Гулнара Тойгонбаева: «Кызыма карап жыл сайын компот жасоону салтка айланттым»

«Кышкыга даярдыктар башталды. Операция "КОНСЕРВАЦИЯ"!»

– Негизи кышка даярдыкты кайсы айдан баштайсыз?

– Кышка даярдык июль-августтан эле мөмө-жемиштерден кайнатмаларды жана компотторду жасоо менен башталат да. Чынын айтсам, вареньелерди такыр жасабайм, алар мага айылдан келет (күлүп). Жеңелерим келген сайын бир банкадан туздалган бадыраң жана варенье ала келишет. Үйдө кышкыга жалаң гана мөмө-жемиштердин 4-5 түрүнөн компот, кабакчадан икра жасайм. Мурун такыр компот жасачу эмес элем, азыр кызыма карап жасап калдым. Анткени сатып алган ширелердин кайсы түрү болбосун, ага сөзсүз түрдө химиялык кошулмалар кошулат. Ал баланын ден соолугуна акырындык менен терс таасирин берет. Ошол себептен жыл сайын компот жасоону салтка айланттым. Ал эми кабакчадан икраны өзүм үчүн жасап коём. Жумуштан ачка келгениңде шам-шум этип курсагыңды тойгузуп алганга жакшы. Быйыл эрте баштаганымдын себеби: үйгө эжемдин кызы келип калды. Ал барында компотторумду жаап алайын деп эрте киришип калдым.

– Компотко кошулуучу мөмө-жемиштерди пайдалуулугуна карап тандайсызбы же колуңузга урунганынан эле жасай бересизби?

– Албетте, эмнеге пайдалуу жана кошо турган мөмө-жемиштин курамында кандай витаминдер, микроэлементтер бар экенине сөзсүз карайм. Мисалга алсам, компотко кошкон бүлдүркөн мээнин ишин жакшыртып, муундарды бекемдейт, аз кандуулукту айыктырат жана көтөрүлгөн дене табын түшүрөт. Бүлдүркөн малинага караганда эки эсе пайдалуу болгондуктан мен компотко бүлдүркөндү көбүрөөк колдоном. Ал эми бул жакта гилас деп аталган мөмөнү бизде Аксыда албөлү деп коёт. Мына ошол албөлү тамакка болгон табитти ачып, кан басымын түшүргөндөн улам аны дагы компотко кошуп салам. Өрүк болсо организмдеги шлактарды сыртка айдап чыгат. Кээ бир банкаларга өрүктүн ордуна шабдалыны салып коём. А шабдалы кан тамырларда пайда болгон майда тромбдорду тазалап, кандагы холестериндин деңгээлин түшүрүп, кан айлануу системасынын ишин жакшыртат.

– Мөмө-жемиштерди кайдан аласыз?

– Эл катары мен дагы базардан, ачыгын айтсам, Ош базарынын өйдө жагында Токтогул көчөсүндө тизилип алып сатышкан жерден алам. Алып жатканда жаңы үзүлгөнбү, турганына канча саат болду, кыскасын айтканда, баарын сурап алам. Себеби мөмө-жемиштер жол боюнда сатылгандыктан алар унаадан чыккан уулуу заттарды тез эле өзүнө сиңирип алууга жөндөмдүү. Натыйжада мөмө пайда алып келбей, организмге зыянын тийгизет. Кызым экөөбүз колдон келишинче табигый азыктарды жегенге аракет кылабыз. Бир жылдан бери иним таза алманын ширесин жөнөтөт. Келиним экөө бышып жерге түшүп калган алма, өрүк, шабдалы сыяктуулардын ширесин бөлүп алып, ага шекер кошуп кичине кайнатып, банкаларга куюп жаап коёт. Кышында ал ширеге теңме-тең кылып кайнаган суу кошуп же өзүн эле иче берсең болот.

– Кызыңыз Күнай сизге кол кабыш кылууга жарап калдыбы?

– Кызым учурда беш жашта. Жайкы эс алуу учурунда мен тынымсыз иштеп жаткандыгыма байланыштуу кызым эртеден кечке чейин балдар бакчасында. Мурунураак: “Апа, мен чоңойгондо балерина болом. Карасаң, минтип бийлейм”, - деп үйдү тегеренип бийлеп калчу эле. Азыр эс тартып калдыбы, айтор, баягы балерина болгусу келген кызым унчукпай, аны таптакыр эстебей калды. Кыз эмеспи, эмне иш кылсам кызыгып аралашып, тигини-муну алып бергенге жарап калды.

– Фантазияңыздан чыккан дагы кандай салаттарыңыз бар?

– Чимчи, бирок бул салат менин фантазиям аркылуу жасалган эмес. Элдин баары билет. Бир капуста менен жасай турган болсом, анда 2 килограмм корей капустасы, 6 баш сарымсак, 20 баш болгар калемпири, ал жок болсо 6 аш кашык кургатылган ачуу калемпир, 150 грамм туз, 2 литр суу керектелет. Алгач жылуу сууга тузду кошуп аралаштырган соң капустаны дал ортосунан төрткө же экиге бөлүп туздуу сууга салып бир түнгө калтырып коёбуз. Эртеси 20 баш ачуу калемпирди (ачуу жей албайм десеңиз, болгар калемпирин) жана 6 баш сарымсакты тазалап, аларды эт майдалагычтан өткөрүп алабыз. Даяр болгон соң аны май казанга салып суусу кеткиче кууруп алабыз да, даяр болгон массаны тузу сиңген капустага шыбап коёсуз. Чимчи даяр болгондон кийин биз «чимчи патти», тагыраагы, чимчинин ачылышын кылып кече уюштуруп башка курбуларыбызды чакырабыз.

 

Даткайым ДОСМАТОВА