Айнура айым: “Кызым үй-бүлөлүк деңгээлден мамлекеттик деңгээлге жетет деп ойлогон да эмеспиз”

Айыма ушул тапта кыргыз эстрадасынын эң жаш жана эң популярдуу өкүлү болуп турат. Аткарган ар бир ыры угармандарга жагып, улам жаңы жаңылыктарды күттүргөн бул секелек кызды жарык жашоого алып келген апасы менен маек курууга ашыктык. Жаш талантты тарбиялап, өстүрүп жаткан жылдыздуу айым эл сыймыгына айланган кызы тууралуу буларга токтолду.

 

“Тунук сезимден тапкан тунубуз”

– Алгач Айыманын апасы менен чукулдан таанышып алсак.

– Менин атым Айнура, кесибим боюнча инженермин. Учурда кесибим менен “Түштүк электродо” иштейм. Үч баланын энесимин. Айыманын атасы менен инженердик кесипти тандап политехникалык окуу жайга тапшырганымда таанышкам. Экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Айыма - биздин ушундай тунук сезимден тапкан тун кызыбыз.

– Айыманын таланты качан байкала баштаган?

– Жолдошумдун өзүнөн улуу да, кичүү да бир туугандары бар. Бирок ал баарынан биринчи, 21 жашында турмуш куруп эрте балалуу болгондуктан Айыма чоң ата, чоң энесине да биринчи небере болду. Баары аны жакшы көрүп, эркелетип, куурчактай эле колдон-колго алып карашчу. Ошондуктан кичинесинен эркелиги бар эле. Анан ошол эркелигинен таланты да байкалып турчу. Эсимде, биринчи жолу 1 жарым жашында кызымдын ыр-бийге шыктуулугун байкаганбыз. Бир тойго барсак кепкенедей болуп алып абдан бийлеп чоң сыйлык утуп алган. “Кичинекей болуп алып абдан таланттуу экен” деп таң калган башкаларга биз да кошулуп таң калганбыз.

 

“Алга шыктанткан алгачкы жеңиш”

– Баланын талант-жөндөмү колдоого алынбаса, унутулуп калат эмеспи. Бул милдетти ата-энеси качан колго алды?

– Чынында биз деле дароо эле аны бир жолго сала койгон жокпуз. Балалык кылык-жоругу катары каралып жүрүп 3 жаштарга келип калган кезде Нурдин Төрөбеков деген жакшы адамга кездешип калдык. Бир жакшылыкта ал адам менен чогуу болуп калып Айыма ал жерден да талантын көрсөтүп теле тармагында үн режиссёру болуп иштеп келе жаткан Нурдин Төрөбековдун көзүнө көрүнүп калды. Ал: “Мага алып келгиле. Балдардын “Волшебная страна” сынагы болот. Катышсын”, - деди. Атасы экөөбүз тең макул болуп кызыбызды катыштырдык. Ал жактан ырдап эле келет экен деп ойлогонбуз. Кызым болсо ырдап да, бийлеп да жакшы ийгилик жаратыптыр. Ошентип, алгачкы эле кадамдарында алга умтулткан жеңиштерге жетип баштады.

– Ал кезде кызыңыздын бүгүнкү жетишкендиктеринин шооласы байкалчу беле?

– Чынын айтайын, анда биз азыркынын бирин да ойлончу эмеспиз. Жогоруда айтылгандай, ата-энелик милдетибиз катары гана кызыбыз каалаган нерселерди аткарып анын өсүп-өнүгүүсү үчүн гана аракет кылып келгенбиз. Кызыбыз сынактарга катышарда үй-бүлөбүз менен чуркап аракет кылып, ийгиликтери үй-бүлөлүк деңгээлде майрамдалып, ошол нерсеге эле баарыбыз ыраазы болчубуз. Минтип үй-бүлөлүк деңгээлден мамлекеттик деңгээлге жетет деп ойлогон да эмеспиз.

 

“Бир үйгө бир ырчы жетишет”

– Балдарыңыз да эжесиндей таланттуубу?

– Өгүнү 12 жаштагы экинчи уулум мектептен абдан кубануу менен келиптир. “Эжеке мени “баарынан жакшы ырдайсың” деди. Вокалдан оку деди”, - дейт. Мен балама ырчылыкты тандабай эле коюусун сунуштадым. Себеби бир үйдөн бир ырчы чыкканы жетиштүү.

– Балдарыңызга талант кимден өткөн, атасы жакшы ырдайбы же сизби?

– Албетте, балдардын канында болгон үчүн жакшы ырдашса керек. Айыманын чоң аталарынын баары жакшы ырдачу экен. Атасы да эл алдына чыкпаганы менен мыкты ырдаган талант. Мен болсо кезинде музыкалык билимге ээ болгом, ырдагам. Тилекке каршы, ата-энем “ырчылык кыз балага ылайык кесип эмес” дешип учурдагы кесибимди тандап кетүүгө аргасыз болгом.

 

 

“Айыма өнөр дегенде өз алдынча, бирок...”

– Айыма али мектеп жашында болсо дагы Казакстанга чейин барып иштеп келди. Баланын мындай өз алдынчалуулугу тарбияданбы же өзүнөнбү?

– Бул бала жана анын келечеги үчүн абдан маанилүү сапат. Бирок кызым толук бойдон өз алдынча дей албайм. Үй иштерине, чарбага келгенде сиз ойлогондой көрсөткүчтү бере албайт (күлүп). Айыма өнөр дегенде өз алдынча. Уюштуруу, ырдоо, сынактарга катышуу боюнча баарын өзү билгениндей мыкты деңгээлде жасай берет. Ошондуктан Казакстанга чейин барып өнөрүн сынап, талантын такшалтып келди.

– Алыс жерге жиберүү ата-эненин санаасын тынчытпаса керек. Ары мектепте окуусу да бар болсо...

– Албетте, али жаш, андан калса кыз баланы алыска жиберүү кооптуу. Биздин санаабыздын тынч болгону Айыма Казакстанга таенесинин колуна барды. Апам - казак кызы. Таенеси көзөмөлдөп, карап турган үчүн тогуз ай ал жакта болду. Ал эми окуусуна келсек, кызымдын бактысына мектеп директору талантты сыйлаган, абдан түшүнүктүү адам. Кызымдын окуусунан кабатырланып кантип жетишет деп келсем, колдоо кыларын, жетишип кетүүсүнө мүмкүнчүлүк болорун айтып бизге жакшы дем берди. Учурда окуусунда баары жайында.

 

“Келечекте олуттуу кесиптин ээси болсо дейбиз”

– Акыркы кезде Айыманы жарнамалардан да көрө баштадык. Алган гонорарларын сиздер менен бөлүшөбү?

– Ооба, учурда айыма “Рубин” зер буюмдар дүкөнүнүн жарнамаларына чыгып жатат. Жакшы гонорар бар экени жашыруун эмес. Андан тышкары тойлордо да ырдап каражат табат. Тапканынын баары кайра эле өзүн камсыздоого кетет. Анткени сахнага чыгуу үчүн кийим, жасалга, айтор, баары эле акча эмеспи. Андан тышкары чет тилдер курсуна барат. Анын баарын өзү төлөйт. Ал эми партиялардын эч биринде ырдаган жок. Эки партиядан сунуш түштү, бирок биз баш тарттык. Себеби кайра да окуусун калтырып бүт Кыргызстанды кыдыруусу керек, туруктуу эмес иш убактысы кызыма кыйынчылык жаратпасын дедик. Анын үстүнө азыр али жаш. Мындай олуттуу, чоң иштерге аралашууга алдыда жетишет деп ойлойбуз.

– Кызыңыздын ырчылыкты биротоло кесип катары алып кетишин каалайсызбы?

– Айыма өзү деле ырчылыкка хобби катары гана мамиле кылат. Биз дагы ушуну туура көрөбүз. Алдыда кызыбыздын олуттуу кесиптин ээси болушун каалайбыз. Учурда так бир чечимге келе элек.

 

Гүлайым Калыбекова