Лира РАЙЫМБЕКОВА, ырчы: “Атаңдан айрылып калдык” деп кызыма угуза албай койдум”

Токтогул торгой­лордун мекени деген кеп бар. Токто­гулдук ырчы­лардын арасынан Үч-Теректин үч кызы элибиздин назарында болуп, ар дайым бир калыптан жазбаган артыкчылыгы менен сүймөнчүлүккө ээ болуп келишет. Бул үч айымдын кенжеси, бир туугандардын эркеси Лира Райымбекова редакциябыздын төрүндө болуп, сырын төгө маек куруп берди.

– Лира айым, жайкы жумуш эргүүңүз кандай өтүп жатат?

– Жайкы каникулда көп адамдар ар кандай эс алуучу жерлерге барып, күч топтоп, жаңы энергия алып келишет эмеспи. Быйыл ишимдин көптүгүнөн антип эс алууга чолом тийген жок. Себеби буга че­йин өз күчүм менен, өзүмдүн стилимде чакан ак өргөө көтөрүп, ошо менен алек болуп жүрдүм. Ушул кезге чейин атактуу экениме карабай жол тосуп маршрутка менен жүрүп, карапайым элдей эле батирде жашап келгенимди жашырбайм. Себеби мен ар дайым жөнөкөй айыммын. Канча жылдан берки эмгегимдин кирешесин чогултуп жүрүп салган үйүмө күзүндө көчөм, той берип бата алам деп пландап жатам. Ошондой эле жакында темир тулпарлуу да болдум. Азыр акырындык менен айдаганды үйрөнүп, айдоочулук күбөлүккө ээ болом деп турам. Кыскасын айтканда жеке жашоомду жакшыр­тып алайын деген пландар менен жүрүп эс алган жокмун.

– Акыркы кездерде чыгармачылыктан алыс­тап кеткениңиздин башкы себеби ушунда турбайбы?

– Чыгармачылыктан анчейин алыстаган жокмун. Тескерисинче үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып кеткенге аракет кылып жатам. Ошону менен бирге жаңы ырларды жаздыруудамын. Кудайым буюрса кеч күз менен жеке концертимди берсемби деген ниетим бар.

– Үй-бүлө демекчи, канча балаңыз бар?

– Жалгыз кыздын энесимин. Элибиздин кайталангыс таланты, обончу, аткаруучу Токон Эшпаев экөөбүздүн ортобузда Акзыйнат аттуу кызыбыз бар. Кызым быйыл он жетиге толгон кезде атасынан айрылып калдык. Биз эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли дагы бир таланттуу уулунан ажырап турган чагы. Биздин жашабай калганыбызга бир топ жылдын жүзү болсо да ортобузду кызыбыз жакын кылып турчу. Акыр­кы сапарга узатууга бара албасам да үйдөн куран окутуп, Жараткандан “жаткан жерин жайлуу кыл” деп тилегенден башка аргам жок айтып келбеген ажалдын алып кеткенине кейип отурам. Баарынан кызымдын кайгырганын көрүп аны аяп, энелик жүрөгүм сыздап жаман болуп жатам.

– Атасы менен кызыңыз­дын мамилеси кандай эле?

– Биз бирге жашабай калган күндө да кызым атасынан алыстаган жок. Мага караганда атасына жакын болуп, мага айтпаган сырын атасы менен бөлүшчү. Ар бир каникулда өзүнүн кичи мекени Ошко алып барып, ал жактагы улуу балдары менен катташтырып жүрчү. Токондун мээримдүүлүгүнө, акылдуулугуна ыраазы болом. Кызымды жалгызсыратпай, башка балдарынан бөлүп карабай, ар дайым бирге алып жүрүп ата мээримин берип кетти. Биринчи никесинин уул-кыздары да атасындай зээндүү, акылдуу. Акзыйнатты бир тууганыбыз деп жакшы көрүшөт.

– Залкарды узатуу зыйнатына кызыңыз катыштыбы?

– Ошол күнү Абдылда Иманкулов телефон чалып каза болуп калганын угузду. Мен “атаң катуу ооруп жаткан экен. Дароо барышың керек” деп кызымды Ошко узаттым. Кетип жатканда эле сезди окшойт “эмнеге ооруп калыптыр? Эмнеге шашылыш кетип жатам? Бир нерсе болгон жокпу?” деп ыйлап жатты. “Атаңдан айрылып калдык” деп айтуу мен үчүн оор болуп, кызыма угуза албай койдум. Азыр Акзыйнат ошол жакта. Күн сайын чалып менин абалымды сурап турат. Акзыйнат абдан сезимтал кыз. Кечээ күнкү сүйлөшкөнүбүздө “мама, атам жок эми кантем? Атам жок үй ээнсиреп баарыбыз жаман болуп жатабыз. Кайгыдан апамдын кан басымы көтөрүлүп жатат” деп ал жактагы бир туугандарынын апасына сарсанаа болуп жатпайбы. Бала болсо да биздин турмушту туура түшүнүп, мага күйгөндөй ал жактагыларга да кейип сарсанаа болгон кызыма ичим жылыды. Кызымдын ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

– Эки таланттын ортосундагы кыз да таланттуу болсо керек?

– Мурда кызымды башка кесиптин ээси болсо дечүмүн. Себеби чыгармачыл адамдын кесиби абдан оор жана түйшүктүү болот. Кызыма мындай азаптуу түйшүктү каалачу эмесмин. Бирок ар бир адамга жаратылышынан берилген таланты ары жагынан оргуштап турса “кой” деген менен болбосун билем. Мындан ары кызым менин же атасынын жолун жолдойм десе каршы болбостон тескерисинче колдоо көрсөткөнгө аракет кылам. Өзүм да жалгыз гана кызым деп, кызымдын келечегине кам көрүп жашап келем. Өзү деле Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте скрипкада ойноо жагынан билим алып, быйыл 11-классты аяктайт. Анын үстүнө башыбызга келген кайгыдан улам кызым атасынын калтырып кеткен ырларын ырдап, чыгармаларын өчүрбөй эл алдына алып чыксын деп калдым. Менимче атасынын чыгармасын элге алып чыгууга эжеси Акмаанай да жардамын берип, колдоо көрсөтөт деген ишеничим бар. Себеби Акмаанайдын таланты атасыныкынан калышпайт эмеспи.

– Кыз бала башка бирөө­нүн бүлөсү деген кеп бар эмеспи. Кызыңыз бойго жетип калыптыр. Турмушка чыгып кетсе жалгыз калып калам деп коркпойсузбу? Дейин дегеним колуңузду сурагандар болсо макулдугуңузду берет белеңиз?

– Андайлар болду, бирок эмнегедир нике ка­йып буюрган жок окшойт. Жалгыздык бир гана Жаратканга тиешелүү эмеспи. Жалгыз калуу оюмда жок. Эгер жылдызыбыз келишкен, мени түшүнгөн адам колумду сураса ойлонуп көрмөкмүн. Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн т­уя­к болбойт экен. Жаш кезимде ойлонбой жаңылган болсом, азыр ойлонуп жети өлчөп, бир кесип кадам таштамакмын. Бирок азыр менде кызыма кам көрүп, турмушуна жакшы жол көрсөтүү деген негизги максат алдыңкы планда турат.

– Үч-Теректин үч кызынын эң эркеси сиз деп угабыз?..

– Кичүү болгонум үчүн аларга эркелигим бар экенин жашырбайм. Кандай гана кырдаал болбосун үчөөбүз бири-бирибиздин жаныбызда болобуз. Кичинебизден бир нанды бөлүп жеп, бирге чоңойдук. Бала чагыбызда кандай болсок азыр да ошондойбуз. Чындыгында эжелерим абдан эмгекчил. Улуубуз Анапия эжемдин обондору, ырлары бар. Ошентсе да эч качан жулунганды билбеген, көкүрөк чаап мактанбаган жөнөкөй адам. Менин чыгармачылыктагы ийгиликтерим үчүн эжелеримдин салымы чоң. Ушундай таланттуу бир туугандарымдын бар экенине сыймык­танам.

 

Жаз-Айым Айдекова