Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Аида

Туулган жылы: 1981-жыл 4-ноябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: базарда сатуучу болуп иштейт

Жердиги: Баткен облусу Кадамжай району

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Ыймандуу, намаз окуган, акылдуу, иштерман, туруктуу

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0779 96 70 64

– Мен буга чейин бир турмушту башымдан кечирдим. Жолдошум менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп турмушка чыккам. Ал адамдын ичкиликке жакын экендигин башында билген эмесмин. Алгач жашообуз жакшы эле башталган. Бир кыздуу болгон кезден баштап ал ичкиликке абдан берилип кетти. Кийин мага колу тийди. Бир нерсе болгондон кийин экинчи жолу да сөзсүз кайталанат да. Ошондуктан биринчи жолку мындай жаңжалдан кийин эле кызымды алып кетип калдым. Ал артымдан келгени менен жашоого көңүлүм болгон жок. Учурда кызым 3-классты аяктады. Эми ага жакшы ата, мага жакшы жолдош болуп бере ала турган мырзаны издейм. Негизгиси кызыма жакшы мамиле кылып, ага ата мээримин бере ала турган адам болсо. Жердиги кайдан болсо дагы Чүй жеринде жашаган болсо. Жашы менден 4-5 жашка улуу болушу керек. Бир-эки баласы болсо эне мээримине бөлөп жакшынакай багып алууга макулмун.

 

Абай

Туулган жылы: 1995-жыл 11-ноябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: айылда ар кандай кара жумуштарда иштейт

Жердиги: Ош облусу Кара-Суу району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Туруктуу, акылдуу, чыдамкай, боорукер, чынчыл

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0777 71 40 13

– Мен буга чейин бир жолу никеге тургам. Келинчегим менен жарым жылга жетпеген убакыт гана жашагам. Мен турмушум бузулуп калат деп такыр ойлогон эмесмин. Тилекке каршы, келинчегим биздин жашоо шартыбызга чыдап жашай албай кетип калды. Менин атам жок, апам бар. Апам оорудан жабыркап, кароого муктаж. Мага жар болом деген айым ушул нерсени сөзсүз эске алуусу керек. Эми мага биздин жерге жакын аймактан, жашы 17-18дердеги кыз-келиндер керек. Буга чейин турмуш курган болсо боло берет. Бир баласы болсо багып алууга макулмун.

 

Залкар

Туулган жылы: 1993-жыл 6-сентябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Ала-Бука району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Акылдуу, ыймандуу, туруктуу, жөнөкөй, сулуу

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0779 36 65 93

– Мен турмуш кура элекмин. Быйылдан баштап үй-бүлөм, жакындарым “турмуш кур” деп башташты. Ойлонуп алардын сунушун туура кабыл алдым. 18 жаштан 21 жашка чейинки ыймандуу кыздар менен таанышам. Жердиги кызыктырбайт, негизгиси айыл жеринде жашоого макул, айыл турмушуна тың болсо болгону. Буга чейин турмуш куруп ажырашкан, бирок бала төрөй элек келиндер деле чала бериңиздер.

 

Руслан

Туулган жылы: 1975-жыл 20-декабрь

Кесиби: куруучу

Иштеген жери: чакан бизнеси менен алек

Жердиги: Талас шаары

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Келбеттүү, жылдыздуу, эмгекчил, кесипкөй, чачы узун

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0772 37 44 66

– Мен келинчегим менен 12 жыл бирге жашап бир уул, бир кыздуу болгом. Жакшынакай жашообуз бар эле. Заман агымы менен аялым Орусияга иштегенге кеткен. Ошону менен келбей койду. Эч дайыны жок кетип, кандай болуп ажырашканыбыз да түшүнүксүз эле болуп калды. Кызым менин колумда өсүп, учурда өз алдынча болуп кетти. Уулум болсо апасы менен. Мага келип учурашып кетип турат. Мен эми жаңы жашоо баштайын, кайрадан үй-бүлөлүк туруктуу жашоого кайтайын деп жатам. Мага 30 жаштан 35 жашка чейинки таластык, чүйлүк кыз-келиндер керек. Бир кызы болсо багып алууга кудуретим жетет. Мен аялымдын үйдө олтурбай, бир нерсе менен алек болуп туруусун жактырам. Ошондуктан мага жар болууну каалаган айымдын мугалимдик же доктурлук кесиби болсо абдан жакшы болот эле. Анан аял катары келбетине жакшы карап, жылдыздуу болуп жүрсө дейм. Ушундай сапаттарга ээ айымдардын чалууларын күтөм.

 

Чынара

Туулган жылы: 1992-жыл 27-май

Кесиби: кондитер кызматкери

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ош облусу Кара-Суу району

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Ыймандуу, акылдуу, туруктуу, чечкиндүү, тың

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0771 28 65 92

– Мен бир кыздын энесимин. Жүрөгүмө жаккан адам Нарындан табылып, ага өз каалоом менен жар болгом. Жердин алыстыгына карабай ал жактан да, мен жактан да баталарын беришип бизди турмушка узатышкан. Нарынга келин болуп баргандан кийин кыйынчылыктарга көп кез болдум, көнө албадым. Чындыгында жолдошум деле, кайын журтум деле мага эч жаман кеп айткан жок. Бирок өзүм жашоомду жактырбай туруп алдым. Акыры минтип жашай албайм дедим да, боюмдагыга 6 ай болуп калганына карабай кетип калдым. Дароо эле Москвага кеткем. Ал жакта жүрүп кыздуу болдум. Атасы кызын көргөн жок. Ал жактан келгениме аз эле убакыт болду. Эми кайрадан жаңы жашоо баштоого ниет кылып жатам. Эми эң башкысы өзүмө жердеш, жашы 25 жаштан 30 жашка чейинки мырзалар менен таанышам. Буга чейин турмушу болгон болсо, биздин түшүнүшүп жашообузга жакшы деп ойлойм. Ал эми баласы болсо кызыма кошуп багып алууга макулмун. Чалыңыздар.