Орозонун орчундуу эрежелери

Дин жолундагы момун мусулмандарды кубандырган ыйык Рамазан айы босогодо. Орозо тутууга ниет кылган бардык  мусулмандар азыр отуз күндүк орозого кызуу камылга көрүп, берекелүү айдын башталышын саат санап күтүп жатышат. Исламдын беш түркүгүнүн бири болгон бул парзды аткарууда өтө кылдат болуп, орчундуу эрежелерди кынтыксыз аткаруу шарт. Андыктан орозонун талаптары, эрежелери тууралуу маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Эратов Равшан ажынын көзөмөлү алдында сунуш кылабыз. Орозоңуздар кабыл болсун.

 

Орозо деген эмне?

«Орозо» деген сөз перс тилинен кирген. Арабчада «саум» же «сыям» деп аталат. Сөздүк маанисинде орозо - кандайдыр бир нерседен оолак болуу, бир нерседен тыйылуу. Демек, орозонун парзы - жеп-ичүү менен жыныстык байланыштан сактануу. Пайгамбарыбыз (с. а. в.) Мадинага көчүп келгенде мадиналыктардын эки майрамы бар экенин көрөт. Бул майрам күндөрү түрдүү оюндар ойнолуп Мадина шаңга толчу. Бул абалды түшүнгөн соң пайгамбарыбыз (с. а. в.) мындай деген: «Алла Таала бул эки майрамдын ордуна андан жакшыларын Орозо айт менен Курман айт күндөрүн белгилеген». Ошентип, пайгамбарыбыздын (с. а. в.) куттуу кылымынан бери карай бүткүл ислам дүйнөсү бир жылда эки жолу диний майрам өткөзүп келүүдө.

 

Кимдер орозодон кутула алышат?

1. Жолоочу. Рамазан айында эң аз дегенде 90 чакырым алыстыкка сапарга чыккан адам жолоочу катары түндөн баштап эле орозого ниет кылбаса болот. Муну менен ошол күнү орозо кармабаган болуп саналат. Бирок орозолуу адам күндүзү жолго чыкса, ошол күнү кармап алган орозосун бузбоого тийиш. Бузган болсо, казасын аткарат. Эгерде жолоочу жолдо кыйналбай турган болсо, Рамазан орозосуна ниет кылып кармаганы эле абзел.

2. Сыркоолуу. Орозо кармаса өмүрүнө коркунуч туулгудай даражадагы оору-сыркоолуу адамдар болсо же орозо тутса оорусу күч алып кетүүдөн кабатырланса, орозо кармабайт, кармап алган орозосун бузса да болот. Кийин ден соолугу өз калыбына келген соң бир күнгө бир күн казасын аткарат. Тери оорулары, тиш оору, манжалардын оорусу сыяктуу орозо кармоого кедергиси жок сырткы майда оорулардан улам орозону бузууга болбойт. Орозо кармаса өз ден соолугуна зыян жетер же жетпесине карата ишенимдүү мусулман дарыгердин чечими негиз кылынат. Дени сак адам орозо кармаса, мурдагы оорусу козголору анык билинсе, сыркоо жан болуп саналат.

3. Кош бойлуу жана бала эмизген эне. Рамазанда кош бойлуу жана бала эмизген аял өзүнө же болбосо баласына кандайдыр бир зыян келеринен кабатырланса, орозо кармабай, кийинчерээк казасын аткарат.
 
4. Карылар. Орозо кармоого чамасы келбеген карылардын орозо кармабоосу дурус. Булар орозонун казасын да аткаруусу керек эмес. Болгону күнүгө фидя (орозонун төлөмү) үчүн бир кедейдин курсагын тойгузат. Айыгуусунан үмүт үзүлгөн оору-сыркоого чалдыккан адам да жогорку өкүм боюнча орозо кармабастан, күнүгө бир кедейдин курсагын тойгузат. Бирок Рамазан айында орозо кармоого чамасы келбесе да кийинчерээк казасын аткара алгыдай абалдагы адамдар сөзсүз казасын аткаруулары керек.
 
5.  Айыз жана нифас: Аялзаты Рамазанда күндүзү этек кир көрө баштаса же бала төрөсө, орозосу өздүгүнөн бузулган болуп эсептелет. Бул абалдарда орозо кармоо дурус эмес. Рамазанда этек кир көргөн аял түндөсү этек кири токтосо эртеси орозо кармай башташы шарт. Эгерде этек кири токтоп, гусул алган соң дароо ооз бекитүү убактысы кирип калса, ал күнү орозо кармабайт.
 

Орозо тутууга ниет

Орозо ислам дининин беш негизинин бири болгондуктан жогоруда саналгандардан башка балагатка жеткен ар бир мусулман кармоого милдеттүү. Ал милдетти аткарардын алдында адам психологиялык жактан даярданып алуусу жакшы.

Орозо тутууга алдын ала ниет кылып, ойду буруу орозонун башталышын жеңил кабыл алуу менен тез өздөштүрүүгө жакшы жардам болот.

Орозого аз калган күндөн баштап тамакты тарта жеп, ашказанды аз тамакка көндүрө берүү туура.

Орозо күндөрү жеңил өтүүсү үчүн сизге тиешелүү орчундуу, оор иштерди ага чейин бүтүрүп жетишкениңиз жакшы.

 

Орозонун бир күнү

Орозо таң заардан тартып күн батканга чейин созулат. Тактап айтканда, ооз бекитүү убактысы багымдат намазына чейин, ооз ачуу убактысы шам намазынан кийин болуп саналат. Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Орозонун ар бир күнүндө эске алынуучу эрежелер төмөнкүлөр:

 

Ден соолук

Эгер адам оозу толо куспаса ооз ачылбайт. Андай болбой оозу толо кускан маалда орозо бузулуп, казасын толуктоо керек болот.

Мурун кочуш толо канабаса ооз ачылбайт.

Денеге сүйкөлө турган дарылар орозого жолтоо эмес.

Кан тамырдан жана аты жок манжадан кан берип анализ тапшырууда орозо бузулбайт.

Эгер ийне же асма ийне менен дары алуусу керек болсо, эки жагдайда каралат. Эгер дары азыктандыруучу глюкоза түрүндө болсо ооз ачылат. Ал эми антибиотик дары болсо ооз ачылбайт.

 

Тамактануу

Ооз ачууда жана ооз бекитүүдө жей тургандарыңыз адал азык экендигине маани бериңиз.

Быйылкы орозо айы жайдын ысык маалына туш келгендиктен ооз бекитүүдө суусундукту көп ичиңиз.

Таттуу жана туздуу азыктар суусатат. Андыктан күн бою кыйналбоо үчүн бул азыктардан баш тартыңыз.

Майды таптакыр жоюуга болбойт, бирок чектөө менен колдонуу туура. Зайтун майы эң пайдалуу болуп эсептелет.

Белокко бай азыктар сиздин күн бою ток жүрүшүңүздү шарттайт.

Эң башкысы саарлыкта бир чыны суу менен болсо дагы ооз бекитиңиз. Анткени орозонун керемети менен суу да болсо сизди күн бою ток кармайт.

Ооз бекитүү дубасы толук тамактанып болгон соң, ооз ачуу дубасы наар албай туруп окулат.

Оозду от тийбеген тамактар менен ачуу керек. Ошондуктан ар дайым курма, мейиз, суу сунушталып келет.

Оозду ачар менен ашказанды дароо сууга толтурбай, жер-жемиштерден азыраактан жеп баштаганыңыз ден соолугуңузга пайда.

Майлуу тамактарга нык тоюп уктабаңыз. Андай кылуу ооз бекитүүдө ныксыроону пайда кылып, табитти бууйт.

Ооз бекиткенден кийин зарыл шартта оозду тиш паста менен жууганга болот.

Катуу суусаганда оозду муздак суу менен чайкоого болот.

Орозо маалында кыйналбоо үчүн теледен жана интернеттен ар кандай табитти ачкан жарнамаларды көрүүдөн баш тартыңыз.

 

Төшөк маселеси

Орозо айында ооз ачык маалда никелүү жубайлар кошулууга уруксат. Бирок гусул алуу менен ооз бекитип орозону үзгүлтүксүз улантуулары шарт.

Күн бою көздү арамдардан сактап, кумар тууралуу ойлордон сактануу керек.

Эгер ооз бек маалда ар кандай кумарлануудан эркектин урук суюктугу атып чыккан болсо орозо бузулат.

Орозо маалында жакындар менен жүз көрүшүүдө өбүшүп учурашууга мүмкүн. Бирок аял менен эркектин кумарланып өбүшүүсү орозону бузат.

Гусулсуз даарат болбой тургандыгын унутпаңыз.

Ошондой эле

Ачуулануудан сактаныңыз.

Ушак айтууга жана башкалардын ушагын угууга өзүңүзгө жол бербеңиз.

Эч ким менен урушпаңыз.

Бардык таарынычтарыңызды унутуп, кечирим кылыңыз.

Сиз таарынткан адамдардан кечирим сураңыз.

Кудайга сыйынуу менен андан кечирим тилеңиз.

Ар дайым жылмайып жүрүңүз.

Бардык нерсени чын дилден сүйүңүз.

 

Орозону толуктоо

Орозо парз, важиб, нафил жана макрух болуп төрткө бөлүнөт. Парз орозо анык дайындалган - Рамазан айындагы орозо жана дайындалбаган - казага калган орозо менен каффарат (эч бир себепсиз кармалбай калган орозо. Анын бир күнү үчүн 60 күн кармап берүү керек) катары кармалчу орозолор болуп бөлүнөт. Рамазан айынын бир же андан артык күндөрү орозо кармай албаган адам кийин мунун казасын аткаруусу керек. Башта айтылгандай, оору-сыркоо, жолоочулук, айыз же нифас өңдүү себептер менен, же атайылап, жаңылып болобу, ниет кылбай коюудан уламбы, кармалбай калган орозонун казасын аткаруу зарыл. Рамазан орозосунун казасын үзбөстөн, удаа жана шашыла аткаруу шарт эмес. Чамасы жеткен кездерде кармап орундаса болот.

 

Гүлайым Калыбекова