Зейнеп: “Күйөөм экөөбүздүн тең ойношторубуз бар, бирок ажыраша да албайбыз”

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Зейнептин абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Мен эки кыз, эки уулдун энесимин. Балдарымдын улуусу 9-класс, кенжеси 3-класстын окуучусу болду. Жолдошум тириликке тың, иштерман жан болгондуктан шаардын кыйынчылыктарын анча сезбей жетишкен жашоодо жашап келебиз. «Байдын да бир чымчым тузу кем» деген бекер кеп эмес экен да. Баянымдын башталышы мени бактылуудай туюнтар, бирок андай эмес…

Жашообуз кадимки кыргыз үй-бүлөлөрүнүн бири катары башталган. Биз эки балага ата-эне болгондо эле күйөөмдүн аял аттуудан кыя өтпөгөн катынпоз экенин билгем. Анын аял жандуулугу ушунча: мен жанымда экенине карабай келбеттүү кыз көрсө мойну буралганча бурулуп карап, шилекейин кылк жутуп алат. Бардыгын өзүнө гана ыраа көргөн жашчылыкта күйөөнүн бул кылыгы кызгантпай койчубу. Кызганычтан бир болсо, балдарымдын эртеңин, келечегимди ойлоп тызылдаганым эки эсе уруш чыгарып жүрдү. Бир окуяны эч унутпайм: бир жолу күйөөм үч күн үйгө келбей калды. Тамак-ашыбыз тартылып, сыртка чыгайын десем, балдардан бошоно албай ызага муундум. Жер бузуп ыйлагым келгени менен көздөрүн жылтылдаткан балдарымды аяп күлүп гана туруума туура келди. Тааныш-билиштерге сырымды ачып ыйлагым келет, намыс кылам. Бирок минтип жашай берүү да мүмкүн эмес экенин билдим да, кайненемди чакырттым. Ага удаа күйөөм да келип калды. Деги эле эч нерсе болбогондой апасы менен учурашып, абалын сурап өнтөлөп жаны калбайт. Чай үстүндө кайненеме баласынын буга чейинки кылыктарын ачып, канча аялды кош бойлуу кылып, кайра боюнан алдырууга аргасыз кылганын, канча аял мага чалып күйөөмдү ачыктан-ачык талашканын айтууга аргасыз болдум. Күйөөм уялып койгонду кой, тартынып калбай менин бетимди тырмады. Кайненем болсо мени алдап-соолап: «Балдар үчүн жаша, кагылайын. Чыда, акыры сен жеңесиң. Дагы канчага чейин жаш болуп жүрмөк эле. Мен деле ушуну чоңойтом деп атаңдын дал ушундай кылыктарына чыдагам. Атасын тартканын кара, чечек», - деп тим болду. Ишенип даттанган кайненемдин кеби ушул болгон соң мындан кийин эч кимге бул тууралуу арызданбас болдум. Күйөөмдүн жүргөнү дале басылбады. Ал турсун, кийин анын үйгө тез-тезден келбей калганы мага кадимки эле көрүнүш болуп калды. Келгенде эркектик милдетин кылып кээде гана төшөккө тартып жүрдү. Бирок көңүл калышкан жанда кайдагы ырахат болсун. Анысына кайыл болуп жүрүп дагы эки балалуу болдук. Балдар биздин таттуу сүйүүбүздөн эмес, супсак мамилебизден жаралды…

Кенжебиз төрөлгөндөн кийин күйөөм таптакыр эле мени унутту. Бир жолу ооруп гинекологго барып калдым. Оорумдун себеби табылбай көптөгөн анализдерди тапшырдым. Алардын жыйынтыктарына көз жүгүртүп отурган доктур жай гана: «Жалгыз бой жашаганыңа көп болдубу?» - деди. Ансыз да ушаланып бүткөн көңүлүм ушул жолу катуу сынды. “Күйөөм бар” деп айтарымды же “жок” деп айтарымды билбей тумчуктум. Аялды аял гана түшүнсө керек, акыры абалымды ачык айтып бердим. Доктур көңүлүмдү улай: «Акыры жок эмес экен да. Эми күйөөңө түшүндүрүп айтып активдүү жашоо башта. Жапжаш турбайсыңбы, отуз жаш деген эмне деген жаш! Азыр жатынынан рак болгондордун көпчүлүгү сага окшогон жыныстык жашоосу олку-солку болгондор”, - деди. “Рак” деген сөздү укканда денемден ылдый муздак суу куюп жибергендей болдум. Балдарымдын келечеги бир заматта көз алдыма тартыла түштү.

Кечинде жолдошума болгонун түшүндүрүп бир калыптагы төшөк мамилеси абдан маанилүү экендигин ар тарабынан айтып бердим. Унчукпай укту. Бирок андан мен күткөн жооп болбоду. Балким, анан, балким, эртең, балким, эми болоттур деп күттүм. Ал мени менен болмок турсун, мурдагыдан да алыстап туруп алды. Ага менин ден соолугум баары бир экендигине ыза болдум. Булкулдап ыйлап жатсам унчукпай чыгып кетти. Көзүмдөн жаш чыкпай калганча ыйлап, жедеп эсим оогондо турсам стол үстүнө көп суммада акча таштап кетиптир. “Ошого дарылан” дегени го, бирок анысы менин көңүлүмдү ого бетер муздатты.

Менде жалаң жагымсыз ойлор боло баштады, дартымдын ракка айланып, жашоомдун аякташын элестете албасам да ошол тууралуу ойлордон кутула албай калдым. Белгиленген убакта кайрадан доктурга барып андан оюма да келбеген сунуш уктум. “Ойнош күт”, - деди. Мен үчүн бул үч уктасам түшүмө кирбеген иш эле.

Бир жума чыңалган ойлордун жетегинде жүрдүм. Күйөөмдү алмаштырсам дагы балдарымдын алдында абийиримди булгай албасымды билдим. Мени бул жашоого кармап, баарына чыдаттырып, баарына сабырдуу кылган бул менин балдарым экен. Балдарым үчүн жашагым келди. Балдарым үчүн дени сак эне болгум келди. Аларга бир да ирет оорунун азабына чөккөн абалда көрүнгүм келген жок. Ушул ойлор мени күйөөмө жалынтчу абалга жеткирди. Кечигип келбегенинен улам телефон чалдым, алган жок. Улам сайын номурун терип олтура бердим. Үмүтүм өчүп бараткан бир маалда бул жолку чалуум алынды. Бирок күйөөмдүн үнү эмес, бир аялдын жалынып-жалбарган онтоосу угулду. Денем дүрт этти. өчүрүп салгым келгени менен эмнегедир тыңшап тура бердим. Жанагы аялдын үнүнө күйөөмдүн да үнү кошулат…

Ал адатынча эч нерсе болбогондой болуп келип калды. Мен ал тууралуу да, мендеги маселе тууралуу да унчуккан жокмун. Ошол күндөн баштап мага көңүлдөш болчу адамды тымызын издей баштадым. Ал адамды табуу кыйынга турган жок. Кенжемди бала бакчага алып барып, анын иштери менен бакчага барган сайын бир жакшы адамды кездештирчүмүн. Дайыма уулу менен кызын ээрчитип, жумшак сүйлөп, ата-энелердин ортосуна жаңы ойлорду таштап, жөн салды маекте жакшы маанай тартуулап турган адам эле. Жанагы жагымсыз күндөн баштап ал адам менен маектешүүгө жакын болуп кеттим. Бат эле жакын мамиле куралып, ачык сырлар төгүлчү болду. Анын аялы карьеранын артынан сая түшкөн, кадырлуу жан экен. Балдарына караганы ошондон го деп болжоп койдум. Кийин биздин балдарыбызды жетелеп бирге сейилдөөлөрүбүз, аларга оюн уюштуруп берип коюп чайлашуубуз көп болчу болду. Мен көңүлүмдө өз максатымды унуткан жокмун. Керек болсо ага ыңгайлуу жагдайды күтүп да жүрдүм. Ал күн да болду. Ошондон кийин күйөөмдү мурдагыдай күтүү, ага жинденүү, таарынып, нааразылануу деген менде жок болду. Кабагым жарык, санаам тынч... Менин мындай чукул өзгөрүүм күйөөмө ала жипти аттап жатканымды тез эле билдирип койду. Таң калганым - ал мага унчукпады.

Ушинтип биздин бир үйдө баш калкалаган эки бөлөк жашообузга быйыл төрт жыл болду. Биз ортобузда махабат сезими болбосо да баш айланткан кумар үчүн жолугарыбызды билип, туюп эле турабыз. Бирок ал тууралуу бири-бирибизге ооз ачпайбыз. Күйөөм болсо өз жашоосу менен жашап жатат.

Тунубуздун быйылкы туулган күнү мени ойлондуруп койду. Классташтары менен өткөрө турган өздүк майрамын куттуктап барып кетишибизди суранды. Атасы экөөбүз чын дилден макул болдук. Бирок кантип барарыбыз тууралуу өзүбүзчө бир ооз да сүйлөшкөн жокпуз. Эртеси экөөбүз эки башка жактан эки башка гүл көтөрүп бардык. Бул менин жүрөгүмдү катуу оорутту. Бирок балдарымдын бирине да бул нерсе туюлбады. Алар азыр бала бойдон эмеспи. Күйөөм кандай кабыл алды экен, аны да билбейм…

Кудай берсе, алдыда балдарымдын жакшылыктары көп. Бирок алардын ар биринде биз кантип мындай мамиле кыла беребиз. Акыры балдарыма бул тууралуу кеп жетсе, алардын бетин кантип карайбыз. Аягы жок ойлордон башым катат. Бир ирет булар тууралуу айтып көңүлдөшүмө ыйлап да алдым. Унчукпай укту. Башка эмне кыла алмак эле, анан. Андан да ал деле бир күнү болбосо, бир күнү өз бүлөсүнө кетет эмеспи. Анда мен аны унутуп, күйөөмө кайта аламбы? А күйөөмчү, мени аял катары кабыл алабы? Ал болбогон күндө деле абийирди булгап, балдарымдын алдында күнөөлүү болуп жашоого узакка чыдачудай эмесмин. Эми эмне кылам?..