Нурзат Токтосунова: «Азыр мен бактылуумун, бирок бул тууралуу айткандан корком»

Нурзат Токтосунова: - Урматтууларым! Жакшы кабар менен кеч болсо да бөлүшөйүн дедим. Мен жолдоштуу болгом ))). Кыргыздын бир мыкты мырзасы, аты Максат. Өтө көп маалымат сурабасаңыздар, болгону бакыт каалап коюңуздар.

– Нурзат, үй-бүлөлүк жашоо кандай болуп жатат?

– Жакшы, Максат башында «чогуу болобуз, дайыма чогуу жүрөбүз» деп айтканындай эле күн сайын экөөбүз жумушта да, үйдө да чогуу болуп атабыз. Учурда Ошто жүрөбүз.

– Ошто жүрсөң, демек, келиндик милдетиңди аткарып болдуңбу?

– Максаттын ата-энеси «Нурзаттын жумушуна түшүнүү менен мамиле кылабыз» дешкен. Биздин үй-бүлөлүк жумушубуздун алдыга жылышына алар деле кызыкдар болушу керек.

– Кыргыздын салты менен үйлөндүңөрбү?

– Албетте, башында кайындарым келип сөйкө салып үйдөн алып кетишкен. Барып эң жакын туугандарга чакан той өткөрдүк. Келин болуп көшөгөдө олтурдум. Максаттар шаарда жашашкандыктан айылдагыдай шаан-шөкөт болгон жок. Анан да башында эки апа “заманбап болсун” деп сүйлөшүшкөн. Апамдын мага сеп берүүсүнүн деле кажети жок, менин үйүм оокатка толтура.

Өткөндө апаң менен маектешкенимде бул бактылуу күндү күтүп жатканы сезилген эле, апаңа айтканыңда кандай абалда болду?

– Биринчи угузганымда: «Кандай болуп калат, эми жаңылба. Болбойт го, кызым», - деп абдан чочуду, кооптонду. Качан гана Максат апасын алып келип апам менен сүйлөштүргөндө: «Жакшы үй-бүлө экен, бала да жакшы бала экен. Мейли, кетсең кет», - деп санаасы тынып калды. Максат экөөбүздү билбегендер «оо-ой» деп башкача реакция кылышат, ал эми жакындан билгендер абдан кубанышты. Азыркыга чейин телефонум тынбайт, тааныган-тааныбагандар чалып куттуктап жатышат. Социалдык баракчаларда ой-пикирин жазгандар да көп. «Мени кетире албай тургансып көп кишилер кубанды» деп күлүп атам. Кыргыз эли кубанып жатса, кантип апам кубанбасын, менден көңүлү ток болуп калды. Жакында туулган күнүм болбодубу, атам менен апам телефон чалып куттуктап ыйлашат, «эмнеге ыйлап жатасыңар», - десем, «кубанычтан» дешет. Апам: «Күнүгө бир маал чалып турчу элең. Турмушка чыккандан бери чалбайсың го», - деп күлөт.

– “Аялдын өзүнөн кичүү мырза менен баш кошуусу ишенимсиз эле нике болот” дешет го, сен кандай ойлойсуң?

– Анысын билбейм, эч нерсе деп айта албайм. Бирок Максат башынан эле олуттуу жүргөн, олуттуу сүйлөгөн бала болгондуктан ортодогу алты жаштын терс жактарын деле сезген жокмун.

– Ортоңордо кызганыч кандай роль ойнойт?

– Максат башында эле мага: «Мен сага ишенем, чектен чыкпайсың. Досторуңду да билем. Андыктан кызганып башыңды оорутпайм», - деп айткан. Ошол сөзүнө туруп мени түшүнүп атат. Ал менин жанымда эки жыл чогуу жүрдү, ал учурда көптөгөн тойлорду, иш-чараларды алып бардык, андыктан жумушумду түшүнөт. Кызганыч сөзсүз керек дечи, бирок чектен чыкпоо шарт деп ойлойм. Максат акылдуу бала, андыктан көп эле башымды ооруткан нерселерди айта бербейт.

– Учурда кимдер болуп жашап жатасыңар?

– Максат ата-энесинин кичүү баласы болгондуктан кайындарым менен чогуу турабыз. Жакындарым «сени турмушка чыгып кайната, кайненеси менен жашайт деп күткөн эмеспиз» деп атышат. Мени баары эле асманда учуп жүргөндөй сезишет. Президент аял деле үй жыйнайт, тамак жасайт дегендей, мен да колумдан келгенин кылып жатам. Аял үчүн ашкана, тамак-аш, бала-чака деген болушу керек да, андыктан мен туура эле кабыл алдым. Атам, апамдар жаш, үйдө өлтүрүп жиберчү оокат деле жок, шаардын кадимки жашоосу.

Өзүң оокатка кандайсың?

– Оокатка тың элемин, бээ сааганды, кымыз, уй кымыз жасаганды жакшы билем. Болгону жумушумдун көптүгүнөн эч нерсе жасай алчу эмесмин, азыр жумушумдун жартысын Максат алды. Ал жумуштарымды жакшы билгенге өз алдынча алып кетти. Ошондуктан мага үйдө көп убакыт болуп үй-бүлөгө көңүл бурганга абдан ыңгайлуу шарт түзүлдү.

– Сен бул жашыңда жөн күйөөгө тийбесең керек. Сурайын дегеним, Максаттын кыял-жоругуна арбалдыңбы же байлыгынабы?

– Кадимкидей эле үйү, автоунаасы, жумушу бар адам. Мага көбүнчө өзүнүн эркиндиги жакты. Оюн бербеген бала, аны чыныгы эркек десем болот. Анын айткан оюн эч ким өзгөртө албайт. Башкалардын ою, башкалардын сөзү менен жашаган адам эмес, мен ушул сапатын баалап жакшы көрчүмүн. Кийин бул сапаты үй-бүлөгө да жакшы пайдасын тийгизет деп ойлодум.

– Сенде лидерлик сапат бар эмеспи, азыр үйдө кимиңер лидерсиңер?

– Албетте, Максат. Кандай болгон күндө да эркек аялдан өйдө турат. Үй-бүлөдө эркек менен аялдын ордун жакшы билем. Мен канчалык жолдошумду сыйласам, элден ошончой көрөм, аны түшүнөм. Жөн эле “мен Нурзат Токтосунова” дей бергенде эмне?..

– Максат сенин окуучуң экенин билебиз, «Нур» журналисттер мектебине качан келди эле?

– Эки жыл мурун келген. Бирок мен Максатты бизге келе электе эле билчүмүн. Ал өзүн-өзү өнүктүрүү жагынан башка жерде сабак берип жүргөн бала болчу. Анан: «Өзүм сабак берем, бирок силерде окуп тажрыйба алышым керек», - деп келген. Бизге чейин да ораторлук мектептерге барыптыр, өзүн-өзү өнүктүргөн жагынан мыкты. Мен анын импровизация, мотивациясы жакшы экенин билем да, адамдарды позитивге чакырат. Окуучулардын суранычы менен Максаттын предметин киргизгенбиз. Ал мугалим болгонуна төрт ай болду. Өзүнүн кесиби - сүрөтчү.

– Окуучуң болуп жүргөндө «эжеке» деп кайрылчу беле?

– Башында «эже» дечү эле, сабак берип баштаганда “Нурзат Токтосунова” деп кайрыла баштады. Бирок аны түшүнгөн эмесмин, кийин сүйүүсүн айтканда түшүндүм.

– Мурдагы никеңден жолуң болбой калбадыбы, «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» демекчи, чочулоо болду да ээ, канча убакыт ойлондуң?

– Максат биринчи айтканда башкача кабыл алдым да: «Болбойт, - дедим, - элде «тигил кичүү, бул мунун башын айлантып же тигил мунун башын айлантып» деген сөздөр болот да”, - дедим. Бирок Максат тынбай: «Эмне үчүн болбойт, эмнеге бактыңды ойлобойсуң? Мен сенин жаныңда болгум келет», - деп айтып жатып көндүрдү. Азыр кол кармашып ээрчишип жүрөбүз, кээде мени аркасына көтөрүп алат. Кээде туруп ушундай бактылуу көз ирмемдерди айткандан корком, “башында баары жакшы, жаманы кайдан чыгат” дегендей, алдын ала айткың да келбейт. Эртең кандай күндөр болот, эмне болобуз, билбейбиз да…

– Бойдок балдар турмуш курган айымга үйлөнсө баланын үйүндөгүлөр каршы чыгышат го, силерде андай жагдай болгон жокпу?

– Мен ата-энеси уруксат бербейт деген ишеним менен Максатка: «Ата-энең менен сүйлөшүп көр», - деп койгом. Ал ата-энеси менен сүйлөшүп уруксат алып келип жатпайбы. Таң калычтуу болду. Ата-энеси аябай түшүнүктүү адамдар, алар «биз сыйлайбыз, эгерде сага турмушка чыгууга макул болсо, каршылыгыбыз жок» дешиптир. Максат мага: «Өткөн жашооң өттү, ал тууралуу сурабайм. Сени эки жылдан бери билем, мага жагасың. Азыркы жашооң мени канааттандырат», - деди. Бул сөзүнө баа берип ага ишендим. Ата-энеси да каршы болсо, бара алмак эмесмин, алар да макулдугун беришти.

– Максаттын достору сага кандай кайрылып жатышат?

– Алар «эми эмне деп кайрылабыз?» деп калышат (күлүп).

Үйдө экөөңөр тең көп сүйлөйсүңөрбү?

– Мен токтоороок болсом керек деп ойлойм. Негизи жашоодо мен көп сүйлөбөйм. Жакындарым билишет го, сахнадан, эл алдында гана көп сүйлөйм. Жашоодо кээ бир сөздөрдү таппай калган учурларым болот.

 

Динара ЧОКОЕВА