Арзан, бирок абдан пайдалуу каражаттар

Биз этибар албаган майда дары-дармектер өзгөчө сулуулук каражаты боло аларын билчү белеңиз? Бардык дарыканаларда сатылган арзан дары-дармектердин пайдалуу жактары тууралуу төмөндөгү макаладан окуй аласыз.\

А, Е витаминдери

Бул витаминдер эрин, чач үчүн пайдалуу. Аларды шампунуңузга кошуп жуусаңыз, чачыңызды жылтыратып коёт. Ал эми кесилген эринге сүйкөсөңүз, кубарып турган эринге өң берип, кесилгенин жок кылат. Мындан тышкары F витамини бырыштарды кетирүүгө жакшы жардам берет.

Төө жалбырак

Төө жалбырактын тамыры - чач түшүүгө каршы эң биринчи каражат. 4-5 аш кашык төө жалбырактын тамырын бир литр сууга кайнатып, даяр болгон соң таза жуулган чачыңызды чайкап салыңыз. Муну жумасына эки жолу аткарсаңыз, чачтын түшүүсү токтоп, тамырлары катуу боло баштайт.

Сульсен пастасы

Сульсен пастасы какачты кетирип, чачтын өсүүсүн тездетет. Ал үчүн аталган пастаны чачтын түбүнө толук сүйкөп, 12-20 мүнөт кармаган соң жылуу суу менен жууп салуу зарыл. Эгер Сульсен пастасы жок болсо, ордуна ошол эле баадагы Репевитти колдонсоңуз болот. Ал чачтын түбүн бекемдеп, өсүүсүн жакшыртат.

Кара май самын

Бул самын - безеткини кетирүүдө эң сонун каражат. Бир жума күн сайын эртең менен жана кечинде аталган самын менен жүзүңүздү жууп туруу менен безеткиден арыла аласыз.

Мумиё

Ашыкча салмак кошкондо тери чоюлуп жагымсыз көрүнүп калат. Андан арылуу үчүн бир таблетка мумиёну майдалап лосьонго, бет майга же жөн эле бир аш кашык ысык сууга аралаштырып туруп көйгөй жараткан жерге сүртүңүз. Мындан тышкары Клирвин майын дагы колдонсоңуз болот.

Кургатылган чөптөр

Ромашка, ит уйгак жана зайтун майын аралаштырып муздаткычка салып тоңдуруп коюңуз. Күнүгө эртең менен турганда же жүзүңүз чарчаңкы тарткан убакта тоңдурулган муз менен жүзүңүздү сүртүңүз. Бул ыкма чарчоону гана жазбастан, жүздөгү майда бырыштарды да кетирет.

Хилак форте

Мунун курамы 90 пайыз кислотадан турат. 30 миллиграмм бет майга 10 тамчы Хилак фортени кошуп жүзүңүзгө шыбайсыз да, 5 мүнөт кармап туруп жууп саласыз.

 

Солкосерил майы

Солкосерил майы теридеги коллагенди жогорулатып, жабыр тарткан ткандарды калыбына келтирүү менен кан айлануу процессин тездетет. Мындан тышкары бырыштарды кетирет. Күн ара бырыш түшкөн жерлериңизге жатар алдында сүйкөп туруңуз. Куризон майы да ушул эле кызматта.

Салицил кычкылы

Дермотологияда безеткини кетирүү үчүн салицил кычкылы сунушталат. Ал үчүн бир чай кашык салицил кычкылына 1 аш кашык сууну аралаштырып бетиңизди сүрөсүз.

 

Деңиз тузу

Эки стакан жылуу сууга деңиз тузунан жана зайтун майынан бир чай кашыктан кошуп колуңузду салып 10 мүнөт олтуруңуз. Тырмагыңыз катуу болуп, өсүүсү тездейт.

 

Блефарогель

Блефарогелдин курамындагы гиалурон кычкылы көздүн алдындагы шишиктерди жок кылып, картаюу процессин жайлатып, бет терисин жылмакай кылып коёт. Гепарин майы дагы ушул эле кызматта.

Аевит витамини жүздөгү бырыштарды кетирип, чачтын өсүүсүн тездетет.

 

Хлордуу кальций

Хлордуу кальцийди бетти тазалоочу пилинг катары колдонушат. Алгач бетти тазалап жууп алган соң хлордуу кальцийди жүзгө сүртүп, биринчи катмары кургаган соң экинчи ирет сүйкөйт. Ошентип олтуруп 3 катмар сүйкөлөт. Андан соң колду суулап алып жүздү укалап катып калган жерлерин акырын сыйрып алат.

Бор кислотасы

Бул арзан жана жөнөкөй дарылардын катарына киргени менен сулуулукта мыкты каражаттардын бири. Бир жумада 3-4 ирет пахтаны бор кычкылына нымдап алып безетки чыккан жерге басуу эң пайдалуу.

 

Активдештирилген көмүр

Активдештирилген көмүрдү майдалап тиш щёткасы менен тишти сүртсөңүз, тиш агара түшөт. Мындан тышкары тиш пастага бир тамчы лимон майын кошуп жуусаңыз да ушундай эле натыйжа берет.

 

Ретинол (капсуладагы А витамини)

А витамини теринин зат алмашуусун жакшыртып, чоюлуп калган терини калыбына тез келтирет. Мындан тышкары тери ооруларынын ичинен экзема менен күйүктү дарылайт.

 

Аспирин

1 даана таблеткага эки тамчы жылуу суу куюп, ага бир чай кашык балды кошуп бирдей массага келгиче аралаштырыңыз. Масса даяр болгон соң жүзүңүзгө сүртүп 10-15 мүнөт кармаңыз да, жылуу суу менен жууп салыңыз. Бул маска бетиңизди агартып жүзүңүздөгү кызыл тартып турган жагымсыз өңдү жок кылат да, жылмакай көрсөтөт.

 

Релиф майы

Релиф майы бир гана геморройго эмес, сулуулукта да колдонула баштады. Ал бет терисин тартып жүздөгү бырышты кетирүүчү касиетке ээ. Күн сайын бет майдын ордуна эртең менен жана жатар алдында сүйкөп жүрсөңүз, жүздөгү бырыштан арыласыз.

 

Цинктүү май

Бул май бет терисин күн нурунан гана коргобостон, косметологиялык көйгөйлөрдү чечип, теринин кургап, шалдырашынын алдын алуу менен майда бырыштарды жок кылат. Ошон үчүн күнгө чыгарга жарым же бир саат калганда көйгөй жараткан жериңизге жука кылып сүйкөп алыңыз.

 

Суутек перекиси

Суутек перекисин да безеткини кетирүүдө колдонсо болот. Ошондой эле ал инфекция тазалоочу касиетке ээ болгондуктан тырмакты формага келтирүү жана татуаж коюу маалында да колдонулат.

 

 

Даткайым ДОСМАТОВА