Мамбет Мамакеевдин байбичеси Сокен апа: “Биздин баш кошуубузга менин чачымдын узундугу себеп болгон”

Көп жылдык эмгек жолунда миңдеген адамдын өмүрүн кайтарып берген ак халатчан атабыз Кыргыз Эл баатыры, академик, хирург Мамбет Мамакеев 90 жашка чукулдап калса да күн сайын оорулууларды кадимкидей кабыл алып, оор операцияларды жасарын угуп-билип жүрөбүз. Төр көркү болгон аксакалыбыздын жанында өмүр бою ачуу-таттуу жашоосун бирге бөлүшүп келген байбичеси Сокен апа - биздин редакциянын коногу. Кеп башынан болсун.

– Сокен апа, Мамбет Мамакеевичти эң алгач көргөнүңүз эсиңиздеби?

– Мамбет экөөбүз бир айылдан болгондуктан бири-бирибизди кичинебизден таанычубуз. Биздин балалык кезибиз татаал заманга туш келбедиби. Согуш учуру, айылыбызда ар бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири согушка кеткен убак. Ачарчылык, жокчулук, кедейчиликти, кара кагаз, зарыгып кат-кабар күткөн учурду башыбыздан өткөздүк. Артка кылчайганыбызда Мамбет: “Согуш мезгилинде жаныбыздын бекемдери гана ачарчылык менен алпурушуп аман калыптырбыз”, - деп калат. Ошол учурларда эле биз бири-бирибизди жакшы таанычубуз. Анда Мамбеттин атасы армияга кетип, өзү колхоздо иштеп бөбөктөрүн бакчу эле.

– Баш кошуп калууңуздарга эмне себеп болду?

– Согуш бүтүп биз борборго окууга кеттик. Айылыбыздан Мамбет Мединститутту, мен жогорку окуу жайдын Тил-адабият факультетин аяктадым. Студент кезибизде кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Баш кошолу десек, Мамбеттин шартты жок. Өзү деле: “Биз айыл боюнча кедейдин кедейи элек. Шейшеп, одеяло, керебет турсун, кадимкидей шым кийип көргөн эмесмин”, - деп айтып калат. Чын эле согуштан кийинки заман ушундай абалда эле. Эл кийим-кече киймек турсун, курсагы тойсо, ошого сүйүнүшчү. Окуубузду аяктагандан кийин менин агам Алышпаев Жумагулдун жардамы менен чакан той кылып үйлөнүп калдык. Азыр тамашалап: “Өзүңдөн мурун такымыңа жеткен узун чачыңды жактыргам”, - деп айтып калат. “Анда биздин баш кошуубузга менин чачымдын узундугу себеп болгон экен” деп күлүп калабыз.

– Баш кошууңуздар жокчулук заманга туш келиптир. Кыйынчылык күндөрдү кантип жеңдиңиздер?

– Мен үч бир тууган болчумун. Атам армиядан кайтпай калган. Апам болсо мен кичинекей кезимде кайтыш болуп кеткен экен. Менин жогорку билимдүү болушума, Мамбет экөөбүздүн үйлөнүү тоюбузга да жардам берген агам Жумагул болду. Өзү согушка катышып бир көзүнөн айрылып келген эле. Кийин Таласта комсомолдун биринчи катчысы болуп иштеп калды. Иши жогорулап Москвага кеткенде өзү жашап жаткан үйүн Мамбет экөөбүзгө болгон оокат-жайы менен таштап кеткен эле. Жаңы баш кошконубузда жууркан-төшөк турсун, кашык-табагыбыз да жок эле. Үйлөнөт деген ушу экен деп жокчулугубузду Кудайга коюп, тобокелге салган экенбиз. Бизге жардам берген агам болбосо, жашообуз кандай болмок эле, эмне деген күн күтмөк элек, билбейм. Даяр үй, белен оокат болуп калды деген менен тамак-аш, кийим-кече жагынан кыйналып жүрдүк. Ойлосом, жаштыгыбыз менен анча-мынча кыйынчылыкты деле билбептирбиз.

– Мамбет Мамакеевичтин ушул даражага жетүүсүнө сиздин да салымыңыз зор болсо керек?

– Колумдан келген колдоомду берип келе жатам. Адам чыдамкай болсо Кудайым берет тура. Бар турмушка чейинки эсиме түшкөн бир окуяны айтайын. Анда жаш кезибиз. Бир жолу Мамбет операция учурунда башы айланып жыгылып калыптыр. Көрсө, тынбай иштейт, тыңыраак эч нерсе жеп-ичпейт. Анан башы тегеренет да. Ошол күндөн тартып бир кесим нанга майдан шыбап чөнтөгүнө салып берип жүрдүм. Мен орус мектептердин биринде кыргыз тили сабагынан мугалим болуп, Мамбет азыркы Улуттук госпиталь турган жерде хирургиялык 60 орундук оорукана бар эле, ошол жерде ординаторлук ишин баштады. Ал кезде мындай жерде иштеген кыргыздар жокко эсе болчу. Көбүнчө орус, еврейлер болгондуктан кыргыздарды басмырлашып иштөөгө мүмкүнчүлүк беришчү эмес. Эмнегедир кыргыздар ошол учурда экинчи катардагы адамдардай болушчу. Алардын кордугун Мамбет да көрдү. Жумуштан кетиребиз деп еврей аялдардын кылбаганы калган жок. Орусчаны чала билген кыргыздардын шору эле. Кыргызча сүйлөсө да “орусча сүйлө” деп урушуп турушчу. Ошончо еврейге кыргыздан жалгыз Мамбет чыдап, көк беттигинен, тайманбастыгынан, өжөрлөнүп жүрүп ушул даражага жетти. Мамбеттин бул даражага жетишине өзүнүн татаал мүнөзү себепчи болуп, Максим Ефимович деген агайынын салымы да чоң болду. Айылдын карапайым кара таман баласы жонуна бир мүшөк талканы менен “да”, “нет” деген орусча бир сөздү билбей борборго келип тырышып окуп жүрүп, иштеп ак эмгеги менен отуздан ашык даражалуу сыйлыкка татыды. Эл баатыры, ардактуу доктур болду. 63 жылдык эмгек жолунда күнүгө 7-8ден операцияларды жасап миңдеген өмүрдү сактап калды. Жогорку Кеңештин депутатына чейин көтөрүлдү. Окуучуларды тарбиялап, учурда окуучулары өзү менен теңдешип профессор, академик болушту. Мезгилинде Чыңгыз Айтматов баш болгон далай залкарлар менен чай ичип, катышып жүрдүк. Айтор, биздин бирге баскан өмүр жолубуз ары татаал, ары кызыктуу болду. Эки заманды көрдүк.

– Балдары ата жолун улантып келе жатат деп угабыз. Канча балаңыздар бар?

– Экөөбүздүн ортобузга Кудайым Бакыт, Канат аттуу эки уул берди. Экөө тең ата жолун улап учурда атасынын жанында иштешет. Учурда беш неберебиз, үч чөбөрөбүз бар. Келиндерибиз да биз ойлогондой жакшы чыкты. Абышкам мага: “Үйдө сен жок болсоң, аңылдап ээн калгандай сезиле берет. Сен үйдүн кутусуң”, - деп кубантып калат. Өзү деле ардактуу эс алууда, ооруканадагы болгон ишин экинчи уулу Канатка өткөрүп берген. Ошентсе да иштеп көнгөн адам тынч отурбайт экен. 88 жашка чыкканына карабай күнүнө беш-алтыдан операция жасайт. Ушунча жыл аралыгында абышкамдын ар кандай кыял-жоругуна, кулк-мүнөзүнө чыдадым. Ал меникине дегендей. Турмуштун жокчулугунан тартып азыр кененчилигин башыбыздан кечирип келе жатабыз. Кудайыма шүгүр.

 

Жаз-Айым Айдекова