Нурила: “Жээн кызыбыздын тынымсыз өскөн бою тынчыбызды алат”

Ар кандай залалдуу шишик оорулары күч алганы адамдар сасык тумоону кой, сарык, сокур ичеги деген илдеттерди жөн салды гана кабыл алып калышканын байкачу элем. Ал эми бул маектешим: “Башыбызда рак менен ооруган балам деле турат. Бирок андан да жаман илдет кызымда болуп атпайбы”, - деп таң калтырды. Эже аты жаман илдеттен дагы жаман ал кандай оору экенин баяндаганча кечээкиси менен бүгүнкүсүнө токтолуп көзү жашылданып олтурду.

 

“Азаптын башаты болгон азиз балдар”

– Абышкам экөөбүз жашыбыздан карапайым жашоодо күн кечирип келебиз. Маңдайыбызга жазылганы ушул го, биздин жашоо башынан кыйынчылык менен башталды. Тун наристебиз колго келип жакшынакай торолуп калган кезде кайненем анын көзүндө мандем бар экенин айтты. Жашмын да, карегинин кыймылдай бергенин наристеники ушундай болот го деп кабыл алган жаным жаман деле эч нерсе байкай албадым. Доктурга алып барсам, баланын көзү көрбөй турганын айтышып биз дарылана баштадык. Аңгыча экинчи наристебиз төрөлүп кыздуу болдук. Биринчи наристемде сестенип калган жаным кызымды абдан карап, төрөт үйүнөн эле кареги токтобой жатканын доктурларга билдирсем, “балада мандем болсо, сенден мурун эле байкамакпыз. Жакшынакай эле турат” деп коюшту. Жүрөк заада болуп эле чыгып кеттим. Айткандай эле, кийин кызымдын да көзү азиз болуп чыкты. Ошондо доктурлар менин төрөшүмө дароо тыюу салышты. Балдарды текшерип, бирок анык аныктама бере алышпай тубаса азиз деген эле жыйынтык менен калып калдык. Мындай нерсе ата-тегибизде болгон го деп экөөбүз тең жети атабызды териштирип, сураштырып азиз адам болбогонун айтсак, доктурлар абдан таң калышты. Ошентип, эки азиз бала менен алышып жатып арадан сегиз жыл учуп кетиптир. Жолдошум экөөбүз дагы балалуу болууга ниет кылдык. Ортодон мынча жыл өттү, канча текшерилдик. Тегибиз деле жакшы экен, эми Кудай сактасын деп тобокел кылдык. Тилекке каршы, үчүнчү уулубуз да азиз төрөлдү. Ошентип, кайдан жармашканы белгисиз дарттын азабы менен үч эле балалуу болуп калдык.

 

“Балдардын бактысыз келечеги”

– Биз Көл жергесиненбиз. Балдарды атайын азиздер мектебинен окутуп, ден соолуктарын улам текшертип туруу керек болгондуктан шаарда жашап калдык. Мен балдар менен алек болсом, жолдошум айдоочулук кесиби менен эптеп каражат таап жашадык. Балдарым караанды эле элес-булас көрүп, ошону менен кыбырап жүрүшөт. Андан жакшы көрүп кетүүгө эч кандай дарылануу жардам бербейт. Ошондуктан доктурлардын кеңеши менен болгону ошол калыбын сактап калууга аракет кылып келебиз. Окууларын аяктап, чоңоюшканы алардагы маселелер да чоңойду. Мындай майып балдарды үйлөп-жайлап турмушка өз алдынча жиберүү да азап. Уулум отуздан ооп калган кезде тааныштарыбыздын тың кызына үйлөндүргөнбүз. Келиним колунан келген иши менен биздин жашоого кол кабыш кылып жүрүп эки кыз төрөдү. Тилекке каршы, алардын кичүү кызы төкөр болуп калды. Ошондон кийин келинимдин жашоого көңүлү бузулду. Же буга чейин жетишпеген жашоо, майып күйөө жанына батып жүргөнбү, айтор, кызынын акыбалын көргөндөн кийин эки кызын тең таштап кетип калды. Андан кийин уулум таптакыр көрбөгөн классташ кызы менен баш кошуп алды. Ал кыздын апасы жалгыз экен. Ошондон улам уулум эки кызын алып кайненесине караан болгончо ошол жакта жашап келет. Анын үстүнө өзүбүздүн төрт бөлмө кылып тургузган үйүбүз канча жылдан бери бүтпөй бир эле бөлмөдө тыгылып жашайбыз. Ошондуктан анын кыздары менен ал жакта болгону деле жакшы. Азыркы келиним экөө үч балалуу болушкан. Кыздары тим эле акылдуу, ден соолугу чың, жакшынакай. Неберелеримди карап олтуруп ушул азиз уул-келинимден чыккан балдар экенине ишене албай кетем. Ал эми кичүү уулум жок турмуштун айынан үйлөнбөй келет. Уулум бул тилегине качан жетерин да билбейбиз. Анткени азыр бизди башка маселе уктатпай калды.

 

“Кызым оорулуу бала төрөгөнү үчүн жолдошу таштап кетти”

– Кызым отузга чыгып калган кезде бир тааныштар жуучу түшүп келишти. Ал адам аялы каза болуп кичинекей үч баласы менен калыптыр. Жакындары “эптеп ошол үйдү аялы барга окшотуп, балдарына караан болсун, өзү да балалуу болуп алса жаман болбойт” дешти. Ойлонуп макул болдук. Күйөө бала Алматыда жашаган эжелерине барып иштеп келип жүрчү. Кызым төрөгөндөн кийин баланын ден соолугу жакшы эместигин айтышты. Ошентип, наристеге кошумча жакшы камкордук керек экени белгилүү болгон маалда күйөө балабыз дагы эжелерине кетет. Көп өтпөй эле телефону өчүк болуп кабарсыз кетти. Жакшылыктан үмүт үзбөй кызым ал үйдөн кетпей жашады. Биз батир акысын алты ай төлөгөн соң андан биротоло үмүт үзүп кызыбызды көчүрүп келип алдык. Күйөө бала кийин деле келген жок, “үйлөнүп алган” деп угабыз.

 

“Кызым 4 жашта болгону менен бою он жаштагылар менен тең”

– Чынын айтайын, кызымды жолдошу таштап кеткенде анчейин деле капа болгон жокмун. Ансыз да оорулуу немеге артык баш түйшүк болбогону жакшы деп жакшылыкка жоруп, андан көрө өз канынан чыккан кызы аман-эсен болсо болгону дегем. Бирок бул тилегимди да таш капты. Неберем Раянага 10-15 күн болгон кезде текшерип келген педиатрлар манжаларын карап “манжалары абдан ичке, узун. Колу сулуу, пианистка кыз болот го” дешти. Педиатрга алып барсак, бир жашка жете элек кезинде жаткырып боюн ченеген тактадан буту аша баштады. Эми доктурлар “баскетболистка кыз болот экен” дешти. Анысына деле кубанып жүрдүк. Биз антип атсак Раянанын боюндагы маселе деги эле башка экен. Ошондон кийин боюнун өсүшү абдан тез болуп, көзү да абдан начарлап кетти. Улам жибергенине барып жүрүп кыдырбаган доктурубуз калган жок. Же ошого жараша так аныктамасы чыкпай бир жыл жүрдүк. Былтыр өсүүсү укмуштай тез болду. Дубалга тургузуп туруп чийип коём, аз убакыт өтүп баягы жерге турса андан ашып кеткен болот. Анан кийим түтпөй баштады. Жазда алып бергенибиз жайда, жайда алып бергенибиз күздө эле кыска болуп калат. Ошентип жүрсөк  кызымдын бир азиз таанышы: “Биогенетикалык лабораторияга баргыла”, - деди. Мындай маселени ушундай лабораториялар чече турганын ошондо араң билип барып текшерилсек, аныктамасын Марфана синдрому деп чыгарышты. Мен катардагы эле бир оору экен, эми айыктыруунун бир жолу табылаттыр деп кете бергем. Көрсө, бул, тескерисинче, айыкпай турган дарт экен. Бирок боюн жай өстүрүүчү дарыларды берип, ден соолугун көзөмөлдөп туруу менен жашын узартууга мүмкүн дейт. Андай бейтапканалар Израилде, Түркияда, Москвада бар экен. Аларга барып боюн эрте күндөн жайлатпасак, баланын өмүрүнө коркунуч бар. Себеби бой гана өсө берет экен да, ички органдар өз жашында кичинекей бойдон кала берип бой аларды чоюп, жукартып, тартканда эң алды жүрөк менен бөйрөктөргө доо кетет экен. Учурда кызым 4 жашта болгону менен бою он жаштагы балдар менен тең. Аталган жактарга документтерибизди жиберттирсек, Москвадан “баланы алып келгиле” деген жооп келди. Интернеттен каратсам, бул оору тууралуу маалымат абдан аз чыкты. Сүрөттөрүндө болсо бир укмуштар бар экен. Анын айрым белгилерин карап алып кызыма байкоо салсам тим эле дал келет. Анын баарын билгенден бери уйкусуз калдым. Жетип барып көргөзүп келе калгандай каражат жок. Мындан канча жыл мурун абышкам кандай жалгыз иштесе, азыр деле ошол. Анын тапканы күнүмдүк жашоодон ашпайт. Айла жок, неберемдин ден соолугу үчүн бутум жеткен жерге барып жардам сурай баштадым. Өткөндө Сариевге кат жазсам, “маселеңерди губернатор карай турган болду” деген кат келери менен артынан эле губернатордон “айыл өкмөтү карайт” деген кат келди. Таң калып олтурсам эки-үч күндөн кийин айыл өкмөттөн киши келип калыптыр: “Эмне маселе болуп атат?” - деп. “Ой, менин маселем силердин колдон чечилсе, Сариевге неге кат жазмак элем”, - дедим. Чоң дегенибиз минткенден кийин үмүтүм карапайым элде болуп калды. Элде жок оору болгон үчүн калкка кайрылууга аргасыз болуп атабыз. Болбосо биз көрбөгөн деле нерсе калган жок. Улуу уулум онкологиялык оорудан жабыркап химиотерапия алат. Аны деле көтөрүп келгенбиз. Эң жаманы майып кызыма караан болот деген жээним андан өткөн оорукчан болуп калганы болуп атпайбы. Ушуну ойлосом заманам куурулат. Кызымдын бактысына ушул неберем ден соолукта апасына караан болуп узак жашаса экен дейм.

Байланыш номери: 0771 60 66 76

 

 

Гүлайым Калыбекова