WhatsApp, Instagram социалдык түйүндөрү кантип пайда болгон?

Мындан 10 жыл мурун Агент деп жаштардын басымдуу бөлүгү бири-бири менен Агент аркылуу сүйлөшүп келишкен болсо, Андроид үлгүсүндөгү телефондор чыкканы бири-бири менен Whatsapp жана Инстаграм аркылуу байланышып калышты. Мына ушул дүйнөлүк желени өзүнө камтый алган Whatsapp, Инстаграмдын негиздөөчүлөрүн баарыбыз эле биле бербесек керек.

1.WhatsApp

– WhatsAppтын негиздөөчүсү Ян Кум 1976-жылы Украинада жарык дүйнөгө келген. Кумдун балалыгы курулуш мезгилине туш келгендиктен ал дайыма жарыгы жок же жылуулугу жок үйлөрдө жашаган. Атасы ооруканалардын жана мектептердин курулушун жетектеген болсо, апасы чарбачылык иштери менен алектенер эле.

– 90-жылдардын башында Кум 16 жашка чыккан маалда апасы менен АКШнын Калифорния штатына келип эки керебети бар бир бөлмөнү ижарага алып жашап калат. Алардын АКШга келе бергенинин себеби: 90-жылдары жашоо оорлоп, элдердин басымдуу бөлүгү жумушсуз калган мезгил эле. Апасы бала багуучу болуп жумушка кирет, а Кум күндүз мектепке барып, кечкисин дүкөндөрдү шыпырып, жууп кошумча акча таап жан багып жүргөн.

– АКШ менен Советтер Союзунун билим берүүдөгү айырмачылыктары асман менен жердей болгондуктан Кум өзү теңдүү балдар менен көп сүйлөшкөн эмес. Бул аралыкта ал жаңы чыккан техникалар тууралуу китептерди окуп жүрүп 18 жашында жаңы программаларды ишке киргизгенди үйрөнөт. Көп өтпөй W00w00 деп аталган эң мыкты хакерлер тобунун катарына кирет.

– 1997-жылы Yahooнун жарнамалык платформасы кантип жазылганына анализ жүргүзүү керектигин айтып сунуш киргизет. Жарым жылдан соң аталган компанияда иштеген Брайан Эктон Кумду штатка жумушка алат. Бул учурда 19 жаштагы Кум колледжге окууга тапшырып окуп жаткан кези эле. Окуу менен ишти бир учурда алып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбой калган кезде ал окууну таштап, ишти тандап кетет. 30 жашка барып калган достор, Кум менен Эктон башка иш менен алектенүү үчүн аталган компаниядан чогуу чыгып кетет.

– Узак талкуулардан жаралган WhatsApp 2009-жылы жарыкка чыкты. 30 жашында ишке киргизген долбоору талыкпас эмгекти, көп аракетти талап кылып, жыйынтыгында аны жүзгө жакын достору гана көчүрүп алган. Келечеги мындай болорун күтпөгөн Кум баарын таштап жаңы жумуш издерин досу Эктонго айткан. Эктон досун дагы бир ай күтө турушун айтып, аны моралдык жактан колдогон. Айткандай эле, бир айдын ичинде WhatsAppты 250 миңден ашуун колдонуучу көчүрүп алган. Ал эми анын аталышына башын оорутуп убара болгон эмес. Ойлоп тапканына «Эмне болду?» деп атап койгон. WhatsApp ишке киргенден кийин аны кеңейтүүнүн жолдорун издеп аракет кыла баштайт.

– 37 жашында WhatsApp 19 миллиард долларга сатып миллиардер болгон Ян Кум бокс менен машыгып кетет.

 

2. Инстаграм

– Инстаграмдын негиздөөчүсү Кевин Систром ишкерлер, жаңыдан бизнес баштагандар менен жолугуп, убактысын бөлүп семинар болуучу жайларга атайын барып идеялардын баарын камтып чогулта берген. Жыйынтыгында өз алдынча Burbn аттуу программаны негиздеп, ага социалдык түйүндөрдүн кээ бир кызматтарды киргизген.

– Ушул жерден ал Майк Кригер менен таанышып, жыйынтыгында экөө чогуу Burbnды алдыга жылдыруунун аракетин көрүп башташат. Кыска аралыкта алар аны ишке киргизүүнүн алдында досторуна сынап көрүү үчүн тест түрүндө беришет.

– Бирок Майк Burbnга башка кызматтарды кошпосо, мындай программалар көп болгондуктан аны эл кабыл албай иштегендери текке кетерин айткан соң Кевин ойлонуп жатып ага дагы бир кызмат киргизет. Ал сапатсыз, начар сүрөттү жакшынакай кылып коюучу кызмат эле.

– Толук бүткөн соң Burbnдун биринчи версиясын Инстаграм деп аташып, аны 2010-жылдын 6-октябрында бекер көчүрүп алчу App Storeду киргизишти. Киргизгендин алгачкы күнү эле 25 миң колдонуучу көчүрүп, бул көрсөткүч улам барган сайын өсө баштаган.

– Инстаграм тез эле кызыгуусун жоготуп койбош үчүн аны ишке киргизгендер 2011-жылдын январь айында 3-4 сайттын атын атап бир белгилеп же 3-4 сүрөттү бир тематикага киргизүү кызматын кошкон.

– 2012-жылы Инстаграмдын Андроид версиясы дагы чыгып, жыйынтыгында аны колдонуучулардын саны бир миллионго көбөйгөн.

– 2012-жылдын 9-апрелинде Инстаграмды Фейсбук социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг бир миллиард долларга сатып алат. Миллиардерге айланган Кевин Систром менен Майк Кригер эч жакка кетпей эле сатылып кеткен Инстаграмда иштеп жатышат.

 

Арзыматов Данияр: «Дүйнө элинин колдонуусун каалагандыктан атын Пейджер деп атап койдук»

Кыргызстанда биринчи жолу WhatsApp сыяктуу, бирок ага караганда бир топ өзгөчөлүккө ээ болгон Пейджер аттуу программаны ишке киргизип жаткан жаш программист, изилдөөчү Данияр Арзыматов менен маек курдук.

Туулган жери: Жалал-Абад облусу

Туулган жылы: 1988-жыл 27-ноябрь

Үй-бүлөсү: бойдок, апасы жана бир карындашы бар

Кесиби: программист

– Данияр, Пейджерди ишке киргизүүңө эмне түрткү болду?

– Студент кезде Андроид үлүсүндөгү телефонду сатып алдым. Анын ичиндеги «Плей Маркет» деген программага кирип карасам болбогон эле программалар 1-2 доллардан сатылып жатканын көрүп калдым. Ошентсе да аны көчүрүп алган элдер бар экен. Ойлонуп олтуруп эмне үчүн мен дагы ушундай жасасам болбойт деп жаңы жылдын астында кол телефондун бетине коюлуучу кыймылдап туруучу обойлорду жасап киргизип койдум. Аны көчүргөндөр көп болгонун байкадым. Ал эми Пейджер тууралуу сөз кыла турган болсом, ичимден дайыма күнүмдүк турмушубузга керектүү программаларды ишке киргизүүнү пландап, алгач Кыргызстандын ичинде гана жарай турган программаны ишке киргизгем. Бирок дүйнөлүк деңгээлге чыга турган программаны чыгарууну каалаган жаным изденип иштеп жүрдүм. Бир күнү ойлонуп олтурсам өзүмдө жаткан идеялардын бири жагып, ошол идеямды интернеттен бирөө жарым чыгарып жиберген жок бекен деген ой менен издеп көрдүм. Мындай идеяны интернетти чукуп чыксам дагы таппагандыктан башка жумуштардын бардыгын таштап, аны ишке киргизүүгө бел байладым. Ишти баштаганда бөлөм Алыбек экөөбүз баштаганбыз. Бөлөм программист болбогону менен ага шыгы болгондуктан кызыгуусу артып, экөөбүз ишти алдыга акырындан жылдырып баштадык.

– Программанын ичиндеги кызматтардын кайсынысы көп убакытты талап кылды?

– Бардыгы өз орду менен келди. Бир гана кат жөнөткөн адамга жеттиби же жеткен жокпу, функциясы да кээде иштебей азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Беркилерде кат жеткенде тиги адам окуса эки көк пайда болот го, а бизде андай жок болуп жатат.

– Сенин ишке киргизе турган программаңды канча колдонуучу көчүрдү?

– Негизи биз бул программаны тест кылып көрөлү деп жатып капысынан Фейсбукка чыгарып алдык. Бирок тез аранын ичинде өчүрүп салууга үлгүрдүк. Ошондой болсо дагы 500дөн ашуун колдонуучу көчүрүп алганга үлгүрүштү. 30дан ашуун Корея, 50дөн ашуун Москва жана башка мамлекеттегилер көчүргөн. Көчүрүп алгандар же интернеттен көргөндөр “бул программа WhatsAppка окшош” деп айтып жатышат. Чынын айтсам, кайсы гана социалдык түйүн же ушундай кол телефондор үчүн иштеген программа болбосун, анын кат жазышуу, сүрөт жөнөтүү жагы стандарттуу болот. Ошол себептен WhatsAppка окшоштой көрүнүп жатса керек. Бирок бул программанын бир топ өзгөчөлүктөрү бар. Биз азыр ошол өзгөчөлөнгөн программалардын үстүндө иштеп жаткандыктан аны сыр кылып жашырып эч кимге айтпай жатабыз. Ал тургай, анын үстүнөн иштеп жаткандарды эч кимге жайбай тургандай кылып атайын келишимдин негизинде ишке алдык. Кудай буюрса, бир-эки айдын ичинде ишке киргизебиз, ошондо өзүңүздөр күбө болосуздар.

– Атын эмне үчүн Пейджер деп атадың?

– Бул программага ат коюу кыйынчылыкты жаратып, көп ойлондурган жок. Биз дүйнөлүк деңгээлде WhatsAppтай болуп чыгышын каалагандыктан анын аты тез эсте кала тургандай болсун деп жана кыска аталышын каалап Пейджер деп атап койдук. «Page» сөзү «баракча» дегенди түшүндүрөт.

 

 

Даткайым ДОСМАТОВА