Араб кызы Сана Аль-Гаваж: “Кыргызга турмушка чыкканыма эч качан өкүнбөйм”

"Сүйүүдө тил жок, сезим өзү башкарат" деген сөздүн чындыгы бар. Анткени сезимдин күчү менен жүрөгүнүн ээсин материктин ары жагынан таап, аны менен бирге болуу үчүн бардыгына кайыл болуп мекенинен алыс кеткендерди кезиктирип келебиз. Алардын бири нарындык Төрөбек Мамырбаевге жар болуп калган марокколук араб кызы Сана Аль-Гаваж. Учурда Бишкектин жашоочусу, кыргыздын келини бир тууганыбызга бир кыз, бир уул төрөп берген.

– Кепти сизди Кыргызстанга алып келген окуядан баштасаңыз.

– Мароккодо мен окуган университет менен Кувейт университетинин ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча долбоор бар экен. Ал долбоордун алкагында Кувейт университети “бизге мүмкүн болсо кыз киши жөнөтсөңөр жакшы болмок” деп суранышат. Мен окуган окуу жайдын мүдүрү тажрыйба алмашуу боюнча сунушту мага айтканда докторлугумду Кыргызстандан жактап келем деген ойдо макул болуп, интернеттен Кыргызстан тууралуу маалымат издей баштадым. Ал жактан тоолорду, жайылып жаткан койлорду, боз үйлөрдү, агып жаткан сууларды жана “Кыргызстан кедей мамлекет, бири-бири менен атышып, урушат...” деген жазууну гана окуй алдым. Кыскасын айтсам, интернетте Кыргызстан тууралуу маалымат жокко эсе экен. Кыргызстан тууралуу үйдөгүлөргө айтсам “барып кой жаясың” деп тамашага салышкан. Бирок Кыргызстан интернеттен көргөндөн таптакыр башкача экен. Эли кең пейил, меймандос, абасы таза жана бардыгы табигый. Айта берсем сөз жетпейт.

– Жолдошуңуз Төрөбек устаз менен кантип таанышып калдыңыз?

– Келсем бул жактагы арабдар менден улуу экен. Өзүм теңдүү мугалимдерден Төрөбек, Нурсултан, Нургүл, Бермет жана Айнуралар менен иштешип, алар менен бир бөлмөдө олтуруп калдым. Жаңы келгенде орус тилин билбегендиктен базарга жалгыз бара алчу эмесмин. Бара турган болсом кыргыз кесиптештеримдин бири сөзсүз мени менен бирге барар эле. Анын үстүнө мен жалгыз тамактана албай аларды үйгө чакыра берчүмүн. Төрөбекке жар болуп калуума “эркектин жүрөгүнө барчу жол ашказаны аркылуу өтөт” болуп менин тамакты жакшы жасаганым себеп болду окшойт. Анткени ал менин ар бир тамагымды тамшануу менен жечү.

– Сизге болгон сезимин кантип билдирди? Колуңузду сураган күн эсиңиздеби?

– Төрөбек орус тилин жакшы билгендиктен дайыма мага жардам берчү. Ошол кезде мага болгон сезимин кылган иши менен билдирер эле. Бирок аны билип турсам да маани бербей, этибарга алчу эмесмин. Ал эми колумду чогуу иштеген устаз Мухаммед Айде аркылуу сураган. Чечим чыгаруу оңой болгон жок. Алгач эжелериме чалып кеңеш сурасам “сага жакса, бактылуу болоруңа көзүң жетсе тие бер” дешти. Атам эрте каза болгондуктан апамдын макулдугун алуум керек эле. Апама чалсам, "мусулман бекен? Намаз окуйбу? Өзүңө жагабы?" – деп сурады, үч суроого тең "ооба" деген жооп уккан соң: "Анда Кудай деп чыга бер", - деди. Ошентип, апамдын жана бир туугандарымдын колдоосунан кийин Төрөбекке макулдугумду бердим. Жоопту алгандан көп узабай никебиз мечитте кыйылып, борборубуздагы кафелердин биринде чакан той өттү. Менин апам жана бир туугандарым келе алышкан жок. Алар жок болсо да кыз каадасын кылып менин төркүнүмдүн ролун университеттеги чогуу иштеген араб устаздар аткарышты. Эртеси эрте менен Нарынга чыктык. Ал жактан мени кайын журтум тосуп алышты, той болду. Анан төрт айдан кийин Мароккого барып той жасадык.

– Биринчи келин болуп барганда алар менен тил табыша албай кыйналгандырсыз?

– Чынын айтсам, көп кыйналган жокмун. Бирок Төрөбек менин элиме баргандагыга салыштырмалуу менде кыйынчылыктар болду. Мисалы, мен орус тилин үйрөнүү үчүн атайын курстарга барып аз да болсо орусча түшүнүп калгам. Барганда алар менен орусча сүйлөшүп жаттым, түшүнбөй калсам же оюмду айта албай жатсам Төрөбек жардам берчү. Ал дайыма бизге котормочу болуп турду. Ал эми Төрөбек араб тилин эркин сүйлөгөндүктөн Мароккого барганда кайын журту менен эркин эле сүйлөштү. Менин алыскы жана жакынкы туугандарым "биздин тилди жакшы билет экенсиң" деп таң калышты.

– Мароккодогу той тууралуу айтып берсеңиз.

– Мароккодо той эки күнгө созулуп, биринчи күнү колума жана бутума хна коюп жакын адамдарыбыздын арасында өттү. Биздин салт боюнча, кыз ак, көк, кызыл, күлгүн, сары, жашыл сыяктуу 5-6 кийим которот. Экинчи күндөгү чоң тойдо эң акыркы 20 килограммдык көйнөгүн кийип чыгат. Ал көйнөк канчалык оор болсо да салт үчүн чыдап көтөрөбүз. Бул көйнөктүн оордугунун себеби жалаң алтын, күмүш менен кооздолот. Кыз көйнөгүн которуп чыккан сайын аны замбилге салып көтөрүп бийлешет. Ал эми күйөө балага король көйнөгү кийгизилип, аны да бир жолу замбилге салышат. Салт боюнча, Төрөбекти да замбилге салып бийлешти.

– Кызды узатууда сөзсүз түрдө хна коюш керекпи? Ал эмнени билдирет?

– Хнаны кыз турмушка чыкканда гана эмес, майрамдарда да койсо болот. Хна коюу сүннөт болгондуктан сөзсүз колдонулат. Аны койгондон улам кыздын турмушка чыккан же чыкпаганын билсе болот. Кичинекей жана турмушка чыга элек бойго жеткен кыздарга хнаны колуна гана коюшат. Ал эми эртең турмушка чыгат дегендер жана турмушта жашап жаткандар колуна жана бутуна жасатышат. Турмушка чыга элек кыз бутуна да хна коюп алган болсо, эркектер аны турмушка чыккан деп эсептеп ага көңүл бурбайт.

– Сана айымдын ашканасында көбүнчө кайсы улуттун тамагы жасалат?

– Кыргызстанга келгени манты, лагман, оромо жасап калдым. Колумдан келишинче даамдуу жасаганга аракет кылам. Беш бармак деген тамак мага жакпагандыктан аны таптакыр жасабайм. Төрөбек экөөбүз үйлөнө элек кезде кафеге барып беш бармакка буйрутма берип жеп көргөн элем. Чынын айтсам, беш бармак деген ошондойбу же ошол күнү башкача жасалып калганбы, айтор, мага жага бербеди. Ошондон кийин беш бармак жегим келбейт. Төрөбек беш бармакты сагынган маалда апамды Нарындан шаарга чакырам. Апам келгенде күн сайын кыргызча тамактарды жейбиз. Башка күндөрү биринчи күнү кыргызча болсо, экинчи күнү арабча тамактарды аралаштырып жасай берем.

– “Апам” деп калдыңыз, кайненеңиз кайненелигин көрсөтпөйбү?

– Төрөбек төрт бир туугандын эң улуусу болгондуктан мен апамдын тун келинимин. Апам мени башка маданияттан келгендигимди эске алабы, айтор, мени жумушка салып көп кыйнай бербейт. Өзүм жети бир туугандын алтынчысы болгондуктан кичине эрке болуп үйдө ханыша элем. Келин болгондон кийин деле ошондой эле жүрөм. Кайненем өз кызындай жакшы көрүп барган сайын ысык чайын берип, оюбуз менен болуп мени ханышадай эле сыйлайт. Нарынга барганда апам менен сүйлөшүп отуруп, телевизор көрүп, альбомдорду барактап өткөндөрдү эстеп, ашканада тажрыйба алмашып келем. Апам марокколуктардын бардык тамагын жакшы көрөт. Үйгө келгенде менден марокколуктардын тамагын үйрөнөт, мен апамдан кыргыздын тамактарын үйрөнөм.

– Казан-аяк кагышып кеткен учурда ким биринчи сөз баштайт?

– Үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышуу болбой койбойт. Биз деле кер-мур айтышып, таарынышабыз. Кандай болгон күндө да эркек биринчи келиши керек. Оюбуз бир жерден чыкпай айтышып-тартышып кеткен учурда кечирим сурап биринчи Төрөбек келет. Ал мага караганда бат жазылат. Таарынычыбыз 3-4 саат же бир эле күнгө созулат. Себеби ортобузда балдарыбыз бар. Балдар тынч үй-бүлөдө кайгы-капаны билбей бактылуу жашашы керек. Таарынычсыз үй-бүлө болбойт. Тескерисинче, таарыныч болгон сайын сүйүү күч алып үй-бүлө мурдагыдан да бекемделет. Андыктан анда-санда таарынып туруу керек.

– Кыргызстанга келгениңизге жети жыл болуптур, кыргызча үйрөнүп калгандырсыз? Балдарыңыз менен кайсы тилде сүйлөшөсүз?

– Кыргызча жүз пайыз сүйлөй албасам да түшүнөм. Айылдан апам келгенде кыргыз тилинде сүйлөшкөнгө аракет кылам. Ал эми жолдошум жана балдарым менен арабча, орусча сүйлөшөм. Төрөбек менен арабча сүйлөшкөнүмдүн себеби: экөөбүз тең Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде араб тилинен сабак беребиз. Анын үстүнө өзүм араб тили китепканасын жетектегендиктен эртели-кеч арабча сүйлөөгө туура келет. Балдарыбыз орус бала бакчасына баргандыктан алар орус тилинде сүйлөшөт. Аларга карап биз да орусча сүйлөйбүз. Кызым Лина жакында алтыга, уулум Юсуф төрткө чыгат.

– Кудалар бири-бирин көрүшкөнбү?

– Жок, жолдун алыстыгы менен жол киренин кымбаттыгынан улам алар ушул убакка чейин жакындан таанышыша элек. Бири-бирин сүрөттөр аркылуу эле билишет. Албетте, бетме-бет жолугуп, жүз көрүшүп, чер жазышканга не жетсин. Ага шарт жок болуп жатат. Бирок телефон жана интернет аркылуу сүйлөшүп турушат.

– Өзүңүз төркүнүңүзгө канча убакытта бир барасыз?

– Биз эки жылдай убакытта бир барып турабыз.

– Араб эмес, кыргызга турмушка чыгып калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

– Жок, бул тууралуу бир да жолу өкүнүч болгон эмес. Анткени бул өзүмдүн тандоом. Түгөйлүккө тандаган адамың жакшы инсан болсо, кайсы улут болбосун, жашап кете аласың.

 

 

Даткайым ДОСМАТОВА