Толук айымдарга кандай кийимдер сунуш кылынбайт?

Келбетине жараша жарашыктуу кийим тандай албай убараланып башы каткан көйгөй ар бир айымдан кыя өтпөйт чыгар. Мындай абал негедир сахна айымы Гүлнара Тойгонбаеваны тынчсыздандырбаган сыяктуу. Анткени, бул ырчы кызыбыз толуктугун билгизбеген жарашыктуу кийими менен сахнанын көркү болуп келе жатат. Анда келбетине ылайык кийим тандай албай жаткан айымдар үчүн жылдыз айым өзүнүн кеңешин бермекчи.

 

Түсү

- Кочкул түстөгү кийимдер толук айымдардын толуктугун жашырууга жардам берет. Мындай түстөргө: кочкул жашыл, кочкул көк, күрөң, кара жана башкалар кирет.

- Ак, ачык жашыл, асман-көк, күлгүн, лимон түс сыяктуу ачык түстөр толук айымдарды ого бетер толук көрсөтөт.

- Бой келбетиңизди экиге бөлүп турган кийимдерден качыңыз. Мисалы: костюм, ак юбка же шым кара болсо бул сиз үчүн жарашыксыз жана туура эмес тандоо.

- Чаар ала кийимдерди кийүүдөн алыс болуңуз.

- Тигинен узун сызыктары бар кийимдер сиздин келбетиңиздин досу десек болот. Бирок, өтө майда сызык -  жарашыксыз, ал эми өтө жоон сызыктар сизди ого бетер толук көрсөтөт. Андыктан, орточо өлчөмдөгү сызыктары менен болгону талапка ылайык.

 

Фасону

- Эч качан денеге чапташкан тар же тескерисинче, шалбыраган чоң өлчөмдөгү кийимдерди кийбеңиз. Ар дайым өзүңүздүн өлчөмдөгү кийимди кийиңиз. Себеби, тар өлчөмдөгү кийим сиздин бой келбетиңиздеги кемчиликти даана көрсөтүп турат, ал эми чоң өлчөмдөгү кийим толуктугумду жашырат десеңиз, жаңылыштык кыласыз. Тескерисинче, кенен кийим ого бетер толуктугуңузду сыртка чыгарып жар салып турат.

- Тегерек жакалуу кийимдер толук айымдарга жакшы жарашат. Мындай жакалуу кийим менен моюнуңузга жарашыктуу чакан жоолук байлап алсаңыз эң сонун көрк берет.

- Сизге көйнөктүн же башка кийимдин сыртынан кийүүгө чыптама ылайыктуу. Себеби, ал сиздин толуктугуңузду жашырып турат. Анын ачык түстө болгону деле мааниге ээ эмес, эң башкысы жарашыктуу болушу зарыл.


 

Кездемеси

- Жеңил жана өтө жука кездемеден тигилген кийимдерден алыс болуңуз.

- Драп сыяктуу калың жана жүндөн токулган кийимдер сиз үчүн сунушталбайт. Калың кездемелер бой келбетиңизди жагымсыз көрсөтүп коёт.

 

 

Кандай аксессуарларды тагынуу керек?

- Сөйкө, шакек, шуру, билерик, сумка тандоодо өзүңүздүн бой келбетиңизге, көлөмүңүзгө ылайыктап тандаңыз. Мисалы, сизге кандай гана аксессуарлар болбосун чоңдору ылайыктуу. Ал эми моюнга таккан ичке чынжырча, кичинекей сумка, чакан сөйкө жана башка майда аксессуарлар таптакыр жарашыксыз болуп калат.

 

 

Бут кийим тандоо

- Кыска кончтуу өтүк жана учтуу тумшуктуу, ичке кур менен кооздолгон бут кийимдер сиз үчүн жарашыксыз.

- Сиздин бой келбетиңиздин көрктүүлүгүн платформа бут кийим толуктап турат.

 

Толук айымдар үчүн тыюу салынган 5 эреже

1. Туурасынан кеткен ачык түстөгү сызыктары бар кийимдерди кийүүгө болбойт. Мындай кийимдер сиздин образыңызды бузгандан тышкары өтө толук көрсөтүп коёт.
 
2. Алкымга чейин жапкан тик жакалар сизге сунушталбайт. Себеби, моюнуңузду кыска көрсөтөт.
 
3. Лосина, леггинсы кийүүгө болбойт. Канчалык бутуңуз түз болсо да бул эки кийим сизге жарашыксыз.
 
4. Кыска көйнөк, кыска юбка, чолок шымдарды кийсеңиз бой келбетиңиз төрт бурчтуу көрүнүп калат, андыктан, мындай кийимдерди алуудан качыңыз.
 
5. Шиш така сиздин толуктугуңузду даана ачык көрсөтүп коёт. Бирок, бул бийик така кийбеңиз дегендик эмес.

 

Гүлнара Тойгонбаева: “Менин бой келбетим “V” түзүлүшүндө”

– Сиз дайыма өзүңүзгө жарашыктуу кийинесиз, стилистиңиз барбы?

– Жок, Кудай мага ушундай күчтүү табитти бериптир, өзүм эле кийинем. Атайын толук айымдарга ылайыкташкан кийимдерди саткан дүкөндөр бар. Мен алардын туруктуу кардарымын десем болот. Мисалы, “Дордой Плазаны” мен көпчүлүк айымдарга сунуштайм.

– Буйрутма менен да кийим тиктирип киесизби?

– Ооба, концертке кийген жана айрым күнүмдүк жашоодогу кийген кийимдеримди белгилүү дизайнер Мадина Тапаевага тиктирем. Ал менин курбум, кеңешчим катары жакшы сунушун менден аябайт. Кийимге байланыштуу башымды катырган суроо болсо дароо аны менен байланышам. Экөөбүз базарга барып кездеме карайбыз, андан соң мага жарашыктуу кийимдерди жаратабыз.

– Толуктугуңузду билдирбөө үчүн кандай аракеттерди жасайсыз?

– Толук адамдын бой келбети “X” жана “V” түзүлүшү деп экиге бөлүнөт. Менин бой келбетим “V” түзүлүшүндө десем болот. Себеби, белимдин өйдө жагы ылдый жагына караганда көлөмдүү. Моюнум жоон, далым кең, ал эми жамбаш сөөктөрүм кичине. Ошондуктан, кийингенде бой келбетим тегиз көрүнүп, жоон-ичке келбет бири-бирин толуктап турсун деп көбүнчө асты жагыма ачык түстөгү, үстү жагыма кочкул түстөгү кийимдерди кийем.

 

 

Анара Токтосунова