздөй тарап, анын да учтарын кыркып салабыз. Эми каш тергичти спирт менен тазалап туруп каштын алды жана үстү жагындагы ашыкча каштарды терип салабыз. Бурул жаш болгондуктан кашын ичке кылып терүүгө болбойт, антсек өз курагынан улуу көрүнүп калат. Анан да Бурулдун кашы кыска экен, аны карандаштын жардамы менен узун кылып боёп коюш керек.

 

 

2. Каш даяр болгон соң бетти лосьон менен тазалап, андан соң бетти нымдаштыруучу бет май сүйкөйбүз. Булардан сырткары бизге праймер, тоналдык бет май, корректор, помада, карандаш, тушь, упа керектелет.

 

3. Эми беттеги бүртүктөрдү, тактарды жабуу үчүн макияждын алдына коюлуучу базаны (праймер деп да аталат) шыбайбыз. Ал беттеги куперозду, тагыраагы, беттин канталап турган тамырларын жаап турат. Бирок праймерди күн сайын колдонууну сунуштабайм. Аны кечелерге, расмий жолугушууларга барганда гана колдонуу туура. Андан кийин бетти чарчаңкы көрсөтпөш үчүн тоналдык бет майды колдонобуз. Тоналдык бет май сүйкөгөндөн кийин упа менен кулак жана моюн жактарды жаап коёбуз.

 

4. Бет идеалдуу болуш үчүн ак жана күрөң өңдөгү корректор колдонобуз. Анын жардамы менен жалпак мурунду кырдач, тегерек бетти сүйрү кылып көргөзүп, ээктин алдындагы майларды жаап, кош ээкти жок кылса болот. Күрөң корректорду мурундун эки кырына, эки чыкыйга, жаактын алдына, эриндин алдына жана бул кызда кош ээк болгондуктан аны жабуу үчүн ээктин алдына коюп, калган бөлүгүнө ак корректор шыбайбыз. Андан соң манжанын учу менен акырын сүйкөп чыгабыз. Бул корректорду дагы күн сайын колдонууну сунуштабайм. Себеби бет да эс алуусу керек.

 

5. Бурулдун сурмасы жок болгондуктан ага алгач күрөң карандаш же тендин жардамы менен сурма чийип алуу керек. Анан тень менен көздү боёйбуз.

 

6. Көзгө басым жасалгандан кийин оозго басым жасабай өңсүз, жылтырак помада менен боёп коюу зарыл. Эгер басымды оозго бергиңиз келип оозду кызыл помада менен боёсоңуз, анда көзгө басым берүүнүн кереги жок.

 

7.  Эң акырында чачты жасайбыз. Чачы тармал жана коюу болгондуктан чач түздөөчү үтүктүн жардамы менен түздөп, төбөсүн кичине көтөрүп коёбуз.

 

 

Бурул Орозалиева: “Өзүм тууралуу билип алдым”

– Өзүм тууралуу билип, кандай боёнушум керектигин үйрөнгөнүмө кубанычтамын. Жаңы билгендериме токтолсом, биринчиден, кашым суюк жана кыска болгондуктан аны кандай формага келтиреримди билбей түптүз кылып терип коёр элем. Эми кашты терип, ага бурч чыгарганды, кандай бурчтуу каш жарашарын билип калдым. Экинчиден, “беттин формасын тегерек же төрт бурчтуу экенин кантип билишет?”, “менин бетим кандай формага кирет?” деген суроолорума жооп таба алдым. Үчүнчүдөн, кыз кишинин косметикалык каражат салуучу сумкасында эмнелер болушу керектигин билдим. Мисалы, буга чейин корректор, праймер, контурлоочу карандаш тууралуу түшүнүгүм жок эле, эми аларды сатып алып колдоно баштайм. Мага пайдалуу өзгөрүү алып келген сиздердин гезитке жана Иманалиева Гүлзат эжеге ыраазычылыгымды билдирем.

Макияжга чейин жана макияждан кийин

 

 

Даткайым ДОСМАТОВА