Бегимай: “Майып адамга турмушка чыккым келет, бирок…”

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Бегимайдын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Жашоомдо болуп жаткан кубулуштар бул гезитке кат жазуума себеп болду. Баяным менен таанышкан соң “Тандаган тазга жолугат” деген ушул дээрсиз. Бирок...

***

Жогорку окуу жайын аяктап жаткан жылы биздин бүлөдө оор жоготуу болду. Мени жанындай көрүп, ак халатчан болушумду каалап окуткан атам менен жалгыз эркек бир тууганыбыз авто кырсыктан каза болуп калышты. Апам, эжелериме кошулуп мен да аңтар-теңтер болуп кеткен бул абалга туруштук бере албай өксүп калдым. Мугалимдердин колдоосу менен эптеп окуумду аяктадым да, шаарда калам деген максатыма кол шилтеп жалгыз калган апама караан болоюн деп баса бердим. Медициналык окуу жай билинбей эле бир топ жашымды алып койгон экен. Мен келген соң атамдардын жылдыгын белгилеп, анан арты жакшылык болсун деген алдамчы үмүт менен менин 27-жашымды тосуп, баары менин турмушка чыгышымды каалашты. Канчалык күйгөн менен өлбөгөн адамдын жашоосу уланып, жашоо үчүн күрөшүүгө аргасыз экенбиз. Апамды багуу үчүн райондун борборундагы ооруканалардын бирине жумушка кирдим. Сүйгөн кесибим, жарашыктуу ак халат менен оорукананын мага тааныш жыты шык берип жумушка берилип кеттим.

Эжелеримдин баарын тыңдыгына карап ала качып кетишкен. Мени да ошентип торго түшүрүүгө жакшы эле аракет кылышкан. Бирок атамдын мээрими мага андайлардын биринин да чыпалагын тийгизген эмес. Ары менин окуйм, иштейм деген кайтпаган максаттарым алардын демин суутуп койчу. Жумушка чыкканы мага жакпаган бул аракеттер кайра башталды. Баарынан кыжырымды келтирип, ызама тийгени - мен эрсиреп же эч качан эр алгыс абалга келип калгандан бетер “жашың өтүп баратат. Мына отуздун оозуна аз калыптырсың, эч болбосо ден соолугуңду ойло” деп акыл үйрөтүшөт. Минтип эки жагымдан чыгып, артымдан түшкөн айрымдар менен уруша да кетчү болдум.

– Эмне мынча күйөө десе жүрөгүң түшөт. Биз сага жамандык каалап атыптырбызбы? – деди бир күнү кесиптешим Айсулуу.

– Каалаганыңа ырахмат. Бирок экинчи убара болбой эле кой. Керек күнү өзүм таап алам.

– Ха-ха, ой, сага керек экенине ким кызыгып отуруптур, ал маалда сени эч ким керектегиси келбей калат.

– Абайлап сүйлөчү, сулуу.

– Эмне, чычалайсыңбы? Билесиң да, “Кырктагы эркек кыз алат, кырктагы кызды ким алат” дейт.

Айсулуу канчадан бери эле кайнисине мени көндүрө албай убара эле. Буга чейин мындай кебибиз тамаша менен оролуп турса, бул жолу катуу кетти.

– Акимдин баласын чанганыңа караганда, хандын баласына тиейин деген оюң бар го. Хан баласы алам деп калса, тоюңа чакырып кой.

Абдан ыза болгонум менен акыйлашкым келбеди. Минтип жуучу түшкөндөрдүн бири да кызык эмес. Себеби мен табышмактуу сүйүүнү каалачумун. Жомоктогудай керемет кооздук менен кездешип, кинодогудай көздөр менен сүйлөшүп, бири-биринен сүрдөнүп туран сүйүү ээси болгум келчү.

***

Акыры кыялымдагы сүйүүнү да кезиктирдим. Жумуштан чыгып базарга кайрылып эл топтолгон жерге мен да кызыгып калдым. Ар биринин колунда кооз тактай, үбөлүктөр. Бири колунан бирөө жула каччудай шашып алып атса, бири алууга каражаты жоктугуна ичи күйүп колундагысын ордуна араң коёт. Кичинеден чоңго чейин ар кандай формада четтерине оюу түшүрүлүп жасалган буюмдар көз жоосун алат. Жеңилдиги бир сонун. Кызыгуу менен ар бирин кармап көрүп арасынан орто көлөмдөгү үбөлүгүн тактайга бекитип койгонго болгон эң ыңгайлуусун тандап алдым.

– Кимге төлөйм?

– Бул жакка келиңиз, чоң кыз.

Эл үн чыккан тарапка карай мага жол ачты. Жайылган кооздуктардын эң төрүндө майыптар арабасында келишимдүү киши отуруптур.

– Канча?

– Бул эң көп эмгек жумшалган тактай, бийкеч. Миң сом турат.

– Абдан керемет жасалыптыр.

Мага чакан тактай менен үбөлүктүн мынча кымбаттыгы таң калычтуу болгон жок. Ырасында баа бере турган эмгек эле. Акча сунуп жатып алиги адамдын колунун баш бармагы менен чыпалагы гана бар экенин көрүп дагы бир жолу денем дүркүрөп кетти. Ушунчалык жылдызы жанган келбеттүү, көздөрү оттуу адамдын минтип майыптар арабасында отурганына, колунун да мунжу экенине кейип кеттим. Оң колундагы эки, сол колундагы үч манжасы менен сумкасын элпек ачып мен берген акчаны салып койду.

Ошондон баштап ал адамдын турпаты көз алдыман кетпей ойлой берчү болдум. Жумуш менен үйдүн ортосундагы жолдо унаа менен базарды кесип өтөм. Ал олтурган орундук таңда бош болот, кечте сөзсүз эл менен. Жумуштан гана ишке алаксып азыраак ойлонбой калбасам, жолдо да, үйдө да мага табышмак болгон тагдырынын сырын ачкым келет.

Эжемдин туулган күнүнө ушундай кооз тактай белек кылмакка ал жерге дагы бардым. Бул жолу эл аз экен. Баягы орун кеңейип, чай иче турган столдор да коюлуп калыптыр.

– Байке, буларды ким жасайт? Адам колунан чыгарына ишенбей кетем.

– Адам колунан эле чыгат, бийкеч, - ал кебин толук айтпай калгансыды.

– Канча киши жасайт болду экен ээ, мунун баарын? Абдан майда жумуш, - дедим колумдагы үбөлүктүн майда оюуларын кызыгып карап жатып.

– Бир эле киши жасайт. Бир эле киши могул колдору менен жасайт, – ал манжасы жок кош колун сыймыктуу көтөрдү да, кайра уяла ката койду.

Мен таң калуумду жашыра албай калыптырмын. Өңүм да өзгөрүп кетсе керек.

– Коркпо, карындаш, - ал жылуу жылмайды.

– Эч нерсе эмес... Ой, жакшы эле, – анын абалына мындай реакция кылганым үчүн өзүмдү жек көрүп кеттим, – а кантип, байке?

– Бул кол да, бул бут да Кудайдын мага берген белеги экен. Жөн отурбай деп ушул өнөрдү үйрөнүп алгам. Мынчалык кереметтерди жасай аларымды өзүм да билчү эмесмин.

Ал мага тубаса ушундай туулганын, атасынан үйрөнгөн өнөр экенин, башында айыл элине бирин-экин буйрутма менен жасап жүргөнүн айтып берди. Отузга чыкканында аял алып, бир уул тааптыр. Бирок аялы “майып менен жашоодон уялам” деп ымыркай уулун таштап кетип калыптыр. Апасы небереси мектепке кирер жылы каза болуп, уулун борбордо турган бир тууган эжеси алып кетип алдыңкы мектептердин бирине берген экен. Эми ошол уулунун мектептеги ийгиликтери аны шыктандырып, эч нерседен кем кылбайын деп өнөрүн өркүндөтүп ушул ишти баштаптыр.

– Бешик менен сандыкты буйрутма менен гана жасайм. Керектүү каражаттын баарын иним алып келип берип турат. Мен болсо минтип түш оой базарга келем, барып 4-5 саат уктап алып, кайра базарга чыкканга чейин тынч албай иштейм. Элдүү түлкү ачка өлбөйт тура, айылдын пейили жакшы эмеспи, коңшу-колоң акыбалымды сурап турат, - деди.

***

Бул сыр ачылганы жаным тынч албай эле мурдагыдан да көп ойлончу болдум. Тагдырына таң калам, өнөрүнө суктанам, жалгыздыгын аяйм. Күн сууктаганы байке ордунда көрүнбөй калды. Санаам бөлүнүп кабатырланып жүрдүм. Арадан он күндөй өткөндө жумуштан кетип баратып баягы жерде эл топтолуп калганын байкадым. Унаадан шаша түшүп жетип бардым. Келиптир. Ал мени байкаган жок. Күн кыскарып калганга эл бат эле суюлду. Атайын артта калып акыбалын сурадым. Көрсө, баласы эс алууга келип уулунун жанында болуптур. Дени сак, маанайы жакшы, андан калса ата мээримин берип уулунун кашында болгонуна ыраазы болдум. Аңгыча аны алып кетүүчү машина да келип калды. Мен чын дилимден калган товарларын машинеге ташышып, узаттым.

– Ырахмат, Бегимай, сени ойлосом да, абалымды сурап келет деп ойлобоптурмун. Ырахмат.

– Эч нерсе эмес, сарсанаа кылып эми дагы жоголуп кетпеңиз, – эмнеге минтип айтканымды өзүм да билбейм. Уялып кеттим.

– Макул, эртең эле келем. Мага номериңди берип койчу. Бүгүнкү эмгегиң үчүн ыраазычылыгым бар.

Уктай албай жатсам телефонума кат келди. 200 бирдик түшүптүр. Ким болду экен деп ойлонгончо “адамдын акыбалын сурап койгон ушунча көңүл экенин бүгүн билдим. Ырахмат. Абдан кубанычтамын” деген кат экен. Уста байке экенин дароо тааныдым. Ал түнү экөөбүз жанагы 200 бирдик түгөнгөнчө кат алыштык.

Эртеси кечке анын кат жазуусун чыдамсызданып күттүм. Жазган да, чалган да жок. Кетип баратып көз салсам ордуна да келбептир. Өзүм кабарлашууну намыс кылдым. Эртең дем алыш, андыктан базардын жанынан өтпөйм, ал эми атайын чыгып ордун кароо эми туура эмес деп ойлоп ого бетер маанайым чөктү. Апам менен да сүйлөшкүм келбей эрте эле жатып алгам.

“- Бегимай, Раймалы абаң жолугушууга чакырса барасыңбы?

– Чакырар бекен?

– Өзүң толкуткан көңүлдү өзүң бас, бийкеч.

– Менин көңүлүм да эсте болор бекен?

– Уруксатың болсо, сенин көңүлүңдү, сенин өмүрүңдү аманатка алат элем.

– Бегимай, кат жазчы.

– Бегимай, эртеңки эс алуу күнүн бирге өткөрөлү. Жок дебе. Даректи эртең айтам”.

***

Быйыл жашым отузга келди. Ал эми мен уста байке деп таанып, Раймалы аба деп жолугушууга барган адам менен ар бир дем алышты бирге өткөрүп жүргөнүмө эки жылдай болуп барат. Чындап эле кыялымдагы сүйүү. Мен аны эч нерсеге карабай сүйүп калдым. Андан да маанилүүсү - ал менин баркымды билип, кадырлап аларына көзүм жетет. Бирок... Бирок деген бир чоң суроо турат. Апама биринчи ирет айтканымда эле: “Экинчи кулагыма угузба”, - деген. Бул бир болсо, экинчиси - “хан уулуна тиесиңби?” деген айланамдагылардын кеби. Башкалар менин жашоомо киришпесин деп канча жолу кол шилтеп койгум келгени менен эч күчүм жетпей кылчактап келем. Отузга чыгып тие турган күйөөм ушул адам болобу? “Болбойт” деген кепти уккум келбейт, мындай жашоого бир жаралган намыстуу, өнөрлүү адам менен жашоо мага буюрганы бакыт эмеспи. Бирок...