Ысмыңыз ким?

“Адамдын ысмы жеке турмушуна өз таасирин тийгизет” деген бекем ишеним сизде да болсо керек. Ысмыңыздын тереңинде кандай сыр жатарын билгиңиз келсе, 0 (312) 59-15-71 номерине шейшемби күнү саат 11:00дөн 14:00гө чейин чалып ысмыңызды каттатып коюңуз.

 

Берекебай

“Береке” деген сөздүн маанисин чечмелөөнүн кажети жок. Ал эми “бай” “улуу”, “феодал”, “бай” деген маанилерди өзүнө камтыйт. “Береке” жана “бай” деген эки мыкты сөздөн куралган Берекебай аттуу ысымдагы мырзалар өтө эрктүү жана жоопкерчиликтүү келишет. Колдорунан келбей турган иштин жоопкерчилигин алуудан качышат. Келечекте өзүнө жаккан айымды жолуктурмайын турмушка оңой менен аттана беришпейт.

 

Зуля

Татар элинен тараган ысым. “Сулуу”, “ажарлуу”, “келишимдүү” деген маанини билдирет. Булар көңүлгө карабай ойлогонун бетке айтып салышат. Тааныбаган адам менен да бат эле тил табышышат. Принципиалдуу жана чечкиндүү келишкендиктен чечимди тез кабыл алышат. Кек сактабайт, бирөөгө таарынса, аны бат эле унутуп коёт. Адамдардан жакшылыгын аябайт. Ошондой эле өз көйгөйүн өзү чечкенди жактырат.

 

Медер

Араб тилинен которгондо “чоюлчаак”, “узун”, “узак” деген маанилерди билдирсе, казак тилинен которгондо “жардам”, “көмөк” дегенди туюндурат. Бул ысымдагы мырзалар алдыга койгон максатын ишке ашырмайын жандары жай албайт. Жетишкен ийгиликтери болсо бирөөлөр менен бөлүшкөндөн аянбайт. Ал эми бирөөлөрдөн жардам же бир тажрыйба ала турган болсо, кандай кыйынчылыктар болбосун, аны үйрөнүүгө бел байлайт.

 

Жыпаркүл

Жыпара, Жыпаркүлдөр - турмуштун агымына карай акырындык менен өсүп-өнүгө бере турган айымдар. Алгач өз мүмкүнчүлүктөрүн баамдап көрүп, андан соң ишке өтүшөт. Бир нерсени каалабаса, ага таптакыр жолобойт. Көп учурда өздөрүнө ишенбестикти жаратып керектүү нерселерден кур калып калышат. Андыктан булар ишенимди бек тутуп алдыга кадам таштаса, ийгиликтерди багындырышары бышык.

 

Сүйүнбай

Сүйүнбай деп аты эле далилдеп тургандай, көпчүлүк ата-эне уулдуу болгондо сүйүнгөн абалда ушул ысымды коюшкан. Бул адамдар негизинен чыгармачыл, жан дүйнөлөрү таза, эч кимге жамандыгы жок жана акылга бай келишет. Колунан мыкты эмгектер, чыгармалар жаралса да аны мактанып, баса белгилеп айта беришпейт. Бардыгын элдин тараза ташына коюп, коомчулукка көп чыкканды жактырышпайт.

 

Хамиля

Бул ысымды татар, араб жана мусулмандар көп тандашкан. “Өзгөчө” деген маанини өзүнө камтыйт. Кичинесинде абдан кыймыл-аракеттүү кыздардан болушат. Булардын эс тутуму жакшы келет. Өзүн-өзү жакшы камсыздайт жана жакындарынан да, бейтааныштардан да жардамын аябайт. Акча каражатын чачып колдонуп тез эле коротот. Үй-бүлөдө камбыл кожойке жана жубайына ишенимдүү жар боло алышат.

 

Алымбай

Араб тилинен которгондо “алим” “билимдүү”, “окумуштуу” деген маанилерди түшүндүрөт. Кыргыз калкы “алим” деген сөзгө ар кандай мүчө улап уулдарына Алымбек, Алымбай деген ысымдарды коюп келишет. Чындап эле бул ысымдын ээлери билим жаатында өзгөчөлөнүп табиятынан мектепте жакшы окуган, тартиптүү окуучулардан болушат. Жашоодо бирөөгө көз артпай, болгон байлыгына тобо кылып жашай беришет.

 

Бүбүсайра

Кыргыз эли кыз балдарына ыйгарып келген Бүбүсара, Бүбүсайра деген ысымдардын мааниси бир эле. Перс тилинен которгондо “бүбү” деген сөз "өзгөчө", "түшүнүктүү", "таза”, “тыкан", "иргелген" деген маанилерди билдирет. Бул ысымды алып жүргөн айымдар жашоолорунда чоң ийгиликтерге тез эле жетише алышат. Себеби булар абдан чыдамкай жана талыкпай эмгектенгенден тажашпайт. Бул сапаттары көп ийгиликтерге жол ачат.

 

Аида

Бул айымдар табиятынан ыйманы ысык жана уялчаак келишет. Тазалыкты сүйгөн жандар болгондуктан үйүн да, иш ордун да таза кармашат. Эч убакта тобокелчиликке салып иш жасашпайт. Көңүлү калган адамды кийин жолуктургусу келбейт. Кек сактаган жактары да бар. Кыймыл-аракеттүү келишкендиктен бул айымдар көнүгүү жасоо жана сууда сүзүүнү жактырышат. Жашоодо жакшы адамды жолуктурууда кыраакы болушат.

 

Бакай

Бул ысымдын ээлери кайсы жерде болбосун, пикиркелишпестиктерден, чыр-чатактардан алыс болууну каалашат. Себеби Бакайлар көңүлүнө тие турган сөз угуп калышса, аны жүрөгүнө көпкө сактап бушайман болушат. Бул мырзалар бардык нерсени ичине катып сыртына оңой менен сыр чыгара беришпейт. Бирөөлөрдөн жылуу мамилени көбүрөөк күтүшөт. Андыктан булар ачык-айрым жарга туш болсо, турмуштарын татыктуу улап кетишет.

 

 

Жазгүл КАРБОСОВА