Бир аялдын баяны

(Башы)

Айылдын тынч жашоосун кечирип, ылдый жактагы абысыны менен учурашып келе жаткан Жумаш байбиче өзүнөн жашы кичүү жаңы курбу кошунасы Майранын небересин эркелетип, келини Чолпон менен кобурашып бак ичинде олтурганын көрүп: “Аа айланайын, тилегиңе жеттиң. Бар бол. Сен өлбө, Майра. Кудайым бере турган эле жан эмессиңби”, - деп короосуна кирип кеткенче өзү менен өзү сүйлөшкөнсүп кобурап баратты. Ырасында эле Майра, Жумаш байбиче айткандай, Кудай бере турган эле жан. Айыл эли аны тегиз сыйлап турушат. Аялдар “келиндердин баарын эркелетип бүтүрдүң” дешсе, келиндер “бул энедей кайнене бирөө эле. Ошол жерге келин болгон сенин бактың бар” дешип анын келини Чолпонго ачык эле көз артышат. Жумаш болсо бул тууралуу өзү угуп калса да укмаксан. Болгон жообу - аста баш ийкеп койгону. Анткени ал келинге мындай мамиле кылууну кадыресе көрүнүш, ал турсун, кайнененин милдети деп түшүнөт. Буга анын өткөн өмүрү, өз башынан өткөн келиндик жашоосу сабак болгон.

***

17 жаш чиедей курагында өзүнөн он жашка улуу адамга жар болуп коңшу айылга келин болуп түштү. Көшөгөдөн көрүшкөн жолдошу Дөөлөттүн мыкты улакчы экенин элден эле укканы болбосо, көргөнү ушул. Анын буга чейин бир никеде болуп ажырашканына ичи күйүп, экинчи никеси болгондон көрө кетип калгысы келгени менен баш көтөрүп унчуга алган жок. Ыйлап эле отуруп берди. Мунун себеби жана босогодон кирбей тырышканында санынан үзө чымчып туруп:

– Кир ай, жарыбагыр. Эрге тийбегенде, жерге тиесиңби? Же атаңдын төрүндө карыйын дейсиңби? – деп чаңкылдаган чүкөдөй кемпир болду.

– Окуум калат, апакебай, мени кетирип эле ийиңизчи, - деп суранганын ит үргөнчө көрбөй:

– Байтал чуркап байге алыптырбы. Окууну сага ким коюптур. Баламдын алтын башын аттачу болсоң жарыбайсың, - деп туруп ийнинен басып отургузуп ак жоолукту муунта салып койгон.

Майра ошол эле күнү кайненесинин мынчалык каардуулугунан жүрөгү ооруп, санааркап калган. Көз ачып жумганча ак жоолукчан болуп айылдын жашоосуна байланды. Жолдошунан бир суранып, бир жалынып жатып окуусун аяктоого макул кылганы менен кайра эле кайненесинин кебин эки кыла албай олтуруп калды. Ошону менен эле тынч жашоо болуп калса болбойт беле. Андай болгон жок. Ырасында кайненеси жанда жок таза адам. Эне тарбиясын, жеңе акылын угуп өскөн Майра үчүн таза болуу деле маселе эмес эле, бирок баары бир кайненесине көнө албай койду. Канча аракет кылбасын, кемпирдин каарып, наалып турганы турган. Баарынан жаманы анын токмогу болду. Эри чекесине чертпегени менен денесинен көк үзүлбөдү. Кайкайып түптүз басса дагы колунан таягын түшүрбөгөн кемпирге Майраны таягы менен ары басса бир, бери басса эки чукуп өтүү кадыресе эле кыймылдай. Эң жаманы ал эч нерседен бейкапар иш кылып жаткан маалда кемпирдин темир чач учтугу бирде далысына, бирде колуна же ачык калган балтырына чак дей түшүп, көзүнөн от жанат. Анын келип калышынан канчалык сактанганы менен чач учтугун колуна бекем уучтаган кемпир деги эле шырп алдырбай жанына жетип келет. Кемпирдин бул кылыгы Майра ай-күнүнө жетип турган күндө да калган жок.

Жаштыгы менен келиндик ордум ушул деп ойлогон Майра кайненесинин мындай мамилесине деле анчейин таарынчу эмес. Анын кески кемпирден көңүлү көчкөн журттай калган окуя экинчи наристесин жарыкка алып келгенде болду. Биринчи наристесин төрөгөндө: “Али жашсың, анан да бала караганга деле үй иштеринен убактың ашпайт”, - деп төрөп түшөрү менен балканактай уулун төрөбөй жүргөн кайнежесине карматып койгон. Энелик мээрими эми ойгонуп, балкылдап эмчеги ийип ыйлаганында адаттагысындай санынан үзө чымчып: “Көзүң аккыр, ыйлаба. Балаң өлүп калган жок акыры”, - деп таяктаганынан кийин көз жашын ага көргөзгүс болгон. Андан көп өтпөй кайра эле кош бойлуу болуп “чын эле эми калган балдарымды өзүм эле багам да” деп сооронуп калган. Кайненесинен баарын күтүп калган келин бул кош бойлуулугун жашырып, кемпирден кызганып да жүрдү. Ай-күнү жетип кыздуу болду. Жолдошу экөөнүн катарына кызы кошулганы жолдошунун мүнөзү жумшарып, камкордугу арбып калганына кубанып бактысы артып турган Майра кайненесинин дагы жагымсыз жаңылык камдап турганын байкаган эмес. Таң менен опур-топур болуп улуу кайнагасы, абысыны менен келип калышты. Эт-аш, ысык нан, таттуулар менен келгенин бала көрүп келишти деп түшүнгөн келин берерге ашын таппай кубанып, улуу башын кичүү кылып келишти деп жан дилинен аларды ийилип тосту. Бирок кептин жөнү башкада экени меймандар кайтар маалда билинди.

– Ай келин, кыздын ороо-чулгоосун камдап, керектүүсүн калтырбай түйүп бер. Урумкан жанагынча баланы чууртуп тууп бир кыз таба алган жок, куурагыр. Карыганда кыз жыттап көксөгөнүнө жетсин, - деди. Мындайды күтпөгөн келин алапайын таппай кетти. Бурчта эч нерседен бейкапар уктап жаткан наристесине жетип барып кандай колуна ала койгонун билбей калды.

– Бербейм! Бербейм кызымды!

– Ой, тиригиңди көрөйүн ай! – кемпир таягы менен жерди бир урду, – бересиң! Айчүрөк тууп алгансып тим эле, – жанында турган улуу келинин таяк менен нукуп, - бул кыз туубастын жашына жеткенче каалашыңча балалуу болуп аласың!

– Апа, ушу кантип болсун... - аркасына жашынган келинчегин чындап аяган Дөөлөт ушинтип оозун ачканча кемпир дагы чаңкылдап коё берди:

– Сен малыңа бар, айланайын. Же мен кылчу ишти сен чеччү болуп калдың беле? – апасынын акшырая караган бир көз карашы менен ал сыртка чыга жөнөдү. Артынан кайнагасы да чыгып кетти.

Эмнеге экени белгисиз көз жашын чууртуп алган абысыны үн-сөзү жок кыздын кийимдерин жыйнап, түйө баштады. Кайненеси менен абысынын желмогуздай жек көрүп, бирок аларды жок кылып сала албаган алсыздыгына ызаланган Майра: “Баары бир алып кете албайсыз”, - деп кобуранып ыйлап турду. Абысыны баарын камдап болуп босогого туруп калган маалда кемпир келип баланы бир силкип жулуп алды. Бул окуя келиндин кегин арттырып, көңүлүн катуу суутту. Андан кийин узак жылдар кош бойлуу боло албай азап тартып жүрүп кийин гана эки уулдуу болду.

***

Келин болуп келген күнүнөн баштап ушундай азап менен жашаган Майра басса-турса жакшы кайнене болууну кыялданчу. Кемпир ага таштай катуу, муздак мамиле кылганын качан гана төшөк тартып жатып калганда мойнуна алып келинине ыраазычылыгын билдирген. Анда да үнүн бек чыгарып көктү карап туруп: “Чыдадың, келин, балдарыңдан жакшылык көр”, - деген кыска. Жаралганы кечиримге бай, жумшак мүнөз, майда кептен алыс келин кайненесинин ушул айтканына өмүр бою ыраазы эле. Майра кемпирдин каарын кеп кылып калган коңшу-колоңго акыркы ирет айткан кебинен ашык кеп айтчу эмес. Анын көргөн запкысын жан адамга оозунан чыгарбаганына айыл эли тегиз баа берчү.

***

Майрам улуу уулу Ырысбектин ашыктык каттарын тымызын окуп жүрдү. Кыркка таяган аял болсо дагы уулунун майда кол жазмасы баяндаган ал кат чыныгы сүйүү экенин же жөн гана балалык сезим, жаштык кеби экенин ажырата албай ойго бата берет. Уулунун бул тууралуу өзү кеп баштап, сыр ачышын каалайт. Бирок аял деген ушундай тынчы жок эмеспи. Катта аты, классы жазылган ал кыз тууралуу бат эле билип койду. Ата-энеден эрте калып бул айылдагы таята-таенесинин колуна келген Чолпон уулуна катарлаш класста окуйт экен. Астыртан сураштырып жүрүп Майра да Чолпонду жактырып калды. Деги эле өңдүү-түстүү, созулган кыз. Кимден сураба, эң алды тыңдыгын айтышат. Жалгыз айыбы – жетимдиги.

Адамдын жетем, билем деген нерсесине каалоосу күч болсо ага барчу жол алдынан чыга берет эмеспи. Чолпонго кулакдар болуп жүргөн бир күнү райондун борборунан азык-түлүк артынып келе жаткан. Кеч калганга “мектепке гана жеткирем” деген шартына көнүп бир мугалимдин машинесине араң илинген эле. Райондун борбору тынч болгону менен айыл жаан экен. Ошол маалда мектептен чыккан Чолпон Майра менен сылык учурашып, баштыктарын карап туруп өтүп кете албай буйдалып калды.

– Эже, кайсыл жакка барасыз?

– Кийинки көчөгө, айланайын. Китепканачы эжең жакка, - Майра Чолпонду дароо тааныган. Анан “мен классташың Ырысбектин апасымын” деп айта салып качырып албайын деп атайын алыстатып айтып койду.

– Жүрүңүз, көтөрүшүп коёюн. Эртең менен күн жылууда чыксаңыз керек ээ, жука кийим менен? – Чолпон баштыктардын экөөнү элпек колуна алып туруп калды. Майра ансыз жалгыз кете алчудай эмес. Айла жок Чолпондун суу болоруна карабай аны менен жетип алайын деди.

Жол ката аста кепке тартып окууга берилгендигин, кесип ээси болсом деген дилгирлигин байкап ичинен ыраазы болду. Үйгө жеткенде уулу менен көрүшүп калып уялбаса экен деди эле, ырас, Ырысбек үйдө жок экен. Чолпон эч нерседен бейкапар Майра менен сүйлөшүп, сунган айранын ичип алып коштошуп кетти. Жароокер кыз болочоктогу кайненеси менен алгач ирет насиптеш болгонун кайдан билсин.

(Уландысы кийинки санда)

Мунара Сапарова