Айпери: “ЖАРДАМ БЕРГИЛЕЧИ, МЕН АПАМДЫ САКТАП КАЛГЫМ КЕЛЕТ...”

Биз адатта баласы үчүн чебеленген апалар тууралуу жазып, энелердин көз жашын карап тура албай жер карачубуз. Бул жолу мындай абал алардан алда канча оор болду. Оор акыбалда оору менен алышып жаткан энесинин аманчылыгы үчүн чебеленген кыздын муңайым жүзү, каргылданган үнү жүрөк оорутат. Айперинин апасын оорудан, бир туугандарын апасыз калуудан коргоп калсам дегенде эки көзү төрт. Ага калың журттун колдоосу керек.

 

“Апам биздин сыйыбызды көрөр маалда ооруп калды”

– Мен, Айпери Оштун Алай районунан болом. Үч бир туугандын улуусумун. Сиңдим жана иним үчөөбүздү апам жалгыз бой тарбиялап, өстүргөн. Себеби атам менен апам биз кичине кезде эле ажырашып кетишкен экен. Атабыз менен катташпайбыз. Апам медайымдык кесиби менен айылда эмгектенчү. Жалгыз бой болсо дагы эч бир кыйынчылыкка моюн бербей болгон аракетин жумшап сиңдим экөөбүздү жогорку билимге ээ кылган. Иним болсо мектеп жашында. Айылда экөө эле турушчу. Апам кийин иштен чыгып айылда чакан огородубузду гүлдөтүп, кол өнөрчүлүккө убакыт бөлүп жашап жаткан. Мен борбордо иштеп, эч нерседен санаасыз элем. Сиңдим болсо үй-бүлөсү менен алек болуп эки баласынын кашында бактылуу болчу. Ушинтип биздин бактылуу жашообузга күбө болуп, эми алдыда жакшылыктарыбызды, сыйыбызды көрөр маалда күтпөгөн жерден апабыз ооруп калды. 45 жашка толгон туулган күнүн ооруканада ооруп жатып тосту. Апам буга чейин деги эле “оорудум” дебеген, позитивдүү, эмгекчил адам болчу. Кандай болуп кетти, түшүнбөй да калдым.

 

“Аз убакыт ичинде алы кетип калды”

– Ушул жайдын 27-июнь күнү апам Ош облустук ооруканасына түшкөн. Ал жактан доктурлар кан рагы – курч лейкоз деген аныктама чыгарышты. Апама кароо керек болгондуктан мен борбордогу ишимди таштап апамдын жанына келдим. Аз эле убакыттын ичинде алы кетип, бизге бир да кайгысын билгизбеген апам оор абалга түшүп калды. Бул оору тууралуу интернет булактарынан изилдесем төрт жүздөн ашуун ар кандай себептер менен пайда болот экен. Эң жаманы ал дароо билинбей канча бир убакыт адамды тымызын жейт экен. Мен дагы Кудайга шүгүр деп жатам, биз эрте билдик, апамда 27 гана пайыз болуптур. Бирок канчалык аз деген күндө да аты жаман дарт болуп атпайбы. Ошонусу коркунучтуу болуп тынчымды алат.

 

“Дарылоонун арзан деп тандаган түрүнө да акча түтпөй жатат”

– Апам ооруканага түшүп, оорусу аныкталганда эле дарылоонун жолдорун иликтедик. Биринчисинде Алматыда, жөнөкөйлөтүп айтканда, кан заводунда ишке ашырылат дейт. Ал жерден оорулуунун тийиштүү кемирчегин алмаштыруу менен оорудан кутулуу мүмкүнчүлүгү бар экен. Бирок ошого жараша баасы абдан кымбат. Ага деги эле алыбыз келчүдөй эмес. Экинчиси биздин эле өлкөдө ишке аша турган кеңири колдонулуучу химиотерапия экен. Биз акыбалыбызга карап арзан деп ушул жолду тандаганбыз. Аны бир айдан эс алуу кылып ар бир экинчи айда кечигүүсүз алып туруусу керек экен. Ал эми мындай дарылоо эки жарым жылга чейин тынымсыз уланышы керек. Кандай кечиксе, ошондой рак клеткалары көбөйүп кетет дейт. Биринчисин алганда 250 миң сом каражат жумшалган. Анда бир туугандар, дос-жолдош болуп жакындарыбыздын колдоосу менен көтөрүп кеткенбиз. Көз ачып жумганча экинчи жолку химиотерапия маалы келип учурда дагы ошончолук эле каражат керектеп жатабыз. Тууган-урук колунан келгенин берип бүттү, ар кимдин өз жашоосу бар да. Сатууга ылайык болгондорду да саттык. Эми үчүнчү айда ала турган дарылоосу үчүн эч каражатыбыз жок. Акчанын айынан апамдын дарыланбай калып оорусун күчөтүп алуудан абдан корком. Аны элестетким да келбейт. Химиотерапиядан тышкары жалаң чет мамлекеттерден алынган кымбат дары-дармектерди кабыл алат. Анын баары акча. Айтор, азыр мен элден жардам суроого аргасызмын. Суранам, мага жардам кылгылачы, мен апамды сактап калгым келет.

 

“Бир туугандарым апам тууралуу толук билишпейт”

– Учурда иним сиңдим менен бирге. Аларга апамда жаман дарт бар экендигин айткан жокпуз. Апамдын коопсуздугу үчүн дарыгерлер жанына менден башка адамды киргизишпейт. Ары апамдын кыйналган, адаттан тыш өзгөрүп кеткен акыбалын бир туугандарым көрбөй эле койсо экен дейм. Ансыз да апам ооругандан бери алар да санаа менен жашап, апамды сагынып кыйналып атышат. Билесизби, азыр бизге баары түш сыяктуу. Ылайым эле жаман түш болуп ойгонуп кетсек кана дейм. Түш болбосо да ушул кыйын учур тез өтүп кетип, апабыз кадимкисиндей жаныбызда болуп калса экен. Азыр бизди кайраттандырып кармап турган - бир гана Кудайга болгон үмүтүбүз. Кудайдын кудурети менен мээримдүү, боорукер адамдар себепчи болуп, бир керемет менен апабыз сакайып кетсе экен деп тилеп жатабыз. Тилегеним - бир гана апамдын ден соолугу калыбына келип, аман-эсен жаныбызда болсо. Бизге апабыздын аманчылыгы гана керек. Үчөөбүзгө апамдын карааны эле тоодой тирек. Апаке, оорубаңызчы.

Демир Банктагы эсеп-чоту: 1180000057166350

Кардардын номери: 163799

Финка Банктагы эсеп-чоту: 1380036600190561

БИК 138003

Айперинин байланыш номерлери: 0770 22 21 04; 0557 25 75 65

 

 

Гүлайым Калыбекова