Ысмыңыз ким?

“Адамдын ысмы жеке турмушуна өз таасирин тийгизет” деген бекем ишеним сизде да болсо керек. Ысмыңыздын тереңинде кандай сыр жатарын билгиңиз келсе, 0 (312) 59-15-71 номерине шейшемби күнү саат 11:00дөн 14:00гө чейин чалып ысмыңызды каттатып коюңуз.

 

Нурсултан

Араб тилинен алынган (نور), “нур” деген сөз “жарык”, “күндүн шооласы” деген маанини билдирет. Ал эми араб тилиндеги “султан” (سلطان) “бийлик”, “бийликтин өкүлү”, “абройлуу” дегенди түшүндүрөт. Бул ысымдын ээлери атына заты жарашкан мырзалардан болуп чыга келишет. Ар дайым тактыкты талап кылып, буйрук берип, башкарган сапатка ээ болушат. Эрктүү, намысын колунан алдырбаганга аракеттенишет. Үй-бүлөгө күйүмдүү ата, абройлуу мырза болуу менен бирге элине да кызматын сиңире алышат.

 

Чолпон

Кыргызда көп кездешкен Чолпон ысмы казактарда Шолпан деп колдонулат. Мааниси Венера планетасы аркылуу түшүндүрүлөт. Күн, Ай, Жер планеталарынын касиеттери камтылып, байыркы гректердин мифтеринде кезиккен ысымдардын бири. Жаздын, сулуулук менен сүйүүнүн Кудайы, Юпитердин кызы катары сүрөттөлөт. Алар музыкага, спортко шыктуу кыздардан болушат. Кең пейил, шайыр, достукка бекем, салабаттуу кыймыл-аракеттери менен чоң турмушка эрте аттанышат.

 

Айдана

Араб тилинде “билимдүү” деген маанини өзүнө камтыйт. “Дана” жана “ай” сөзү менен айкалышып куралган ысымдын ээлери үй-бүлөдө ишенимдүү жубай, коомчулукта ишенимдүү өнөктөш, иште ишенимдүү кызматчы боло алышат. Ушул сапаттарынын натыйжасында ар убак жакшы адамдардын катарында жүрүшөт. Кандай кырдаал болбосун, акыл калчап иш жасап, туура багытты тандап алууга жөндөмдүү келишет.

 

Алина

Бул айымдарды башкаруу оңой эмес. Алар ыңгайы келген жерде пайдалуу кеңештерди беришет. Алдыга койгон максатын ишке ашыруу үчүн болгон аракетин жасап, эмгекчил жана ак көңүл болушат. Бирөөнүн көмөгүнө муктаж болсо, анысын ачык айта албай тартынчаактык кылышат. Ашканада тамактын түрүн жасагандан тажашпайт. Бирөөнүн көйгөйү үчүн деле баш оорута беришет.

 

Уулкан

“Уул” - эркек бала, “кан” - адамдын организминдеги элемент. Кыргыз эли Уулкан, Уулбү, Уулжан деген аттарды катар-катар кыз бала төрөлө бергенде мындан кийинкиси уул болсо деген тилекте бул ысымдарды көп колдонушат. Бул айымдардын мүнөзү токтоо жана тең салмактуу келет. Айымдардын ишине караганда мырзалардын ишине басым жасап, ал иштердин өтөсүнө чыгууга ашыгышат.

 

Гүлиза

Бул ысымдын ээлери кай жерде, кандай кырдаалда болбосун, ал кырдаалдан көйгөйсүз чыгып кетет. Гүлиза аттуу айымдар чечкиндүү, өзүн-өзү камсыздаган, мырзаларга таандык сапаттарга ээ эрки күчтүүлөрдөн болушат. Булардын терс жактарына агрессивдүүлүгү, бетке айткандыгы жана өзүмчүлдүгү кирет. Ошондой эле алар дайыма башкарууну жактырышат. Сыр сактаган жагынан эч кимди алдыга салышпайт. Үй-бүлө куруу үчүн ашыкпай ылайыктуу жарды күтүшөт.

 

Ыкыбал

Бул ысым кыргыз элинде сейрек кездешет. Ошентсе да окурманыбыздын суранычы менен бул ысымдын маанисин чечмелөөгө аракеттендик. Статистикада бул ысымды кыз балага да, уулга да ыйгара берет экен. Балалуу болгон ата-эне келечекте наристесинин кадыр-баркы бийик болсо деген ниетте ыйгарышат. Негизинен бул ысымдагылар үлгүлүү, акылдуу жана кыраакы адамдардан болушат. Башкысы өмүрлүк жубайын да, өзүн да бактылуу кылууга жетишишет.

 

Гүлжамал

Араб тилиндеги “жамал” кыргызчага которгондо “сулуу”, “сүйкүмдүү”, “жагымдуу” деген маанилерди билдирет. “Жамал” деген сөздүн башына “ай”, “гүл” деген мүчөлөрдү кошуп кыз балдарга ыйгарып келишет. Булар кичинесинен эле ар нерсеге кызыккан жандар болушат. Чоңойгондо көз карандысыздыкты сүйүп, лидер болууну самап, чечкиндүү, жоопкерчиликтүү болуп чыга келишет.

 

Актилек

Кыргыз элине таандык ысым. Булар аракетчил да, жалкоо да эмес. Жашоонун агымы менен акырындап ийгиликтерди багынтышат. Алгач мүмкүнчүлүгүн байкап алып, андан соң алдына максат коёт. Эрте эле турмуш курууну каалашат. Анткен менен үй-бүлөнүн бүт түйшүгүн мойнуна алгысы келбейт. Өзүнчө түтүн булатканга чейин ата-энесинен жардам алып жашай беришет. Ошондой эле Актилектер өздөрүн абдан баалашат.

 

Сабина

Перс тилинен которгондо Сабина “бышык”, “чыйрак” деген маанини билдирет. Орто Азия жана Иранда бул ысым кеңири колдонулат. Бул айымдардын көпчүлүгү башка адамдарга өз маанайына жараша мамиле кылат. Сабиналар өзүнө карата сын айткандарды жана чечкинсиз, эки жүздүү адамдарды жактырышпайт. Максаттарына жетмейин жаны жай албайт. Дайыма өздөрүнө ишенишет. Тартынчаак, уялчаак келишет.

 

 

Жазгүл КАРБОСОВА