Аэлита: "Күндөшүм күн көрсөтпөй баратат"

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Аэлитанын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

***

– Менин баяндаган тагдырым кимдир бирөөлөргө сабак болсо, кимдир бирөөлөр үчүн таң калычтуу туюлаттыр. Себеби мен тарбия көрбөй калды дегендей эмес, илим-билимдүү, байлыкка кызыкты дегендей жетишпес жашоодо жашаган эмес, жакшынакай тектүү жердин кызымын. Жашоомду туңгуюк, келечегимди бүдөмүк кылган нерсе – сүйүү.

***

Жогорку окуу жайды аяктаган соң кесибим боюнча борборубуздагы белгилүү банктардын бирине кызматка кирдим. Ата-энем менен бирге тургандыктан эч нерседен кыйналган жокмун. 25 жашымда кызмат ордумдан көтөрүлүп жашоомо бир жарык киргендей болду. Ошол маалда менин кол алдыма бир жаңы кызматкер келди. Анын билими, иш билгилиги жалпы жамаатты суктандырып, ага болгон сыйды арттырып, бизге бат эле аралашып кетти. Ага жакшы көнө албаган жетекчи болсом дагы мен болдум окшойт. Качан болбосун, андан сүрдөп, батынып сүйлөй албай, ал сүйлөсө аптыгып калчумун. Мен муну анын мыкты адистик күчү деп ойлочумун. Азыркы көз карашымда андагы сүрдөө, жазгануу анын мени ашыгып карай бергени, суктанып тиктегени үчүн болчу экен.

Азат - жумуштан кечигүү, ишти кечиктирүү дегенди билбеген жан. Чыкыйып жүргөнүнө болсо сөз жок. Анча-мынча аялзаты да анын жанынан жүдөө тартып калганчалык бар. Анын, качан болбосун, жумуштан кеч кеткени мени абдан таң калтырчу. Кийин үйүнө шашпаганынын себеби акырындан ачыла баштады. Ал күнү иште узакка кармалып, бир жагынан мекемеде Азат экөөбүз эле калганыбызга кыжалаттанып кетүүгө камынып жатып анын телефондо кыйкырып сүйлөшүп жатканын угуп калдым.

– Ушинтесиң да анан, баары турат го. Даяр оокаттан тамак кылып койгон да ушунча маселеби?

– …

– Дана, укчу, мен сенден акча аяп жаткан жерим жок. Болгону өзүң үйдө бош олтурган соң балдарды багуучусу жок эле карасаң жакшы деп атам.

Ал узакка тынып калды. Дароо чыга калгандан ыңгайсызданып отуруп калдым.

– Барбайм, уктуңбу? Балдар жок баргым келбей олтурам. Таене, таятасын сагынып кеткендей деле болуша элек болчу алар. Караганды оор көрүп жеткирип салдың да, - үнү азыраак жайлап шуу үшкүрдү да, - жок дегенде «тамак даяр» деп койсоң боло. Кафеге барып ичким келсе сенден суранбай эле иче берет элем.

Азат дагы азыраак трубканы тыңшап турду да, күтүүсүз эле телефонун столго бир урганы угулду. Тура бермек белем. Акыры кетишим керек болгон соң сыртка чыктым. Ички кабинетте менин бардыгымды унутуп калган окшойт. Абдан ыңгайсызданып, жаман болуп кетти. Мен эч нерсе укпаган, байкабаган адам болуп коштошуп чыгып кеттим.

***

Андан кийин деле Азат ушинтип кеч калып жүрдү. Мен болсо ага эрте кет дей албайм, же чачтан көп жумуштан колум бошоп өзүм эрте чыгып кете албайм. Эң артта экөөбүздүн калып калышыбызга кыжалат болуп жүрүп кийин ага көнүп да калдым. Ал турсун, бирге олтуруп кофе ичип, аны-муну сүйлөшкөндү адат кылып алдык. Азат бир күнү эмнегедир төгүлүп-чачылып сүйлөп олтурду. Эркек кишинин минтип турмушуна нааразы экенин угуп олтуруу мага жагымсыз, ыңгайсыз болсо дагы катуу айтып кебин бөлө алган жокмун.

– Билесиңби, Аэлита, мен жаңы жашоо баштаган кезде барчылыкта маселе болбойт деп ойлочумун. Көрсө, бар жашоо деле азапка айланып кетет экен. Айрыкча аялда акыл болбосо.

– Күнөө бир жактан эле кетпейт.

– Туура кеп. Бирок бул биздин маселеде эмес экенин тартынбай айта алам. «Иштегим келбейт, бак» деди. Макул болдум. «Үй кызматчы керек» деди, макул болдум. Эми «балдарга багуучу керек» дегени чындыгында жаккан жок. Балдарды энедей караган жан болчу беле?

– ???

***

Адаттагыдай эле таң менен жумуш эшигин мен биринчи ачтым. Кабинетиме баш багарым менен жыпар жытка мас боло түштүм. Бир кучак гүл. Кубанычымды жашыра албай толкунданып колума алып шуу жыттадым. А бул ким деген ой келгенде абдан таңдана түштүм. Ким? Абдан кичинекей баракта «туулган күнүң менен» деген жазуу бар экен. Этегинде кол тамга. Дароо тааныдым. Азаттыкы. Гүлдү ордуна коё коюп, мени бирөө жарым карап тургандай ыңгайсыздана шашып ордума олтурдум. Ал күнү канчалык ишке берилгим келгени менен башымдан Азатты чыгара албай отура бердим. Мен өзүмө таң калганым - бир да жолу Азаттын аракетин бейчеки көргөн да, эмне үчүн мындай кадам кылганын териштиргим да келген жок. Болгону аялзатынын бактысы эркектин жакшы мамилесине катылганын тымызын туюп, ал туюмума шек келтиргим келбей жүрө бердим.

Аттиң, бирок ошондо эле тизгинди тартканымда мындай болбойт эле го дейм. Биз бири-бирибизге ачык кеп айтышпаганыбыз менен бир жылдан ашык убакыт өткөн маалда бири-бирибизге кыз-жигиттей эле мамиле кылып калдык. Ырас, мен анын аялы бар экенин, анын абдан жакшы көрүп, жанынан чыгаргысы келбеген уулу менен кызы тууралуу билем. Бирок анын мага келгенде башы бош адамдай болгон мамилесине азгырылам. Ортодо анын бүлөсү тууралуу деги эле кеп болбойт, ал турсун, ойлогубуз да келбегенин туюп эле турабыз.

***

Унутулгус ал жазда кесиптештер менен тоого эс алууга чыктык. Баары эң керемет болду. Кайтарга келгенде аймакташып кете турган болдук. Мен, дагы бир кесиптешибиз болуп Азаттын машинасына отурдук. Тоо аяктап шаарга кетчү жерге келгенде эле кесиптешибиз калып калды. Азат машинаны артка бурду. Эмне үчүн экенин сураганымда үндөгөн жок. Жана биз олтуруп эс алгандан жогору жактагы мен жалгыз басып сейилдеп келген жашыл майсаңга жеткенде машинадан түштүк.

– Аэлита, ашыкча суроо салбасаң керек, акылдуу эмессиңби. Мен сени көрбөй жашай албай калганыма бир топ эле болуп калды. Эми жанымдан чыгаргым келбеген өзүмчүл болуп баратам.

Биз унчугушпай катып тура бердик. Бир маалда ал мени бооруна тартып, аяр кучактады. Качкан жокмун. Жүрөгүм алып учуп, башка бир ааламга кетип калгандаймын. Ушул мүнөттүн узактыгын тиледим. Башка эч нерсени ойлой албадым. Азаттын ушул сөзү бетибизди ачып койгондой болду. Ошол күндөн баштап таң менен акыбалымды сурап, «аба ырайына жараша кийин» деп кам көрүп, кечинде болсо кафеден бирге тамактанып, анан узачу болдук. Азаттын мага жаккан сапаттарынын бири чечкиндүүлүгү эле. Бир күнү:

– Биз баш кошуп алууга макулсуңбу? – деди.

Мен жан дилим менен макул элем. Бирок үй-бүлөлүү экендигин ойлоп бушайман жүрчүмүн. Унчукпадым.

– Сен менин жашоомо кабатыр болбо. Ал маселенин баарын өзүм чечем. Болгону кийин мага нааразы болбогондой чечимге кел. Мен сени капа кылбайм. Анткени сен мен ойлогондой мыкты аял болоруңду билем, - деди. Узакка ойлонгон жокмун. Бактымды качырбайын дедим да, ата-энеме турмушка чыгарымды айтып чакан той менен Азаттын колун кармап кеттим. Маселелер болсо жарым жылга жетпей башталды.

***

Азат кечээ эле бир облуска иш сапары менен кеткен. Подъездден эми кире бергенимде артымдан бир дабыш ээрчиди. Орто бойлуу, өңү серт жигит экен. Кайдан-жайдан пайда боло калганына чочуп кеткеним менен шек билдирбегенге аракет кыла баса бердим.

– Сенде кеп бар, – денемди калтырак басып катып калдым, – Дананы билесиң да.

– Ооба, - шашып кетип кантип айтып ийгенимди байкабай калдым. Азаттын аялы экенин беш колумдай билем да.

– Билсең, анын күйөөсүн сыйың менен бошотуп кой. Экинчи бул маселе менен кезиге турган болбоюн сага.

Ушунчалык коркуп кеттим. Бейтааныш эшикке кандай жармаша калганымды билбейм. Ал мени башкаларды чакырып жиберет деди окшойт. Артын карабай жөнөп кетти.

Буга чейин мындай маселе болот деген кенедей ой болбогонго баары баш аламан, будуң-чаң болуп калгандай эс-мас абалда калдым. Азаттын келишин күтүп ишке чыккандан коркуп үйдө камалып жата бердим. Ал жок болгон үч күн мага кылым туюлду. Келери менен болгонун болгондой айтып бердим. Көрсө, Азаттын «ажырашам» дегенине аялы макул болгон эмес экен. Анан минтип үйлөнүп кетип калганынан бери анын тынчын алып келиптир. Эч кандай жооп кылбай койгондон улам ушундай аракеттерге бара баштаганын айтты. Азат аялы менен жолугуп жакшы кепке чакырса эч укпай, катуу чыр чыгарыптыр. Бул тууралуу ата-энеси да, кайын журту да угуп абдан нааразы болушканын айтып маанайсыз келди.  Жанагы эскертүүдөн жыйырма күн өтпөй Азатты сабап кетишти. Бул Дананын кылыгы экени айдан ачык эле. Бирок баары бизди жектеп, Азатка нааразы адамдар көп болгону үчүн эч кимге арыз-арман айта алган жокпуз.

***

Мен азыр ооруканадан жаңы чыктым. Биринчи жолу кош бойлуу болгонумда боюмдан түшүп биздин жаркын жашообузга көлөкө түштү. Бул бактысыз ирмемдер башка себептен болсо да бизге көтөрүү жеңил болмок болсо керек. Мунун баары Дананын кесепетинен болуп жатканына каным кайнап кетет.

Жылан фобиям болгондуктан жыланды көрмөк турсун, элестетип алсам титиреп кетем. Таң калып жакамды карманганым - күндөшүм ушунумду да изилдеп чыккан экен. Бул окуя да Азат жок маалда болду. Ал кызмат машинеси менен кеткендиктен мен анын унаасын айдап жүргөн элем. Жумуштан чыгып эч нерседен санаа жок рулга отурдум. Орундукта жумшак бир нерсе бар экен. Колумду салсам муздак. Денем дүркүрөп тура калсам жылан. Бакырып, кыйкырып абдан коркуп кеттим. Айланамдагылар жардамга келип, кесиптешим ата-энемдикине жеткизип койду. Жаныма жетип келгендер “ой, бул бирөөнүн тамашасы го. Жасалма жыландан да ушунча коркосуңбу?” дешкенде ушунчалык ыза болдум. Бул оюн эмес, Дананын атайын кылган иши экенин дароо билдим. Ошентип, кош бойлуулук бактымдан кол жууп калдым. Азат мени коргоо үчүн болгон аракетин кылып жатат. Бирок Дананын анын бирин угуп, туюп коёюн деген түрү жок. Мен Азаттын бактысы үчүн аны коё берүүгө деле макул элем. Бирок Азат эми аны менен жашай албасы ачык эле билинип турат. Дана болсо аны бактылуу кылууну ойлоп койгон жок, бактысын да көрө албай жатат. Анын бизге тынчтык бербеген бул аракеттеринен кантип кутуларды билбей башыбыз катат. Мен Азат менен жашаган жашоомо ыраазы болоюн десем, анын үй-бүлөлүү экендигин билип туруп баш кошууга макул болгонум үчүн өзүмдү жектеп кетем. Антип нааразы боло берейин десем, Азатсыз жашоону эми каалабайм.