Тукумсуздуктан арылтуучу элдик ыкмалар

Жарык дүйнөгө келген бардык эле адам баласы балалуу болуп, наристе жытын жыттагысы келет. Бирок, кандайдыр бир себептер менен ата же эне болуу бактысы бардык эле адамдарга каалаган учурда буюра бербейт. Мына ушундай түгөйлөр үчүн салттуу медицина эле эмес, кээде элдик медицина да жардамга келет экен.

Айымдар үчүн:

Укроп жана петрушка

Бул көк чөптөр бактерияларга каршы абдан натыйжалуу. Ал организмдеги жана жатындагы суук тийүүлөрдү айыктырат. Аны төмөндөгүдөй ыкма менен даярдап аласыз. Жаңы же кургатылган петрушка менен укропту майдалайсыз. 1 литр кайнак сууга 1 чоң кашык петрушка жана ошондой эле өлчөмдөгү укроп салып, жай отко 15 мүнөт кайнатасыз. Даяр болгон суюктукту термоско куюп, бир сутка коюп коюңуз. Андан соң марля менен сүзүп, алынган маңызды муздаткычка салып коёсуз да, 2 ай бою басып-туруп майда ууртамдан иче бересиз.

 

Буудайдын ширеси

Алгач буудай өндүрүү зарыл. Ал 14-16 см болуп көтөрүлүп калганда түбүнөн кесип аласыз да, сабактын түбүндөгү агыш бөлүгүн эт туурагычтан өткөрүп, ширесин сыгып аласыз. Андан соң 2 жума күнүнө 100 граммдан эртең менен ачкарын ичип туруңуз. Ширени муздаткычта бир сутка гана сактоого болот. Андан соң кайра жаңысын жасап ичиңиз.

 

Ашкабак

Ашкабак аялзатынын организминдеги гормондорду нормалдаштырып турат. Анда E витамини көп. Андыктан, ашкабак ширесин жана ашкабактан жасалган азыктарды колдон келишинче көп пайдалансаңыз, сиз ойлогон убактан эрте натыйжасын берет.

 

Бака жалбырак

Бир чоң кашык бака жалбырактын уругун 200 грамм кайнак сууга салып, 5 мүнөт жай отко кайнатасыз. Андан соң тамактанууга чейин 2 чоң кашыктан төрт маал ичесиз. Суюктукту 3-4 күн муздаткычта сактоого болот. Андан соң жаңысын жасоого тийишсиз. Ичээрде жылытып ичиңиз. Бир курс дарылануу - 30 күн. 10 күн эс алып дагы бир жолу кайталасаңыз болот.

 

Гвоздика гүлү

30-35 грамм жаш гвоздика гүлүн майдалап, 0,5 л аракка чылап караңгы жерге коюп коёсуз. 2-3 күндөн кийин тундуруп аласыз. Алынган маңызды күнүнө үч маал тамактанууга 30 мүнөт калганда бир чоң кашыктан ичип турасыз. Суюктук түгөнгөндө бир курс дарылануу аяктайт. Мындай дарыланууну бир жумадан эс алып 2-3 жолу кайталасаңыз, сөзсүз өзүнүн жакшы натыйжасын берет.

 

Эркектер үчүн:

Лимондун ширеси

200 г коньяк же кызыл виного 3 жумуртканын сарысын, 3 лимондун ширесин жана 200 г балды кошуп жакшылап аралаштырасыз. Андан соң караңгы жана салкын жерге коюп пайдалана берсеңиз болот. Күнүнө тамактанууга 20 мүнөт калганда 3 маал: эртең менен, түштө, кечинде 1 чоң кашыктан ичесиз. Мындай дарылануу учурунда төмөндөгү тундурманы кошо пайдалануу натыйжалуу. 1 чоң кашык майдаланган сельдерейге бир боо петрушканын тамырын жана 1 чоң кашык майдаланган бака жалбыракты аралаштырасыз да, үстүнө 2 л суу куюп жай отко чөптөр соолугучакты кайнатасыз. Андан соң муздатып, жогорудагы маңызды ичкенден он мүнөттөн кийин артынан 50-60 граммдан ичесиз. Даярдалган дарылар түгөнгөндө бир курстук дарылануу аяктайт.

 

Чычырканак

Чычырканактын ашында Е витамини бар. Анын ширесин жана майын пайдалануу балалуу болууда жакшы натыйжасын берет. Ширени басып-туруп каалаган учуруңузда иче бериңиз, ал эми майын салатка же тамакка кошуп жесеңиз болот.

 

Теңге гүлү (календула)

Бир чоң кашык майдаланган календуланын гүлү менен жалбырагын бир стакан кайнак сууга салып демдеп коёсуз. Маңызды улам-улам жаңысын жасап күнүнө 4-6 жолу жарым стакандан ичип туруңуз. Бул тундурма сиздеги суук тийүүлөрдү айыктырууда жакшы натыйжасын берет. Бир курстук дарылануу - 10 күн. Эс алып, 2-3 жолу кайталасаңыз болот.

 

Бал

50 грамм балды сууга кошуп аралаштырып, тамактангандан 2-3 сааттан кийин ичиңиз. Андан кийинки тамактануу дагы 2-3 сааттан кийин болууга тийиш. Балды көп пайдалануу тукумсуздуктун алдын алуу менен бирге энергия берип, сиздердин эрте балалуу болууңуздарга көмөктөшөт.

 

Алоэ

2 жылдык алоэни тукумсуздуктан арылтуучу дары катары пайдалансаңыз болот. Пайдалануудан бир жума мурун өсүмдүккө суу куйбоо керек. Алоэнин жалбырагынан 4-5ти кесип алып, дарылык касиети күчтүү болуш үчүн 10 күн муздаткычка салып коюңуз. Андан соң майдалап, ага 1 чоң кашык бал кошосуз. Кургак кызыл винодон 50 г куюп жакшылап аралаштырып, 1 жума караңгы жерге коюп коюңуз. Даяр болгон дарыны тамактанууга 30 мүнөт калганда 1-2 чай кашыктан жеп туруңуз. Бир курстук дарылануу - 7 күн.

 

Балалуу болуу үчүн ырым-жырымдар:

- Кош бойлуу айымдын идишин сурабай алып, ага суудан куюп тилек айтып ичиңиз.

- Кош бойлуу айымдын өзүнүн уруксаты менен ичин сылаңыз.

- Кош бойлуу айым отурган отургучка дароо отуруңуз.

- Үйгө фикус гүлүн сатып келип, ага кам көрсөңүз, жакшы жыйынтыгын берет.

- Көп балалуу айымдын ич кийимин көргөзбөй алып кийүү да элдик ырымда колдонулуп жүрөт.

- Кош бойлуулар үчүн тигилген кийимди кийип көрүңүз.

- Күндүз балык жөнүндө көп ойлонуп, уктаганда балыкты түшүңүздө көргөнгө аракет кылыңыз.

 

Кандай аракеттердин натыйжасында бала жытын жыттадыңыз?

Гүлнара Калдарова:

– Биз кызыбызды алты жыл күттүк. Бул аралыкта табыптарга да далай кайрылдык, тилекке каршы, алардын дарылоосунун эч кандай жардамын көрө алган жокпуз. Анан доктурга көрүнүп жолдошум экөөбүз тең медициналык жактан дарыландык, ошондон кийин кыздуу болдук. Мындан тышкары, төрт жыл удаасы менен кайненем сүмөлөк кайнатып баарыбыз балалуу болууну абдан тиледик. Анан төртүнчү жылы сүмөлөк бышканда оозун ачсак, кичинекей баланын бутунун сүрөтү түшүп калыптыр. Баарыбыз жакшылыкка жоруп аябай сүйүнгөнбүз. Ошондон көп өтпөй чын эле биздин сүйүнүчүбүз, тилегибиз акталып кызым төрөлдү.

 

9 жыл балалуу болбой жүрүп кош бойлуу экениңизди укканда кандай сезимде болдуңуз?

Салтанат Саматова:

– Ооба, менин балам менен кызымдын ортосу тогуз жаш. Удаа эле төрөйүн деген оюм бар эле, бирок, Кудайым буюрган жок. Жолдошума табыпка барып көрүнөлү десем, “ал жөн гана алдамчылык, куру убара тартпай доктурга эле барып көрүнөлү” деп каршы болуп койду. Экинчи кызым боюмда бар экенин укканда “Кудайым берем десе берет турбайбы” деп абдан кубанганбыз. Эми андагы ички сезимди сөз менен сүрөттөп бере албайбыз. Аралыктары алыс болгондуктан, төрөөдө, кош бойлуу учурумда кыйналбай койгон жокмун. Ошондон улам жаш үй-бүлөлөргө “кичине коё туралы” деп жүрө бербей Кудай берип жатса биринин артынан бирин төрөй бергиле демекмин.

 

Кош бойлуу болуу үчүн канча акча короттуңуз?

Лира Раимбекова:

– Менин төрөө жаатында көйгөйүм бар. Турмушка чыккандан кийин 5 жыл балалуу боло албай жүрдүм. Экинчи баламды дагы күтүп жүрүп 14 жыл дегенде төрөдүм. Эки баламды көрүү үчүн доктурдан доктурга чуркаган ошол аралыкта барбаган жерибиз калган жок. Ошондо 19-20 жыл дарылануу менен алек болгондо канча акча кетет деп ойлойсуңар? Көп эле кетти, бирок, так санын билбейм. Анткени, ал учурда кеткен акчаны эсептөө ойго да келбей натыйжасын гана күтүп калат экенсиң. Эми ошол кызым менен баламдын өмүрүн тилеп жүрөм.

 

 

Анара ТОКТОСУНОВА