«Илгери үмүт деген өлбөйт тура...»

Кудайым пендесин кантип гана сынабасын аны көтөрүп, топук кылып, ушул жаратканына ыраазы болуп жашагандары аз санда эле болсо керек. Алардын бири Турдугүл эже. Эже кейиштүү турмушун, бала күндөн башталган оорусунун азабын жалгыз тартып келет. Алдыдагы күндөргө үмүт арткан замандашыбыз мээримдүү мекендештеринен жардам күтөт.

«Ооруну этибар албай жүрүп күчөтүп алдык»

– Мен Жети-Өгүз районунун Кызыл-Cуу айылынын тургуну болом. Жашым элүүгө келди. 11 жашка чыккандан баштап сөөктөрүм сыздап ооруп, шишип кетип кайра тарай калып жүрдү. Ата-энем жайдыр-кыштыр тоодон түшпөгөн чабандар болгондуктан карыган таенемдин колунда тарбияландым эле. Байкуш кары киши караңгылыкка салып эмне болуп жатканымды билген деле, көңүл бурган деле эмес. Оюнда бою өсүп жатат деп ойлочу окшойт. Мен деле секелек кезимде оору эмне экенин билемби, бир гана мектептен калбай жакшы окушум керек деп окуп жүрө бергем. Бир жылга жетип-жетпей 1977-жылдары оорум күчөп кетип ооруканага жатып калдым. Сөөктөргө, муунга суук тийген, ревматизм деп дарылашты. Анан улам-улам барып дарыланып туруу керек экен. Бирок мени алып барганга киши жок болуп анда-санда барып көрүнүп турмай болуп калдым. Азыр ойлосом ошондо санаторий, курортторго жаткырып жылуулап, жакшы карашса айыгып эле кетмек экенмин. Чындыгында мени антип бапестеген адам болбоду, балким ата-
энем деле түшүнбөй же жеңил эле бир дарыланганда айыгат деп ойлошконбу, айтор, ооруну этибар албай жүрүп күчөтүп алдык. Андан кийин полиартритке өтүп, азыр болсо эң күчөп кеткен чегинен ашып«ювенильный хронический ревматоидный артрит» деген диагноз менен кыймылсыз жатып калдым.

«Доктурлар оңой менен кабыл албайт»

– Кудайдын куттуу күнү жарым ­саат сайын, айрым дарыларымды үч, беш маал ичип турам. Антпесе ар бир муунум сыздап, талып жанымды көзүмө көрсөтүп ооруйт. Сөөктөрүм 2005-жылдан бери тынымсыз кыйшайып кетти. Доктурлардын айтымына караганда кальций жана башка витаминдер жетишпей сөөктөр ичкерип, ийилип, керек болсо ичтен эрип жатыптыр. Жата бергендиктен ички органдарым да кыймылдын жоктугу, кочуштап ичкен дарынын кесепетинен улам бири ооруп, саламаттыгым такыр эле кетип баратат. Жүрөгүм, ашказаным катуулап ­ооруй баштады.Союз тараганы шарттын жоктугунан ооруканага барбай калгам. Акыркы үч жылдан бери айылдаштарым колдоп атайын машине жалдап шаарга алып барышты. Барганым менен “оо­руң кыйын экен” деп жан үрөп жардам берчү медицина кызматкерлери болбоду. “Үйдө эле болгула, эми келбегиле” дешет. Кээде “орун жок, кезек күткүлө” дегенде шаарда бир таанышым жок ошол алып барган кишилердин туугандарыныкында жашаган күндөрүм да болду. Быйыл мени кабыл албай жатып араң дегенде кабыл алып, эптеп дарылашты да, эми кайра келбестен айылдык доктурдун эле көзөмөлүндө болуумду айтышты. Айылдык доктурлар тамырым ичкерип кеткендиктен тамчылатма ийнени коё алышпайт. Шаардын доктурлары тажрыйбалуу экен, кан тамырларымдын ичке экенине карабай шарт эле таап коюшат. Ошол тамчылатма дары алгандан кийин бир топко оорум азайып жакшы уктап калгам. Анан да Бишкектин абасы мага жагат окшойт, ал жакка барганда жеңилдей түшөм. Бирок борборго барып антип кыйынчылыгым азайып жашоо менин кыялым бойдон эле калса керек…

«Аялдык бакытты сезбей калганым – арманым»

– Бала күнүмдөн бул кутулгус оору менен кармашып жүрүп турмуш курган жокмун. Мени ала турган деле жигит табылбайт эле. Анткени бойго жеткен кезде муундарым кыйшайып, араң басып калгам. 1983-жылы алгач ирет баса албай калып Бишкекке келип ортопедиядан бутума аппарат салдыргам. Ошонун жардамы менен басып калганда эле мен турмушка чыгып, бакыт күтө албасымды түшүнгөм. Катардагы айымдардай болуп бала төрөп, бирөөнө жар болуп, дос күтүп, куда күтүп көрбөгөнүмө арман кылам. Эч кимге айта албаган сырымды өзүмө-өзүм айтып, акылым менен кеңешип жатып баары бир Кудайга шүгүр келтирем. Учурда 90-жылдары майыптыгым үчүн өкмөт берген бир бөлмөлүү батиримде жалгыз жашайм. Бир туугандарым бат-баттан кабар алып кетишет, кошуналарым, айылыбыз­дагы боорукер кишилер карап турушат. Акыркы мезгилде кезек түзүп алышып ошого жараша келип тамактандырып, памперсимди алмаштырып, дарымды берип кетип жатышат. Бирок кантсе да ар жалгыздык башта бар эмеспи, жалгыз бой бир орундан жылбай жатып жашоонун азабы күч. Кудайдан “мындай кейишти кыргызымдан мага эле бер. Мен эле көтөрөйүн” деп тиленем. Туугандарымдын үйүнө барып дагы жашап көрдүм, бирок сулкуюп эле бирөөнүн үйүндө жата берүү мага ыңгайсыз болгондуктан кайрадан эле өз үйүмө келгенге мажбур болдум.

«Бир жолу дарыланып көрсөм…»

– 3000 сом пенсиям тамак-ашыма, дарыма, памперсиме өп-чап жетет. Андан тышкары электр энергиясын эл катары эле төлөйм. Майыптарга деген жеңилдетүү болсо жакшы болмок. Күчтүү дарыларды ичкенде ошончо жакшы тамактанса күч-кубат болуп, таасири жакшы болот экен да. Эт, шорпо деген тамактарды ичким келет, бирок жокчулуктан улам бирөөлөр алып келип бергенде гана бир-эки жолу ичип калам. Башка жеңил тамак, жашылча-жемишти, витаминдүү азыктарды алууга да чамам чак келбейт. Оюмда акча болсо эми бир жолу дарыланып көрсөм жок дегенде балдак менен басып, өз алдымча олтуруп калсам эч кимге кор болбойт элем дейм. Илгери үмүт өлбөйт тура,Кудай дагы кубат берерине, жакшы болуп кетээриме ишенем.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн Турдугүл эженин телефон номери: 0559 955 456 

Ызаат Тургунбаева