Спираль - бойго бүтүүдөн сактоочу ишенимдүү жана коопсуз каражат

Учурда бойго бүтүрбөөчү ыкмалар көп. Алар - ийне сайдыруу, таблетка ичүү, презерватив, жатынга салынуучу спираль... Арасынан эң ыңгайлуусу жатынга салынуучу спираль болуп эсептелет. Эмесе, ошол спираль тууралуу билип алыңыз.
 

Жатындын ичине коюлуучу спираль деген эмне?

Жатындын ичине коюлуучу спираль – пландаштырылбаган бойго бүтүүдөн сактоочу натыйжалуу каражат. Анын эки түрү бар: биринчиси желимден жасалып, жез менен оролот. Аны аялдын жатынына койгондо жез эркектин уруктугунун активдүүлүгүн аялдын уруктугуна жеткирбей жоготуп, кыймылын токтотуп коёт. Экинчиси - гормон бөлүп чыгаруучу спираль. Аталган спираль гормон бөлүп чыгарат, аялдын бузулган гормонун өз калыбына келтирет. Анын дарылык да, бойго болтурбоочу да касиети бар. Ал аялдын организминде гормоналдык өзгөрүү болгондо коюлгандыктан жатындын ички чел кабыгын өтө ичкертип, кош бойлуу болуу мүмкүнчүлүгүн жоготот. Бул спираль гормоналдык жактан өзгөрүүсү бар, миома, гиперплазия, аденомиоз оорусу барларга гана коюлат. Негизинен спиралдарды салдыруунун алдында толук көзөмөлдөн өтүү шарт.

 

Спиралдын алтын жана күмүштөн жасалган түрлөрү да бар

Алтын спираль алтындын эң жогорку сапатынан даярдалат. Ал жез менен күмүштөн жасалган спиралга караганда аялдын организмине бир топ пайдалуу, дат баспайт жана узакка коюлат. Алтын спираль аялдын организминдеги ткандар менен идеалдуу айкалышат. Ал бойго бүтүүдөн гана сактабастан, жатын ичинде пайда болуучу ар кандай жарааттардан коргоп, жугуштуу ооруларды күчөтпөйт. Аллергиялык оорулары барлар үчүн коркунучсуз. Спиралды салып-алууда аялдын жатын моюнчасын жабыркатпайт, эч кандай оорутуу байкалбайт. Ушундан улам дарыгерлер алтын спиралды тандоону сунушташат. Алтын спираль менен аял 7 жылга чейин жүрсө болот. Бир кемчилиги баасынын кымбаттыгында.

Күмүш спираль. Моюнчасына күмүш оролгон спираль аялдын жатынын бактериялардан сактоочу, дезинфекциялоочу касиетке ээ. Андан сырткары күмүш жатындагы ар кандай жарааттардын ырбап кетүүсүнөн коргойт. Бул спиралды аял төрөгөндөн 6 жумадан кийин койдура берсе болот. Баасы алтынга караганда арзан.

Кайсы учурларда спираль колдонууга тыюу салынат?

– Айыз узакка созулган кан кетүү менен коштолгондо

– Жамбаш сөөгүнүн туберкулёзунда

– Жыныстык органдагы онкологиялык шишиктерде

– Жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу ооруларда

– Жатын моюнчасынын жарасында (эрозия)

– Жыныстык органдын жарааттарында, суук тийүүдө

– Аялдын темирден аллергиясы бар болсо

 

Спиралдын оң жана терс жактары

Оң жагы: Спираль аялдын организминде 3-5 жылга чейин жүрө берет, болгону 1 жылда 2 ирет гинекологго барып көрүнүп туруусу керек. Эгерде боюна бүтүрүүнү кааласа, дарыгерге барып кайра алдыргандан кийинки айларда бойго бүтөт.

Терс жактары: Эгерде спираль туура эмес коюлса же аялдын жатыны өтө сезимтал келсе, жатыны ылдый тартып толгоо сыяктуу оорутуп, токтобой кан кетүүсү мүмкүн. Мындай шартта спиралды бойго бүтүрбөөчү башка каражаттар менен алмаштырууга туура келет.

Спиралдын үстүнө кандай шартта бойго бүтүп калат?

Спиралды койгондон кийин он күн аралыгында ал өз ордун таап жайгашат. Бул аралыкта аял оор нерсе көтөрбөй, жыныстык байланышта болбой өзүнө кам көрүүсү керек. Он күндөн кийин дарыгерге спиралдын жайгашканын текшертип кетүүсү зарыл. Бул эрежелер аткарылбаган шартта спираль ордунан жылып бойго бүтүп калат. Кээде спираль ордунда турса деле бойго бүтүп калган көрүнүштөр болот.

 

№3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун гинекология бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы гинеколог Калиева Бурул Кутбидиновна: «Алтын спиралды колума кармап көрө элекмин»

– Спиралды бардык эле аялдар койдура беришеби?

– Спираль 18 жаштан жогорку төрөгөн аялдардын баарына коюлат. Анын бойго бүтүрбөгөнгө 99 пайыз кепилдиги бар. Аял салдырып алат да, жакса жүрө берет. Болгону убагында келип гинекологго текшерилип туруусу керек. Азыр биздин аялдар спираль салдырышат да, беш жылга чейин текшерилүү үчүн гинекологго такыр келишпейт. Ал убакыттын аралыгында жатын сезгенип же жугуштуу оору жугуп калышы мүмкүн да. Айрымдар ага карабай жүрө беришип ооруларынын баары козголуп, жатынга жара пайда болуп ден соолугунан катуу жабыркашат. Ошондой эле түтүкчөлөрү жабылып калат дагы, андан кийин боюна бүтпөй калат.

– Айрымдардын организмине спираль кандай учурда жакпай калат?

– Кээ бир аялдар кулагына же колдоруна темир тагынчактарды тагынганда аллергия болушат эмеспи. Ошол сыяктуу эле спиралдын курамындагы жез да айрым аялдардын организмине аллергиялык реакция берет. Анын белгилери: айызы өтө көп жана узак келет, керек болсо 1 айдан 2 айга чейин кан токтобой калат. Андан сырткары температура берип, жатыны дайыма ооруп жүрөт. Жатын спиралды тээп спираль өзүнөн-өзү түшүп калышы да мүмкүн. Андай учурда спиралды алууга туура келет. Ошондой эле аны он аялга салсак сегизи арыктап, экөөсү толуп кетет. Бул нерсенин эч кандай түшүндүрмөсү жок. Мен жездин организмдеги зат алмашууга тийгизген таасири го деп ойлойм. Аялдардын айызы мурда 3-4 күн келген болсо, спираль салгандан кийин 7-8 күн келип, ичи бир аз оорушу мүмкүн, бирок эч кандай коркунуч туудурбайт.

– Спиралдын үстүнө бойго бүтүп калуу түйүлдүк үчүн кооптуу эмеспи?

– Эгерде спираль жылып жатындын оозуна туруп калып, ошол учурда аял кош бойлуу болуп калса, инфекцияга кабылган түйүлдүк болуп калат. Андай учурда энеге “баланы алалыбы же сактайсыңбы?” деп сунуш кылабыз. Эненин тандоосуна жараша болот. Эгер “сактайм” десе, спиралды акырын алабыз, анткени ал түйүлдүктүн өсүүсүнө көп залакасын тийгизет. Себеби кош бойлуу учурда жатын инфекция кирбеши үчүн жабык туруш керек. Спиралдын теңи жатындын моюнчасында, теңи ар жакта тургандыктан тогуз ай аралыгында инфекция киргизип же түйүлдүк чоңойгондо бойдон түшүүгө алып келиши, кан кетиши мүмкүн. Ал эми түйүлдүктү көзөмөл кылып турабыз. Эгер спираль өз ордунда туруп эле кош бойлуу болуп калган учурда балага зыянын деле тийгизбейт. Себеби түйүлдүк өзүнчө чел кабыктын ичинде болот.

– Салынган спираль этине жармашып калган аялдарды угуп калганым бар…

– Эгер спираль өзүнүн туура турган жеринен тереңирээк салынып калган болсо, этине жармашып калган учурлар болот. Ошондой эле спираль салгандан кийинки он күндө аткаруучу эрежелерди колдонбогондо дагы спираль жылып ошондой коркунучка алып келет.

– Акыркы кезде чыккан алтын, күмүш спиралдарды бизде колдонуп жатышабы?

– Акыркы кезде фирмалар “алтын, күмүш спиралдар бар” деп жарнак бере башташты. Дарыканаларда жез менен күмүш аралашып жасалганын сатып жатышат. Бул жакшы көрүнүш. Анткени алтын менен күмүш пайдалуу, алар бар жерде оору көбөйө албайт. Бирок андай спиралдарды мен колума кармап көрө элекмин жана азырынча андай спиралдарды койдургандар да боло элек. Аялдарга “алтын, күмүш спиралдар бар экен, кааласаңар алып келип койдургула” деп айтып жатабыз. Фирмадагылардын айтымында, алтын спираль 5 миң сом, күмүшү 2 миң сом турат экен. Бул нерсеге жоопкерчиликтүү бир фирма болушу керек деп ойлойм, алардын номери, белгилери болушу шарт.

 

 

Динара Чокоева