Музыка – дарысыз дарылоо ыкмасы

Медицинада “музыка терапиясы” деген түшүнүк бар. Ал адамды музыканы колдонуу аркылуу оорудан дарылайт. Бул ыкма толук изилденип бүтпөгөнүнө байланыштуу колдонула элек. Бирок, окумуштуулар иш жүзүндө пайдалуу деп далилдеген музыканын түрлөрү жана музыкалык аспаптар бар. Алардын үндөрү борбордук нерв системасы аркылуу кабылданып, андагы белгилүү чекиттерге таасир этүү менен ооруларды айыктырат экен.

Музыка терапиясы - психика терапиясынын бир бөлүгү. Ошон үчүн ал көбүнчө жан дүйнөнү жабыркаткан ооруларды дарылайт. Эмесе, музыканын кайсы түрү кандай абалга каршы туруштук кылууга жардам берери тууралуу төмөндө.

Романтикалуу музыкалар стресстен арылтат. Сүйүүнү, жактырууну, каалоону күчөтүүнү каалаган маалда да угууга болот. Чыныгы романтикалуу музыка катары Шуберт, Шуман, Чайковский, Шопен, Листтин ырларын угууга же ушуларга окшоштуруп тандоого болот.

Джаз, блюз, регги багытындагы музыкалар депрессияга чейин чөгүп кеткен абалды айыктырат.

Барокко стилиндеги жай ыргактуу музыкалар бекем болууга, бардык нерсени сабырдуулук менен жеңүүгө тарбиялайт. Буга Бах, Гендель, Вивальди, Кореллинин же ушул типтеги ырлар кирет.

Классикалык музыкалар (Гайдн, Моцарт) түнт болуудан коргойт жана ачык-айрым, шайыр болууга үндөйт. Ал эске тутууну жакшыртууга да түрткү болот.

Поп-музыка өзүңдү жеңил сезүүгө жакшы жардам берет.

Рок-музыканы көп угууга болбойт. Ал активдүү кыймыл-аракетте болууга түрткү берет, бирок, билинбей эле адамды стресске, депрессияга кептеп коюшу ыктымал.

Салттуу музыка болсо жан дүйнөнү тынчтандырып, сабырдуу, токтоо жана акылдуу болууга негиз болот.

 

Ар бир музыкалык аспап кайсы бир ооруга даба. Андыктан, аны үнүн бийик чыгарбай, жаныңызга жага тургандай ыргакта, күнүнө 10 мүнөттөн аз эмес, 40 мүнөттөн көп эмес угуп туруңуз.

Скрипка. Жан дүйнөнүн жабыркаганын дарылап, өзүңүздү жек көрүп турган абалдан чыгарат жана азаптан арылтат. Саат 13-15тер аралыгында жакшы таасир этет.

Пианино. Богок безин тазалайт. Таасир этүү мөөнөтү – саат 11-12 аралыгы.

Барабан. Жүрөктүн согушун калыбына келтирип, кан айлануу системасын жакшыртат. Жакшы таасир этүү убактысы – саат 15-17 аралыгы.

Гитара. Өпкөнү тазалап, андагы кан тамырларды кеңейтет. Боор ооруга да даба. Таасир этүүсү 11-13 аралыгында жакшы.

Арфа. Жүрөктүн бир калыпта иштешин камсыз кылат. Түнкү саат 3-5 аралыгында таасири күчтүү.

Виолончель. Бөйрөктөргө жакшы таасир берет. Таасир этүү убактысы – саат 21-23 аралыгы.

Аккордеон, баян. Ичегилердин ишин жөнгө салып, ашказан алдындагы жана уйку бездеринин туура бөлүнүп чыгышын шарттайт. Эртең мененки саат 7-9 аралыгы – таасир этүү мөөнөтү.

Саксофон. Сексуалдык энергияны активдештирет. Кечки саат 17-19 аралыгында угуу пайдалуу.

Клавищалуу аспаптар. Ашказан ооруларын дарылайт. Эртең мененки саат 7-9 аралыгында уккан натыйжалуу.

Гобой. Өттүн иштешин нормалдаштырат. Түнкү саат 23төн 1ге чейин угуу таасирдүү. 

 

Музыка терапиясы тууралуу кызыктуу фактылар:

- Биринчи музыкалык-медициналык борбор биздин заманга чейинки 3-кылымда Парфия хандыгында курулуп, ал жан дүйнөсү жабыркагандарды дарылаган

- Байыркы Египетте хор ырдатуу менен уйкучулукту жойгон

- Байыркы Грецияда радикулитти трубаны чапкылоонун үнү менен дарылаган

- Улуу дарыгер Авиценна музыка терапиясы тууралуу “музыка – дарысыз дарылоо ыкмасы” деп айткан

- Заманбап медицинада биринчи музыка терапиясын 19-кылымдын башында француз врачы Эскироль өз пациентине колдонгон.

 

 

Ырыс Иметалиева